Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №161
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 28-декабрындагы №908ү08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №10 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын (IV чакырылыш) №161 токтомуна тиркеме
|
“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө”
ЖОБО
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө” (мындан ары – Жобо) Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституция, Жарандык, Жер Кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана пайдаланууга берүү, ошондой эле, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерин мамлекеттин менчигине ажыратуу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Аталган Жобо аларга бекитилген турак-жай эмес имараттар, курулмалар, анын ичинде турак-жай жана турак-жай эмес жайларга жайылтылат (мындан ары – Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттери).
Ушул Жобо мамлекеттик же жеке менчиктеги муниципалдык менчик жер участокторуна, имарат, курулма же жайлар жайгашкан жер участокторуна колдонулбайт.
3. Ушул Жобонун 2-пункттунда көрсөтүлгөн турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар аларга бекитилген жер учатокторуна болгон укуктарынан ажырагыс. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участокторуна мындай укукту берүү жүргүзүлөт.
II.ЧАРБА ЖүРГүЗүү УКУГУ, ЫКЧАМ БАШКАРУУ ЖАНА МӨӨНӨТТҮҮ (УБАКТЫЛУУ) АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНЫП ТУРУУ
4. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине чарбалык жүргүзүү укугу муниципалдык ишканаларга, ал эми ыкчам башкаруу укугу муниципалдык уюмдарга бекитилет.
5. Чарба жүргүзүү муниципалдык ишканаларга же ыкчам башкаруу муниципалдык уюмдарга Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Ош шаарынын жашоо-турмушту камсыздоо функцияларын же Ош шаарынын бюджетинен толук же жарым-жартылай каржылануучу башка функцияларын камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу турак-жай эмес имараттар, курулма же жайлар берилет.
6. Мүүнүтсөз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) укугу берилет.
а) муниципалдык ишкана же уюм болуп саналбаган Ош шаарынын бюджетинен толугу менен же жарым-жартылай каржыланган ишкана, уюм жана мекемелер, Ош шаарынын жашоо-турмуш функциясын камсыз кылган, ошондой эле, Ош шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары милдеттүү деп аныктаган кызматтарды калкка көрсөтөт.
б) Ош шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишканалар, уюмдар жана мекемелерди турак-жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар менен акысыз негизде камсыз кылууга милдеттүү.
7. Мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар берилет.
8. Ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аткаруу органдарынын чечими менен ишкана жана мекемелерге бекитилет.
9. Жер участогунда жайгашкан муниципалдык имарат же курулмалар мөөнөттүү (убактылуу) акысыз негизде өз алдынча чарба жүргүзүү же ыкчам башкарууга берилбейт. Муну менен бирге кыймылсыз мүлктөгү жер участогу Ош шаарынын кыймылсыз мүлктү жайгаштыруу жана каттоо укугу боюнча мамлекеттик башкарууга тиешелүү тартипте кыймылсыз мүлккө бекитилген муниципалдык менчик укугунун обьекти катары түзүлүп жана катталышы керек. Жер участогунун территориялык чеги жер участогу жер участогунун (жергиликтүү өзүн өзү башкаруу) менчик ээси, мөөнөттүү (убактылуу) акысыз колдонуу, чарба жүргүзүү же убактылуу башкаруу укугуна ээ болгон жакка берилген документтин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда имарат же курулмага бекитилген жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу тиешелүү мамлекеттик орган тарабынын жол жоболоштурулат.
10. Эгерде үчүнчү жактын ишмердүүлүгү аталган уюмдардын жана мекемелердин күнүмдүк бакубатчылыгына каршы келбесе, муниципалдык менчикти башкаруу муниципалдык менчиктин обьеттерин үчүнчү жактын убактылуу акысыз пайдалануусун уюмдардын жана мекмелердин чарба жүргүзүү же ыкчам башкарууга берилүүчү обьекттерди комиссия аркылуу өткүрүүгө укуктуу.
