Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №17/7
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктаган типтүү жобого ылайык иштелип чыккан “Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсун” талкулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсу» бекитилсин
2. ”Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиясынын сандык курамы 7 (жети) адамдан белгиленсин.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 19.12.2018-ж ХVII-сессиясынын № 17/7 токтому менен бекитилген
|
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жѳнүндѳ
иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу
Ж О Б О
1.Жалпы жоболор.
1.Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексинде (мындан ары- Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2.Комиссия Талаа-Булак айылаймагынын айылдык кеӊеши тарабынан түзүлѳт жана туруктуу иштѳѳчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жѳнүндѳ жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айыл аймагынын айылдык кеӊештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия ѳз ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жѳнүндѳ кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия айыл аймагынын айылдык кеӊештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январьдан кеч эмес ѳткѳн календарлык жылда аткарган ѳз иштери тууралуу отчет даярдап айыл аймагынын айылдык кеӊешине киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлѳт.
2. Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын тѳрагасынын, тѳрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчѳлѳрүнүн курамында түзүлѳт.
9. айыл аймагынын айылдык кеӊеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына тѳмѳндѳгүлѳр киришет:
-айылдык кеӊештин депутаттары
-муниципалдык кызматчылар
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү (макулдашуу боюнча)
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрү (макулдашуу боюнча)
Комиссиянын тѳрагасы комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон комисиянын мүчѳлѳрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн 21 жашка толгон, атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчѳсү боло алат.
11. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлдѳрүнѳн:
-соттун чечими менен аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген деп табылган
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулу бар
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтолулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиясынын мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук адамдар Комиссиянын мүчѳсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары айылдык кеӊеш Комиссияны түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган күндѳн тартып башталат жана Комиссиянын жаӊы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ѳкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчѳсү ѳз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндѳ арыз берген учурда
- Комиссиянын мүчѳсү муниципалдык кызматын токтоткондо
- Комиссиянын мүчѳсүнѳ карата соттун айыптоочу ѳкүмү күчүнѳ киргенде
-күчүнѳ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчѳсү болуп эсептелген адам аракетке жѳндѳмсүз же аракетке жѳндѳмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же ѳлгѳн деп табылганда
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчѳсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда
- Комиссиянын мүчѳсү ѳлгѳндѳ
-Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде
- Комиссиянын мүчѳсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда
-айылдык кеӊештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтү аяктаганда
-жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан ѳз ѳкүлүн кайра чакырып алганда
токтотулат.
14. Комиссиянын жаӊы мүчѳсү Комиссиянын мурдагы мүчѳсүнүн ыйгарым укеуктарын токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндѳн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ѳз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда айылджык кеӊештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаӊы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндѳн кеч эмес түзүлѳт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жѳнүндѳ иштерди отурумда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнѳ карата) ѳткѳрүлѳт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мѳѳнѳттѳрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн үчтѳн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчѳлѳрүнүн жарымынан кѳбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жѳнүндѳ ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкѳндѳн баштап он күндүк мѳѳнѳттѳ, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21.Айыл ѳкмѳт башчысы ѳз чечимдери менен бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндѳ чыгарат.
23. Комиссия бузуу жѳнүндѳ ишти карап чыгып:
а) тѳмѳндѳгү токтомдордун бирин чыгарат:
-жаза чарасын колдонуу жѳнүндѳ
-туумду кошуп эсептѳѳ жѳнүндѳ (Кодекстин 29-беренеси)
-иш боюнча ѳндүрүштү кыскартуу жѳнүндѳ.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жѳнүндѳ токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзѳгѳ ашырылат.
4.Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасы уюштурат.
26. Бузуу жѳнүндѳ иштерди кароодо Комиссиянын мүчѳлѳрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
-комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жѳнүндѳ иштердин материалдары менен таанышууга
-бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча иликтѳѳгѳ жана далилдерге баа берүүгѳ катышууга
-комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкулоого жана добуш берүүгѳ катышууга
-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого
-комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюууга.
Тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу:
-бузуу жѳнүндѳ иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгѳ
-бузуу жѳнүндѳ иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгѳ
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын тѳрагасы, Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары, тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектѳѳ
-Комиссиянын отурумдарында тѳрагалык кылуу
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү.
Комиссиянын тѳрагасы, Комиссиянын мүчѳсүнүн укуктарынан сырткары,
тѳмѳнкүдѳй укуктарга ээ:
-ѳз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгѳ
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгѳ
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29.Комиссиянын тѳрагасынын орун басары Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттеринен сырткары
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат
-Комиссиянын тѳрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчѳсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат
-ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
-бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат
-Комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат
-Комиссиянын отурумдарын протокулун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамалага жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамаларга же токтомдорго даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын же токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт.
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченнемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статитстикалык отчеттуулукту жүргүзѳт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда, анын милдеттерин Комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн, коргоочунун, ѳкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ѳз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат
34. Бузуулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
35.Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы, дайындалган кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек .
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын тѳрагасына билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
36. Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт, ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37. Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жѳнүндѳ протокол, жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн ирээтинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипке кол коюлган Комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Бардык документтер кѳктѳмѳгѳ алардын тексти кѳрүнүп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
38. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды камтыйт.
39. Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казыначылыктын райондук (шаардык) бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41. Комиссия тѳмѳндѳгүдѳй эсеп журналдарды жүргүзѳ алат:
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жазоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4 тиркеме)
42. Журналдардын барактары номурланган, кѳктѳлгѳн, мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя (паста) менен жазылат
43. Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү -3 жыл, бузуулар жѳнүндѳ журналдарды сактоо мѳѳнѳтү -5 жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына Кыргыз Республкасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын тѳрагасынын уруксатысыз берилбейт.