Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №9
Шаардык мэриянын 12.12.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитип берүү тууралуу” №01-14/1926 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 9– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 12.12.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитип берүү тууралуу” №01-14/1926 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосу бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|
| «Бекитилди» Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын 21.12.2018-жылдагы кезектеги 9 -сессиясынын №9 токтому
|
Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна сатык жана ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттарды жөнүндө
ЖОБО
1.Жалпы жоболор.
2.Бул жободо колдонулуучу түшүнүктөр.
3.Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,катышуучулары жана предмети.
4.Жер участокторуна ижара укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары.
5.Жер участогун тандоо жана даярдоо тартиби.
6.Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби.
7.Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби.
8.Ижара акылардын көлөмүн аныктоо тартиби.
9.Жеңилдетилген типтеги обьекттерди демонтаждоо.
1. Жалпы жоболор.
Жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары – жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына,КР Жер Кодексине, КР Жарандык Кодексине, КР «Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жеңилдетилген типтеги обьекттерди жайгаштыруу Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна(мындан ары – жер участоктору) ижара акыларды берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр.
Бул жободо колдонулган түшүнүктөр:
Аукцион – тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштуган жак утат; гарантиялык взнос – жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
Шаар куруу регламенти – Таш-Көмүр шаарында шаар куруу ишин жүргүзүүдө щаар куруу документтеринде,курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
Шаар куруу документтери – Таш-Көмүр шаарынын пландоонун структурасынын райондук пландарынын долборлоо документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
Конкурс – сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу менен тооруктун предметин сатуу.
Лот – алуу укугу – тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу.
Кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу – кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификаты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү обьектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын түүгандык мамилеси жок адам.
Жеңилдетилген типтеги обьект – жылдырылуучу, көчүрүлүүчү палаткалар, күркөлөр, лотоктор, павильондор, жайкы аянтчалар, бастырмалар, жарнамалык конструкциялар, суусундуктарды сатуу үчүн көчүрүлүүчү (уюлдук) түйүндөр, сатураторлор,коомдук тамактануунун жылдырылуучу түйүндөрү, уюлдук байланыштын мунаралары, жана кыймылсыз мүлктүн обьектиси болуп саналбаган башка курулмалар.
Түз сатуу – жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы.
Жер участогун же кыймылсыз мүлктүн обьекттерин уруксат менен пайдалануу – кыймылсыз мүлк обьектттерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куру регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу,
Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган – Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү, анын компетенциясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык мүлктү башкаруу, анын ичинде жер участокторун башкаруу боюнча ыйгарым укуктар таандык.
Анык чек ара – жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилбеген, 1:2000, 1:500 масштиабында аткарылган чиймелерде көрсөтүлгөн жер участогунун ичек арасы.
Белгиленген чек ара – капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый ориентирине же геодезиялык пункттарына белгилүү координаттары бар бардык буруш түйүндөрүн көрсөтүүменен юридикалык документтердин негизинде жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилген жер участогунун чек арасы.
Жерлердин максатуу пайдаланышы – жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндөрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу.
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,
катышуучулары жана предмети.
3.1. Жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн жер участокторуна ижара укук Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет мамлекеттик жеке жана юридикалык жактарга берилет.
3.2.Жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн жер участокторуна ижара укук берүү ачык тооруктарда жүргүзүлөт.
3.3. Жер участогуна ижара укук ачык тооруктарды өткөрүү жолу аркылуу комиссиянын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактарга төмөнкү учурларда берилет:
а) жеңилдетилген типтеги обьектти жайгаштыруу үчүн жер участогу мурда ушул жеке же юридикалык жака мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.
б) жер участогу эки жолу ачык тооруктарга коюлуп, бирок сатылбаса;
в) жер участогу ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, жеңилдетилген типтеги обьектти жайгаштыруу үчүн көрсөтүлгөн жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлбөгөндө жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болбогондо
г) жер участогун бир жылдык мөөнөткө чейин берүүдө.
Эгер жер пайдалануучуда мурда жер участогуна белгиленген тартипте жолжоболоштурулган документтери бар болсо, бирок жер участогуна ижара келишими жок болсо, комиссия бул жер пайдалануучу менен келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
3.4. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык Жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт.
Комиссия курамына Таш-Көмүр шаардык кеңештин депутаттары, Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын, Архитектура жана курулуш боюнча Таш-Көмүр шаардык башкы башкармасынын (мындан ары – Таш-Көмүр башкы архитектура), Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Таш-Көмүр шаардык башкармасынын (мындан ары – Мамкаттоо) өкүлдөрү кирет.
Комиссия курамы Таш-Көмүр шаардык кеңеш ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын сунушу боюнча бекитет.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
3.5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) жер участокторуна ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
б) жер участоко укуктарды берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б) аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууга коюлуучу жер участокторунун наркынын өлчөмүн аныктайт;
г) тооруктун жыйынтыгын белгиленген тартипте аныктайт;
д) жер участокторуна укуктарды түз сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жана өтүнүп жаткан субьекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материялдарды алууга;
б) ижара келишимин түзүү жана түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кароого жана кабыл алууга;
в) тийиштүү корутундуларды даярдоо боюнча ишке эксперттерди, анын ичинде, көз карандысыз эксперттерди тартууга;
г) өз ишмердүүлүгү жөнүндө массалык малымат каражаттарына материалдарды жарыялоого;
д) жер участокторуна ижара укуктарды берүү менен байланышкан башка маселелерди бул жободо жана башка ченемдик укуктук актылар менен каралган компетенциясынын чектеринде кароого.
3.6. Тооруктардын жана түз сатуунун предмети болуп жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарды сатуу болуп саналат.
4.Жер участокторуна ижара укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
4.1. Жер участоктору үч жылдык мөөнөткө кыска мөөнөтүү ижарага берилет. Комиссиянын чечими менен убактылуу пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
4.2. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеңилдетилген типтеги обьекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берилүүчү жер участокторунун тизмеги түзүлөт.
Жер участокторунун тизмегин түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өздүк демилге боюнча, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн жер участокторунун тизмеги өзүнө мурда ижарага берилген жер участокторун, ошондой эле жеңилдетилген типтеги обьекттерди орнотуу үчүн ижарага берилле турган жаны жер участокторун камтайт.
4.3. Жер участокторуна укуктарды берүү эгер берилип жатканда бул участоктор түзүлгөн болсо, бул жобого ылайык берилиши мүмкүн.
Жер участоктору түзүлдү деп төмөнкү учурларда саналат:
а) үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо;
б) аныкталган чек аралары бар болсо;
в) уруксатту пайдалануунун белгиленген түрлөрү же максаттык дайындалышынын түрлөрү, ошондой эле башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо.
4.4. Тооруктарда же түз сатуу жолу аркылуу берилүүчү жер участокторунун көлөмдөрү ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан Таш-Көмүр шаарынын башкы пландарына, башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.
4.5. Комиссия ижарага берилүүчү жер участокторунун мөөнөтүн муниципалдык менчикти натыйжалу башкарууну жана аны ижарага берүүдөн максималдуу киреше алууну камсыздоо зарылдыгына жараша ар бир жер участогу боюнча өзүнчө аныктайт.
4.6. Комиссия тооруктарда же түз сатуу жолу аркылуу берилүүчү жер участогунун ижара акысын көлөмүн аныктайт.
Тооруктарда жер участогуна ижара укуктар берилип жатса, жер участогунун ижара укугунун старттык баасы бул жобонун 8-бөлүгүнө карата аныкталат.
4.7. Жер участогунун ижара акысынын сатарлык наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жобонун 8- бөлүгүнө карата аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы ижара акысын аныктоо үчүн сунуш кылынат. Акыркы наркы комиссия тарабына аныкталат, бирок ыйгарым укуктуу орган сунуштаган нарктан төмөн болбошу керек.
5. Жер участогун тандоо жана даярдоо тартиби.
5.1. Ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын заказы боюнча Таш-Көмүр башкы архитектура жеңилдетилген типтеги обьекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага бериле турган жер участокторун тандайт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) Таш-Көмүр шаарынын башкы планына, башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык жер участогун жайгаштыруунун туура келишин;
б) участоктун долбоордук чек араларынын жана шаар курулуш регламенттеринин бар экендиги;
в) жеңилдетилген типтеги обьектти жайгаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө сунуш.
5.2 Таш-Көмүр башкы архитектура Мамкаттоого тандалып алынган жер участогу боюнча маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) каралуучу жер участогун укуктук статусу;
б) сервитуттардын, башка түйшүктөрдүн бар экендиги;
в) башка жактардын мүлктүк укуктары;
г) аралаш жер пайдалануучулар менен жер участокторунун менчик ээлеринин чек аралары менен салыштыруу жолу аркылуу белгиленген чек аралардын анык чек араларга дал келүүсүнүн аныктоого мүмкүн болгон чек араларга чек коюу белгилеринин же таанылучу кату чекиттердин бар экендиги;
д) имараттардын жана курулмалардын, башка курулушьардын бар экендиги.
