Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели №16/1
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №111 сандуу сунушуна жана бул сунушту колдоого алуу боюнча айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги корутундусуна (протокол №12) ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана “Жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын жана жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖМ.М) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү боюнча системалуу иштөөчү “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу” жөнүндө Жобо бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Авлетим айыл аймагынын чегинде аракеттенүүчү “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун” (БМжБ) курамы бекитилсин (№2-тиркеме тиркелет).
3. БМжБ тобунун иштөө (аракеттенүү) мөөнөтү 2018-жылдын май айынан 2020-жылдын май айына чейин белгиленсин.
4. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” тобу Жобого ылайык өзүнүн уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
5. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо” (БМжБ) тобу кийинки сессияга өзүнүн түзгөн иш планын бекитүүгө сунушталсын.
6. БМжБ тобунун иш-аракеттерин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу. “Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү” Жобонун 5.7 беренесине ылайык айыл өкмөтүнө (башчысы Н.Абдыраманов) жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.Ө.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|
Авлетим айылдык кеңешинин
26.04.2018-ж. №16/1 токтомуна
№1 тиркеме
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) үчүн иштелип чыккан.
1.2. БМжБТ жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун демилгеси менен түзүлүп, жергиликтүү кеңеш сессиясында бекилген.
1.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо бул мамлекет тарабынан өткөзүп берилген мамлекеттик ыйгарым кызматтардын, жергиликтүү маанидеги маселелердин (ЖММ) алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана муниципалдык кызматтарды уюштуруу жана кызматтарды көрсөтүү тармагындагы муниципалитетте болуп турган чыныгы абалын үзгүлтүксүз байкоо системасы болуп саналат. Болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн системдик анализин өз учурунда жүргүзүү, терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана кыска мөөнөттүк болжолдоону жүргүзүү ушул байкоо системасынын максаты болуп саналат.
1.4. Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш эффектүүлүгү менен муниципалитеттин абалын аныктоо (баало) үчүн негизги маалымат булагы болуп саналат. БМжБ жалаң гана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапат деңгээлин аныктабастан, жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгүн аныктайт.
1.5. БМжБ жүргүзүү төмөнкү принциптерге жооп берүү керек:
• Практикалык пайдалуулук: болжолдогон пайдалануучулардын маалымат муктаждыктарын канааттандыруу.
• Иш жүзүнө ашырылууга мүмкүн болгондук: реалдуу, чөйрөгө туура келген, дипломатиялык жана сарамжалдуу болуу зарыл.
• Мыйзамдуулук: этика нормаларына жана мыйзамдарга ылайык БМжБ жүргүзүү керек, ошондой эле баалоого бардык катышкандардын жана баалоо натыйжалары таасир эте турган адамдардын бейпилдигин эске алуу зарыл.
• Тактык: баалай турган программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. маанисин жана баалуулугун аныктай турган өзгөчөлүктөрү жөнүндө биргелешкен мониторинг менен баалоо ишенимдүү маалыматты берүү керек.
• Калыстык: программанын, кызматтын, долбоордун ж. б. андан ары эффекттүү жана натыйжалуу ишке ашыруу процессии улантуу боюнча туура чечимдерди кабыл алуу жолдорун тандоо максатын көздөө.
2. Биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун максаты менен милдеттери
2.1. БМжБТнун максаты төмөнкүнү камтыйт:
Муниципалдык кызматтардын, ЖММ алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын жана мамлекет тарабынан өткөзүп берилген кызматтардын биргелешкен мониторинг менен баалоону жүргүзүү. Ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын
эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруу эффективдүүлүгү менен прогрессии өз убагында көзөмөлдөө, муниципалитеттин өнүгүү багыттарын аныктоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иш-аракеттерди жакшыртуу үчүн негизделген башкаруу чечимдерди кабыл алуу максатында сунуштарды берүү.
