Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №29/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2019-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету эске алынсын (тиркеме №1 тиркелет).
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун өнүгүү планы бекитилсин (тиркеме №2 тиркелет).
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджетин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максатуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, боюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Жээнбеков Д.Т. |
|
|
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-февралындагы №29/1 токтомуна Тиркеме №1 |
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-айына карата аткарылышы боюнча
ОЧЕТУ
Айыл өкмөт боюнча план тапшырмалардын жана божомолдордун аткарылышына анализ жасаганда төмөндөгүдөй:
1.Айыл чарбасы боюнча:
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы айыл чарбасына жарактуу 692 га жер бар анын ичинен айдоо жана 110 га там арка жер бар.
2018 –жыл ичинде 31,0 га жерге арпа себилип, түшүмдүүлүгү-17,3 ц болду , картошка 391,0 га жерге эгилип, түшүмдүүлүгү-167,4ц айланды. Бир жылдык тоют 27,0 га, жашылча 47,0 га жерге эгилип, түшүмдүүлүгү-160,1ц болду. Жүгөрү 33,0 га жерге эгилип, түшүмдүүлүгү-62,0 центнерден болду. көп жылдык чөп 163,0 га себилди. 2018-жылы 9290,0тонна тоют даярдалды.
Жазгы айдап себүүдө айыл өкмөт боюнча керектелүүчү техникалар 27 трактор кош,9 трактор грабиль мала, 15 даана ат кош жана 5 даана ат акушник иштетилет,картошка отургузгуч-1 даана, авто машина-7 даана.
Айыл чарба жеринде кайра бөлүштүрүү фондусунун 284,0 га жеринен 166,0 га жери ижарага берилип КБФнын жеринен алынуучу ижара акылар 2018-жылга карата 90,0 мин сом план болсо 90,1 сомго аткарылды .
Айыл өкмөтүн аймагында 1984 га жайыт жери бар 2018-жылдын 4-кварталына 280,0 миң сом план бекитилсе ,аткарылганы 281,0 миң сомго аткарылды башкача айтканда 100,3 пайызды түзөт.
Эт өндүрүү 884,9 тоннага былтыркы жылга салыштырмалуу 101,2 пайызга
сүт өндүрүү 3230,6 тоннага былтыркы жылга салыштырмалуу 100,4 пайызга,
жумуртка өндүрүү 316,2 даанага былтыркы жылга салыштырмалуу 102,1 пайызга
жүн өндүрүү 31,0 тоннага б,а былтыркы жылга салыштырмалуу 100,3 пайызга аткарылды.
2.Өнөр жай продукциясы жана калкты тейлөө:
Айыл өкмөтү боюнча өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча 2018-жылдын 4-кварталында жаңы жумуш орундары боюнча: мал чарбасын өнүктүрүүгө 20 адам, курулуш иштерине -20 адам, соода, автомобиль, турмуш тиричилик буюмдарын жана колдонуучу нерселерди оңдоо боюнча- 43 адам, транспорт жана байланыш- 28 адам, саламаттыкты сактоо- 16 адам, коммуналдык тейлөө-9 адам, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу -6 адам,мейманканалар жанан ресторандар-13 адам, кредит алып мал өндүрүүгө -60 адам кызмат көрсөтүүдө.
Жалпы айыл өкмөтү: боюнча 215 адам жаңы жумуш орду менен камсыз болду.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
Жалпы Гүлчө айыл өкмөтү боюнча кирешелер салыгы жылга карата 32086,8 мин сом план бекитилсе, аткарылганы – 29395,6 миң сомду түзөт.Башкача айтканда 3229,5 миң сом кирешелер салыгынан толбой калган.
4. Электр энергиясын пайдалану
Гүлчө айыл өкмөтү боюнча 12-айына бөлүнгөн лимит план 1883,0 миң кВт/с же 4766,0 миң сом болсо,пайдаланылганы 1451,9 миң кВт/с же 3675,0 миң сомду түздү.Башкача айтканда 431,1 миң кВт/с же болбосо 1091,0 миң сомго үнөмдөлдү.