Үчүнчү жактардын укуктары же башка түйшүктөр бар болсо, Мамкаттоо маалыматка жер участогунун чиймесин үчүнчү жактардын укуктарын жана түйшүктөрдү чагылдыруу менен чектерди түшүрүп тиркейт.
Мамкаттоо Таш-Көмүр башкы архитектуранын тапшырмасы боюнча ага тийиштүү маалыматты 5 күндүн ичинде берет.
5.3. Таш-Көмүр башкы архитектура корутундагы жер участогунун жана жеңилдетилген типтеги обьектти жайгаштыруу планын( мындан ары – жер участогунун планы) тиркейт, анын курамына графикалык жана тексттик материалдардын комплекттиси кирет, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
а) жер участогунун таандыгы ( муниципалдык менчик);
б) жер участогунун жайгашкан орду( дареги) жана аянты;
в) 1:2000, 1:500 масштабында топографиялык негизинде аткарылган жер участогунун чиймеси, анда төмөнкүлөр түшүрүлгөн:
- бурулуш түйүндөрүнүн координаттарын көрсөтүү менен же кыймылсыз мүлктүн обьекттерине участоктун чек араларынын көрсөтүү менен жер участогунун чек аралары;
- азыркы турган курулуштар, анын ичинде курулма эрежелерине жана жер пайдаланууга туура келбеген курулмалар;
- жер участогу боюнча өткөн инженердик – техникалык коммуникациялардын трассалары;
- сервитуттардын иштөө чек аралары;
- сервитуттардын жана түйшүктөрдүн сүрөттөлүшү;
- жеңилдетилген типтеги обьектти жайгаштыруу долбоору.
Жер участогу тийиштүү чектөөлөр зонасында жайгашкан болсо, төмөнкүдөй кошумча шаар курулуш регламенттери колдонулат:
а) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча;
б) жер пайдалануунун жана курулманын санитардык, суу коргоо жана башка экологиялык шарттары боюнча.
Таш-Көмүр башкы архитектура корутундунун ыйгарым укуктуу муниципалдык органга 10 иш күндүн ичинде жөнөтөт.
5.4. Жер участогун ижарага берүү мүмкүн болсо, ыйгарым укуктуу муниципалдык орган комиссиянын кароосуна жер участогуна ижара укуктарды берүү(аукцион,конкурс,түз сатуу ж.б.) ыкмасын аныктоо, ошондой эле сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттун старттык баасынын же жер участоктордун баштапкы баасынын көлөмүн бекитүү жөнүндө маселени киргизет.
Эгер ыйгарым укутуу муниципалдык орган берилген корутунду жана жер участогунун планы менен макул болбосо, алар Таш-Көмүр башкы архитектурага алардын кайтаруу мотивдерин көрсөтүү менен кошумча иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
5.5. Жеке жана юридикалык жактар ижарага жер участокторун берүү жөнүндө арыздарды ыйгарым укукту муниципалдык органга жазат.
Жеке жана юридикалык жактар арыздарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактардын аталышы, ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча маалымат, арыз ээсинин дареги);
б) конкреттүү жер участогунун болжолдуу өлчөмү жана жайгашкан орду же анын болжолдуу мүнөздөмөлөрү;
в) суралып жаткан жер участогунун болжолдуу пайдаланыш баяндамысы.
5.6. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган арызды карап чыгат жана 3 иш күндүн ичинде Таш-Көмүр башкы архитектурага заказ жөнөтөт. Жер участогун андан ары даярдоо жана аны ижарага берүү бул жобонун 16-19 пункттарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Арыздарды кароо жыйынтыктары жөнүндө ыйгарым укуктуу муниципалдык орган белгиленген тартипте арыз ээсине кабарлайт.
5.7. Таш-көмүр шаарынын мэриясы тийиштүү органдар жана кызматтар менен жер участокторунда жайгаштыруу үчүн багытталган жеңилдетилген типтеги обьекттердин болжолдуу макулдашылган долбоорлорун бекитет.Эгерде жер участогунда жеңилдетилген типтеги типтүү обьектти жайгаштыруу типтүү эмес болуп саналса, мындай обьектти тийиштүү органдар жана кызматтар менен макулдашуу долбоору жалпы тартипте жана арыз ээсинин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
5.8 Ар бир тооруктардын предмети боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын сунушу боюнча комиссия тарабынан гарантиялык взностун көлөмү, тоорукдардын катышуучулары тарабынан аны төлөө мөөнөтү жана тартиби, аукциондук кадам (эгер аукцион өткөрүлүп жатса) же конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлүп жатса). Төлөмдөрдүн формалары аныкталат. Гарантиялык взнос комиссия тарабынан аныкталат.