2.2. БМжБТнун милдеттери:
• Башкаруу чечимдерин иштетип чыгуу үчүн мониторинг натыйжаларынын негизинде муниципалитет аймагында көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча маалыматты ЖӨБО башчылары менен калкка жеткизүү;
• жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды ишке ашыруу учурунда колдонуп жаткан финансы каражаттар боюнча маалыматтын ачык болуусун жана алардын эффективдүү сарпталуусун камсыз кылуу;
• жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруусун жана ошондой эле муниципалитет аймагында көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты менен кызмат пайдалануучулардын канааттануу деңгээлинин системдик анализин жүргүзүү жана баалоо;
• мониторинг менен баалоону натыйжасында алынган маалыматтардын анализинин негизинде ЖӨБ органдарына сунуштарды берүү.
2.3. Төмөнкүлөр БМжБнун объектилери болушу мүмкүн:
• муниципалитет аймагында жергиликтүү коомчулукка көрсөтүлүп жаткан кызматтар;
• жергиликтүү кеңеш тарабынан ишке ашырууга бекитилген программа багыттары;
• жергиликтүү коомчулуктун же жергиликтүү бюджеттин салымы менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жергиликтүү демилгелер.
3. БМжБ тобун түзүү
3.1. БМжБ тобу оз ыктыярдуулуктун жана акысыз катышуунун негизинде түзүлөт.
3.2. Төмөнкү адамдар БМжБ тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн:
• Орто кесиптик жана/же жогорку билимге ээ болгон;
• Жашы жеткен жана аракетке жөндөмдүү болгон;
• Жергиликтүү коомчулуктун арасында кадыр-баркка ээ болгон. 3.2.1. Төмөнкү адамдар БМжБ тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн эмес:
• муниципалитет аймагында жергиликтүү коомчулукка көрсөтүлүп жаткан кызматтарга карата мониторинг жүргүзүү боюнча кызыкчылыктардын каршылыгы бар болгон адамдар, башкача айтканда жергиликтүү коомчулукка кызмат камсыздоочунун өкүлү же башчысы биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун мүчө болууга мүмкүн эмес;
• Жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруу боюнча мониторингди жүргүзүү боюнча кызыкчылыктардын каршылыгы бар болгон адамдар, башкача айтканда жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен каржыланган жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын башчысы биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун мүчө болууга мүмкүн эмес.
3.3. БМжБ тобу жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү кеңеш депутаттардын жанажергиликтүү БӨУ (бей окмот уюму) атынан сунушталган жана 3.2 пункттун критерийлерине (мүнөздөмөлөрүнө) туура келген жарандардан түзүлөт.
3.4. БМжБ тобу жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет;
• БМжБ тобунун мүчөлөрү бир жылдык мөөнөттөн кем эмес убакытка шайланат. Зарылчылык болгон учурда БМжБ топ мүчөлөрүнүн кандидатураларын кайра карап чыгуу мүмкүн. Ошол эле учурда БМжБ топ мүчөлөрүнүн шайлангандан кийинки иштөө мөөнөтү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат;
• Кворумду эске алганда коллективдүү чечимди кабыл алуу үчүн БМжБ тобунун курамы 11 кишиден ашпоо керек жана 5 кишиден кем болбоого тийиштүү.
• БМжБ тобунун мүчөсү төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн эрте чыгарылышы мүмкүн:
- Тийиштүү арыздын негизинде өзүнүн ыктыяры менен;
- Ден соолук себептердин негизинде;
- Иш-чаралардын түздөн-түз өтүлүүчү убагында ар дайым жок болсо (БМжБ тобунун отурумдарына үч жолу катышпаса);
Этика нормаларын бузса;
Ишке жөндөмдүүлүгү жоголсо ж. б.
• БМжБ тобунун курамынан мүчөлөрүнүн бири чыгып кеткен учурда анын ордуна башка адамдын кандидатурасы 3.3 пунктунун негизинде сунуштоого мүмкүн.
3.5. БМжБ тобу өзүнүн курамынан төраганы, анын орунбасарын жана секретарды шайлайт.