Ата мекендик жана чет элдик инвестиция тартуу, капиталдык курулуш жана
инвентарлар сатып алуу.
Гүлчө айыл өкмөтү боюнча тартылган ички жанан тышкы инвестициялар жалпы 58059,5 сом анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 6337,7 миң сом, демөөрчүлөрдөн -2929,5 миң сом,республикалык бюджеттен 13038,5 миң сом, сырткы инвестиция 35753,8 миң сом тартылды.
Жергиликтүү бюджеттен
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин ремонтуна- 230,0 миң сом
Адышев мектебин жарыктандырууга-187,0 миң сом
Молдокулов мектебинин чатырчасын айнектерин алмаштырууга өздүк салым – 440,2 мин сом
Парманас мектебине даараткана курууга-150,0 миң сом
Бардык 6 дет сад учун ремонтко----135,0 мин сом жумшалды
№5 балдар бакчасына 109,9 мин сомго козерог жасалды
№6 Бал бобок б/бакчасына 100,0 мин сомго навес,козерог жасалды
№3 Наристе б/бакчасына 93,9 мин сомго тамак бышыруучу печка алынды
Аристен алынган тракторго өздүк салым -870,0 миң сом
Жаңы-Савай участкасындагы көчкү түшкөн жерге көчөттөрдү отургузууга -53,0 миң сом
Сибир жарасынын очогун дезинфекц, Яма Беккаринин оозун тосуу- 40,0 сом
Таш короо айыл элин кооптуу жерден кочурууго сотко госпощлина - 5,0 сом
Таш короо айылынын ички жолун ондогонго - 30,0 сом
МАИ нин артындагы бош турган жерге 350 түп көчөттөрдү отургузууга -50,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен.
Борбордук базарга темир тосмолор- 110,0 миң сом.
Көмүргө (мектеп, б/бакча,аппарат) 525 тонна 1443,8 миң сом
Жаны жылдык балатыны кооздо үчүн – 200,0 мин сом
Алымбек датка көчөсүнө лоток басууга – 200,0 мин сом
Демөөрчүлөр тарабынан
Жайдын айланасын тосуп,навес курууга демөөрчүлөр тарабынан 1500,0 миң сом жана ак кайың менен жаңгак отургузууга -80,0 миң сом.
Чакмак айылындагы 250м жердеги сел калдыктарын тазалоо үчүн-300,0 миң сом ашар жолу менен.
Алай-Жаннат жеке мектебин курууга 24000,0миң сомдук чет элдик инвестиция тартылып курулду.
Курманжан датка көчөсүнө 3500,0 миң сомдук Мечит окуу борбор чет элдик инвестиция тартылып курулду.
Отунчиев,Сопуев,Адышев а/о мектептерине орг техникаларын алып берүүгө-120,0 миң сом
Бириккен улуттар уюму тарабынан айыл өкмөтүнүн аймагында каптаж курууга жана окутууларга 198 кап ун 1040 литр май эмгек акы катары таркатылды.
Жалпы баасы 314,6 миң сомду түздү.
Каптаждар -920,0 миң сом Арис тарабынан
7. Социалдык иштер боюнча.
15-февраль Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына карата Алай районундагы Афган согушунун ардагерлер кенешинин төрагасы Раимкулов Асилбек, афган согушунун ардагерлери Аденов Болот, Кадырбаев Абдишарип, Эргешов Сагынали агайларыбыз катышты. Эскерүү кечеси « Опаленные Афганом» видеосу жана Роза Аманованын «Ооган ыйы» ыры менен башталып, «Афган согушунун тактары » деген темада презентация болду.
Гүлчө айылындагы “Жеңиш” аянтында жогорку деңгээлде эскерүү митинг өткөрүлдү. Гүлчө айыл өкмөтү боюнча 10 Афганчы жана эмгек ардагерлери, Гүлчө айылынын тургундары жана коноктору катышышты. Салтанат бүткөндөн кийин Гүлчө айылындагы “Ак-Бата” ресторанында Алай районундагы Афганчылар үчүн сый тамак уюштурулуп, Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты каралып, таратылып берилди.