5.9. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тооруктарды өткөрүү болоордон 30 күн мурдатан массалык маалымат каражаттарына жарыялагоо же баардыгына кабарлоо үчүн алар ээлеген жайга тооруктарды өткөрүү жөнүндө билдирүүнү баарына көрүнө турган жерге илүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктардын өткөрүлүүчү күнү, убактысы, орду жана формасы, анын ичинде сатууларга катышууну жол-жоболоштуруу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле баштапкы баасы жөнүндө маалыматтар , кепилдик взнос жана комиссиялык жыйын, тооруктардын предметинин старттык наркы, жер участогунун берүү мөөнөтү, арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү толук алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын телефону жана дареги
6. Тооруктарды жана түз сатууну өткөрүү тартиби.
6.1 Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан катышуучулар үчүн документтер пакети даярдалат, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: тооруктарды предметинин аталышы, аукционду жана конкурсту өткөрүү шарттар, бул жобонун 17- пунктунда каралган графикалык жана тексттик материалдардын көчүрмөлөрү. Тооруктарда обьекттер «бир билет – бир лот» схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
6.2. Тооруктар төмөнкү формада жүргүзүлөт:
а) ачык аукциондордо
Комиссия тарабынан дайындалган аукциончу аукционду жүргүзөт. Аукциончу тооруктардын предметин, аны сатуу шарттарын жана тооруктардын кадамын баяндайт. Комиссия тооруктардын кадамын ар бир лот боюнча өзүнчө тооруктар башталганга чейин аныктайт.
Аукциондо тооруктардын башталышы деп тооруктардын предметинин старттык баасын жарыялоо учуру эсептелет.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу комиссиянын макулдугу боюнча старттык бааны 10 пайыздан ашык эмес арзандатууга укуктуу.
Тооруктардын жүрүшүндө аукциондун катышуучулары ( же алардын ишенимдүү өкүлдөрү) аукциончуга каратылган катышуучунун номери бар табличкасын көтөрүп, өз баасын атайт.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катушуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт.
б) чапталган конверттерде шарттарды сунуштоо менен конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Тооруктарга коюлуп жаткан тигил же бул жер участогун пайдаланууда аны пайдаланууга максатка ылайык экендигине карата аныкталган шарттарда комиссия конкурс түрүндө сынактарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия тарабынан конкурс өткөрүлгөнчө чейин конкурстун шарттары аныкталат.
Жарыяда жана маалымат пакетинде көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына тийиштүү конкурстук сунуш конкурстун катышуучусу тарабынан чапталган конверте конкурс өткөрүлүп жаткан күнү комиссиянын отурумуна аныкталган мөөнөттөн кеч эмес берилет.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштары бар конвертер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) эскиздик долбоор
б) комиссия тарабынан аныкталган конкурстун шарттарына тийиштүү инвестициялык жана башка сунуштар;
Эскиздик долбоор төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) башкы архитектуралык долбоордун (БАД) тийиштүү лицензиясын, сертификаттарын көрсөтүү менен титулдук баракча;
б) барактардын ведомостту, жалпы маалыматтар;
в) жөлөк планы (1:500 масштабында корректировкаланган сүрөттөөдө)
г) башкы план (1:100 масштабында)
е) перспектива, аксонометрия (3D чагылдыруулар, ракурстар)
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкөлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде конкурстун приоритеттүү шарттары болуп:
а) мыкты эскиздик сунуштар;
б) конкурстун шарттары боюнча каралган болсо, сунуш кылынган эң мыкты шарттар жана /же инвестициялык сунуштар.
Кээ бир өзгөчө учурларда конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болсо, конкурс өткөрүү мөөнөтүү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколго тийиштүү жазуулар түшүрүлөт, бул протоколго комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Мында комиссия кошумча баалоо алуу үчүн сунуш кылынган эскиздик сунуштарды Таш-Көмүр башкы архитектурага жөнөтөт.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
6.3. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер тооруктардын уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) укуктарды сатып алууга ниеттенген жер участокторун көрсөтүү менен белгиленген формада жазуу түрүндөгү арыз;
б) өзүн ырастаган документ (жеке жакта үчүн) же юридикалык жатын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
в) комиссиялык жыйымды жана гарантиялык взносту (эгер тооруктардын шарттары боюнча аларды төлөө талап кылынса) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтер.
