Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-12
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы ички көчөгө эмгектин ардагери маркум Каамытов Жеңиштин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 17-октябрь 2018-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак учасктасындагы жаңы конуштагы түштүктөн түндүктү көздөй кеткен төртүнчү ички көчөгө Каамытов Жеңиштин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Каамытов Жеңиш атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|