11. Турак-жай эмес имараттын, курулманын же жайдын курамы жана аянты жана ага бекитилген жер участогу Ош шаарынын бакубатчылык функциясын камсыз кылуу үчүн ошондой эле, калкка техникалык кызмат көрсөтүү, ишкана, уюм жана мекемеге берилген обьект зарыл болгон курам жана аянттан ашпашы керек.
12. Аткаруу органынын чечиминин негизинде башкаруу муниципалдык мүлк келишимдин негизинде мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу үчүн тиешелүү турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар бекитилип берилген ишкана, уюмдар жана мекемелер менен түзүлөт.
13. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү же ыкчам башкарууга берилген мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин бөлүгүн алуу укугуна ээ. Бул учурда алынган каражат Ош шаарынын бюджетине түшөт.
14. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак-жай эмес имарат, курулма жана жайларды мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу келишими бир жылга чейинки мөөнөткө келишим түзүп жаткан учурдагы каржылоо багытын жана булагын, колдонуучунун ишмердүүлүгүн өзгөртпөө шарты менен түзүлөт. Карама-каршы келген учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу келишимин тез арада бузууга же колдонуучу менен макулдашуу боюнча –мөөнөтү бүткөнгө чейин шартын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.
15. Эгерде колдонуучу мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу келишим бүткөндөн кийин Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги келишим боюнча ага берилген турак-жай эмес имаратты, курулма же жайларды пайдаланууну уланта берсе, ал эми Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы буга каршылык көрсөтпөсө, мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу келишими ошол эле шартта ошондой эле мөөнөттө кайрадан жандандырылды деп эсептелинет.
16. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жана мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга, чарба жүргүзүү же ыкчам башкарууга берилген турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар толук же жарым-жартылай пайдаланылбаса же бошотулса, андан ары пайдалануу тартиби анын ичинде бир тизмеден экинчиге которуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аныкталып, анын сунушу менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
17. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак-жай эмес имарат, курулма же жайларды мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруунун типтүү келишими Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан иштелип чыгат жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктү чарба жүргүзүү, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдалануу укугун алган уюм, мекеме жана ишкана менчик ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз ага бекитилген мүлктү ажыратууга, убактылуу пайдаланууга берүүгө же башка ыкма менен башкарууга укуксуз. Чарба жүргүзүү,, ыкчам башкаруу жана мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга берилген мүлк муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укук алган уюм, мекеме же ишканалар банкрот болгон учурда ажыратууга жатпайт жана аталган мүлккө менчик укугун сактоо менен менчик ээсине кайтарылат.
III. ИЖАРАГА БЕРҮҮ
Негизги жобо
18. Ош шаарынын муниципиалдык менчигинде каралган кыймылсыз мүлк обьектилерин жеке жана юридикалык жактарга ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилсе болот.
19. Кыймылсыз мүлктү ижарага алуу акысы, жабык жана ачык түрдө соодалашуу жолу менен өткөрүлөт.
20. Конкурстун предмети болуп базардын ижара акысы келишим түзүү акысы саналат.
21. Ижарага алуу укугу боюнча конкурст өткөрүү тартиби жана шарты ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк жөнүндө мыйзамынын негизинде бекитилет.
22. Рынок баасына ылайык обьектилерди ижарага алуу акысы боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү Ош шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.
23. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалагы конкурска техникалык даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү атайын жеке же юридикалык жакка беүүгө укуктуу.
24. Мыйзамдарда белгиленген тартипте шаардык Кеңеш акысыз негизде колдонуу үчүн ижара акысын бекитет.
25. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги акысыз негизде берилүүчү кыймылсыз мүлк обьекттеринин тизмеси өзүнүн демилгеси боюнча жана кызыкдар жактардын арызынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан түзүлөт жана Ош шаардык Кеңештин чечими менен комиссиянын кароосуна жиберилет.
