Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №3
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Эшалиев Эсенаалынын, Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин, айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдердин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бадачылардын , механизаторлордун, жеке санитарлардын эмгек акысы, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер , бадачылардын жазгы,жайкы жайытка көчүп чыгуу мөөнөттөрү , айдоо жерлерге түшкөн кароосуз малга салынган айып акылар жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 05.02.2019-жылдагы №27-б буйругу бекитилсин.
2. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Батыралиев |
Кыргыз Республикасы Жалал-Абад областы Аксы району Ак-Жол айыл АЙМАГЫНЫН АК-жОЛ АЙЫЛ өкмөтү
| Кыргызская Республика Жалал-Абадская область Аксыйский район АК-Жольский айыл окмоТу АК-жОЛЬСКОГО аЙЫЛНОГО АЙМАКА
|
БУЙРУК
РАСПОРЯЖЕНИЕ
Ак-Жол айылы с.Ак-Жол
__________2019-ж/г. № ____
Жазгы айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүү акыларын, мал багуучулардын бада акыларын, жазгы, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу, көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө, башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү, эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү акыларын, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү бааны жана жер тилкелерин ижарага берүүдөгү бааларды белгилөө максатында, Ак-Жол айыл өкмөтү буйрук кылат:
жер айдоо | -2000 сом |
агет салуу | -1000 сом |
малалоо | -800 сом |
2. Айыл ичиндеги жер аянттары короо-жайдын ичи болгондугуна байланыштуу, төмөндөгү баа туура деп табылсын (1 га жерге):
жер айдоо | -4500 сом |
агет салуу | -2000 сом |
малалоо | -1000 сом |
3. Жайкы чөп чабуу мезгилинде механизаторлордун эмгегин эске алуу менен, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
- косилка менен чөп чабуу – 1500 сом
- грабил тартуу – 800 сом
- пресстөө – 15 сом (даанасына)
- жандык малга 1 башка 60 сом (тузу ичинде).
- кара малга, жылкы 1 башка 250 сом (тузу ичинде).
Мал ээси тарабынан берилген туз малга сөзсүз берилүүсү жана жоголгон мал башка баш, жашка жаш төлөнүп берилүүсү бадачыга милдеттендирилсин.
Ак-Жол айыл
өкмөтүнүн башчысы: Б.Мырзагулов