Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-11
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы ички көчөгө Социалисттик Эмгектин Баатыры маркум Кармышаков Абдыкадырдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 26-март 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы түштүктөн түндүктү көздөй кеткен экинчи ички көчөгө Кармышаков Абдыкадырдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Кармышаков Абдыкадыр атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|