Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6-3
С. Юсупова айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүнү эң эле эффективдүү ыкма менен уюштурууну, жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин камсыздоодо, ошондой эле, кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында жана 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиялык программанын алкагында, айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын карап жана талкулап чыгып депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын турмушка ашыруу боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| “БЕКИТЕМИН” С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы _________________________ К. Нарматов 2018-жылдын 18 - декабрь айы
|
С.ЮСУПОВА АЙЫЛ АЙМАГЫНДА
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ
СТРАТЕГИЯСЫ
Араван айылы - 2018-жыл
Киришүү
Бул Стратегия жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын (СЭӨП) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө СЭӨП те чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт.
Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
Ø Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет;
Ø ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат жана азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет;
Ø Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот;
Ø Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу С.Юсупова айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Стратегиянын максаттары жана тапшырмалары
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – С.Юсупова айыл аймагында кызмат көрсөтүү процессин эң эле эффективдүү ыкма менен уюштура алышат, жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.
Максатка жетүү үчүн Чек-Абад айыл өкмөтүндө төмөнкү тапшырмалар аткарылат:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн;
2. Аныкталган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жагын ушул стратегия аныктады;
3. Учурдагы абалына анализ жасалды;
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун өзгөчө натыйжалуу ыкмалары аныкталды;
5. Стратегияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы түзүлдү.
Кызмат көрсөтүү стратегиясынын жумушчу комиссиянын курамы
№ | Аты-жөнү | Комиссияда ээлеген орду | Иштеген жери | Кызматы | Байланыш телефону |
1 | Файзуллаев Шукирилло | Комиссиянын төрагасы | С.Юсупова айыл өкмөтү | Башчы | 0552 00-87-97 |
2 | Нарматов Канаатбек | Жумушчу комиссиянын мүчөсү | С.Юсупова айылдык кеӊеши | Төрага | 0552 52-65-98 |
3 | Ташполотов Илхомжон | Жумушчу комиссиянын катчысы | С.Юсупова айыл өкмөтү | Жооптуу катчы | 0552 17-40-24 |
4 | Мирабдуллаев Махамажон | Жумушчу комиссиянын мүчөсү | Араван айылындагы орто мектеп | директор | 0550 03-50-13 |
5 | Арапов Акром | Мүчөсү | С.Юсупова айылдык кеӊеши | Депутат | 0550 08-80-53 |
6 | Моминова Кандолат | Мүчөсү | Араван айылындагы ИСКАКБ | директор | 0555 84-33-27 |
7 | Ахматохунов Тохиржон | Мүчөсү | С.Юсупова айыл өкмөтү | Айыл башчы | 0557 16-06-01 |
8 | Байназарова Хуршида | Мүчөсү | С.Юсупова айыл өкмөтү | Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис | 0557 74-76-03 |
9 | Артиков Музаффар | Мүчөсү | С.Юсупова айылдык кеӊеши | Депутат | 0550 19-78-07 |
10 | Козиев Мамир | Мүчөсү | Араван айылындагы СПА | Директор | 0775 29-06-70 |
11 | Юлдашева Сабохат | Мүчөсү | Жаштар комитети | Төрага | 0554 11-14-95 |
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы №97-буйругу менен бекитилген (тиркелет).
1. Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы
Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган:
- Кызмат көрсөтүү ЖӨБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш;
- СӨП – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи
Андан кийин фокус топтун катышуучуларын С.Юсупова айылдык аймагынын 2018-2023 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына (СӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2018-жылдын 17-октябрь айында ЖӨБО нун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары талкууланды.
Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Тандалган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин 2018-2023 - жылдарга бекитилген СӨП нын иш-чаралар тизмегине киришкен.
2. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын талдоо (СЭӨП), кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө артыкчылыктуусун аныктоо
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Көйгөйдүн туюндурулушу
| Көйгөйдүн пайда болуу себептери (Көйгөйдүн баяндалышы) |
1 | Таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу | Акыркы мезгилде таштандылар менен мамиле жасоо жаатында өтө көптөгөн көйгөйлөр келип чыгууда. Айыл аймакта таштандыларды чыгаруу кызматынын жеткиликтүү иштебей жаткандыгы, айыл арасында санитардык абал шартка жооп бербейт.
| Негизги көйгөй: Айылдык аймакта таштандыларды чыгаруу кызматынын жеткиликтүү иштебей жаткандыгы Себептери: 1. Таштанды төгүүчү атайын жай жок; 2.Таштандыларды чыгаруу ишканасы таштандыларды чыгарууга жетишпей жаткандыгы; 3. Жергиликтүү калктын айлана-чөйрөгө болгон кайдыгер мамилеси жана түшүндүрүү иштери боюнча маалыматтар жетишсиз; 5 Жергиликтүү бийлик органдарына болгон ишеним азаюуда; 6. Жергиликтүү бюджеттен таштанды чыгаруу үчүн жетиштүү каражат бөлүнбөйт; 7. Кызмат көрсөтүүнүн ресурстук базасы аныкталган эмес; 8. Жергиликтүү бюджеттен каражаттар жетишсиз; 9. Калктан таштанды чыгаруу үчүн акы аз чогултулат; 10. Кызмат көрсөтүүнүн баасы жөнүндө так элес жок; 11. Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө билими жана көндумдөрү жок; 12. Кызмат көрсөтүүнү эсептөө методикасын билишпейт; 13. Калк кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөгө даяр эместиги; 14.Тарифтер иштели чыккан эмес; 15. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Кесепеттери: · Экологиялык жана санитардык нормалар бузулууда; · Калктын ден соолугуна зыяны тийип жатат; · Аймактын туристтик жагымдуулугу жоголууда. |
2 | Дене тарбия жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу
| Айылдык аймакта балдар жана жаштар үчүн дене тарбия жана спорт менен алектенүү үчүн шарттар начар. Айыл аймагында дене тарбия жана спорт багытында кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү деңгээлде уюштурулган эмес.