26. Конкурсту өткөрүү жөнүндөгү билдирүү массалык маалымат каражаттарына конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
Конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтышы зарыл:
- Конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду, предмети жана тартиби;
- баалар сунушталып конвертке чапталган билдирмени кабыл алуунун убактысы, орду жана мөөнөтү;
- рыноктук ижара акысы менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк обьектинин аталышы жана сүрөттөлүшү (жайгашкан орду, тиби, ижарага берилүүчү аянты);
- ар бир кыймылсыз мүлк обьекттери боюнча ижара укугуна белгиленген шарттар жана чектөөлөр, эгер мындай бар болсо;
- колдонууга уруксат берилген обьекттердин тизмеси;
- ижара мөөнөтү жана рыноктук ижара акынын бир айлык баштапкы көлөмү;
- кыймылсыз мүлк обьекттин алдын ала кароонун мөөнөтү, орду жана тартиби жана конкурска катышуучулардын рыноктук ижара акысы менен даярдалган ижара келишиминин долбоору менен таанышуу;
- алдын ала төлөөнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле, которуу үчүн алыш-бериш эсеби;
- рыноктук ижара акы менен ижара келишиминин кол коюу мөөнөтү жана аракеттенүүнүн башталышы;
- байланыш телефон номери.
Ушул эрежедеги билдирүүнүн мазмунуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланган маалыматтардын аныктыгы үчүн Комиссия жоопкерчилик тартат.
2. Комиссиянын жана конкурстун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
27. Комиссия укуктуу:
- рыноктун ижара акы бир айлык баштапкы көлөмүнөн ашпаган алдын ала төлөөнүн көлөмүн аныктоо;
- себебин түшүндүрбөстөн конкурстан баш тартууга, конкурсту өткөрүү күнү жарыяланган күнгө чейин 30 күндөн кечиктирбестен каалаган обьектини өткөрүүнү жылдырууга же конкурстан алууга. Конкурсту өткөрүүдөн баш тартууда көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса, конкурстун уюштуруучусу конкурстун катышуучуларына келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
28. Комиссия милдеттүү:
- ушул Жобого жана муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык конкурс өткөрүүгө;
- Конкурска катышууну каалаган жактарга ижарага бериле турган кыймылсыз мүлк обьекттерин көрүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга;
Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар, укуктуу:
- Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерин рыноктук ижара акы менен ижара укугун берүү боюнча конурска жеке өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга – ушул Жобо менен таанышууга;
- рыноктук ижара акы менен ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк обьекттерин белгиленген тартипте кароо;
- бул боюнча керектүү малыматтарды жана консультацияларды алууга, ошондой эле зарыл болгон учурда –өзүнүн эсебинен адистерди тартууга;
- конкурс башталганга 3 күн калганга чейин катышуудан баш тартуу жана берилген билдирмени кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүү аркылуу конкурстан баш тартууга;
- ушул эрежеде каралган башка аракеттерди жасоого.
29. Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен алдын ала төлөө жүргүзүүсү керек, ал эми конкурстан утуп алган учурда – конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде же конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө келишим түзүүсү керек.
Конкурста жеңип алган жактан тышкары, конкурстун катышуучулары жөнүндө маалымат жарыяланбайт.
3. Баштапкы айлык ижара төлөөнү аныктоонун тартиби
30. Ижара акынын баштапкы баасы (старттык баасы) шаардык Кеңештин бекиткен ченемдик баасына ылайык белгиленет.
4. Конкурс өткөрүүнүн тартиби
31. Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар, лоттун номуру көрсөтүлүп чапталган конвертте сунуштаган баалары менен билдирме берүүгө жана алардын өздүгүн жана ыйгарым укуктарын ырастаган (паспорт, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк, ишеним кат же мыйзам менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) жана алар тарабынан алдын ала төлөөнү тастыктаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.
32. Комиссия билдирмелерди чапталган конверттерде кабыл алат.
