Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №22/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин №01-18/126-буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан «Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жөнүндө Жобону» жана комиссиянын курамын бекитип берүүнү суранган Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 2018-жылдын 18-декабрындагы №428 сандуу билдирүүсүнүн негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Жобо бекитилсин (тиркелет 7 баракта).
2. Авлетим айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
2.1 Комиссия 7 (жети) кишиден түзүлсүн:
Алар:
Ажыбаев Абдыкапар – айылдык кеңештин депутаты.
Ибраимов Смайыл - айылдык кеңештин депутаты.
Карчыгае Абдылда – муниципалдык кызматкер.
Сооронбаева Гүлжан - муниципалдык кызматкер.
Барпиев Уметалы - муниципалдык кызматкер.
Жумабеков Апсалам – жарандык коомдун өкүлү (макулдашылды).
Нурматов Бообек - жарандык коомдун өкүлү( макулдашылды).
3. Комиссиянын курамы Жобого ылайык өзүнүн уюштуруу отурумун 2018-жылдын 30-декабрына чейин өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
| Авлетим айылдык Кеңештин сессиясынын «20» 12.2018-жылдын №22/1 токтоллуна 1-тиркеме
|
Авлетим айылдык өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүнде Кодексинде ( мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын ( мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктаган типтуу жобонун негизинде иштелип чыгып Авлетим айыл аймагынын чегинде иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Комиссия айылдык Кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекититилет.
4. Комиссия ез ишмердүүлүгүндо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексин, башка ченемдук укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап айылдык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын терагасынын, терагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9. Айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;
- айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү ( макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айылдык Кеңештин айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана ( же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
- акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоо'су (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткаруугу тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары айылдык кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
- медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсунүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комисиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комисиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат;
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ез ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда айылдык кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күнден кеч эместүзүлет.
3. Комиссиянын ишинин тартиби.
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар женүндо иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша ( материалдардын түшүшүне карата) еткөрүлот. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ез чечимдери менен бузуулар женүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүнде чыгарат. 23 Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат;
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жоенүндө (Кодекстин 29-беренеси);
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомдо даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын терагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү: Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө
катышууга;
- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга; Төмөндөгүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
- Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын терагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын терагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, теменкудей укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызьжчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын -ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын терагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат;
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- бузуулар женунде иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын терагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын терагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин керсеткен, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алатжана каттайт;
- бузуулар женунде протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мучелерун,бузуулар женунде ендүрүшке катышып жаткан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзет жана тариздейт, аларга кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
- аныктамалардын жана токтомдордун кечүрмелерүн тиешелүү адамдарга белгиленген меенетттерде тапшырууну же женетүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун жана аныктамалардын аткарылышына кеземел жүргүзет;
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- бузуулар женунде иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн женге салуучу ченемдик укуктук актыларды еркундетуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- отчеттуулукту жана статистикальж отчеттуулукту жургузет;
- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат. Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын терагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мучелерунун бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мучелеру:
- бузуу учун жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу екүлдөрүнүн, коргоочусунун, екулунун, адвокатынын, ошондой эле кубесунун, экспертинин, адистин, котормочунун туугандары болушса,
- иштин чечилишине тике же кыйыр турде кызыкдар болушса, Алардын бузуулар женунде иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү.
32. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын терагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ез убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
34. Бузуулар женунде иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Бузуулар женунде иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3- тиркеме). Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын ез убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү. Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
36. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду телее банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансальж отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37. Комиссиянын катчысы бузуулар женунде иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар женунде протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп кектелет.
38. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип тушкен жылды камтыйт.
39. Бузуулар женунде протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар женунде каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казыначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- бузуулар женунде иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
42. Журналдардын барактары номурланган, кектелген, меер менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кек же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
43. Журналдарды сактоо меенету Зжыл. Бузуулар женунде иштерди сактоо мөөнөтү 5жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын терагасынын уруксатысыз берилбейт.