8–март аялдардын эл аралык майрамына карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 35 000 (отуз беш) миң сом бөлүнүп, айыл өкмөтүнүн аймагындагы активдүү эмгеги синген 35 аялга “ Айкөкүл “ ресторанында сый тамактар берилди жана ар бир аялга белектер ыйгарылды.
21- март Нооруз майрамына карата жамааттар ортосунда улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп көргөзмөгө 15 жамаат , 6 бала бакча катышып, аларга өкмөт тарабынан 80 000 (сексен) миң сом акча каражаты каралып акчалай сыйлыктар берилди.
7-апрель Элдик революциянын 7 жылдыгы белгиленди. 7-апрель окуясына катышкан жарандарга «Айкөкүл» ресторанында сый тамактар берилип, маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Салтанатка айыл өкмөтүнөн 20 000 (жыйырма) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
26-аперь күнү 2 ЧАЭСтин катышуучусуна Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 6 000 (алты миң) сом акча каражаты каралып, 2 катышуучуга 3 000 (үч миң) сомдон таратылып берилди.
9-май күнү Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 73 жылдыгы Гүлчө айылындагы Жеңиш аянтында жогорку деңгээлде өткөрүлүп, согуш мезгилинде орукта кызмат кылган жарандарга Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралып, сый урмат көрсөтүлдү.
1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» арналган майрамдык салтанат Гүлчө айылынын борбордук аянтында өткөрүлдү.
Салтанатта балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын концерттик программалары көрсөтүлүп, «Балалыктын ачык асманы», «Бактылуу балалык» деген темаларда сүрөт тартуу конкурстары өткөрүлдү. Конкурста жэңүүчү болуп №1 бала бакчасы 1чи орунду, №5 бала бакчасы 2чи орунду жана №4 бала бакчасы 3чү орунду камсыздашты. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты каралып, айыл өкмөтүнө караштуу 6 бала бакчага портал аркылуу 6 телевизор берилди жана шириндиктер таратылды, айыл өкмөтү тарабынан турмуш шарты оор жана жарым жетим 40 баланын ар бирине 500 (беш жүз) сомдук материалдык жардам берилди.
Гүлчө айыл өкмөтүндөгү демөөрчүлөр тарабынан 12 тоголок жетим жана 11 жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына акчалай жардам берилди.
Жогорку Кеңештин депутаты У. Примов тарабынан 30 балага мектеп үчүн сумка окуу куралдары менен берилип, майрамдык салтанатка келген баардык балдарга 1200 даана балмуздак бекер таратылды
Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан Гүлчө айылынын Курманжан датка көчөсүнүн 23-үйүнүн тургуну Орозбекова Минайдын турмуш-шартынын оордугунан дары-дармек алуу үчүн акча сурап кайрылган арызынын негизинде 1000 «миң» сом жана Ленин көчөсүнүн 105-үйүнүн тургуну, 10 баланын энеси «Баатыр эне» Ниязова Данакандын баласы Алмарс уулу Адилеттин ооругундыгына байланыштуу дары-дармек алууга акча сурап кайрылган арызынын негизинде 2000 «эки миң» сом, Кыдырова Өмүрканга 2000 сом, Шерали уулу Нурланга 5000 сом, Машанов Ибрагимге 5000 сом, мектеп окуучулары менен мелдеш өткөрүү үчүн Абдразаков Нышанбайга 10000 сом, Эргешова Нургулгө дарылануу үчүн 4000 сом, Кадырбеков Кубанычка 5000 сом, Ажибаев Мурзакматка 2000 сом, Бусурова Кализага 1000 сом, Койчиев Аматка 5000 сом, Абдырахманова Гулнурга 7000 сом, Арзыбеков Саримбек 5000 сом, Молошов Токтоболотко 2000 сом, Арыкбаева Умутканга 6000 сом, Сулайманов Эргешке 2000 сом, райондук спорт мектебиндеги окуучуларга спорттук форма алуу үчүн 10 000 сом акчалай жардам берилди.