| Негизги көйгөй: · Айылдык аймакта балдар жана жаштар үчүн спорт менен алектенүү үчүн шарттар начар; · Айыл аймагында спорт багытында кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү деңгээлде уюштурулган эмес. Себептери: · Дене тарбия жана спорт менен алектенүү үчүн заманбап залдар жана аянтчалар, жабдуулар жана шаймандар жетишсиз; · Квалификациялуу машыктыруучулар жетишсиз; · Окутуучу адистердин маянасы аз болгондугуна байланыштуу, жогорку квалификациядагы машыктыруучулар иштегенге кызуугусу жок. Кесепеттери: · Жаштар өзү менен өзү, бош убактысын кантип өткөрөрүн билишпейт. Мунун айынан тартип бузуп же кылмышка барган учурлар бар; · Жаштардын уюшкан кылмыштуу топторго азгырылып кетүү коркунучу бар; · Жаш өспүрүмдөр тарбиялык жактан деградацияга дуушар болуп жатышат; · Жаштардын ден соолугу жылдан - жылга начарлап жатат. |
3 | Маданий массалык иш-чаралардын жана ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу | Маданий массалык иш-чаралар жана ар түрдүү ийримдер болбогондуктан балдардын аң- сезиминин өсүшүнө шарт түзүлбөй жатат. | Негизги көйгөй: Маданий массалык иш-чаралар жана ар түрдүү ийримдер болбогондуктан балдардын аң- сезиминин өсүшүнө шарт түзүлбөй жаткандыгы Себептери: 1. Тийиштүү адистер жетишсиз; 3. Жабдуулар жетишсиз; 4. Жергиликтүү бюджет тартыш; 5. Көркөм маданият ийримдери жетишсиз. Кесепети: Балдардын аң- сезиминин өсүшүнө шарт түзүлбөй калуусу. |
4 | Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | Суу колдонуучуларды таза суу менен камсыздоо өтө курч маселе бойдон калууда. Таза суунун сапатсыздыгынан жыл сайын ичеги жана боор оорулары менен жабыркагандардын катары калыңдоодо. Ичүүчү суу санитардык талапка жооп бербейт. Жашоочулар ар кандай оорулар менен ооруйт, ошондуктан таза суу көйгөйү өтө курч маселе бойдон калууда. | Негизги көйгөй: Суу түтүктөр системасынын иштеши толук кандуу жергиликтүү жамаатка жетишсиздиги. Себептери: 1. Суу түтүктөр системасынын иштеши толук кандуу жергиликтүү жамаатка жетишсиздиги, суу түтүктөрү эски; 2. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча башкаруу системасы чабал; 3. Суу менен жабдуу тарамы жеткиликтүү өнүккөн эмес; 4. Сууну тазалоо үчүн химиялык заттарга акча каражаты жетишсиз; 5. Таза суу жеткен айылдарда тынымсыз суу менен камсыз болгондугуна карабастан, суу төлөмдөрү начар чогулат; 6. Суунун акысы жетишерлик көлөмдө төлөнбөйт; 7. Резервуарлардын жетишсиздиги; 8. Жергиликтүү бюджет тартыш; 9. Тарифтер иштелип чыккан эмес; 10. Суулар санитардык талапка толук жооп бербейт; 11.Таза суу толук кандуу жетпейт. Кесепеттери: 1. Санитардык-эпидемиологиялык абалынын деңгээли төмөндөөсү; 2. Жергиликтүү тургундардын ден соолуктарынын начарлашы, өзгөчө аялдардын жана жаш балдардыкы; 3. Жугуштуу оорулардын пайда болуусу жана көбөйүүсү. |
5 | Коомдук эс алуу паркынын ишин жакшыртуу
| Араван айылындагы “эс алуу паркында ыңгайлуулуктарды түзүү | Негизги көйгөй: Паркта жашоочулардын эс алуусуна шарттар жакшы эмес. Себептер: 1.Тазалык талапка толук жооп бербейт: 1.1. Өз убагында шыпырылып , тазаланбайт; 1.2. Таштандыларды салууга урналар аз; 1.3.Чогулган таштандылар өз убагында чыгарылбайт; 2.Отургучтар жетишсиз; 3.Түнкү жарыктандыруу жакшы эмес; 4.Коомдук туалет талапка жооп бербейт: 4.1. Өз убагында тазаланып турбайт; 4.2.Туалет акталып, тиешелүү жазуулар жазылган эмес; 5.Таза суу түтүгүнүн эскилиги жеткен; 6.Куураган бактар буталып жана бактардын түбү акталган эмес; 7.Бактарды жана газондорду сугарууга арыктар тармагы начар; 8. Жашылдандыруу начар: 8.1. Декоративдүү бак дарактардын көчөттөрү тигилген эмес; 8.2.Газондорго гүлдөр айдалбайт; 9. Атракциондор жетишсиз; Кесепеттери: 1. Паркка келип эс алгандар кескин азайды; 2. Паркты коомдук кызмат көрсөтүүсү жылдан жылга начарлады; 3. Калктын айыл өкмөтүнө нааразычылыгы күчөп жатат. |
6 | Айылдык аймактагы ички жолдорду оӊдоо жана тейлөө кызматын уюштуруу | Жалпысынан 27 км (чакырымга) жакын ички жолдордун абалы начар. Жергиликтүү тургундар, өзгөчө окуучулар мектепке барганда кыйналышат. Жайында чаң жутуп, ден соолуктарына коркунуч жаралууда.
| Негизги көйгөй: Ички жолдор начар Себептери: 1. Жергиликтуу бюджеттен ички жолдорду ондоого каражат жетишпейт.; 2. Ички арыктар тазаланбагандыктан суулар көчөгө чыгып, жолдорду бузат; 3. Унаалар көп; 4. Ички көпүрөлөр жок; 5.Жергиликтүү бюджетте жолдорду оңдоого каражат жетишпейт; Кесепети: 1. жол кырсыктарынын саны көбөйөт; 2. Жазында жаандан кийин шагыл төшөлбөгөн жолдордун баткак -ылайдын айынан машина эмес адам аран басат; 3.Техникалар бат бузулат; 4. Калк арасында айыл өкмөтүнө нааразычылык жаралат; 5. Түшүм жыйнаган маалда автоунаалар менен ташып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты
№1 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты | Көрсөткүчтөр |
1. | Жеткиликтүүлүк | Айылдын бардык жашоочуларына бирдей көлөмдө КТК чыгарылышына шарт түзүлөт. |
2. | Ыңгайлуулук
| Тургундардын жашаган жеринен КТК чыгарылат. Ошондой эле жашоочулардын үйүнүн жанынан алып кеткенге мүмкүн болот. |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты
| Сапаттуу түрдө КТК чыгарылат |
4. | Ишке ашырылган убактысы
| КТК үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Жумасына бир жолудан чыгарылып турат. |
1.1. Кызмат көрсөтүүнүн иш-аракеттер планы
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу | ||||
№1 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу | |||||||||
Максат: С.Юсупова айылдык аймагынын чегинде таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1. Кызмат көрсөтүү туруктуу негизде, толук көлөмдө жана талаптарга жооп берген сапаттуу деңгээлде көрсөтүлөт; 2. Аймактын санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык абалы жакшырат; 3. Калктын ЖӨБОго ишеними артат | ||||||||
№1 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1. Тургундардын пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | ||||||||
1.1 | КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стандарттарынын алгачкы варианттарын иштеп чыгуу. | Алгачкы даяр стандарттар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Ноябрь - декабрь | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын аныктоо үчүн фокус топторду өткөрүү, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү. | Жыйналыштардын протоколдору Сурамжулоонун жыйынтыктары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25-декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.3 | Тургундардын сунуштарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын толуктоо. | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25- декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
№2 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ыкмалары жана түрлөрү. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүнүн түрү жана ыкмасы тандалды | ||||||||
2.1 | Кызмат көрсөтүүнүн тибин аныктоо | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25- декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн түрүнө жараша аны уюштуруу ыкмасын тандоо
| Арасынан ыкмасы тандалып алынат: - Муниципалдык ишкана аркылуу - Жеке адам/ компания аркылуу- Мамлекеттик эмес уюм аркылуу (бейөкмөт уюм) | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25- декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.3 | Тандалган ыкмага жараша кошумча кадамдардын алгоритмин иштеп чыгуу
| Тандалып алынган ыкмасы боюнча бир катар иш-чаралардын болушу | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25- декабрга чейин | - Айыл өкмөтү, - Жумушчу комиссия | ||||
№3 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүнүн наркы рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен эсептелинди | ||||||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын эсептөө боюнча практикалык семинар өткөрүү. | - Катышуучулардын тизмеси - Усулдук материалдар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 10-февралга чейин | - Консультанттар, CAMI долбоорунун жергиликтүү адистери - Жумушчу комиссия | ||||
3.2 | КТК чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин иштеп чыгуу, кирешелүүлүгүн эске алуу менен | Бир абонентке кызмат көрсөтүүнүн баасы Бир үй кожолугуна кызмат көрсөтүүнүн баасы | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты | 10-февралга чейин | - Жумушчу комиссия - АӨ ФЭО башчысы | ||||
№4 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурстар менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) - Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылат; - Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитти; - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||||||
4.1 | Тарифтерди макулдашуу боюнча коомдук угууларды өткөрүү | Тарифтер макулдашылган коомдук угуунун протоколу | - CAMI - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 20-мартка чейин | АК, АӨ, Жумушчу комиссия. | ||||
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрүдүн тарифин бекитүү | Тарифтер бекитилген Айыл Кенештин токтому | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 5-майга чейин | Айыл өкмөтү, жооптуу катчысы, Жумушчу комиссия. | ||||
№5 маселе: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу жана келишимдик мамилелер
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүчү тандалды. | ||||||||
5.1 | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссия түзүү боюнча АӨ башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 14 апрелге чейин | Айыл өкмөтү (Жооптуу катчы) | ||||
5.2 | Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону иштеп чыгуу | АК тарабынан бекитилген Жобо. | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 14 апрелге чейин | Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш. | ||||
5.3 | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн конкурс өткөрүү | Кызмат көрсөтүүчүнү тандоо конкурстук комиссиянын протоколу
| - Конкурстук комиссия АӨ аппараты | 25-апрелге чейин | Айыл өкмөтү (Жооптуу катчы, сынак комиссиясы) | ||||
5.4 | Келишимди иштеп чыгуу, айыл өкмөтү жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда тейлөө келишимин түзүү
| Кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн кызмат келишими
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | 30-апрелге чейин | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
5.5 | Келишимди иштеп чыгуу, коммуналдык менчикти пайдалануу боюнча келишим түзүү (ижара, чарбалык башкаруу)
| Коммуналдык менчикти пайдалануу келишими (ижара, чарбалык башкаруу)
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | 30 -апрелге чейин | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
5.6 | Келишимди иштеп чыгуу, кызмат көрсөтүү менен камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүчү менен абоненттердин ортосунда абоненттик келишим түзүү
| Кызмат көрсөтүүчү менен абоненттер ортосунда келишим | - Кызмат көрсөтүүчу - Айыл өкмөтү - Абоненттер | 30 -апрелге чейин | - Кызмат көрсөтүүчү - Абоненттер | ||||
№6 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. Мониторинг жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат. | ||||||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ түзүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ АӨ буйругу менен түзүлдү | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ. АӨ, АК. | ||||
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планын түзүү жана бекитүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планы АӨ тарабынан бекитилди | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
6.3 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү
| Кызмат көрсөтүүгө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары коомчулукка маалымдалды | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
№2 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Дене тарбия жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу
№ | Критерийлер | Көрсөткүчтөр |
1 | Сапаты | · Талаптагыдай шаймандардын болушу · Квалификациялык тренерлердин болушу · Бир жыл ичинде райондук таймаштарда бери дегенде 10 жеңүүчүнү, облуста 5 жеңүүчүнү жана республикалык таймашта 1 жеңүүчүнү даярдоо · Имараттын жана шаймандардын тазалыгы жана бүтүндүгү |
2 | Убактысы | Жыл сайын топтордун ырааттамасы боюнча |
3 | Жеткиликтүүлүк | Социалдык абалына жараша тарифтердин дифференцияланышы |
4 | Ыңгайлуулук | Жуунучу жайлардын болушу. Температуралык режимди сактоо. |
№2 кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы: Денен тарбия жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу |
| |||
№2 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Дене тарбия жана спорт боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу |
| ||||||||
Максаты: С.Юсупова айылдык аймагында дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): - Бери дегенде үч спортчу жыл ичинде облустун, райондук курама командасына кире тургандай шарт түзүү; - Жыл сайын райондук чемпионаттарда 1-3-орундарды ээлеп турчудай шарт түзүү; - Өз айылдык аймагындагы 60-70 баланы системалуу түрдө спорт менен машыгып туруусун камсыз кылуу (аптасына 3 жолу, группада 12-15 баладан). |
| |||||||
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): 1. Жарандардын – кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн даярдалган стандарттарынын болушу. | ||||||||
1.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жумушчу вариантын иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүгө шайкеш келген критерийлердин алкагында стандарттардын долбоорунун болушу Аналитикалык кат. | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты. - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Апрель 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер | ||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын тактоо жана аныктоо боюнча фокус топторду, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү | Чогулуштардын протоколдорунун болгону; Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымал керектөөчүлөрү толтурган анкеталардын иштетилген жыйынтыктарынын болгону | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Май 2019-жыл | - АӨ башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы;
| ||||
1.3 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуу керектөөчүлөрүнүн пикирлерин эсепке алуу менен стандарттарды толугу менен иштеп чыгуу. | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | - Айыл өкмөт аппараты; - Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору | Май 2019-жыл | - АК төрагасы; - АӨ башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - | ||||
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Дене тарбия жана спорт кызмат көрсөтүүсүн уюштуруунун эффективдүү ыкмасы жана формасы тандалып алынды; | ||||||||
2.1 | Кызмат көрсөтүү кимдин ыйгарым укугу болгонун аныктап алуу | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Июнь 2019-жыл | - АӨ башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы;
| ||||
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелди | ||||||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Кызмат көрсөтүүнүн баасынын долбоору | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору; | Июнь 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - АӨ ФЭБ жетекчиси. | ||||
3.2 | Кызмат көрсөтүүнүн баасына жараша анын мүмкүн болгон бардык түрлөрүнө тарифтерди эсептөө тууралуу чечим кабыл алуу. | Тарифти чегерүүнүн формасы тууралуу чечим (мисалы, мектеп окуучулары жана мектепти бүткөн тургундар үчүн кызмат акысы); Кызмат көрсөтүүнү жеңилдик менен алуучулар тууралуу кабыл алынган чечимдер. | - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Июнь 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - АӨ ФЭБ жетекчиси | ||||
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана аны ресурс менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): · Кызмат көрсөтүүнүн баасы жергиликтүү жамаат жана АК менен макулдашылды; · Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||||||
4.1 | Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу боюнча коомдук угууларды, фокус топторду, сурамжылоолорду жүргүзүү | Чогулуштардын протоколдору; Кабыл алынган чечимдер;
| - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Июль 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - АӨ ФЭБ жетекчиси | ||||
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо булактарын аныктоо, тактоо жана макулдашуу | Чогулуштардын протоколдору; Кабыл алынган чечимдер;
| - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Июль 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы - АӨ ФЭБ жетекчиси | ||||
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү тандап алынды | ||||||||
5.1 | Конкурсту өткөрүү тууралуу жобону даярдоо жана бекитүү | Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому; Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча жобо | - Жергиликтүү кеңеш; - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Август 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||||
5.2 | Конкурстук комиссияны түзүү | - Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; | Август 2019-жыл | - Айыл өкмөт башчысы; - Жооптуу катчы | ||||
5.3 | Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү | - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу | - Конкурстук комиссия; - Айыл өкмөт аппараты. | Август 2019-жыл | - Конкурстук комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||||
5.4 | Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү | - Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими | - Айыл өкмөт аппараты; - Жумушчу комиссия; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Август 2019-жыл | - Айыл өкмөт башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Жооптуу катчы; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | ||||
