Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №22/104
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2019-жылдын15-январь № 1 элдик жыйындын протоколун жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылында 2019-жылдын 15-январь № 1 элдик жыйындын протоколу бекитилсин(1-тиркеме тиркелет)
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо турган мал башы үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 65 (алтымыш беш) сомдон,
-Бир баш топозго 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.
3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө каттоодо жок жана сырттан келген мал башына үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте;
-Бир шартуу мал башына 130 (жүз отуз) сомдон,
-Бир баш топозго 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.
4. Ички тартип эрежелери бекитилсин (2-тиркеме тиркелет)
5. Аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берилсин.
6. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясынын 18.01.2019. № 22/104 токтому менен бекитилген
|
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин ички тартип
эрежелери
1.Мал жайуу эрежелери;
Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1.Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт белетин алууга.
2.Ветеринардык палатада катталган жергиликтүү ветеринардык баардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
3.Малды райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюга(мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).
4.Жайыт мезгили климаттык шартка байланыштуу баардык мезгил болуп саналат.
5.Күзгү жайыт мезгили 5-сентябрда аяктайт, килиматтын шартына жараша 10-сентябрга чейин узартылышы мүмкүн.
6.Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 10-майдан 5-июнгачейин жүргүзүлүшү шарт.
7.Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 5-июндан 10-июнгачейин жүргүзүлүшү керек.
8.Ортоңку күзгү жайыттарга 1-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго чөп чабылып жыйналгандан кийин жайса болот.
9.Чөп чабынды аянттарына жакын жерде жайгашкан баардык жайыт пайдалануучулар 10-майдан баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
10.Айыл өкмөтүнүн адистери жеке малчылар менен биргеликте 1-июндан баштап саан уйларды жаюну уюштурат.
11.Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык сарайда жашагандарга1 саан уй, 1 жумушчу ат, 1,2 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайытка чыгарылат.
12.Башка учурларда баардык жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлөт жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын
“Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык төлөнөт.
2.Мал жайуу эрежесин бузгандык үчүн жоопкерчилик
1.Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгү жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды, айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн иш кагаздарды сотко берүүгө укугу бар.
2.Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтүлгөн төлөмдүн жалпы көлөмүнөн ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5% өлчөмдөгү туум алынат.
3.Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими менен төмөнкү чаралар колдонулат;
�эгерде сарайда 1 аттан, 1 саан уйдан, 1-2 койдон ашык мал калтырылса мал башына ар бир күнгө 200 сомдон айып салынат.
�Эгерде мал чабынды жерге жайылып кетсе, алгачкы жолу ооз эки эскертүү берилет, андан кийин
�Бодо малга биринчи жолу -200 сом, экинчи жолу -300 сом өлчөмүндө айып салынат.
�Майда малга биринчи жолу 50 сом, экинчи жолу 100 сом өлчөмүндө айып
салынат, эреже бузуу үчүнчү ирет кайталанган учурда, кетирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
4.Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга, бодо малдын ар бир башына -50 сом, майда малга -10 сом өлчөмүндө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
5.Сыртан пайда табуу максатында алынып келген малдын ар бир башына, бодо малга 200 сомдон, кой-эчкиге 40 сомдон айып салынып, беш күндүн ичинде чыгарып кетүүсү эскертилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин |
|
жайыт комитетинин төрагасы:- | Ы.Элтуйбасов. |
|
| |
|
| |
САРЫ-БУЛАК | ||
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН | ||
АЙЫЛ ӨКМӨТҮ | ||
Элдик жыйындын | ||
ПРОТОКОЛУ | ||
15-январь2019-жыл. №1 | Ак-Кыя айылы | |
Төрагасы - Э. Макишов | ||
Катчысы - Т.Бакытбекова | ||
Катышкандар -Ак-Кыя йылдарынын тургундары 32дам катышты
КҮН ТАРТИБИ:
1.Жайыт комитетинин текшерүү комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуу;
2.Жайыт комитетинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасынын маалыматын угуу;
3.Жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыт акысын карап талкуулоо;
4.Жазгы көчүп конуу маселесин кароо жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
жайыт комитетинин ички тартип эрежелерин кароо; УГУЛДУ: Элдик жыйынды Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысы Э.Макишов ачып төмөндөгүлөргө токтолду; Урматтуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары бүгүнкү элдик
жыйыныбызды ачык деп жарыялайм.