Табыштамада айлык ижаранын сунушталган көлөмү жана обьектинин болжолдонгон колдонулушу көрсөтүлөт.
33. Конкурс Комиссиянын төрагасын же анын орун басарын кошуу менен, Комиссиянын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлөт.
Комиссиянын төрагасы болуп – Ош шаарынын вице-мэри болуп саналат.
Төраганын орун басары болуп –Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп саналат.
34.Табыштамаларга салынып чапталган конверттер Комиссиянын ачык отурумунда сынакка катышуучулар отурумга катышкан же катышпагандыгына карабастан коомдук жайда көпчүлүктүн көзүнчө ачылат.
35. Рыноктук ижара акысы менен ижарага укук көбүрөөк ижара акыны сунуш кылган адамга берилет.
36. Конкурсту өткөрүүгө байланыштуу Комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар ачык добуш берүү менен чечилет, ал эми добуштардын саны тең болуп калганда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
37. Конкурсту утуп чыккан катышуучу жана конкурсту уюштуруучу, келишимдик күчкө ээ болгон конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюшат. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт.
38. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуда, конкурсту уткан адам конкурсту уюштуруучуга анын кол коюуга укуктуулугун ырастоочу документтерди көрсөтүүгө тийиш.
39. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдо: конкурсту өткөрүү күнү, убактысы жана орду, Комиссиянын курамы, лоттун номуру, рыноктук айлык ижара акынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, төлөм жүргүзүлө турган эсептин номуру, жана ижара тууралуу келишимдеги тараптардын милдеттери көрсөтүлөт.
40. Конкурсту уткан адамга конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү берилет.
41. Конкурстун жеңүүчүсү деп табылган, бирок ижара келишимине кол коюудан баш тарткан катышуучу конкурстун жеңүүчүсү укугунан ажыратылат. Бул учурда Комиссия конкурстун жыйынтыгы боюнча экинчи келе жаткан катышуучуну жеңүүчү деп жарыялоого укуктуу, бирок анын сунушу баштапкы баадан төмөн болбоого тийиш.
42. Катышуучулар тарабынан бирдей баалар жана конкурстун бирдей шарттары сунушталган учурда, конкурс өткөн жок деп эсептелет.
43. Бир гана адам катышкан конкурс, жараксыз деп таанылат.
44. Комиссиянын күнөөсү менен калп маалыматтар берилип калган учурда, конкурста уткан адам конкурстагы затты алуудан баш тартууга жана ал төлөгөн депозиттик суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
5. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүү тартиби
45. Конкурста уткан катышуучу менен Муниципалдык менчик башкармалыгы конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн 10 (он) күндүн ичинде же конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн башка мөөнөттө рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүшөт.
46. Конкурста уткан адам, белгиленген мөөнөттө рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, төлөнгөн акы суммасы күчүн жоготот, ал эми Ош шаарынын мэриясынын муницпалдык менчик башкармалыгы муну муниципалдык менчикти пайдалануудан баш тартуу катары кабыл алат. Рыноктук ижара акысы менен ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан конкурстун уюштуруучусу, алдын ала төлөөнү эки эсе өлчөмдө кайтарууга, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсүнө конкурска катышууда, алдын ала төлөөнүн суммасынан ашкан бөлүгүндө, келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
47. Конкурста уткан адам менен ижара келишимин түзүүдө, ал төлөгөн акы суммасы, түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмени аткаруу эсебине кошулат.
48. Конкурсту өткөрүү тартиби жана жыйынтыктары менен байланышкан талаш-тартыштар, анын ичинде алардын жараксыз деп табылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген сот тартибинде чечилет
3. Ижара келишими
49. Ижара келишими Ош шаарынын мэриясынын муницпалдык менчик башкармалыгы менен конкурсту уткан катышуучу жаран ортосунда, ушул Жобо менен каралган тартипте комиссиянын чечиминин негизинде түзүлөт.