1-октябрь Эл аралык улгайгандар күнүнө карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40 000 сом акча каражаты каралып, 40 улгайган карыяга тамак-аш азыктарынан белек берилди.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө»
иш-чаралар планы түзүлүп, Гүлчө айылындагы Алымбек Датка эс алуу паркындагы, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин аты-жөнү жазылган досканын алдына гүл коюу аземи уюштурулду жана мектептерде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна таасирин тийгизген тарыхый мүнөздөгү окуяларга арналган тематикалык бурчтар жасалды.
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 14-ноябрындагы, 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата райондогу ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды моралдык жана материалдык жактан колдоого алуу максатында бир айлык жарыялоо жөнүндө №172 буйругу аткарууга жана жетекчиликке алынып, 2018-жылдын 15-ноябрында Гүлчө айыл өкмөтүнүн №272чи буйругу чыгып, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча иш чаралардын планы бекитилди жана 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 2018-жылдын 16-ноябрынан 16-декабрга чейин бир айлык жарыяланды. Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 100 000 сом акча каражаты бөлүнүп 100 бала кезинен майыптарга азык түлүктөр жана
1-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 45 жаранга акчалай жардам берилди.
Жогорку Кеңештин депутаты Примов Улан тарабынан 80 тонна көмүр түшүрүлүп, 533 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга көмүр таратылды.
Жаны-жыл майрамын өткөрүүдө айыл өкмөттүн бюджетинен 45 000 сом акча бөлүнүн мектепте жакшы окуган олимпиадаларда алдынкы орундарды камсыздаган жана жакыр үй бүлөөлөрдүн балдары чакырылып Ай Көкүл ресторанында чай берилип белектер таратылды.
|
8.Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери боюнча :
2018-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 1-февралындагы № 05/89 сандуу катындагы Кыргыз еспубликасынын РРРрееееееееРррррррнннннААААААААА Республикасынын ички иштер министрлигинин 2018-жылдын 26- январындагы өспүрүмдөр арасындагы укукбузуулардын жана суициддердин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө №1/591 катынын жана
КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 2018-жылдын 9-февралында келген Ош областындагы бугунку күндөгү мектеп окуучуларынын арасындагы исламдашуу маселеси жөнүндөгү № 04/ 108 сандуу каты боюнча мектеп окуучулары менен бирдикте жолугушуу өткөрүлдү. Ар бир мектепте өткөрүлгөн жолугушуу психологдордун жардамы менен балдардын суицидке кабылбоосуна карата жасалган профилактикалык чон иш чара болуп эсептелинет. Маалыматтык жолугушуунунун негизинде жаш өспүрүмдөр өздөрүнө керектүү маалыматтарды, таасирдүү сөздөрдү алышты.
Аймактарды өнүктүрүү жылына карата райондо уюштурулган «Шайыр апалар 2018 –ж » кароо сынагын өткөрүү боюнча ырчы, таланты ташкындаган таланттуу апаларды калк арасынан алып чыгууда айыл башчылар менен биргеликте жер-жерлерде кароо сынактар өткөрүлдү. 2018-жылдын 20-апрелинде тандалып алынган шайыр апалар Сары таш айыл өкмөтүнүн шайыр апалары менен беттешип Гүлчө айыл өкмөтүнүн командасы 1-орунду алды. Калкты маданий, руханий чөйрөгө аралаштырууда,жамааттар меен биргеликте иш алып барууда активист,таланттуу энелерибиз ар дайым бизди колдоп келишет.
