Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №4
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2019-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 9- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2019-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы тууралуу шаардын мэри Р.Асаналиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2019-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы сын-пикирлерди эске алуу менен бекитилсин. /программа тиркелет/
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын 21.12.2018-жылдагы кезектеги 9-сессиясынын №4 токтому
|
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 2019-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасы
№ | Программага кирген милдеттердин мазмуну | Аткарууга жооптуулар
| Ишке ашыруу мөөнөттөр |
| Реалдуу сектор Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана экономиканын өсүшү | ||
1 | 2019-жылга шаардын бюджетин бекитүү; | Мэриянын реалдуу сектору | 2019-жылдын 1-кварталы |
2 | Шаардын аймагындагы салык төлөмдөрүнүн жыйыны боюнча 2018-жылга салыштырмалуу 1,5%га өстүрүү боюнча иш алып баруу; (2019-жылы салык базасын кеңейтүү, салык төлөмдөрдү толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү) | Таш-Көмүр шаардык мэрия; КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаарындагы башкармалыгы; | 2019-жыл ичи |
3 | Кызыл-Алма м/р-нунда ичүүчү таза суу боюнча иш-чараны аягына чыгаруу; | Мэриянын реалдуу сектору | 2019-жыл ичи |
4 | “Авангард” ЖЧКнын жеңил конструкцияда курулуш ишин 1-жарым жылдыктын ичинде бүткөрүүсүн көзөмөлгө алуу; | Мэриянын реалдуу сектору | 2019-жылдын 2-квартал |
5 | Шамалды-Сай шаарчасында күнөскана ачуу үчүн 8 га жер тилкесин бөлүп берип, ишке киргизүү; | Шаардык мэрия, реалдуу сектор; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы | 2019-жыл ичи |
6 | Шаардын жана шаарга караштуу аймактык башкармалыктарда түнкү жарыктарды калыбына келтирүү | Мэриянын реалдуу сектору; ММД | 2019-жыл ичи |
7 | Ички жолдорду асфальтоо ( шаардын ичи-3 км, Шамалды-Сай шаарчасында 3 км); | Мэриянын реалдуу сектору; ЖТК-38 | 2019-жылдын 3-кварталына чейин |
8 | Шаардын борбордук көчөлөрүнүн жана ички жолдорунун жол жээгиндеги тротуар иригациялык лотокторду калыбына келтирүү; | Мэриянын реалдуу сектору; ММД
| 2019-жыл ичи |
9 | Канализация, КОСту реобилитациялоо иштерин КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги аркылуу жүргүзүү; | Мэриянын реалдуу сектору; ММД КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги менен биргеликте
| 2019-жыл ичи |
10 | “Ирсалиев” атындагы борбордук эс алуу багын жарыктандыруу, жаш балдар ойноочу жайларды калыбына келтирүү; | Мэриянын реалдуу сектору; ММД
| 2019-жыл ичи |
11 | “Теңдик” айылында 5,4 км суугат суу түтүкчөлөрүн КРнын Айыл чарба министрлиги аркылуу алмаштырууну ишке ашыруу; | Мэриянын реалдуу сектору; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы; А.Калыбеков-Теңдик айылынын айыл башчысы; КРнын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте | 2019-жылдын 3-квартал ичи |
12 | Шамалды-Сай шаарчалык аймактык башкармалыктын Панфилов көчөсүнө 960 м тротуар жана 960 м лоток куруу; | Мэриянын реалдуу сектору; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы;
| 2019-жылы ичи |
13 | Шамалды-Сай шаарчалык аймактык башкармалыктын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан Жайкы кинотеатрдын багытын өзгөртүп, спорт комплекске реконструкциялоо; | Мэриянын реалдуу сектору; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы;
| 2019-жыл ичи |
14 | Шамалды-Сай шаарчалык аймактык башкармалыктын борбрдук стадионду реконструкциялоо (бастырма (навес), футболдук талааны куруу жана коргондоо) | Мэриянын реалдуу сектору; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы;
| 2019-жыл ичи |
15 | “Кварц Компани” ЖЧКнын ишин ишке киргизүү боюнча көзөмөлгө алуу; | Мэриянын реалдуу сектору;
| 2019-жылдын 2-квартал ичи |
16 | Кызыл-Жар шаарчалык аймактык башкармалыктагы эс алуу багын жергиликтүү бюджеттин эсебинен коргондоо; | Мэриянын реалдуу сектору; ДМС, Ж.Жылтырбеков-Кызыл-Жар а/б башчысы
| 2019-жылдын 2-квартал ичи |
17 | 2020-жыл “Эл жана турак жай фонддун каттоо” иш-чарасына даярдыктарды көрүү; | Мэриянын реалдуу сектору; А.Осмонов-шаардык Стат бөлүмүнүн башчысы; Айматкык башкармалыктар; | 2019-жыл ичи |
18 | Шамалды-Сай шаарчалык аймактык башкармалыктын Кыргызстан көчөсүндө жайгашкан жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу; | Мэриянын реалдуу сектору; Н.Жоробаев-Ш-Сай а/б башчысы; БУУнун БДАТК программасы | 2019-жыл ичи |
19 | Таш-Көмүр шаарынын 2019-2020-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча иш жүргүзүү; | -Шаардык мэрия (реалдуу сектор, социалдык тармактар боюнча бөлүм); -Мекеме ишканалардын жетекчилери; | 2019-жыл ичи |
2 0 | Шаардык РЭТ ишканасы тарабынан ички жол жээктерине 100 даана электр таяныч (опора) , электр чубалгылары (линия) менен орнотуу; | Мэриянын реалдуу сектору; РЭТ ишканасы | 2019-жыл ичи |
21 | №6 “Наристе”, №7 “Керемет” бала бакчаларынын имараттарын ремонттон өткөрүү үчүн, №4 “Токтогул” атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу үчүн, Түрткү берүүчү грант аркылуу долбоорлорду даярдоо;
| Мэриянын реалдуу сектору; Социалдык тармак; ШБББ | 2019-жыл ичи |
| Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу | ||
22 | Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга кабылуучу участокторго алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү: - Чүйүт-Сай айылында сел кетүүчү туурасы 670 м., туурасы 10 м. тереңдиктери 1 м.ге чейин сайдын сол тарабында турак үйлөр бар сайга жакын 11 үйдү тазалоо; - Кызыл-Жар шаарчасынын Салиев көчөсүндө сел кетүүчү узуну 450м, туурасы-10м, тереңдиги 1 м. жер тилкесин тазалоо; - Таш-Көмүр шаарынын “Меңдигулов” аймактык башкармалыктын Темирбаев көчөсүндөгү сел кетүүчү 270м. сайды тазалоо жана сел кетүүчү сайдын 20м. сайдын сол тарабына 40 даана гобион торчосу менен бекмемдоо; - “Тынчтык” аймактык башкармалыктын Панфилов көчөсүндө сел кетүүчү узуну 240м., туурасы 4 м., тереңдиги 1 мге чейин сайдын нугун тазалоо; - “Кызыл-Алма” аймактык башкармалыктагы бала бакча, мектеп, ҮДТ жайгашкан жердин үстү жагында атайын сел суулары өтүү үчүн курулган бетондолгон сайдын150-170 м. аралыгын тазалоо; | Шаардык мэрия, Таш-Көмүр шаардык ӨКБ | 2019-жыл ичи |
| Социалдык тармак | ||
23 | Жалпы билим берүү мекемелелринде билим сапатын жогорулатуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү (шаардык, областтык жана республикалык деңгээлдеги олимпиадарга чыгуу боюнча); | Социалдык тармак; Шаардык Билим берүү бөлүмү; | 2019-жыл ичи |
24 | Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелелринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, долбоорлор менен иштөөнү камсыздоо; | Реалдуу сектор (инвестиция тартуу); Социалдык тармак; Шаардык Билим берүү бөлүмү; | 2019-жыл ичи |
25 | Саламаттыкты сактоо тармагын тейлөө кызматынын сапатын арттыруу жана жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктоо; КРнын Өкмөтүнүн 04.06.2014-жылдагы №306 токтому менен бекитилген КРнын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратагиясынын аткарылышын көзөмөлдөө; | Социалдык тармак; Аймактык оорукана, Үйбүлөлүк дарыгерлер борбору; | 2019-жыл ичи |
26 | Мамлекеттик деңгээлдеги даталу майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча иш жүргүзүү; | Социалдык тармак;
| 2019-жыл ичи |
27 | Диний агымдардын лидерлери менен тыгыз байланышта диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү; | Социалдык тармак; Шаардык мечиттердин өкүлдөрү, шаардык Ички иштер бөлүмү | 2019-жыл ичи |
28 | Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, өзүн өзү өлтүрүү (суициддин) алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү; | Социалдык тармак; шаардык Ички иштер бөлүмү | 2019-жыл ичи |
29 | Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелелринин 2019-2020-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча иш алып баруу жана көзөмөлдөө | Социалдык тармак; ШБББ | 2019-жыл ичи |
| Уюштуруу жана көзөмөлдөө
| ||
30 | Таш-Көмүр шаарынын аткаруу комитетинде 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыграруу;
| -Шаардык мэрия; -Мекеме ишканалардын жетекчилери; Аймактык башкармалыктар | 2019-жылдын январь айы |
31 | 2019-жылдын апрель, июль, октябрь айларында Таш-Көмүр шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кварталдык жыйынтыгын чыграруу; | -Шаардык мэрия; -Мекеме ишканалардын жетекчилери; Аймактык башкармалыктар | 2019-жыл ичи |
32 | 2019-жылдын март-апрель айларында бекитилген графиктин негизинде Таш-Көмүр шаарынын жана шаарга караштуу аймактык башкармалыктардын тургундары менен жолугушууларды уюштуруу; | -Шаардык мэрия; -Мекеме ишканалардын жетекчилери; Аймактык башкармалыктар | 2019-жылдын март-апрель айлары |