5.5 | Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү) | Муниципалдык мүлктү пайдалануу тууралуу келишим (Ай сайын муниципалдык мүлккө амортизациялык чегерүүлөргө барабар көлөмдө ижара акысын чегерүү менен ижара келишими) | - Айыл өкмөт аппараты; - Жумушчу комиссия; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Август 2019-жыл | - Айыл өкмөт башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Жооптуу катчы; - Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | ||||
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен өткөрүлүп турат; Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБТ) боюнча окуутууларды өткөрүү | - Катышуучулардын тизмеси; - Таркатма материалдар. | - Жергиликтүү кеңеш; - Жумушчу комиссия - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору. | Сентябрь 2019-жыл | - Жергиликтүү кеңештин төрагасы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айыл өкмөт башчысы; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун. консультанттары жана жергиликтүү адистер | ||||
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | - Жергиликтүү кеңештин токтому | - Жумушчу комиссия; - Жергиликтүү кеңеш; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Сентябрь 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Айылдык кеңештин төрагасы; - Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси | ||||
6.3 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | - БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Сентябрь 2019-жыл | - Айыл өкмөт башчысы; - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Жооптуу катчы | ||||
6.4 | Кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү планын даярдоо | Жумушчу комиссиянын бекитилген мониторинг планы | - Жумушчу комиссия; - Айыл өкмөт аппараты; - USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору;
| Сентябрь 2019-жыл | - Жумушчу комиссиянын төрагасы; - Жумушчу комиссиянын катчысы | ||||
6.5 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | - Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы - БМжБТ отчету | БМжБТ | Сентябрь 2019-жыл | БМжБТ төрагасы
| ||||
№3 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Маданий массалык иш-чаралардын жана ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты | Көрсөткүчтөр |
1. | Жеткиликтүүлүк | - Айыл аймактын бардык жашоочуларга маданий ийримдерге толук катышууга шарт түзүлөт. |
2. | Ыңгайлуулук
| - Ыңгайлуу, жылуу имарат, даараткана, ичүүчү суу менен камсыз кылынган. - Керектүү жабдуулар менен камсыздалган. - Балдарды чыгармачыл чөйрөдө тарбиялоо, айлана-чөйрөгө, жакшы менен жаманга сезимталдыгын өнүктүрүү. - Окуучулар үчүн ыңгайлуу жана ийкемдүү убакыт |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | - Квалификациялуу мугалимдер. - Мугалимдер маалыматтык-байланыш технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. - Мезгил-мезгили менен окуучулар арасында ар кандай конкурстарды, концерттерди, чыгармачылык кечелерди өткөрүп туруу зарыл - Балдар музыка негиздерин, теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшү керек; - Балдар музыкалык аспапты үйрөнүшү керек. - Конкурс, концерттерде аткаруу өнөрүн үйрөнүшү зарыл. - Балдар музыка теориясы жана оригиналдуу музыкалык идеяларын жана ыкмаларын өздөштүрүшү зарыл. -Жылына райондук, облустук жана республикалык денгелде өтө турган маданий иш-чараларга конкурсанттарды даярдоо. |
4. | Ишке ашырылган убактысы
| Кызмат көрсөтүү бекитилген тартипке ылайык өз убагында ишке ашырылат Аптасына алты күн кызмат көрсөтүлөт. Иштөө убактысы Жайында саат 9:00дөн 18:00гө чейин Кышында саат 10:00дөн 17:00гө чейин |
3.1. Маданий массалык иш-чаралардын жана ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу иш-планы
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/ продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөтү | Жооптуу | ||||||||
№3 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Маданий массалык иш-чаралардын жана ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу | |||||||||||||
Максаты: С.Юсупова айылдык аймагында маданий массалык иш-чаралардын жана ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) - Айыл аймакта мектепке окучуларына жана жаштарга ар түрдүү ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууга шарттар түзүлөт. - Жылына 150 бала билим алат - Конкурстарга жана концерттерге катышуу үчүн даярдалган балдардын саны 150 - Конкурстарда жана концерттерде жеңүүчү балдардын саны 120 Тургундардын ЖӨБ органдарына ишеними 95 % өсөт | ||||||||||||
№1 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1. Тургундардын пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | ||||||||||||
1.1 | Ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу стандарттарынын алгачкы варианттарын иштеп чыгуу. | Алгачкы даяр стандарттар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Июнь | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын аныктоо үчүн фокус топторду өткөрүү. | Жыйналыштардын протоколдору | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
1.3 | Тургундардын сунуштарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын толуктоо | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 20-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
№2 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ыкмалары жана түрлөрү. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тиби жана ыкмасы тандалды | ||||||||||||
2.1 | Кызмат көрсөтүүнүн тибин аныктоо | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн түрүнө жараша аны уюштуруу ыкмасын тандоо
| Арасынан усулу тандалып алынат: - Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим аркылуу (элге акысыз кызмат көрсөтүү) - Муниципалдык мекеме аркылуу - Жеке адам/ компания аркылуу- Мамлекеттик эмес уюм аркылуу (бейөкмөт уюм) | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
2.3 | Тандалган ыкмага жараша кошумча кадамдардын алгоритмин иштеп чыгуу
| Тандалып алынган ыкмасы боюнча бир катар иш-чаралардын болушу | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 30-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
3. Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүнүн наркы эсептелинди | ||||||||||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын эсептөө боюнча практикалык кенешмелерди өткөрүү. | - Катышуучулардын тизмеси - Усулдук материалдар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 30-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
3.2 | Ийримдердин кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу үчүн бааларды иштеп чыгуу. | Бир окучууга кызмат көрсөтүүнүн баасы иштелип чыкты | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты | 30-июлга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||||||
№4 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурстар менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) - Баасы жергиликтүү жамаат (ата-энелер) менен макулдашылат - Айыл өкмөтүнүн токтому менен кызмат көрсөтүүнүн баасы бекитилди - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||||||||||
4.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын макулдашуу үчүн ата-энелер арасында жыйын өткөрүү | Баа макулдашылган жыйындын протоколу | - CAMI - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 10 августга чейин | АК, АӨ, Жумушчу комиссия. | ||||||||
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрүдүн баасын бекитүү | Кызмат көрсөтүүнүн баасы бекитилген айыл өкмөтүнүн токтому | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 10 августка чейин | Айыл өкмөтү, жооптуу катчы, Жумушчу комиссия. | ||||||||
№5 маселе: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу жана келишимдик мамилелер | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөткүч тандалды. | ||||||||||||
5.1 | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссия түзүү боюнча АӨ башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 12 августка чейин | Айыл өкмөтү (жооптуу катчы) | ||||||||
5.2 | Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону иштеп чыгуу | АК тарабынан бекитилген Жобо. | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 12 августка чейин | Айыл өкмөтү, Жергиликтүү кеңеш. | ||||||||
5.3 | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн конкурс өткөрүү | Кызмат көрсөтүүчүнү тандаган конкурстук комиссиянын протоколу
| - Конкурстук Комиссия АӨ аппараты | 25 августка чейин | Айыл өкмөтү (Жооптуу катчы, сынак комиссиясы) | ||||||||
5.4 | Келишимди иштеп чыгуу, айыл өкмөтү жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда тейлөө келишимин түзүү
| Кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн келишими
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | 30 августка чейин | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||||||