3.6. БМжБ тобунун төрагасы:
• орунбасар менен секретардын көмөгү менен БМжБ тобунун иш-аракеттерин уюштурат;
• актыларга, протоколдорго жаба башка документтерге кол коет (төрага жок болгон учурда анын орунбасары колду коет);
• жергиликтүү кеңештин отурумдарында жана сессияларында БМжБ тобунун өкүлү катары болот.
3.7. БМжБ тобунун секретары:
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тийиштүү бөлүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү камсыздайт;
• БМжБ тобуна уюштуруу жана маалыматтык колдоону камсыздайт;
• Отурумдардын протоколдорун жүргүзөт жана иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу.
4. БМжБ тобунун иш алып баруусу, укуктары жана милдеттери
4.1. БМжБ тобунун иш алып баруусуна төмөнкүлөр кирет:
• Жергиликтүү коомчулуктун каражат салымына ашырылган жергиликтүү демилгелерине карата БМжБ жүргүзүү, жергиликтүү маселелердин алкагында муниципалитет тарабынан гана эмес башка жеке жана юридикалык жактардын тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга карата мониторинг жана баалоо иш-аракеттерин өткөзүү;
• Терс кесепеттерди жокко чыгаруу менен алардын таасирин болушунча азайтуу максатында сунуштарды берүү жана кызматтардын сапатына таасир этүүчү факторлорду аныктоо;
• Муниципалитет өнүгүүсүнүн негизги тобокелдерди, багыттарды жана динамиканы оз учурунда аныктоо;
• Жергиликтүү демилгелердин ишке ашуу процессине катышуусу бар жана кызматтарды көрсөткөн башка тарап менен жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдардын иш-аракеттери жөнундө жергиликтүү коомчулукту маалымдоо иштерине колдоо көрсөтүү;
• Жалпысынан жергиликтүү коомчулуктун болочок өнүгүүсүнө керек болгон жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдардын иш-аракеттерине байланышы бар эц оорчунду болуп аныкталган маселелер боюнча коомдук пикирди изилдөө жана жалпылоо.
4.2. БМжБ тобунун укуктары
• БМжБ тобунун иш-аракеттерине ылайык айыл өкмөт адистеринен муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жана ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программаларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматты талап кылуу (сурап алуу);
• Жергиликтүү маселелердин алкагында көрсөтүлгөн кызматтын сапаты менен жеткиликтүүлүгү боюнча кызмат камсыздоочудан маалыматты талап кылуу;
• Добуш укугуна ээ болбогон байкоочу катары айыл өкмөтү уюштурган тендер иш-чараларына катышуу;
• Мониторинг планын өзгөртүү маселесин БМжБ тобунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен БМжБ тобунун мүчөсү көтөрүүгө укуктуу;
• Жергиликтүү жана республикалык бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруу процессине байкоочу болуп жана ошонун кесепетинде ишке ашырууну жакшыртуу максатында сунуштарды берет;
• Зарылчылык учурларда БМжБ тобунун ишине катыштыруу үчүн кандайдыр бир тармактагы экспертти тартуу;
• Жергиликтүү кеңеш сессияларында жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин/ долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруу мониторинги менен баалоо боюнча маалыматты берүү.
4.3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун милдеттери:
• Жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулуктун салымы жана донордук уюмдардын эсебинен муниципалитет аймагында ишке ашырылган жергиликтүү демилгелерге, долбоорлорго жана программаларга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүп жаткан кызматтарга карата жүргүзүлө турган биргелешкен мониторинг жана баалоонун планын бир жылдык мөөнөттүн негизинде иштетип чыгуу жана жаңыртуу;
• Биргелешкен мониторинг жана баалоонун бекитилген планы боюнча мониторинг жана баалоону жүргүзүү;
• БМжБ тобунун ар бир мүчөсү этикалык нормаларды сактоого милдеттүү;
• Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүүдө алынган маалыматты кайрадан текшерүү;
• Массалык маалымат каражаттары менен коомчулукка объективдүү маалыматты берүү;
• БМжБ тобунун иштери боюнча жылдык отчетту даярдоо менен жергиликтүү кеңеш сессияларында отчетту берүү.
5. Мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
5.1. Мониторинг жол-жоболорун муниципалитетте ишке ашыруу үчүн БМжБ планы уюштуруу негиз болуп саналат. БМжБ планында жооптуу аткаруучулар, мониторингди жүргүзүү ирети, мөөнөтү, багыттары менен формасы аныкталат. БМжБ планы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
5.2. Мониторинг эки формада жүргүзүлөт: мониторинг планы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг (маалыматты чогултуу жана кайра иштетүү технологияларына ылайык талап кылуу системасын түзүүдөн кийин жана тапшырмаларды койгондон кийин үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлөт) жана мезгил-мезгили менен жүрө турган мониторинг. Жергиликтүү коомчулуктун салымынан же жергиликтүү бюджетинен каржыланган айрым долбоорлордун, программалардын, жергиликтүү демилгелердин айрым иш-чаралары боюнча мониторингди жүргүзүүдөн мурда БМжБ тобу кызыкдар тараптарга алдын ала билдирүүнү жөнөтөт.
5.3. Жергиликтүү коомчулуктун салымынан же жергиликтүү бюджетинен каржыланган жана ишке ашырылган долбоорлордун, программалардын, жергиликтүү демилгелердин, ошондой эле ЖММ
4
алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын, муниципалитет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын жана ЖӨБО иш-аракеттеринин натыйжаларын изилдөөдө баалоо жүргүзүлөт.
5.4. БМжБ иш-аракеттерин пландаштыруусу төмөнкү маалыматтын талдоосун камтыйт:
• БМжБ жүргүзүү үчүн кандай маалымат керек?
• БМжБ жүргүзүүгө ким жана иштин кайсыл этаптарында чакырылат?
• Керектүү маалыматтарды топ кандай ыкма менен жана кайсыл булактардан алат?
• Маалыматты ким чогултат?
• Маалыматты кандай талдоо ыкмалары колдонулат, жооптууларды аныктоо;
• БМжБ жүргүзүүгө канча убакыт кетет?
• БМжБ бардык иштерин жүргүзүүгө кандай ресурстар керек болот? БМжБ планы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
5.5. БМжБ процесси иш-аракеттеринин төмөндөгүдөй ырааттуулукту талап кылат:
• Мониторинг объектини аныктоо жана негиздоо;
• Мониторинг үчүн колдонгон маалыматтарды чогултуу (документтерди талап кылуу менен изилдөө, суроолор менен анкеталарды даярдоо);
• Маалыматтын тез пайдалануу менен сактоосун камсыз кылуучу маалымат база структураларын уюштуруу;
• Мониторинг талаа иштерин жүргүзүү (пайдалануучулар, долбоорго катышкандар менен жолугуу, объектилерге баруу, сурамжылоо өткөзүү ж. б.);
• БМжБ учурунда топтолгон маалыматтарды иштетип чыгуу;
• БМжБ учурунда топтолгон маалыматтарды талдоо менен чечмелоо;
• Топтолгон маалыматтардын талдоо жыйынтыктары боюнча документтерди даярдоо;
• БМжБ натыйжалары жөнүндө бардык кызыкдар тараптарды маалымдоо;
• Жүргүзүлгөн БМжБ боюнча отчетту чыгаруу;
• Жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоо жыйынтыктары жөнүндө калкты маалымдоо.
5.6. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү ыкмаларына төмөнкүлөр кирет:
• Документтер менен иштөө - статистика документтер, финансы жана талдоо отчеттор боюнча маалыматты чогултуу.
• Негизги маалымат берүүчүлөрдү сурамжылоо - талап болгон тема боюнча билими жана тажрыйбасы бар айрым адамдарга ачык түрдөгү бере турган суроолордун тобу. Атайын темалар менен суроолорду камтыган маекти өткөзүү колдонмолорго ылайык уюштурулган сапаттуу, толук жана жарым системалаштырган маектери.
• Фокус топтогу талкуулоо -талкуулоого сунушталган темага кызыккан жана кылдаттык менен тандалган 8-12 адамдын катышуусу менен уюштурулган талкуулоо.