Жаштардын бош убактыларын текке кетирбей коомдук, пайдалуу жумуштарга тартуу максатында ишембилик жана кайрымдуулук акцияларын өткөрүү боюнча 30 000 сомдук шаймандарды сатып алуу учун долбоор жазылып, Saferworld, Эл аралык Толеранттуулук фонду тарабанан каржыланды. Кайрымдуулук акциялардын негизинде жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй жумуштарына жардам көрсөтүлөт. 2018-жылдын 21-сентябрь күнү Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылы –Суу айылынын Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин 9- классынын 9 окуучусу жалгыз бой Алапаева Саткын эненин үйүнө барып, уй салып жаткандыгына байланыштуу кыш ташып жардам беришти.
2018-жылдын 28-сентябрь күнү Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылынын М.Адышев мектеп гимназиясынын балдары жалгыз бой Бакирова Гулсаранын эненин үйүнө барып, картошкасын чукуп ,уй жумуштарын эшик алдын шыпырышып жардам беришти. Мындын сырткары жалгыз бойлор Мурзаева Тургунбу, Дубанаев Дарбиш, Омошева Тилдекандын уйлорунө барып көмөк көрсөтүштү.
2018-жылдын 7-декабрында Коомдук алдын алуу борборунун эл алдындагы отчету болуп өттү. Гүлчө айыл өкмөтү боюнча жамааттардан чакырылган жамаат башчылар өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, КААБ жөнүндө кенири тушунук алышты.
9. Өзгөчө кырдаалдар боюнча аткарылган иштер:
2018-жылдын 12-айына карата 400 м аралыктагы дамба асма көпүрөдөн борбордук базарга чейин басылып бүттү.Таш-Короо айылында кооптуу участкада жашаган атуулдардын коопсуздугун сактоо үчүн убактылуу шаарча И.Адишев атындагы орто мектебинин алдында 20 чатыр ӨКМ тарабынан тигилди.Курманджан датка айылында эки сел каналы сел калдыктарынан тазаланды жана жергиликтүү бюджеттен 3000 миң сом акча каражаты каралды..Чакмак айылындагы сел калдыктарын тазалоодо райондук деңгээлднги жарандык коргонуу машугуусу өтүп 250 метр аралыктагы сел өтүүчү канал тазаланды.Чаткы Мазар участкасындагы элдин салымы менен бүткөрүлгөн көпүрөнүнү эки тарабына 45 габион торчосу басылды жалпы суммасы 54,0 миң сомду түзөт.Кырк –Күңгөй участкасындагы 9 сел тосмону оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү үчүн иш кагаздары даярдалып ӨКМүнү 2019-жылдагы иш мерчемине сунушталды.ошондой эле Курманжан датка айылындагы сел тосмолор менен сел каналдары дагы ӨКМүнү 2019-жылдагы иш мерчемине сунушталууда.Базардын тушунан Сулайманов Осмондун үйүнө чейинки 500 м аралыктагы эскилиги жеткен дамбаны оңдоо боюнча ӨКМгө сунушталды.
10. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо
Иштери
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февраль Афган согушунун катышуучулар күнүнө карата Жениш аянтындагы Афган жана Баткен согушунун ардагерлеринарналган салтанат өткөрүлдү.2018-жылдын 3-айлык тазалоо, көрктөндүрүү жумуштары боюнча 1800 м арыктар тазаланып, 90 түп канада карагай отургузулду Жеңиш паркына 10 түп арча, 19 түп кайың ,8 түп роза парковый 8 түп, ежевика 35 түп,девочий виноград 35 түп, спирея кустарниги 2 түп, кан 200 түп отургузулду. Тазалык ишканасы тарабынан 48 даана лампочкалар алмаштырылды.Алымбек датка жана Курманжан датка парктарында райондук денгээлде мекеме ишканалар менен биргеликте ишембилик өткөрүлүп тазалоо иштери жүргүлүп,таштандылар чыгарылды.
11. Арыз даттануулар боюнча:
Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан калктын кайрылуусуна жооп берүү туура чечип берүүгө боюнча, иштери КРнын калктын арыз даттанууларын туура чечүү жана туура мамиле жасоо мыйзамынын негизинде жүргүзүлүп жатат.
