Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-8
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы ГЭС каналдын жээгиндеги аты жок ички көчөгө эмгек ардагери маркум Молдокалов Маткасымдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 25-ноябрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынын түндүк-батыш тарабындагы чыгыштан батышты көздөй кеткен ички көчөгө Молдокалов Маткасымдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Молдокалов Маткасым атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|