6.4. Тооруктардын катышуучусу төмөнкү укуктарга ээ:
а) тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу акысыз катышууга;
б) тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты акысыз алууга;
в) тооруктун предметин кароого;
г) тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт.
д) тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
6.5. Аукционго жана сынактарга катышууга арыздарды кабыл алууну жана тооруктардын катышуучулардын каттоону ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан тооруктарды өткөрүү күнүнө 3 иш күн калганда токтотулат. Бир гана арыз берилген тооруктардын предмети тооруктардан алып салынат жана кийинки тооруктарга коюлушу мүмкүн.
Эгер тооруктардын предметине бир гана арыз келип түшсө же тооруктар өткөрүлдү деп саналбаса, комиссия стартык ижара акыны 20% чейин азайтууга укуктуу.
6.6. Ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга, ал эми конкурстан – конкурс өткөрүү күнүнөн 30 күн мурун баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө протокол түзүлөт, анда тооруктарды өткөрүүдөн баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. Тооруктарды өткөрүүдөн баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган катышуучуларга тоорук өткөрүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө жазуу түрүндө билдирет. Мында комиссиялык жыйым катышуучуга кайтарылат.
6.7. Бул жобонун талаптарына ылайык жана жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде түзүлгөн жер участоктору түз сатууга коюлат.
6.8. Түз сатуулар комиссия тарабынан берилүүчү жер участогунун шарттары жөнүндө арыз ээси менен сүйлөшүүлөр жолу аркылуу жүргүзүлөт.
6.9. Мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогуна ижара укуктарды түз сатууда (пайдалануу мөөнөтүн узартууда) архитектура жана курулуш органыны, ошондой эле Мамкаттоонун жергиликтүү органынын кайталоо корутундусу талап кылынбайт, эгер төмөнкүлөр мурдагыдай эле калтырылса:
а) жер участогунун аянты, конфигурациясы, жайгашкан орду
б) максат багыты
7. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын
жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби.
7.1. Тооруктун жүрүшүндө обьектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлат. Протоколго комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
7.2. Протоколдо тооруктардын предмети жөнүндө маалыматтар, тооруктардын сатылган предметинин старттык жана акыркы баасы, тооруктардын жеңүүчүсү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Тооруктардын жеңүүчүсүнө комиссиянын отурумунун протокулан көчүрмө берилет.
7.3. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда бул предмет боюнча тооруктар кайра жаралат.
7.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурлар же карасанатай атаандаштык аныкталганда комиссия тооруктардан ар убак сунунш кылыгын лотту алып салууга же келишим түзүлгөнгө чейин лот боюнча тооруктардын жыйынтыктардын жокко чыгарууга укуктуу.
7.5. Комиссия катышуучу тараптан карасанатай атаандаштыкты аныктаган учурда акыркысы бул лот боюнча тооруктарга катышуу укугуна ажыратылат, мында гарантиялык акы кайтарылбайт.
7.6. Тооруктардын жеңүүчүсү ижара келишими түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын депозиттик счетуна киргизилүүчү сунуш кылынган үч айлык ижара акысын көлөмүндө келишим шарттарын аткаруунун кепилдик камсыздоосун төлөп турат.
7.7. Кепилдик камсыздоо ижарачынын демилгеси боюнча бузулуп жатса, ал тараптан келишим шарттарын бузуулар жок болгондо жана ижарачы тарабынан жеңилдетилген типтеги обьект демонтаждалгандан кийин кайтарылат.
7.8. Кепилдик камсыздоо ижарачы тарабынан ижара келишиминин шарттарын бузган же эки айдын ичинде ижара акыларын төлөбөгөн учурларда кайтарылбайт.
7.9. Тооруктардын же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан комиссиянын мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин 5 күндүн ичинде жер участогунун ижара келишим түзүлөт.
8. Ижара акылардын көлөмүн аныктоо тартиби.
8.1. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Иа ң С х S х К1 х К2 мында:
Иа – бир айлык ижара акынын көлөмү (сом менен)
С - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жер салыгынын чени (сом менен) – 1,2
S - жер участогунун аянты чарчы метр менен.
К1 - функционалдык багытынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
10 сом – гараждар, күзөт будкалары, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү ж.б.
12 сом– сүрөт кызмат көрсөтүүлөр, интернет байланышы кызмат көрөсөтүлөр пункттары, банкоматтар, соода мөмө-жемиш павильондор.
