Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №16/4
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигини”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештерини депутаттарынын ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН бекитүү жөнундөгү” 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/89-буйругун угуп жана талкуулап Бепл айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигини”Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештерини депутаттарынын ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН бекитүү жөнундөгү”2018-жылдын 24- июлундагы №01-18/89-буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Бел айылдык Кенешинин депутаттары ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК КОДЕКСтин нормаларын так сактоону өздөрүнүн негизги милдети деп эсептесин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Бекботоев Т. |
|
|
| Бел айылдык кеңешинин 2018-жылдын 08декабрындагы №16-4-токтомуна тиркеме
|
Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси
Бул кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I.Жалпы жобо
1.1.Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары – депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюнаа шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. Бел айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери.
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2.Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчилдиктин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.4.Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушунун жана тоготпостук менен кайрылууларга жол берилбейт жергиликтуу кенештин сессия жана комиссияларга отуп жаткан учурларда депутаттар иштиктуу стилде кийинуу керек .
2.5. Депутаттар чыгып суйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек . Таллкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жергиликтүү тил менен , ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кенештин жана комисиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.
2.6. Депутаттар , калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башкы депутаттардын ынанымына, салттарына ,этникалык жана социалдык топтордун , диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек .Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет .
2.7.Депутаттар жергиликтүү кенештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш . Депутат жергиликтүү кенештин отурумдарына жүйосүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагындыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат .
Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүнкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кенештин төрөгасына маалымдан коюу керек.
Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу , командировкада жана эмек өргүүсүндө болуусу , маанилүү үй –бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кенештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын , же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап , бул маселе боюнча добуш берүү дөн баш тартышы керек .
2.9.Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кенештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төрөганын талаптарына баш ийиши керек . Жүйөлүү себепсиз сессияга , комиссиялардын ишине, депутаттын угууларга жана башка жергиликттүү кенештин иш –чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1.Жергиликтүү кенештин депутаттарына отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразычылык көрсөтүү иретинде отурум отүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда депутаттык угууларда,туруктуу комиссиянын жана жумушчу топторунун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылууга,башка депутаттарга,аткаруу органынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кенештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле жасоо менен адептүүлүгүн көрсөтүп сы-урмат менен мамиле кылуу керек.
29.3 Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4 Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5 Депутаттар жергиликтүү кенеште сый акы алып,кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.
111. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ.
3.1. Депутаттар өздөрүнүн ркругундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек.Депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмать сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3.Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын ,эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт,шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдетүү.
3.4.Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет.Өзүнүн жергиликтүү кенештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдо каржаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук,анык жэана оьективдүү болушу керек.
3.5.Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек,айрыкча депутаттын ой-пикири менен шайлоочулардын пикири дал келбей калган учурда.
IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР,ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ,ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗАРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ.
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кенештин атынан чыгуусуна,анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2.Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлеккттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык твараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3.Депутатар жергиликтүү кенештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүүлүгүн аткарууга пайланышпаган учурда жергиликтүү кенештин имаратын ,телефондорун,автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5.Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт.эгерде ал маалыматтар6
- мамлекеттик,коммерциялык жана кызматтык сыр болсо
- Жарандардын жеке турмушу менен юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп,аны жарыя кылбоо боюнча депутаттык ишеним берилген болсо.
4.6Депутат жарандардын жеке турмушу же ү-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык жактардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүк боюнча жарыяланбай турган талаптьарды атайын же байкабастыктан бузган болсо,тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7. Депутаттардын чет мамлекетке баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделине жана депутаттык корпустун кадыр-баркын көтөрүүгө багытталышы керек
4.8. Депутаттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн,салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек,этиканы сактапр конфиликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V.ДЕПУТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ.
5.1.Депутаттар жергиликтүү кенештин отурумунда,депутаттык угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сүйлөлөөрүндө,мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген аныы фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдын чыгып сүлөгөндө же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык-сыпайы болуп жарандардын,кызмат адамдарынын абийирин,ар-намысын каралоого,юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.
5.3 Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо,ошондой эле жарандардын абийирин,ар намысын каралоого,юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атаын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса депутаттын эл алдында кемичилдигин мойнуна алып,алардан кечирим суроого милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.
VI. ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ.
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча эрежелеринин сакталышын депутваттардын ишмердүүлүгү жана этика боюнча Комиссия көзөмөлдөйт.Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депрутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнчав тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2.Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кенештин демилгеси менен карай алат.
6.3.Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн комиссияга айыл аймагынын жашоочулары,мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргоандарынын кызмат адамдары,ишкана уюмдардын жана коомдук уюмдардын,бирикмелердин өкулдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4.Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөнгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5.Депутаттардын ар намысына кадыр-баркына ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарынва,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын кадыр-баркын ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагшандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим чыгарат.
6.8. Депуттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат.Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеннештин отрумунда ушул эрежелердлин бузулуусуна карата жергиликтүү кенештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кенеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөнкүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
- депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат
- депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиянын башкаруу органына маалымдайт.
6.9.1 Ушул пуктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кенештин сессиясында чыгарылат.
Жергиликтүү кенеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын-ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика Кодекси одоно бузулгандлыгын жергиликтүү кенеш аныктайт.
6.9.2.Депутаттын жергиликтүү кенеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда жергиликтүү кенештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү шайлоочуларгва депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.