Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №3
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы ошондой эле 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин ошондой эле 2020-2021 жылдардагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан жеткирилген контролдук сандардын негизинде Талдуу-Булак айыл өкмөтунүн КЭБ башчысынын орун басары Жапарбек кызы Наргизанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн 13391,7 миң сом жана чыгаша бөлүгүн 13492,1 миң сомго аткарылышы бекитилсин. (1,2-тиркемелер)
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин айыл аймактарын 2019-2021 жылдарда социалдын-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларына негиз.
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча 10092,8 миң сом суммасында 3-тиркемеге ылайык бекитилсин:
Жергиликтүү кирешелер - 4446,4 миң сом.
Теңдөөчү трансферт -5646,4 миң сом.
3. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгышалар боюнча 10092,8 миң сом суммасынды 4-тиркемеге ылайык бекитилсин:
3. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-2021 жылдарга консолдацияланган бюджеттин болжолу 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-2021 жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөндөгүдөй болжолу жактырылсын:
а) 2020-жылга кирешелер боюнча болжол – 10566,2 миң сом суммасында,2021-жылга 10977,7 миң сом суммасында;
б) 2020-жылга чыгымдар боюнча болжол – 10566,2 миң сом суммасында,2021-жылга 10977,7миң сом суммасында.
5. Айыл өкмөтүнө 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчу трансферттердин (теңдөөчү грант) өлчөмү 5646,4 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.
6. ”Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы Республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына ылайык, теңөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак-аш ) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
7. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылууну айыл өкмөтүнүн башчысына (К.Акматкулов) жана КЭБ башчысына (Жапарбек к.Наргиза) жоопкерчилик жүктөлсүн.
8. Айылдын социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн көрсөткүчтөрүн өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен, Кыргыз Республикасынын каржы Министирлиги тарабынан берилген кабарламалардын негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө (Жапарбек к Наргиза) милдеттендирилсин.
9. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы киреше бөлүмүнө (С.Нурсеитов) милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, жалпы бюджетинин 1% же 87,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонду бекитилсин.
11. Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийигис 200,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, жана бул каражат жарандык коргонуу комиссиясы аркылуу пайдалануу милдеттендирилсин.
13. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексынын” 115-беренесинин 2,3,4 пунктарына негиз пландан ашыкча жыйыналган кирешелердин көлөмүнө ылайык аныкталуусу эскертилип, пландуу чыгымдарына каржылоо финансы экономика бөлүмүнө (Жапарбек к Наргизага) сунуш кылынсын
14.Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-июль № 403 токтомунун негизинде, 23 штаттык бирдигие бекитилип анын ичинде, Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн климаттык шартын эске алып 5 (беш) айыл башчы штаттык бирдиги (Көк-Алма айылына -1 штат, Каба, Кыргоо айылдарына - 1штат, Сары-Жайык, Катар-Жаңгак,Ак-Тыт айылдарына -1 штат, Уч-Булак айылына -1 штат жана Ак-Терек айылына -1 штат) жана аскерге чакыруу кызматынын бөлүмүнө 2(эки) штат бирдиги бекитилсин.
15. Айылдык Кеңештик кезектеги сессиясында айтылган сын-пикир,суроо талаптарды аткарылышы бонча К.Э.Б.нүн сунушу менен айылдык Кеңештик кезектеги сессияларына маселе коюп туруу жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
16. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
18. Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Талдуу-Булак айыл өкмөтунүн КЭБүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б.Матишев |
|