№6 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. Мониторинг жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||||||||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ түзүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ АӨ буйругу менен түзүлдү | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Сентябрь айы | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ. АӨ, АК. | ||||||||
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планын түзүү жана бекитүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планы АӨ тарабынан бекитилди | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Сентябрь айы | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||||||
6.3 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү
| Кызмат көрсөтүүгө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары коомчулукка маалымдалды | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Сентябрь айы | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||||||
№4 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты | Көрсөткүчтөр |
1. | Жеткиликтүүлүк | Айылдын бардык жашоочуларына бирдей көлөмдө таза сууга шарт түзүлөт. |
2. | Ыңгайлуулук | Тургундардын жашаган жерине чейин суу түтүктөрү жеткирилет. Ошондой эле жашоочулардын үйүнө киргизгенге мүмкүн болот. Суу түтүктөрүнүн иштеп турушу Ичүүчү сууну дезинфекциядан өткөрүлүшү Булактардын аймагында коргоо Ичүүчү суунун сапаты жана коопсуздугу стандарттарга жооп берет |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Ичүүчү суу атайын текшерүүдөн үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ичүүчү суу бактериялардан тазаланган. Даамы жакшы, тунук, жытсыз. |
4. | Ишке ашырылган убактысы | Таза суу үзгүлтүксүз берилип турат. Кыш мезгилинде атайын бекитилген график менен берилет. |
4.1. Кызмат көрсөтүүнүн иш-аракеттер планы
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу | ||||
№4 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу | |||||||||
Максат: С.Юсупова айылдык аймагынын жашоочуларын сапаттуу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Ар бир адам стандартка жооп берген сапаттуу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот. 100 % түтүн таза суу менен камсыз болот. Тургундардын ЖӨБ органдарына ишеними 97 % өсөт | ||||||||
№1 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1. Тургундардын пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | ||||||||
1.1 | Таза суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стандарттарынын алгачкы варианттарын иштеп чыгуу. | Алгачкы даяр стандарттар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Ноябрь-декабрь | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын аныктоо үчүн фокус топторду өткөрүү, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү. | Жыйналыштардын протоколдору Сурамжулоонун жыйынтыктары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25-декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.3 | Тургундардын сунуштарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын толуктоо. | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 25-декабрга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
№2 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ыкмалары жана түрлөрү. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Таза суу менен камсыздоону уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн түрү жана ыкмасы тандалды | ||||||||
2.1 | Кызмат көрсөтүүнүн тибин аныктоо | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-мартка чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн түрүнө жараша аны уюштуруу ыкмасын тандоо
| Арасынан ыкмасы тандалып алынат: - Муниципалдык ишкана аркылуу - Жеке адам/ компания аркылуу- Мамлекеттик эмес уюм аркылуу (бейөкмөт уюм) | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-мартка чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.3 | Тандалган ыкмага жараша кошумча кадамдардын алгоритмин иштеп чыгуу
| Тандалып алынган ыкмасы боюнча бир катар иш-чаралардын болушу | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 30-мартка чейин | - Айыл өкмөтү, - Жумушчу комиссия | ||||
№3 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүнүн наркы рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен эсептелинди | ||||||||
3.1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын эсептөө боюнча практикалык кенешмелерди өткөрүү. | - Катышуучулардын тизмеси - Усулдук материалдар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 30-мартка чейин | - Консультанттар, CAMI долбоорунун жергиликтүү адистери - Жумушчу комиссия | ||||
3.2 | Сапаттуу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин иштеп чыгуу, кирешелүүлүгүн эске алуу менен | Бир абонентке кызмат көрсөтүүнүн баасы Бир үй кожолугуна кызмат көрсөтүүнүн баасы | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты | 30-мартка чейин | - Жумушчу комиссия - АӨ ФЭО башчысы | ||||
№4 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурстар менен толтуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) - Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылат - Баасы (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашылган - Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитти - Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды. | ||||||||
4.1 | Тарифтерди макулдашуу боюнча коомдук угууларды өткөрүү | Тарифтер макулдашылган коомдук угуунун протоколу | - CAMI - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 20-апрелге чейин | АК, АӨ, Жумушчу комиссия. | ||||
4.2 | Кызматтын баасын (тариф) Монополияга каршы агенттик менен макулдашууга кагаздары даярдоо | Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тариф) Монополияга каршы агенттик менен макулдашылды | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 30-апрелге чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
4.3 | Кызмат көрсөтүүлөрүдүн тарифин бекитүү | Тарифтер бекитилген Айыл өкмөттүн токтому | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 5-майга чейин | Айыл өкмөтү, жооптуу катчысы, Жумушчу комиссия. | ||||
№5 маселе: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу жана келишимдик мамилелер
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүчү тандалды. | ||||||||
5.1 | Конкурстук комиссияны түзүү | Конкурстук комиссия түзүү боюнча АӨ башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 14 апрелге чейин | Айыл өкмөтү (Жооптуу катчы) | ||||
5.2 | Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону иштеп чыгуу | АК тарабынан бекитилген Жобо. | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | 14 апрелге чейин | Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш. | ||||
5.3 | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн конкурс өткөрүү | Кызмат көрсөтүүчүнү тандоо конкурстук комиссиянын протоколу
| - Конкурстук комиссия АӨ аппараты | 25-апрелге чейин | Айыл өкмөтү (Жооптуу катчы, сынак комиссиясы) | ||||
5.4 | Келишимди иштеп чыгуу, айыл өкмөтү жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда тейлөө келишимин түзүү
| Кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн кызмат келишими
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | 30-апрелге чейин | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
5.5 | Келишимди иштеп чыгуу, коммуналдык менчикти пайдалануу боюнча келишим түзүү (ижара, чарбалык башкаруу)
| Коммуналдык менчикти пайдалануу келишими (ижара, чарбалык башкаруу)
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | 30 -апрелге чейин | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
5.6 | Келишимди иштеп чыгуу, кызмат көрсөтүү менен камсыздоо үчүн кызмат көрсөтүүчү менен абоненттердин ортосунда абоненттик келишим түзүү
| Кызмат көрсөтүүчү менен абоненттер ортосунда келишим | - Кызмат көрсөтүүчу - Айыл өкмөтү - Абоненттер | 30 -апрелге чейин | - Кызмат көрсөтүүчү - -Абоненттер | ||||
№6 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. Мониторинг жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат. | ||||||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ түзүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ АӨ буйругу менен түзүлдү | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ. АӨ, АК. | ||||
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планын түзүү жана бекитүү | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планы АӨ тарабынан бекитилди | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
6.3 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү
| Кызмат көрсөтүүгө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары коомчулукка маалымдалды | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| май-2019-ж | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
№5 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Коомдук эс алуу паркынын ишин жакшыртуу
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты | Көрсөткүчтөр |
1. | Жеткиликтүүлүк | Айылдын бардык жашоочуларына бирдей мүмкүнчүлүк жана шарттар түзүлөт |