Урматтуу элдик жыйындын катышуучулары
Бүгүнкү элдик жыйында каралуучу маселер Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, жайыт комитетинин 2018-жылдагыжүргүзгөн иштери жөнүндө текшерүү комиссиясынын маалыматын, жайыт комитетинин 2018-жылда жүргүзгөн иштеринин маалыматы, 2019-жылга карата жайыт акысын бекитүү, жайыт комитетинин ички тартип эрежелери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп, жазда көчүп баруу, күздө көчүп келүү маселелерин талкуулап чечип алсак.
Урматтуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча сөздү жайыт комитетинин текшерүү комиссиясынын төрагасы Т.Супабаевге берди (маалымат тиркелет)
Төрагалык кылуучу:
Урматтуу жыйындын катышуучулары, жайыт комитетинин текшерүү комиссиясынын төрагасы Т.Супабаевдин маалыматы бүттү, суроолорду жалпы күн тартибиндеги маселелер бүткөндө берсек кандай болот, анда баардык маселе бүткөндө сурооңуздар болсо берсеңиздер? Макулдаштык
Төрагалык кылуучу:
Урматтуу жыйындын катышуучулары сөздү жайыт комитетинин 2018-жылдааткарган иштери жана 2019-жылга карата жайыт акысын кароо, , жайыт комитетинин ички тартип эрежелери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго берилди.
Ы.Элтуйбасов -жайыт комитетинин төрагасы
Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жана 2019-жылга карата жайыт акысын кароо, жайыт комитетинин ички тартип эрежелери жөнүндө маалымат берди (маалымат тиркелет).
Төрагалык кылуучу:
Жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго суроо, сунуштарыңыздар барбы?
Т.Жумамүдүн уулу- айылдык кеңштин төрагасы
Сырттан мал алып келип багып жаткан айылдын тургундары эгер мал багабыс десе өзүбүздүн айылыбыздын малын баксын акчасын төлөп беребиз, жайыт комитети мал жайлоого чыкканда кайрадан бир-сыйра тактап санасаңар эле каттатпаган малдар өзү эле чыгат, эгер чарба китепте катталган малынан силер санаганда ашса, ашкан малына сырттан келген баа менен төлөй берсин.
Э. Касиев- айыл тургуну Мен жогорудагы сунушту колдойм, сырттан башка мал киргизилбесин, трактор
ижарага берилсин антпесе трактористке жөн эле айлык акы төлөй беребизби.
Төрагалык кылуучу:
Жайытыбызды үнөмдүү пайдалануу максатында сырттан мал алып киргизилбесин жана трактор ижарага берилсин дегендер добуш берип койсоңуздар? Каршы, калыс,жок баарыңыздар бир добуштан колдодуңуздар.
Т.Жумамүдүн уулу- айылдык кеңештин төрагасы Тракторду ижарага берүү жагы кеңештин сессиясында бекитилсин!
Корукчу дайындоо боюнча эл дагы макул, сессияда карап бөлүп берели бир корукчуга төрт айга 20(жыйырма миң)сом өлчөмүндө айлык акы төлөнсүн.
Төрагалык кылуучу:
Урматтуу тургундар жайлоого көчүү 5-июндан 10-июнга чейин кайра кыштоого 5-сентябрдан кийин келишсин, ошондой эле мал акысы өзгөрүүсүз калсын дегендер кол көтөрүп добуш берип койсоңуздар? Каршы,калыс, жок. Бир добуштан бекитилди.
Урматтуу жыйындын катышуучуулары дагы суроңуздар болсо берсеңиздер? Жок Анда токтом кабыл алалы.
Жогорудагы чыгып сүйлөгөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап элдик жыйын токтом кылат:
1.Жайыт комитетинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматы канааттадырылык деп табылсын.
2.Жайкысын сырттан мал алынып келинбесин, чарба китепте каттоосу бар адамдар малдарын жайыт комитетине толук каттатышсын;
3.Жайыт комитетинин “ Беларусь-82” тракторун келишимдин негизинде ижарага берүү жагын кароо жайыт пайдалануучулар бирикмесинн тапшырылсын.
4.Жайлоого 10-июнга чейин көчүрүү, 5-сентябрда кыштоого түшүрүү жагын аткаруу жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
5.Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешине төмөдөгүлөр сунушталсын.
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин ички тартип эрежелерин бекитип берүү жагы
Чогулуштун төрагасы: | Э.О.Макишов |
Чогулуштун катчысы: | Т. Бакытбекова |