Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №96
(Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы 1-289 номериндеги кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Аңкур-Сай участкасына түнкү жарыткычтарды орнотууга 1 315 543 (бир миллион үч жүз он беш миң беш жүз кырк үч) сомду түзгөн сметалык долбоордун 30% өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 438 543 (төрт жүз отуз сегиз миң беш жүз кырк үч) сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинен ажыратылып берилсин.
(Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-декабрындагы № 106 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Абдраимов |
|
|