Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №2
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 6679,6 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- Теңдөөчү грант --- 4012,6 миң сом,
- Иш берүү-р тараб.айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы --- 650,0 миң сом,
- Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы --- 190,0 миң сом,
- Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык ---- 7,5 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 280,0 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы – 102,5 миң сом,
- Айыл чарба жер салыгы – 424,6 миң сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ---34,0 миң сом,
- Сатуудан алынуучу салык ---- 10,0 миң сом,
- КБФнын ижара аренда акысы ---- 130,4 миң сом,
- Жайыт жерлеринин ижарасы учун акы --- 60,0 миң сом,
- Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы --48,0 миң сом,
- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицен.кармоо үчүн төлөм – 45,0 миң сом,
- Жайлардын ижара акысы (муницип.менчикте турган жайлар) –25,0 миң сом,
- Атайын каражат (б/бакча ата-энелер төлөмү жана спонсордук жардам) -660,0 миң сом.
Чыгашалар бөлүгү 6679,6 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча
бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына – 2423,7 миң сом,
2.Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө ---120,0 миң сом,
3.Экономикалык маселелер бөлүмүнө -- 42,0 миң сом,
4.ЖКХ бөлүмүнө -- 1650,7 миң сом,
5.Маданият бөлүмүнө – 533,0 миң сом,
6.Билим берүү бөлүмүнө – 1048,7 миң сом,
7.Социалдык коргоо бөлүмүнө – 201,5 миң сом,
8.Атайын каражат ---660,0 мин сом.
2. 2019-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд , коммуналдык чыгымдар ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде , айылдык аймактын кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү сунушталсын.
6. 2018-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2019-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. 2019-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийгис резерв катары пландаштырылсын.
8. Ошондой эле КР нын Бюджеттик кодексинин 24-беренесинин 2-пункунун негизинде 2019-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %ынын эсебинен 66700 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2019-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына (С.Токторалиевага) тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1=1,034 болуп белгиленсин.
12. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302-токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим берүү министрлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы, соц. фондго чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
15. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
16. Жергиликтүү бюджеттин 2020-2021-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а) 2020-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) -6644,7 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү - 2031,0 миң сом
тендөөчү грант - 3953,7 миң сом
атайын каражат - 660,0 миң сом
б) 2021-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) - 6732,5 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү - 2217,0 миң сом
теңдөөчү грант - 3855,5 миң сом
атайын каражат - 660,0 миң сом
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|