Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 2/2
2017-жылга Кербен шаардык Кеӊешинин иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»КР Мыйзамынын 31-беренесине негиз, 2017-жылга Кербен шаардык Кеӊешинин иш-планын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2017-жылга Кербен шаардык Кеӊешинин иш-планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |
| Тиркеме Кербен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 2/2 токтому менен бекитилген |
2017-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
I квартал
1. 2016-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга түзүлүшү, 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө
2. 2016-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жана 2017-жылга пландары жөнүндө
3. 2016-жылга «Кербен жайыт» бирикмесинин аткарган иштери жана 2017-жылга жылдык планы жөнүндө
II квартал
1. Кербен шаарынын айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздоодо Кербен СПАнын аракеттери жөнүндө
2. 2016-2020-жылдарга Кербен шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу абат шаарга айландыруу боюнча мэриянын стратегиялык планы жөнүндо
III квартал
1. 2015-2016-жылдарда Кербен шаарынын Жетиген жана Мамбетов атындагы орто мектептердин көмөкчү чарбалары боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө
2. Кербен шаарынын борборунун курулуш-архитектуралык абалы жана автотыгынды жөнгө салуу боюнча Кербен шаарынын мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
IV квартал
2017-2018-күз-кыз мезгилине карата муниципалдык мекемелердин даярдыгы жөнүндө
Жооптуу катчы | Д. Алиев |