Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры №15/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы 01-18/126 - буйругунун негизинде Талды-Суу йылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Талды-Суу айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 5 (беш) адамдан турган комиссиянын курамы бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Талды-Суу айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Комиссия өз ишмердүүлугүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып иш жүргүзүлсүн,ошондой эле жылына бир жолудан 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарылган иштер боюнча отчет даярдалып,жергиликтүү кеңеште талкуулансын.
4. Комиссиянын ишкердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу-укуктук маселелер,мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрайым | Э.Эргешбаева |
| Талды-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы №15\2 токтомуна № 1 тиркеме
|
Талды-Суу айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиянын курамы
1. Т.Султанов-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору, комиссиянын төрагасы
2. Э.Эргешбаева-Талды-Суу айылдык кеңешинин төрайымы, комиссиянын төрагасынын орун басары
3. Ибраим уулу У-Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
4. Б.Молдалиев-Аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү
5. А.Апиева-Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү
Талды-Суу айылдык
кеңешинин төрайымы: Э.Эргешбаева