2. | Ыңгайлуулук | Тазалык талапка ылайык келтирилет. Өз убагында шыпырылып , тазаланып турат Таштандыларды салууга урналар коюлат Чогулган таштандылар өз убагында чыгарылат Отургучтар коюлат Түнкү жарыктандыруу болот Газондорго гүлдөр айдалат Таза суу түтүгү тартылат |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Куураган бактар буталып жана бактардын түбү акталат Бактарды жана газондорду сугарууга арыктар тармагы казылат Жашылдандыруу жүргүзүлөт Декоративдүү бак дарактардын көчөттөрү тигилет Коомдук туалет талапка ылайык келтирилет Бекитилген графикке ылайык тазаланып турат Туалет акталат, тиешелүү жазуулар жазылат Таза суу үзгүлтүксүз берилип турат Атракциондор коюлат |
4. | Ишке ашырылган убактысы | Атайын бекитилген график менен иш жүргүзүшөт |
5.1. Кызмат көрсөтүүнүн иш-аракеттер планы
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу | ||||
№5 кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Коомдук эс алуу паркынын ишин жакшыртуу | |||||||||
Максат: С.Юсупова айылдык аймагынын жашоочуларына эс алуу паркында ыӊгайлуулукту жана шарт түзүү | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Стандартка жооп берген коомдук эс алуу паркы болот. Паркка келип эс алгандар көбөйөт. Парктын коомдук кызмат көрсөтүүсү жылдан жылга жакшырат. Тургундардын ЖӨБ органдарына ишеними 96% өсөт. | ||||||||
№1 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1. Тургундардын пикирин эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын болушу 2.Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары АӨ буйругу менен бекитилди | ||||||||
1.1 | Эс алуу паркынын ишин жакшыртуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стандарттарынын алгачкы варианттарын иштеп чыгуу. | Алгачкы даяр стандарттар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Ноябрь-декабрь | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын тактоо жана аныктоо боюнча фокус топторду, айылдык чогулуштарды жана сурамжылоолорду жүргүзүү | Чогулуштардын протоколдорунун болгону; Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымал керектөөчүлөрү толтурган анкеталардын иштетилген жыйынтыктарынын болгону | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү; АӨ кызматкерлери |
1.3 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн ыктымалдуу керектөөчүлөрүнүн пикирлерин эсепке алуу менен стандарттарды толугу менен иштеп чыгуу. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын АӨ буйругу менен бекитүү. | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары; Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө АӨ буйругу | Айыл өкмөт аппараты CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү; АӨ башчысы |
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ыкмасын жана формасын тандап алуу | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Коомдук кызмат көрсөтүүсүн уюштуруунун эффективдүү ыкмасы жана формасы тандалып алынат; (Парктын администрациясынын коомдук кызмат көрсөтүүсү тандалып алынды) | ||||
2.1 | Кызмат көрсөтүү кимдин ыйгарым укугу болгонун аныктап алуу | Кызмат көрсөтүүнүн тиби аныкталат: Кызмат көрсөтүү коомдук | Жумушчу комиссия Айылөкмөт аппараты CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү; АӨ кызматкерлери |
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн тибине жараша аны уюштуруу ыкмасын тандап алуу | Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун бардык мүмкүн болгон ыкмалары: -парктын администрациясы; -жеке жактар; муниципалдык ишкана, коомдук бирикмелер; коомдук фонддор;-коомдук уюмдар | Жумушчу комиссия CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү; АӨ кызматкерлери |
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди | ||||
3.1 | Жергиликтүү бюджеттен каржыланган коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы муниципалдык заказды эсептөө боюнча тартиптин негизинде аныктоо | Муниципалдык заказдын эсептелген баасы | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы АӨ ФЭБ жетекчиси |
3.2 | Программада көрсөтүлгөн ар бир багыт боюнча жумуштардын көлөмү эсептелет
| Эсептелген жумуштардын көлөмү
| Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы АӨ ФЭБ жетекчиси |
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана аны ресурс менен толтуруу | Күтүлгөнжыйынтык (индикатор): · Кызмат көрсөтүүнүн баасы жергиликтүү жамаат менен макулдашылды жана аны АК бекитти; Кызмат көрсөтүүнү каржылоо булактары аныкталды | ||||
4.1 | Программада көрсөтүлгөн ар бир багыт боюнча жумуштардын көлөмүн АКтин бюджеттик комиссиясы менен макулдашуу | Отурумдун протоколу | Жумушчу комиссия Айыл өкмөт аппараты CAMI |
Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы АӨ ФЭБ жетекчиси |
4.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо булактарын аныктоо, тактоо жана макулдашуу | АКтин бюджеттик комиссиясы менен каржылоо булактарын аныкталган чогулуштардын протоколу; Кабыл алынган чечимдер
| Жумушчу комиссия Айыл өкмөт Айыл кенеши CAMI | Февраль 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы АӨ ФЭБ жетекчиси Айыл Кенеши |
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу | Күтүлгөнжыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынат (Айылдык кеңештин чечими менен Муниципалдык ишкана, парктын администрациясы менен түз келишим түзүү аркылуу же КРнын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КРнын мыйзамына ылайык өткөрүлгөн конкурс аркылуу МИды, жеке жакты, МАК, ААК, ЖАК, ЖЧК ж.б) | ||||
5.1 | Тендердик комиссияны түзүү | - Тендердик комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу | Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты | Февраль 2019-ж. чейин | Айыл өкмөттүн башчысы; Жооптуукатчысы |
5.2 | Жумуштарды аткарууга чарба жүргүзүүчү субөекттердин арасында тендер өткөрүү | - Тендердик комиссиянын протоколу | Тендердик комиссия; Айыл өкмөт аппараты | Март 2019-ж. чейин | Тендердик комиссиянын төрагасы; Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
5.3 | Муниципалдык заказды аткарууга келишимин иштеп чыгуу | - Муниципалдык заказды аткаруу боюнча даярдалган келишим | Айыл өкмөт аппараты; Жумушчу комиссия; Кызмат көрсөтүүнү аткаруучу | Март 2019-ж. чейин | Айыл өкмөттүн башчысы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жооптуу катчысы; Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
5.4 | Муниципалдык заказдын көлөмү бекитилгенден кийин ЖӨБ органы менен муниципалдык ишкана ортосунда конкреттүү обөекттер боюнча муниципалдык заказды аткарууга келишим түзүү | Муниципалдык заказды аткаруу боюнча тузулгон келишим | Айылөкмөт аппараты; Жумушчу комиссия; Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Март 2019-ж. чейин | Айыл өкмөттүн башчысы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жооптуу катчысы; Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
5.5 | Аткарылган жумуштардын жана жетишилген көрсөткүчтөрдүн актысы даярдоо | Аткарылган жумуштардын актысынын негизинде ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттен сумманы төлөп берет
| Айыл өкмөт аппараты; Жумушчу комиссия; Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү | Июнь 2019-ж. чейин | Айыл өкмөттүн башчысы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жооптуу катчысы; Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү |
№6 тапшырма: Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг | Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен өткөрүлүп турат; Мониторингдин жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||
6.1 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | - Жергиликтүү кеңештин токтому | Жумушчу комиссия; Жергиликтүү кеңеш; Айыл өкмөт аппараты; CAMI | Апрель 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы; Айылдык кеңештин төрагасы; Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси |
6.2 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү | - БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу | Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; CAMI | Апрель 2019-ж. чейин | Айыл өкмөттүн башчысы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жооптуукатчы |
6.3 | Кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү планын даярдоо | Жумушчу комиссиянын бекитилген мониторинг планы | Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; CAMI | Апрель 2019-ж. чейин | Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жумушчу комиссиянын катчысы |
6.4 | Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | - Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы - БМжБТ отчету | БМжБТ | Бекитилген мониторинг планына ылайык туруктуу негизде | БМжБТ төрагасы |
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты | Көрсөткүчтөр |
1. | Жеткиликтүүлүк | Тургундар сапаттуу жолду пайдаланышат |
2. | Ыңгайлуулук | Жөө жана унаа жүргүнчүлөрүнө ыңгайлуулук |
3. | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты | Шагыл төгүлгөн, көпүрөлөр салынган жолдор. Кыш мезгилинде өз убагында жолдор тазаланып турат. |