• Жамаат топторду сурамжылоо - жамаат өкүлдөрүнүн көбү катыша алган жолугуу, ал жолугушууда суроолордун топтому каралып жана уюштурулган талкуулоо жүрөт. Ошондой эле маалыматты инновациялык топтоо "Жарандардын отчеттук карточкалары" аттуу ыкмасы бар;
• Түздөн-түз байкоо - программа ишке ашыруу жериндеги угулган же көрүнгөн нерселерди каттоо. Маалымат байкала турган натыйжаларга жана программанын учурдагы иштерине тийиштүү болушу мүмкүн.
• Сурамжылоо (анкеталарды таратуу) - айрым индикаторду мүнөздөчү суроолорун камтыган анкеталарды таратуу жолу менен маалыматты чогултуу. Сурамжылоо ыкмаларын, максаттуу тобун жана жооп берүүчүлөрдүн санын көрсөткөн атайын иштелип чыккан колдонмого ьшайыктуу жооп берүүчүлөрдүн тандоосу жүргүзүлөт.
• WhatsAppKa CMC билдирүүлөрдү жөнөтүү - элдер муниципалитет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча БМБ тобу ачкан WhatsApp тайпасына же номуруна билдирүүлөрдү жөнөтө алат. Маалымат жалаң гана кызматтар боюнча эмес учурдагы ишке ашырылып турган долбоорлор менен программалардын иш-аракеттерине тийиштүү болушу дагы мүмкүн. Билдирүүлөр журналга, электрондук маалымат жүктөөчү аспаптарга катталып, кийин талдоо максатында колдонулат. • Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгү боюнча муниципалитет жашоочулардын арыздарын жана даттанууларын текшерүү жана иштеп чыгуу.
5.7. БМжБ тобунун иш-аракеттеринин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу колдоосу айыл өкмөт тарабынан берилет.
6. Коомдук, муниципалдык жана башка органдар, мекемелер менен кызматташуу
6.1. Мониторинг жүргүзүүдө БМжБ тобу кызмат көрсөтүү менен алек болгон муниципалдык башкаруу органдары жана уюмдары менен оз ара кызматташууда болот. Ошондуктан жергиликтүү коомчулуктун салымы менен ишке ашырылып жаткан кызматтар менен долбоорлордун мониторинг менен баалоосуна керектелген маалыматты мониторинг жүргүзүлүп жаткан тармагына тийешеси бар адамдар маалыматты алуу талабы берилгенден кийин он күндөн кечикпей берүүгө милдеттүү.
6.2. БМжБ жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, аткаруучулардан, тапшырык ээлеринен алынган документтер башка адамдарга жайылтууга мүмкүн эмес, бирок ошол документтерге шилтеме кылуу керек.
6.3. БМжБ топ мүчөлөрүнүн арасында кызыкчылыктардын каршылыгы пайда болгон учурлар. Эгер муниципалдык кызматтардын жана ЖММ алкагында кызматтардын көрсөтүүсүнө карата мониторинг жүргүзүү убагында кызмат аткаруучу же кызмат аткарууга катышы бар адам БМжБ топ мүчөсүнүн тууганы болуп калса, анда БМжБ тобунун ушул мүчөсү ошол учурдагы биргелешкен мониторинг менен баалоо ишине катышууга мүмкүн эмес.
7. БМжБ натыйжалары
7.1. Талдоо натыйжасында пайда болгон БМжБ маалыматтары боюнча тийиштүү документтер (отчеттор, маалым каттар, баяндама, актьшар) дайындалып коомчулукка, айыл өкмөт башчысына жана айыл кеңешке маалымат катары берилет.
7.2. БМжБ Тобунун АКТЫСЫ БМжБ Тобунун мониторинг натыйжасынын негизги документа болуп саналат. АКТ - бул БМжБ Тобунун расмий документа болуп саналат, ошол документте мониторинг натыйжаларынын негизинде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгү боюнча реалдуу жыйынтыктары менен сунуштар келтирилет. БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү актыга кол коюшат.
7.3. БМжБ Тобунун актысы муниципалитет деңгээлинде административдик чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
7.4. Мониторинг жыйынтыктары менен айыл кеңеш сессияларда жана айыл жыйындарда таанышууга мүмкүн болот.
