НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2017-жылдын 16-февралы № 13
Ноокат шаар аймагындагы мектептерге, мектеп-интернатына жана балдар бакчаларына штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы №315 токтомунун 4-пунктунда 136 класс комлектке 1 штат бирдиги жана 22 группага 1 штат бирдиги жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо көрсөтүлгөн. Ноокат шаарынын мэриясынын аймагындагы мектептерге, мектеп-интернатына жана балдар бакчаларына штат бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3 бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы балдар бакчаларына 2(эки) штат бирдиги бекитилип берилсин, эмгек акысы үчүн 2111 беренесинен 174,000 сом, соц. фонду үчүн 2121 беренесинен - 30,000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |