Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №17-3
Бел айылдык Кенешинин 2019-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Бел айылдык Кенешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
2. Бекитилген иш-пландын так жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кенештин жооптуу катчысы Жумаева Анар Сатыевнага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Бекботоев Т. |
| Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 17- сессиясынын №17-3 токтомуна тиркеме |
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 2018-ЖЫЛГА КАРАТА ТҮЗҮЛГӨН ИШ- ПЛАНЫ
к/№ | Аткарылуучу иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1. | Ой-Талаа орто жана Жаш толук эмес орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан окуу тарбиялык иштеринин абалы. | 1-чейрек 2019-жыл | Айыл өкмөтүнүн аппараты |
2. | Бел айыл аймагынын 2019-жылга социалдык-экономикалык жактан өнүгүү стратегиясын бекитүү | 1-чейрек 2019-жыл | Айыл Өкмөтүнүн аппараты |
3. | Элге билим берүү ,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын отчету.
| 1-чейрек 2018-жыл | Айыл өкмөтүнүн аппараты |
4. | Калкты мединалык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу,ар түрдүү жугуштуу оорулардыг алдын алуу боюнча айыл аймагындагы №19,22 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жүргузүп жаткан иштеринин абалы.
| 2-чейрек 2019-жыл | Туруктуу комиссия |
5. | Каада –салт,үрп-адат,ысырапкерчиликти кыскар туу багытында айыл өкмөтүнүн коомдук уюмдар менен байланышта аткарып жаткан иштеринин абалы | 3-чейрек 2018-жыл | Билим беруу боюнча туруктуу комиссия |
6 | Мыйзамдуулуктуу сактоо,укуктарды коргоо,аксакалдар соту,үрп-адат,каада-салт боюнча туруктуу комиссиясынын отчтету. | 3-чейрек 2018-жыл | Туруктуу комиссиясынын отчету. |
7. | 2018-жылда кабыл алынган айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү | 4-чейрек 2019-жыл | Бюджет боюнча туруктуу комиссия |
8 | Финансы бюджет,экономика жана өнөр-жай,бизнес ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын отчету. | 4-чейрек 2019-жыл | Шамасиров.А. |
УЮШТУРУУ - ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР
1. | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,Ноокат райондук мамлекеттик админ истрациясынын токтом,буйруктарын,берилген тапшырмаларын аткарууга алуу | Жыл ичинде | Туруктуу комиссиялар |
2. | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу | Жыл ичинде | Туруктуу комиссиялар |
3. | Коомдук уюмдардын иштерине көмөк көрсөтүү | Жыл ичинде | Туруктуу комисиялар |
4. | Депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Төрага,жооптуу катчы |
5 | Депутаттардын шайлоочуларды кабыл алуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Төрага,жооптуу катчы |
6. | Жыл ичинде өткөрүлүүчү даталуу күндөрдү өткөрүүгө көмөк көрсөтүү. | Жыл ичинде | Төрага,депутаттар
|
7. | Айыл өкмөтүнүн бюджетин толтурууга көмөктөшүу | Жыл ичинде | Тур.комиссиялар |
8. | Өткөрүлгөн айылдык жыйындарга активдүү катышуу | Жыл ичинде | депутаттар |
9. | Айыл аймагына инвестиция тартууга көмөктөшүү | Жыл ичинде | Туруктуу комиссиянын башчылары |
Бел айылдык Кенешинин жооптуу катчысы: А.С.Жумаева.