4. | Ишке ашырылган убактысы | Үзгүлтүксүз |
6.1. Кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттер планы
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу | ||||
№6 кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы Айылдык аймактагы ички жолдорду оӊдоо жана тейлөө кызматын уюштуруу | |||||||||
Максаты: С.Юсупова айыл аймагындагы ички жолдорду оӊдоо жана тейлөө кызматын уюштуруу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) - Оңдолгон ички жолдор 27 км. | ||||||||
№1 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) 1.Тургундардын пикирлерин эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | ||||||||
1.1 | Ички жолдорду оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын алгачкы варианттарын иштеп чыгуу. | Алгачкы даяр стандарттар | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Декабрь айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын аныктоо үчүн фокус топторду өткөрүү. | Жыйналыштардын протоколдору | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Декабрь айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
1.3 | Тургундардын сунуштарын эске алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын толуктоо. | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| Декабрь айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
№2 маселе: Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу ыкмалары жана түрлөрү. | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Ички жолдорду тейлөө сапатын жакшыртууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн түрү жана ыкмасы тандалды | ||||||||
2.1 | Кызмат көрсөтүүнүн түрүн аныктоо | Кызмат көрсөтүүнүн түрү белгиленет | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 10-февралга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.2 | Кызмат көрсөтүүнүн түрүнө жараша аны уюштуруу ыкмасын тандоо
| Арасынан усулу тандалып алынат: - Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим аркылуу (элге бекер кызмат) - Муниципалдык ишкана аркылуу - Жеке адам/ компания аркылуу- Мамлекеттик эмес уюм аркылуу (бейөкмөт уюм) | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 15-февралга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.3 | Тандалган ыкмага жараша кошумча кадамдардын алгоритмин иштеп чыгуу
| Тандалып алынган ыкмасы боюнча бир катар иш-чаралардын болушу | - CAMI - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| 28-февралга чейин | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
№2 маселе: Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу, Биргелешкен аракеттер планынын долбоорун түзүү | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Даяр Техникалык тапшырма, БАП | ||||||||
2.1 | БАП түзүүгө техникалык тапшырманы иштеп чыгуу | Техникалык тапшырма | Конкурстук комиссия - АӨ | март айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.2 | Дефекттик акт түзүү | Даярдалган дефекттик акт | Кызмат көрсөтүүчү | март айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
2.3 | Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу | Долбоорлоо-сметалык документтер | Кызмат көрсөтүүчү | март айы | Айыл өкмөтү, Жумушчу комиссия | ||||
№3 маселе: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу жана келишимдик мамилелер
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Кызмат көрсөтүүчү тандалды. | ||||||||
3.1 | Тендердик комиссияны түзүү | Конкурстук комиссия түзүү боюнча АӨ башчысынын буйругу | - Жумушчу комиссия АӨ аппараты | апрель айы | Айыл өкмөтү (жооптуу катчы) | ||||
3.2 | Мамлекеттик сатып алуулар порталынан ички жолдорду оңдоо боюнча жумуштарды сатып алуу боюнча жарнамаларды жайгаштыруу | Мамлекеттик сатып алуулар порталында кулактандыруу
| - Конкурстук комиссия АӨ аппараты | апрель айы | Айыл өкмөтү (жооптуу катчы, конкурстук комиссия) | ||||
3.3 | Кызмат көрсөөтунүчү тандоо үчүн тендер өткөрүү | Кызмат көрсөтүүчүнү тандоо боюнча тендердик комиссиянын протоколу | - Конкурстук комиссия - АӨ аппараты | апрель айы | Айыл өкмөтү (жооптуу катчы, конкурстук комиссия) | ||||
3.4 | Келишимди иштеп чыгуу, айыл өкмөтү жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда келишимин түзүү
| Кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн келишим
| - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты - Кызмат көрсөтүүчү | аперель айы | - АӨ башчысы - Жумушчу комиссия - Жооптуу катчы - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
3.5 | Жол ремонтторун аткаруу | Жумуштарды аткаруу тууралуу акт | - Кызмат көрсөтүүчү -Айыл Өкмөтү | май айы | - Айыл өкмөтү - Кызмат көрсөтүүчү | ||||
№4 маселе: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг
| Күтүлгөн жыйынтыктар (индикатор) Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. Мониторинг жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | ||||||||
4.1 | Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо үчүн Жумушчу топ АӨ буйругу менен түзүлдү | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| июнь-сентябрь 2019-ж. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ. АӨ, АК. | ||||
4.2 | Мониторинг жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топтун иш планы АӨ тарабынан бекитилди | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| июнь-сентябрь 2019-ж. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
4.3 | Коомдук мониторинг туруктуу негизде маал-маалы менен жүзөгө ашырылат. | Кызмат көрсөтүүгө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары коомчулукка маалымдалды | - Жумушчу комиссия - АӨ аппараты
| июнь-сентябрь 2019-ж. | Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча Жумушчу топ | ||||
|
6. Жумушчу комиссиянын ЖӨБОнун потенциалын жогорулатуу боюнча иш-аракеттер | |||||
№ | ЖӨБОнун потенциалын жогорулатуу боюнча иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтык/продукт | Ресурстар | Өткөрүү мөөнөттөрү | Жооптуу |
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө ыкмасы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө ыкмалары | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
2 | Коммуналдык менчикти башкаруу | Кызмат көрсөтүү келишимдери | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
3 | Бюджеттик кодекс | Жаңы Бюджеттик кодекстин негизинде иш жүргүзүлөт | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында. Финансы министрлигинин эксперттери. | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
4 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча билим алуу | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистер | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
5 | Коммуналдык мүлктү ижарага өткөрүп берүү тартиби | Кызмат көрсөтүү келишимдери | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
6 | Айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш тарабынан тарифтердин баасын аныктоо боюнча ыйгарым укуктары, консультациялар | АӨ тарабынан бекитилген тарифтер | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
7 | Инвестиция тартуу боюнча атайын окуулардан өтүү. | Инвестициялык пландын долбоору. | "Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында. Финансы министрлигинин эксперттери. | апрель-сентябрь 2019-ж. | Жумушчу комиссия, АӨ, АК. Кызмат көрсөтүүчүлөр |
7. Мониторинг жана баалоо системасы
Мониторинг жана баалоонун иш планы
№ | Иш-чаралар | Индикаторлор | Мониторингдин усулдары | Контролдук көрсөткүчтөр | Такталган документтер жана материалдар | Мөөнөтү | Жооптуу |
1. | Конкурсту өткөрүү процесси | Конкурска берилген документтер | Документтер менен иштөө | Конкурска талап кылынган документтер | КР мыйзамдары | май-сентябрь 2019-ж. | МжБ боюнча топ |
2. | Келишимдерди түзүү | Конкурска берилген документтер | Документтер менен иштөө | Түзүлгөн келишим. | МжБ боюнча топтун актылары | май-сентябрь 2019-ж. | МжБ боюнча топ |
3. | Туруктуу кызмат көрсөтүүгө мониторингди иш пландын негизинде жүргүзүү | Сурамжылоо | Кызмат алуучулардан анкета аркылуу | Анкета | МжБ боюнча топтун толтурулган анкеталары | май-сентябрь 2019-ж. | МжБ боюнча топ |
4 | Мониторингдин жыйынтыктарын коомчулукка маалымдоо. АК сессиясында кароо. | Сурамжылоо аркылуу толтурулган анкеталардын анализи. Мониторингдин негизинде чечим кабыл алуу | Сурамжылоо | Сурамжылоо аркылуу толтурулган анкеталарга анализ | МжБ боюнча топтун толтурулган анкеталары | май-сентябрь 2019-ж. | МжБ боюнча топ |
8. Мониторинг жана баалоону өткөрүү боюнча жумушчу топтун сапаттык курамы
№ | Аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Байланыш телефону |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
9. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугуна таасирин тийгизген факторлор
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын андан ары да ишке ашыруу баскычтарында анын туруктуулугунун/туруксуздугунун тышкы факторлорунун төмөнкүдөй классификацияларын пайдаланууга болот.
