Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №17-5
Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдын жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2019-жылга карата түзүлгөн божомол бюджетин бекитүү жөнүндө депутаттардын айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 17-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “2018-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2019-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” №1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтү тиркемеге ылайык айдап чыгуусун көзөмөлгө алүу жагы ЖПБнын төрагасы Сыдыковго тапшырылсын (тиркеме тиркелет).
3. Бел жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын- ала эмдөөлөрдөн өткөн малдарды ветеринардык аныктамасына карап жайытка чыгарууну көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы Ж.Сыдыковго тапшырылсын.
4. Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды,социалдык казынага жана башка төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыздоо жага ЖПБнын төрагасы Ж.Сыдыковго тапшырылсын.
5. Жайыт жерлерине бак -дарак эгип мурунтан тосуп алган жеке тараптардын жайыт акылары төмөнкудөй болуп белгиленсин: жаңыдан өздөштүрүлгөн бак-дарактардын 1 га жер аянты учун 500 сомдон, 5 жылдан ашкан бак дарактардын 1 га жер аянты үчүн 3000 сомдон жайыт жерлеринен топурак, шагыл, таш, кум ашуучулар үчүн КАМАЗдын бир рейси 200 сомдон, Зилге 150 сомдон, ГАЗ-53автоунаасына 100сомдон жана жайыттан кыйыр пайдалануучулар үчүн ар бир бал челекке 30 сомдон акы алынсын. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл үчун түзулгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу жага ЖПБнын төрагасы Ж.Сыдыковго тапшырылсын.
6. Жайыт жерлеринин экосистемасын сактоо, малдардын ар кандай ылаңдарын алдын алуу максатында жайытка чыгуучу жолдорго айылдык аймактагы ветеринардык врачтар менен биргеликте ветеринардык паспортторду уюштуруу жагы ЖПБнын төрагасы Ж.Сыдыковго тапшырылсын.
7. Райондук ЖПБ лар Ассоциациясынын 2016-жылдын 19-январындагы № 2 катына негиз Ноокат токой чарбасынын жайыт жерлерине 1 баш кара мал, жылкы жана эчкилердин 1 айына 20,00сомдон 3айга 60,00 сом, койго айына 12,00 сомдон 3 айга 36,00сом төлөп берүү сүнушу жактырылып, жайыт комитетинин жана текшерүү комиссиясынын шайлоо мезгилинде атайын орто же жогорку билимине кароо сунушу эске алынсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл,суу чарба, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Бекботоев Т. |
| Депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги 17- сессиясынын 2018-жылдын 20-декабрындагы №17-5- токтомуна тиркеме
|
2019жылга карата Бел ЖПБнин түзүлгөн бюджети
Киреше булагы
№ | Малдын түрү | саны | Бир башка болгон жайыт акысы | Жалпы суммасы (сом.) |
1. | Кара мал жыл ичинде | 900 | 119 | 107100 |
| Кара мал төрт айга | 1000 | 68 | 6800 |
2. | Жылкы төрт айга | 80 | 68 | 5440 |
3. | Кой жыл ичинде | 1244 | 63 | 84592 |
| Кой төрт айга | 2000 | 36 | 72000 |
4. | Эчки жыл ичинде | 100 | 119 | 11900 |
| Эчки төрт айга | 200 | 68 | 13600 |
| Жалпы киреше: |
|
| 362632 сом |
Чыгаша булагы
№ | М а з м у н у | Айына (сом) | Жалпы суммасы (сом) |
|
1. | ЖПБ нин төрагасынын эмек акысы 10 айга | 4000 | 40000 |
|
2. | ЖПБнин эсе6пчисинин эмгек акысы 10 айга | 3000 | 30000 |
|
3. | ЖПБнин инспекторлорунун эмгек акысы 2 кишиге 10 айга | 3000 | 60000 |
|
4. | Транспорт чыгымы |
| 10000 |
|
5. | Сапардык чыгымдарына |
| 3110 |
|
6. | Жайыт салыгы |
| 63605 |
|
7. | Социалдык төлөм 17,25% |
| 22425 |
|
8. | Сатуудан түшкөн салык 3% |
| 10860 |
|
9. | Ж.Б.чыгымдар |
| 2000 |
|
10. | Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга |
| 120000 |
|
| Жалпы чыгымдар : |
| 362000 |
|
Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан жайытка чыгуу мөөнөттөрүн белгилөө.
№ | Жайыттын аталышы | Чыгуу мөөнөтү | Эскертүү |
1. | Күнгөй | 01.04.2019 |
|
2. | Тескей жана Кой-Басар | 15.04.2019 |
|
3. | Кичи-Жаш | 12.05.2019 |
|
4. | Новалы | 15.04.2019 |
|
5. | Аскалы | 20.05.2019 |
|
6. | Талды-Булак | 20.04.2019 |
|
7. | Карагат | 12.05.2019 |
|
8. | Азакп | 20.05.2019 |
|
Бел айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.С.Жумаева