Редакцияот 10.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) I сессиясы

 

2017-жылдын 10-январы № 1/1

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнүн 11)–бөлүкчөсүнө жана 37–, 38–беренелерине негиз, маселени карап талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кабыл регламентине №1–тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин. (№1–тиркеме тиркелет).

 

Төрага

С. Сулейманов

 

 

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2017–жылдын 10–январындагы №1/1 токтомуна №1–тиркеме

 

Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) регламентине

КИРГИЗИЛҮҮЧҮ ТОЛУКТООЛОР

II. РАЗДЕЛ.

ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ.

3. Глава.

Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары.

3.4. Шаардык кеңештин төрагасы:

1. Шаардык кеңештин төрагасы төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Шаардык кенещтин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

3. Эгерде шаардык кеңещтин депутаттарынын жалпы санынын учтөн экисинен кем эмеси катышса ,шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары.

1. Шаардык кенещтин төрагасынын 2 орун басары болот.

 

Кызыл–Кыя шаардык

кеңешинин аппаратынын жетекчиси

 

Р. Абдукаюмов