Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-11
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун пайдалануу процессин жакшыртуу жана юридикалык жактарга, жеке адамдарга жер участокторуна укук берүүнүн так жол жоболорун аткарылышын, курулуштарга уруксат берүүнүн тартибин бекитүү боюнча ишти улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси”нин жана башка укуктук ченемдик актыларынын так аткарылышын камсыз кылуу максатында, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571-токтомунун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуу боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1. Файзуллаев Ш - С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы,
комиссиянын төрагасы;
2. Жуманов Ф - Араван райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо департаментинен башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Ахматалиев Б – Араван райондук архитектура жана курулуш
башкармасынын башчысы,
комиссиянын төрагасынын орун басары;
4. Ташполотов И – С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн
жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу,
комиссиянын катчысы;
5. Мамитов Ж – С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү;
6. Зайдинов Т _ С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү;
7. Ахмедов М - С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү;
8. Нурдинов И - С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү;
9. Мамаджанов А – С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча адиси,
комиссиянын мүчөсү.
2. Аталган комиссия айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун ижарага же менчикке берүүдө тооруктарды жана түз сатууларды уюштуруу, өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси” жана башка укуктук ченемдик актыларынын так аткарылышын камсыз кылууга милдеттендирилсин.
3. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жер участокторун ижарага же менчикке берүү жана түз сатуулар комиссия тарабынан уюштурулуп, анын иш кагаздарын жүргүзүү комиссиянын катчысы И. Ташполотовго тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |