Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2019-жылдын 21-январы №-05
Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Негизделип эсептелинген маалыматтарга жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна 2019-жылга Республикалык бюджеттин жана 2020-2021 жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Оргочор айыл аймагынын каржы-экуономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Казиеванын билдирүүсүн угуп талкуулап Оргочор айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 30- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2019-жылга карата Оргочор айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 17370,6миң сом мунун ичинен 972 миң сом бала бакчанын атайын эсебиники жана чыгымдар боюнча 17370,6миң сом көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.2020-2021 жылдарга долбоор № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Салыктардын контингенти жана чегерүүлөрдүн көлөмү № 3 тиркемеге ылайык каралсын жана кирешелер биринчи кезекте эмгек акыга, соц фондго чегерүүгө, коммуналдык чыгымдарга жана жеңилдиктерди төлөөгө жумшалсын. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булак болгон салыктарды өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнун кирешелер боюнча жетектөөчү адиси Т.Усубакуновго милдеттендирилсин.
4.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жергиликтүү бюджеттен мекемелерге каржылануучу эмгек акы, соц фондусунун чектелген көлөм № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Айыл өкмөтүнун резервдик фонду 164,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7.2019-жыл ичинде түзүлгөн кырдаалга жараша акча каражатын статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнун каржы-экономика башчысы Ч.Казиевага жүктөлсүн.
8.Каралган бюджетти бекитип берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсү экономикалык реформа жана бюджет боюнча айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясына жана Оргочор айыл өкмөтүнун башчысы Т.Усеналиевге тапшырылсын.
10.Токтом 2019-жылдын 25-январынан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Т.Сманов |