С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы
2018-жылдын 16-марты №2-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2018-жылга иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн иш аракеттеринин планы менен таанышып, айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-аракеттеринин планы бекитилсин. (тиркелет)
2. Айылдык Кеңешинин планын толук аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы К. Нарматовго тапшырылсын.
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырык 2-сессиясынын №2-3 токтомуна №1-тиркеме |
С.Юсупова айылдык Кеңешинин 2018- жылга карата иш-планы.
- 2018-жылда социалдык –экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер жана 2015-2017-жылдарга айыл Өкмөтүнүн өнүгүүсүн стратегиялык планы жөнүндө.
2018-жыл Файзуллаев Ш.
январь айы туруктуу комиссия
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
2015-жыл Базарбаев Р.
январь айы туруктуу комиссия
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган типтүү ченемдин негизинде айыл Өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча айыл Өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү.
2018-жыл Ш. Файзуллаев
январь айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2018-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.
2018-жыл И. Ташполотов
январь айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы патент менен иш жүргүзүүчү субьектилердин патентин жана андан түшүүчү каражатты толук жергиликтүү бюджеттин эсебине түшүшүн камсыз кылуу жөнүндө.
2018-жыл Базарбаев Р
апрель айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында 2018-жылды жазгы талаачылык иштердин жүрүшү жөнүндө.
2018-жыл Довидов И
апрель айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштеринин жана мектеп окуучулардын арасында зордук зоомбулуктарды алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштеринин абалы жөнүндө.
2018-жыл Давидов И, Каримова К.
апрель айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында калктын ден-соолугун чыңдоо багытында үй-бүлөөлүк дарыгерлер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан иштери жана мамлекеттик “Туберкулез”, энелик жана балалыкты коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө.
2018-жыл УБДТнун башчысы
апрель айы туруктуу комиссия
К. каримова
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө.
2018-жыл С. Таштемирова
апрель айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана айыл Өкмөтү тарабынан 2018-жылга белгиленген айылдарды стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2018-жыл
июль айы Файзуллаев.Ш.
туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жаштар саясаты боюнча, спорт жана миграция иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө.
2018-жыл Хакимова М,
июль айы. туруктуу комиссия.
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө отчету.
2018-жыл Милициянын аймактык тескөөчүлөрү
июль айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда “Зилол суу”, “Бирлик” жана “Торт Таш” ИСКАКБ леры тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчет.
2018-жыл ИСКАКБлеринин башчылары
июль айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы куздук буудайларды коромжусуз өз мөөнөнтүндө оруп, жыйноо жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү уюштуруу, айыл чарба эгиндеринин сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө.
2018-жыл Довидов И, айыл башчылары,
июль айы туруктуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилердин, элге билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана калкты кышка даярдоонун абалы жөнүндө.
2018-жыл Давидов И
сентябрь айы туркутуу комиссия
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө.
2018-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы туркутуу комиссия
А. Арапов
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Бирлик” үрөнчүлүк чарбасы тарабынан дыйкандарыбызга сапаттуу жогору түшүм берүүчү үрөндөр менен камсыз кылууда алып барып жаткан иштери жөнүндө
2018-жыл Тажибаев Х
сентябрь айы туруктуу комиссия.
- С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электр энергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө.
2018-жыл Базарбаев Р
сентябрь айы. туруктуу комиссия.
С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2018-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында жана айыл Өкмөтү тараббынан 2017-жылга белгиленген айылдарды стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы боюнча отчет.
2018-жыл Файзуллаев.Ш.
декабрь айы. туруктуу комиссия.
- С. Юсупова айыл Өкмөтүнө жогорку органдардан, ишкана-мекемелерден келген токтом, буйрук, каттарды жана айыл тургундарынын арыздарын аткарылышы жөнүндө маалымат.
2018-жыл Ташполотов И
декабрь айы. туруктуу комиссия.
- С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы айыл өкмөтү, аксакалдар сотунун жана аялдар Кенеши тарабынан аткарылган иштери жана диний экстримизимге каршы күрөшүүдө алып барып жаткан иштери жөнүндө.
2018-жыл Давидов И, Гуламидинов З, К. Каримова
декабрь айы туркутуу комиссия
- С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан алынуучу жергиликтүү салыктардын, төлөмдөрдүн тарифтик стафкасын жана аларга коэффициент белгилөө жөнүндө.
2018-жыл Базарбаев Р
декабрь айы туркутуу комиссия
22. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы “Араван-Тазалык”ишканасы тарабынан райондун борборунун көчөлөрүнүн айлана чөйрөсүн тазалыгы жана жашылдандыруу боюнча алып барган иштери жүнүндө.
С. Юсупова айылдык
Кеңешинин жооптуу катчысы: И Ташполотов