7.5. БМжБ тобунун актыларынын негизинде БМжБ планын аткаруу боюнча жылдык отчету жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөт башчысына даярдалат.
7.6. БМжБ натыйжаларынын негизинде пайда болгон сунуштардын аткаруусу иш-чарага катышкан адамдардын тарабынан ыктыярдуу түрдө болот, бирок жергиликтүү коомчулук менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошол сунуштарды карап чыгууга милдеттүү.
7.7. БМжБ топ иштеринин натыйжалары отчетту элге жарыялоо кылгандан кийин бир жумадан кечикпей маалымат такталарына жайгаштырууга тийиштүү.
-
8. Биргелешкен мониторинг менен баалоо тобунун этикалык принциптери
8.1. БМжБ тобу БМжБ процессинин айкындуу жана адилеттүү болушуна кепилдикти берет.
8.2. БМжБ жүргүзүү ирети, маалыматты чогултуу ыкмалары, БМжБ максаттары менен милдеттери жөнүндө кызыкдар тараптарды БМжБ жүргүзүүгө чейин маалымдоо керек.
8.3. Эгер БМжБ жүргүзүү учурунда иштин жыйынтыктоочу натыйжаларына таасир этүүчү окуялар орунду алса, анда кызыкдар тараптардын бардыгын оз учурунда маалымдоо керек.
8.4 Кызыкчылыктардын каршылыгын пайда кыла турган жагдайларга өзгөчө көңүлбуруу зарыл жана мындай жагдайлар жөнүндө кызыкдар тараптарды оз учурундамаалымдоо керек
8.5 Кесиптик иш-аракеттерин жүргүзүүдө кызматташып турган адамдар дынкоопсуздугун жана аброюн БМжБ тобу урматтайт.
8.6. Кээ бир учурларда БМжБ кызыкдар тараптар үчүн терс натыйжаларга алып келет, мындай учурларда БМжБ тобу зыянды азайтууга умтулуу керек, ошол эле учурда баалоо жыйынтыктардын айкын болгондугуна шек келтирбөө шартын сактоо керек.
8.7. БМжБ натыйжалары коомчулукка пайда алып келүүдөн көрө айрым адамдарга же уюмдарга көбүрөөк зыян келтирүү жагдайларда БМжБ жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө кылдаттык менен ойлонуу зарыл.
8.8. Ар бир кызыккан тараптын аброюн урматтап ишти жүргүзүү жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты берүү керек.
8.9. Баалоого тиешеси бар адамдардын өзгөчөлүктөрүн урматтоого БМжБ тобу жооптуу. Мындай өзгөчөлүктөргө маданият, дин, жыныс, физикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектөөсү, жашы, сексуалдык ориентациясы жана улуту кирет. Иштердин даярдоо жана алып баруу бардык этаптарында БМжБ тобунун мүчөлөрү ушул өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.
8.10. Бардык учурларда БМжБ тобу БМжБ натыйжаларын колдон келишинче ачык жана жонокой жол менен түшүндүрүүгө аракет кылуу керек. Мындай жол кызыкдар тараптарга БМжБ жүргүзүү процессии жана натыйжаларын оңой түшүнүүгө мүмкүнчүлүктү берет.
8.11. БМжБ тобу ЖӨБО менен жергиликтүү коомчулуктун жана башка адамдардын муктаждыктарынын ортосундагы тең салмактуулугун сактоо керек. Кагылышуу (конфликт) мүмкүнчүлүгү болгон учурда БМжБ тобу кызыкдар тараптар менен талкуулоо өткөзүп, тараптарды канаатандырган чечимге келүү керек.
9. Жыйынтыктоочу жоболор
9.1. Бул Жобонун мөөнөтү чектелген эмес. Жобо биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу ишин аяктаганга чейин колдонулат.
9.2. БМжБ тобун таркатуу чечимге жергиликтүү кеңеш кол койгон күндөн тартып БМжБ тобу оз ишин токтотот.
9.3. Таркатуу демилгеси жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү коомчулук тарабынан көтөрүлөт.