2018 -жылдын 12-айында ар түрдүү маселелер боюнча айыл өкмөтүндө 167 арыз катталган болсо, алардын 94 социалдык маселелер, айыл чарбасы боюнча—48, материалдык жардам -25, ар түрдүү мүнөздөгү каттар катталып жооптору кечиктирилбестен берилүүдө.
| Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-февралындагы №29/1 токтомуна Тиркеме №2
|
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга өнүгүү планы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы – негизги документ болуп саналат. Өнүгүү планын түзүү, анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
Өнүгүү план коомчулуктагы бардык маселелерди чечпейт, анткени бул жалпы план эмес, өнүгүү план тек гана экономикалык өнүгүүнүн натыйжалуу жолдорун гана аныктады, мындай ыкма коомчулук белгилеген негизги приоритетке (жумуш орду жана үй бүлөлүк киреше) түздөн - түз салымын кошот.
Стратегияны иштеп чыгуу процесси жана методикасы
Гүлчө айыл өкмөтүнүн өнүгүү планынын негизги максаты – бардык тармактын натыйжалуу иштөөсүн, келечекте айыл өкмөтүнүн экономикасынын стабилдүү өнүгүүсүн, туруктуулукту камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы атайын адистердин: айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришов, ФЭБ башчысы-М.Тажикова , статист экономист- Г.Ашимова, социалдык кызматкер–А.Ракимкулов жана айыл башчылардын жардамы менен иштелип чыкты.2019-жылга карата Гүлчө айыл өкмөтүнүн өнүгүү планын иштеп чыгууда айыл өкмөтүнүн бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөттүү, реалдуу иш чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптары экендиги эске алынды.
I Гүлчө айыл өкмөтү тууралуу маалымат
1.1 Административдик территориялык бөлүнүшү
Гүлчө айыл өкмөтү Алай районунун Ош облусуна карайт. Гүлчө айыл өкмөтү
20.03.1996-жылдан баштап Гүлчө айыл өкмөтү болуп уюштурулган. Айыл өкмөтүнүн карамагына 6 айыл кирет.Алар Таш-Короо,Кара-Булак,Жылы-Суу,Чакмак,Курманжан-датка айылдары. Айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашып, түндүк-батыш жактан бийиктиги 1700 м Чыйырчык ашуусу Кара-Суу району менен чектешип жана түндүк-чыгыш жактан Жошолу, Коңур Дөбө айыл өкмөттөрү менен, чыгыш тараптан Будалык айыл өкмөтү менен чектешип, Улуу Жибек жолу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо,Жылы-Суу,Гүлчө,Чакмак айылдары аркылуу өткөн.
1.2. Территориясы.
Жалпы аянты - 88,43 кв.км
Деңиз денгээлинен бийиктиги - 1700-2585 метр
Областтын борборуна чейинки аралык - 85 км
Райондун борборуна чейин - 0-25 км
Аэропортко чейин (Ош ш.) - 97 км
1.3. Жаратылыш-климаттык шартына мүнөздөмө
Климаты тез өзгөрүлмөлүү, кыш мезгили 4-5 айга чейин өкүм сүрөт.Жаз,жай
мезгилиндеги жаандан, тоо кыркаларындагы суулардын топтолушунан Гүлчө,
Жылы-Суу, Жошолу дарыяларында суу ташкындары жүрүп, сел басуу коркунучтары
күтүлүп турат. Климаттын өзгөрүп турушунан улам Чакмак, Таш-Короо, Жылы-Суу
айылдарында жаз мезгилинде жер көчкү болуп турат.Таш-Короо айылына жаз апрель,
май айларында келет.
1.4. Жаратылыш ресурстарына, жаныбарлар дүйнөсүнө мүнөздөмө
Суулары: Гүлчө дарыясы, Жошолу дарыясы Курманжан Датка айылын аралап күңгөй каналы өтөт.
Каналдары:Гүлчө айылынын эли Гүлчө айылына кирген эки каналдан Семеновский жана Артхозовский каналдарынан тамарка жерлерин сугарышат.