50. Ижара келишими комиссиянын чечими менен көрсөтүлгөн мөөнөткө түзүлөт. Комиссиянын чечиминин негизинде жеке жана юридикалык жактарга берилген ижара шартында пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин, тараптардын макулдашуусу боюнча Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы ижара келишиминин мөөнөтүн 3 (үч) айга узартууга укуктуу, муну менен пайдалануу баасы шаардык Кеңеш тарабынан бекитилген тарифке ылайык эсептелет.
51. Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими менен келишимдер, ниетин билдирген жана келишимдин шарттарын бузбаган ижарачыларга мурдагыдай эле шартта узартылышы мүмкүн.
52. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз обьектинин рыноктук ижара акысы менен ижаранын типтүү келишими Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан иштелип чыгат жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
IV. МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИКТЕГИ ОБЬЕКТИЛЕРДИ
МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИККЕ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕГИ ОБЬЕКТИЛЕРДИ МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИККЕ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ.
53. Муниципалдык менчиктеги обьектилер, аткаруу органынын чечими боюнча обьектилерди мамлекеттик уюмдардын менчигине өткөрүү жолу менен кайтарымсыз жана кайтарымдуу негизде мамлекеттик менчикке, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, берилиши мүмкүн.
54. Коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн шаардыктардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында аткаруу органы обьектинин нарк баасынын ордун толтуруу менен муниципалдык менчикте турган обьектини мамлекеттик менчикке берүүгө укуктуу.
55. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдардын арыздарынын негизинде, мыйзам менен белгиленген тартипте мурда мамлекеттик органга турак жай түрүндө пайдаланууга бекитилген кыймылсыз мүлктү кайтарымсыз берүүгө укуктуу.
56. Арызда муниципалдык мүлктү мамлекеттик органга кайтарымсыз тартипте берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгы эмнеде жана эмне менен байланыштуу негизделиши керек.
57. Жергиликтүү маанидеги тапшырмаларды чечүүдө обьектинин маанисин эске алуу менен, муниципалдык обьектини пайдалануунун максатка ылайыктуулугу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы баш тартуу себептерин негиздебестен, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьектини мамлекеттик менчикке берүүдөн баш тарта алат.
58.Мамлекеттик менчиктеги кыймылсыз мүлк обьекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жергиликтүү Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
V. ЧЫГЫМДАРДЫ ЖАБУУ ЖАНА ДЕМ БЕРҮҮ ЧАРАЛАРЫ
59. Ушул Жобону аткаруу, Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз обьектилерди тийиштүү абалда кармап туруу жана аларды натыйжалуу башкарууга түрткү берүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө, Ош шаарынын бюджетинен түзүлгөн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебинен (мындан ары – Башкармалык фонду) жүргүзүлөт.
60. 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө карата укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын келип чыгышы, өзгөрүшү, өткөрүп берилиши же токтотулушу тийиштүү аймактардын мамлекеттик каттоо органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлөт. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын жана ижарачылардын менчик укуктарын каттоого жоопкерчиликти тартышпайт.
МААЛЫМАТТЫН АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУГУ, КӨЗӨМӨЛДӨӨ ЧАРАЛАРЫ
61. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз обьектилерге чектелген буюм укугун берүү, ушул Жобого ылайык ачык, айкын жүргүзүлөт.
62. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы милдеттүү:
а). кызыктар жактарга Башкармалыктын жумуш убактысы ичинде ушул Жобо, жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берүү жөнүндө арыздарды каттоо жана ушундай ижара укугуна ээ жактарды кезекке коюу журналы, ушул Жобо менен каралган типтүү келишимдер жана Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз обьектилерге чектелген буюм укугун берүү тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар менен таанышууга мүмкүнчүлүктү камсыздоого;
б). муниципалдык мүлктү ижара шартында пайдалануу укугуна алдыда өтө турган конкурстар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.
в). Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте аткарган иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес шаардык Кеңештин сессияларына отчет берет.
Ош шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси С. Маматалиева