Ченемдик укуктук факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасы жана бул процесстер узак мөөнөттүн ичинде өз функцияларын аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр болгон учурда Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын туруктуулугу камсыздоого болот. Бул жерде элге кызмат көрсөтүүлөр жаатында так мыйзамдар жана мыйзамдык ченемдик укуктук актылар талап кылынат. Кызмат көрсөтүүлөр жана алардын параметрлери жөнүндө мыйзамдарды жаңылоого зарылчылык коомдо ушундай муктаждык пайда болгон учурда чыгат. Технологиялык факторлор. Технологиялык туруктуулукка программалык платформаларды жана программалык өнүмдөрдү колдонуу менен жетсе болот. Алар узак убакыт аралыгында түрдүү жеткирүүчүлөрдүн аппараттык платформалары ортосунда оңой эле орун которо алат. Башка бир факторлор: кызмат көрсөтүүлөр системасында маалыматтарды иштетүү жана өткөрүп берүү каражаттары, маалыматтарды жана колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо каражаттары болушу керек. Социалдык-маданий факторлор. Мисалы, төмөнкүлөр Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын социалдык-маданий туруктуулугунун факторлору болушу мүмкүн: муниципалитет уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө карата элдин ишеними, колдонуучулардын интерфейстердин ыңгайлуу болушу, акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн алымдардын (пошлиналардын) жарандарга жетимдүү болгону, жалпы колдонуучу жерлерде кызмат көрсөтүүлөргө ыңгайлуу жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча жарандар менен бизнестин сунуштарын муниципалитеттин жетекчилиги жана мамлекет кабыл ала билгени. Финансылык-экономикалык факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын туруктуулугунун финансылык-экономикалык факторлору бюджетти өз убагында түзүү жана анын жетиштүү болгону менен аныкталат. Бюджет Стратегияны узак мөөнөткө өнүктүрүп, камсыздап тургандай түзүлүшү керек. Бюджеттин системанын муктаждыктарына шайкештиги, кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдонуу ж.б. туруктуулуктун факторлору болуп эсептелинет.
Саясий факторлор. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын андан ары да ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн саясий туруктуулук өтө маанилүү фактор болуп саналат. Саясий туруктуулук муниципалитетти өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул жерде талаштуу маселелер боюнча мунаса табуу үчүн муниципалитеттин жетекчилиги менен жарандык коомдун диалогу өтө маанилүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жыйынтыкка жетүүгө багытталышы керек. Бул жыйынтык ЖӨБ органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн туруктуу системасын түзүүгө жол ачат.
Стратегияны ишке ашыруу үчүн ресурстар
Стратегиянын алкагында иш-чаралар төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен;
- кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана жеткирүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен;
- донордук уюмдардын гранттарынын эсебинен;
- демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана жеткирүүнүн алкагында ЖӨБ органдарынын ишинин эффективдүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзгөн бүтүн системаны даярдоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Бул система критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн тең салмактуу топтомуна, ошондой эле жарандык коом институтунун катышуусун караштырган жөнөкөй жол-жоболорго негизделиши керек.
Сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын ишине коомдук мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболору жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда бекитилет жана мындай иштерди аткарууда жергиликтүү жарандык коом институттарынын дарамети жогорулайт.
- Кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы негизги көйгөйлөр
- жарандарга кызмат көрсөткөн ЖӨБО ички регламенттерди жетекчиликке алышат, бул регламенттер коомдун талаптарына жана улам барган сайын көбөйүп жаткан муктаждыктарына жооп бербейт, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана эффективдүүлүгүн эсепке албаган нормативдерге негизделген. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жана аларды кабыл алуунун жол-жоболору жок;
- Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана бул процессти талкуулоого жарандык коомду тартуунун механизми жетиштүү иштелип чыккан эмес/оптималдуу эмес. Мындан улам кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууга карата жарандык коомдун катышуусу солгун;
Жогоруда аталган көйгөйлөр өз убагында чечилбесе, түрдүү тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болушу ыктымал (экономикалык, социалдык, башкаруучулук, уюштуруучулук ж.б.). Бул коркунучтар тийиштүү алдын алуучу чараларды иштеп чыгууну талап кылууда.
Стратегияда белгиленген чараларды ишке ашырып жатканда тобокелдиктерди жана коркунучтарды өз убагында аныктоого, зарыл болгон чараларды өз убагында көрүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы көмөктөшөт.
- Күтүлгөн жыйынтыктар
Стратегиянын алкагында белгиленген иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу ЖӨБ органдарын жаңы сапаттуу деңгээлге алып чыгат. Бул болсо төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ЖӨБ жоопкерчиликтүү болот;
- жергиликтүү жамааттын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүүлөр;
- жарандар жергиликтүү жамааттардын иштерине реалдуу катышат;
- кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу болгон макулдашууларга жетише алышат, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун эрежелери түшүнүктүү болот, туруктуулук үчүн пайдубал түптөлөт.
Туруктуулук үчүн сунуштамалар:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү иштелип чыккан стандарттарга ылайык жеткирүү зарыл, бул стандарттар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын чагылдырып турат. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу бир тараптуу тартипте эмес, жарандык коомду тартуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш;
2. Кызмат көрсөтүүлөр жаатында ЖӨБО жарандык коом институттары менен кызматташууга тийиш. Бул болсо жарандык коомду процесске жигердүү тартууга көмөктөшөт;
3. Жарандык коомду жигердүү тартуу менен айыл өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы усулдары иштелип чыгып, колдонулушу керек;
4. Коомчулук кызмат көрсөтүүлөр жаатында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарга жете алгыдай механизмдер даярдалып, киргизилиши керек. Муну болсо маалыматтарды электрондук жана басма каражаттарында жарыялоо жолу менен ишке ашырса болот;
6. Кызыкчылыктары боюнча бириккен топтор жана эксперттер пикир алыша турган көз карандысыз аянтча түзүлүшү керек. Бул болсо кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу жаатында өз позициясын билдирүү үчүн кызыкдар жактарга шарттарды түзүп берет;
7. Калкка кызмат көрсөткөндөр жана бул жааттагы маселелерди чечүү жолдорун сунуштаган, иш-чаралар планын даярдай турган бейөкмөт уюмдар менен мындан дагы тыкыс байланышты түзүүгө көмөктөшүү;
8. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүү жаатында биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ишинин жыйынтыктары боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
9. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын мындан ары ишке ашырууда натыйжалуу кадамдардын бири – талап кылынган билимге ээ болгон, практикалык тажрыйбасы бар эксперттерди, консультанттарды, бейөкмөт уюмдарды, консалтингдик компанияларды тартуу. Тыштан тартылган эксперттер тигил же бул инновациялык тапшырмаларды аткаруу боюнча жеке программаны даярдай алышат, ошондой эле компаниянын кызматкерлерине зарыл болгон маалыматтарды бере алышат. Бул эң эле рационалдуу чечим болууда. Бир жагынан тажрыйбасы жана билими бар консультанттар алдыга коюлган максаттарга жетип, стратегияны даярдап, чыгашаларды эсептеп чыгуунун эң ыкчам ыкмасын табууга жөндөмдүү. Аны менен катар зарыл болгон учурда иштеп жаткан персоналды окутууга да аз убакыт кетет жана кызматкерлердин өз милдеттенмелерин аткаруу сапатына да чоң таасирин тийгизет.
Тышкы консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон муктаждык түрдүү себептер менен шартталган. Мисалы, жергиликтүү деңгээлде ички ресурстар жок, убакыт тартыш (ал эми консультант даяр чечимдерди сунуштай алат), экономикалык жактан максатка ылайыктуу эмес (адисти же бир чоң кызматты айлык төлөп кармаганга караганда тыштан консультант жалдаганга азыраак убакыт кетет), айрым маселелер купуя болот.
Корутунду
Сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун туруктуулугунун/туруксуздугунун факторлорун изилдеп чыккан соң үзгүлтүксүз анализ жасап, андан сабак алуу өтө маанилүү. Бул ЖӨБ органынын ишин жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, жарандардын ЖӨБО ишине көбүрөөк канааттануусу үчүн зарыл. Ошондой эле элге маалыматтын көп жакшы жетпей жатканы, башкаруу органдарында ачык-айкындуулуктун деңгээлинин төмөндүгү негизги көйгөйлөр экенин эсепке алуу менен, кызмат көрсөтүүлөр тууралуу элдин маалымдуулугун жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды каржылоо жолдорун үзгүлтүксүз караштырып туруу зарыл.