Тоо этектери менен тоолордо - коен, чычкан, кашкулак, түлкү,
карышкыр, чөө, доңуз;
Токойлордун тилкесинде кемирүүчүлөрдөн - токой чычкан, арс чычкан, суусар;
Куштардан - бүркүт, кыргый, кекилик, таркылдак, чаар карга, улар, жору, таскара;
Тоолордо – аркар, тоо эчки, илбирс, кызыл суур мекендейт.
Сууларда –Асман жана маренка балыктары бар
Жердин шарты Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак айылдарында мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка ылайыкташылган.
1.5. Жер кыртышынын түзүлүшү жана анын пайдаланышы.
Жердин катмары ачык күрөңдүү, кээ бир айылдарда кара топурактуу. Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак, Чакмак айылдарындагы айрым участкаларда жер кыртышы кара топурактуу келип, картошка өндүрүүгө шарты ынгайлуу. Ал эми Гүлчө, Курманжан-Датка айылдарында калктын жыш жайгашкандыгына байланыштуу жер ресурстары жетишсиз. Там аркаларында мөмө-жемиштин бир аз түрлөрү өстүрүлүп, жеке өздөрүн гана камсыз кыла алышат.
Жан башына жер үлүшүнүн бөлүнүшү кайрак айдоо 0,02 га дан 010 га чейин , чөп орундуу жер 0,12 га дан 0,22 га чейин түзөт. Географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша айыл чарбасына жарактуу жерлердин жоктугунан Гүлчө, Курманжан-Датка айылдардан үлүшкө жер бөлүнгөн эмес.
Жалпы жер ресурстарын пайдалануунун көрсөткүчтөрү
| Жалпыжераянты | % менен | А.чарбасынажарактуужерлер | % менен |
Гүлчө а/өкмөтбоюнча | 88,43 кв.км. | 1,16 | 8134 га | 2,05 |
Район боюнча | 7581,98 кв.км | 100 | 396312 га | 100 |
Гүлчө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү Фондусунда 284 га жер, анын ичинен 75 га кайрак айдоо, 209 га чөп орунду жерлер бар.
Айыл өкмөтүндө 2019-2021-жылдарда төмөндөгү курулуш ремонттоо иштери аткарылды жана аткаруу божомолдонот.
№ | Айылдагы негизги көйгөйлөр | Аткарылды
| Кайсы жылда аткарылат | ||
2018- жыл | 2019- жыл | 2020- жыл | 2021- жыл | ||
1. Гүлчө айылы |
| ||||
| 1 .Ички жолдорду оңдоо() |
|
|
|
|
| 2.Түнкү жарыктарды орнотуу |
|
|
|
|
| 3.Мадышев көчөсүндөгү каналга лоток басуу(Мадышев көчөсүнүн үстү жагынан өтүүчү каналга лоток басуу керек себеби суу сиңип каналдын алдында жайгашкан турак үйлөргө түз таасирин тийгизүүдө,үйлөрдүн дубалдарынан жарака кетип жатат узундугу 500м) |
|
|
|
|
| 4.Т.Отунчиев мектеп гимназиясына кошумча 480 орундуу башталгыч класстар үчүн окуу имаратын куруу(Бүгүнкү күндө Отунчиев мектеп гимназиясында окууга талап күчтүү окуучулардын саны көп сыйымдуулугу аз 3смена балдар окушат ошондуктан кошумча имарат куруу талап кылынат) |
|
|
|
|
|
| ||||
| 6. Т.Отунчиев а/орто мектебинин баардык имараттарынын чатырларын алмаштыруу |
|
|
|
|
| 5.КР Президентинин тапшырмасы боюнча ар бир райондордун борборлорунун 3 км жолун асфальтоо |
|
|
|
|
| 6.Курманжан датка көчөсүндөгү тротуарларды оңдоп түзөө 600 м |
|
|
|
|
| 7.№2 б/бакчасын кап.ремонттон өткөзүү(эскилиги жеткен имаратты кайра куруу) |
