Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №165
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 23-январындагы №58/08-13, Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 токтомунун 1-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №6 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы №280 токтому менен бекитилген курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» №9 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|