14 сом – убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары, кызыктыруучу атракциондор жана башкалар.
30 сом– жарнамалык конструкциялар
– уюлдук байланыш мунаралары үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зоонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5000 сомдон кем эмес көлөмдө белгиленет.
Суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан ( баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 500 дөн 1000 сомго чейин көлөмдө бир түйүн үчүн белгиленет.
Муниципалдык базарларда соодо жүргүзгөндөр үчүн 1м2-ай сайын ижара акы 171 сом 42 тыйын белгиленет.
- Абаттоо 1 м2 – 2 сом (1 жылга)
- Бак чарба үчүн жашылдандырууга 1 м2 – 50,0 тыйын (1 жылга)
К2 – баа зонасынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда барабар болот:
2 – 1 баа зонасында жайгашкан обьектилер үчүн
1,5 – 2 баа зонасында жайгашкан обьектилер үчүн
1 – 3 баа зонасында жайгашкан обьектилер үчүн
0,8 – 4 баа зонасында жайгашкан обьектилер үчүн
Баа зоналарынын сүрөттөлүшү:
Таш-Көмүр шаары:
1 зона – “Куруучулар” кичи районунан борбордук базарга чейин
2 зона – Борбордук базардан Баетов көчөсүнө чейин
3 зона – Баетов, Масалиев көчөлөрү, “Түндүк” жана Кызыл-Алма кичи шаарчасы
Шамалды-Сай шаарчасы:
1 зона – Кыргызстан, Ленин жана Темиржол көчөлөрү
2 зона – Айтматов, Нарын, Токтогул, Панфилов, Атакулов, Тыныбеков, Түштүк,
Кураев, Ажыканов көчөлөрү
3 зона – Дача, Аксы, Солнечная, Исанов көчөлөрү жана калган четки аймактар
Кызыл-Жар шаарчасы:
1 зона -- Джанкулов көчөсү;
2 зона - Таш-Көмүр көчөсү;
3 зона – Пушкин жана калган көчөлөр.
4 зона Тендик айылы жана калган сүрөттөлбөгөн Таш-Көмүр шаарына караштуу аймактар
8.2. Ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан берилген эсептер боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын счетуна төлөө жолу менен жер салыгы төлөнөт.
8.3. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурда тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акы төлөп турууга укуктуу.
9. Жеңилдетилген типтеги обьектти демонтаждоо.
9.1 Жеңилдетилген типтеги обьект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
а) жеңилдетилген типтеги обьект жайгаштырууга уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурбай иштеп жатса;
б) жаңы курушу ишке ашырылып жатканда;
в) соттун чечими боюнча;
Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
а) келишимдин шарттарын бузган учурда
б) 3 айдын ичинде ижара акыларын төлөбөгөндө
в) архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбеген учурда
г) Таш-Көмүр шаарынын турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык – шаар курулушу ченемдер кабыл алынганда.
9.2. Жеңилдетилген типтеги обьектти демонтаждлл болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин обьекттин ээсинин жүргүзүлөт, тийиштүү документтери жок орнотулган жана иштеп жаткан обьектти демонтаждоодо болжолдуу билдирүү талап кылынбайт.
Эгер жеңилдетилген типтеги обьекттин ээси аныкталбас жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн эмес болсо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал обьектке чапталат,бул жөнүндө акт түзүлөт жана Таш-Көмүр шаарынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.
9.3. Жеңилдетилген типтеги обьектти демонтаждоо ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда обьекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо обьекттин ээси же анын өкүлү обьектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Обьекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүгөө тоскоолдуктар түзүлсө, обьектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган обьекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо , обьектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган обьекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
9.4. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо жүргүзүлүүдө Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлөмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо оргнадарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
9.5. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги обьект ММДтине жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алуу – өткөрүп берүү актысы боюнча убактылуу сактоого өткөрүлөт. Бул жобонун 9,6,- пунктунун ченемидерине ылайык обьектти сактоо, обьектти демонтаждлл боюнча кеткен бардык чыгымдарды жеңилдетилген типтеги обьектин ээсы төлөгөндө жана Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде обьект берилет.
9.6. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги обьект ММДнин аймагында 10 күнгө чейин акысыз сакталып турат, 10 күн өткөндөн кийин обьекти сактоо акылуу негизинде жүзөгө ашырылат.
9.7. ММДнин обьекттин сакталышы жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышын үчүн жоопкерчилик албайт.