|
|
|
|
| .№2 б/бакчасына көмүркана куруу |
|
|
|
|
| .№2 б/бакчасына азык-түлүк азыктарын сактоо үчүн склад куруу. |
|
|
|
|
| .№1 б/бакчасына балдар ойноочу навес куруу |
|
|
|
|
| 8.Жайыт маселесин чечүү(Гүлчө айылында мал көп,жайыт аз алыскы жайыттарды уюштуруш керек.) |
|
|
| + |
| 9.Гүлчө айылынын ылдыйкы зонасына эски автобазанын жанындагы Гүлчө дарыясына көпүрө куруу.(Гүлчө айылынын мал чарбасы менен алектенип үй-бүлөөлөрдүн малдарын жайытка айдоо үчүн көпүрө куруш керек.) |
|
|
|
|
| 10.Гүлчө айылынын ылдыйкы мал базардын төмөн жагындагы бош жаткан жерлердин категорияларын аныктап турак үй куруу үчүн муктаж үй –бүлөөлөргө аукциондук негизде берүү( маселе тиешелүү мекеме ишканалардан бүтүм алуу үчүн акча каражатын табуу) |
|
|
|
|
| 11.Гүлчө дарыясына дамбаны бекемдөө 400 м аралык |
|
|
|
|
| 12.Гүлчө айылына дренаж куруу жана тазалоо |
|
|
|
|
| 13.Заманбап сүт жана сүт азыктарын иштетүү мини завод куруу(Элдин колунда мал көп,1-4 класс чашке чай уюштурууда б/бакчаларда ж.б.уүс сүт азыктары талап кылынууда базардан сатып алуу ишенимсиз ошондуктан мини завод курук зарыл жана пайдалуу.) |
|
|
|
|
| 14.Жайкы кино таетр куруу (Райондун центри ,участок бар) |
|
|
|
|
| 15.Туризмди өнүктүрүү үчүн(Ош-Эркештам жолу Улуу Жибек жолунда жайгашкандыгына байланыштуу тейлөө кызматы талапка жооп бербегендиктен тренинг өткөрүп,интуристер үчүн мейманкан куруу.) |
|
|
|
|
| 16.Нан жана кондитердик азыктарды бышырып чыгаруучу мини цех ачуу |
|
|
|
|
| 19. Мал союлуучу заманбап цехин куруу. Жаны жумуш орундарын тузуу |
|
|
|
|
| 20.Эт комбинатын куруу |
|
|
|
|
| 21. Күнөскана куруу |
|
|
|
|
| 23.Бал челектерди жасоо цехин модернизациялоо |
|
|
|
|
| 24.Логистикалык борбор ачуу |
|
|
|
|
| Гүлчө айылындагы № 5 «Ак ниет» балдар бакчасына заманбап суу түтүкчөлөрүн киргизүү, аристон орнотуу жана бакчанын эки корпусунун чатырлары эскилиги жетип , күз кыш айларында суу кирип, жылда ремонт кылган сайын чоң көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу, чатырчаларды алмаштырууга жана 24 саттык түнкү балдар бакчасы болгондуктан түнкү жарыктандырууну да киргизүү бакчанын 1 кабатына заманбап ажаткана киргизүү |
|
|
|
|
| Ички жолдорго шагыл тошоо. ямочный жасоо |
|
|
|
|
| Гүлчө айылын таза суу менен камсыз кылууда 2017-жылы башталган жумушту аягына чыгаруу, чириген суу түтүкчөлөрүн толук алмаштыруу |
|
|
|
|
| Ирригациялык тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу: Семеновский, Артховский каналдарын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү |
|
|
|
|
| Семеновский каналынын 600 метр аралыгына лоток басуу |
|
|
|
|
| Каналдардын боюна мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыйдыруу |
|
|
|
|
| Кош -Тектир участкасындагы «Беккари» чуңкурунун айланасын тосуу, чуңкурдун оозун бекемдөө |
|
|
|
|
| 8.А.Ысманов а/орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү. |
|
|
|
|