Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №18/2
Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентинин негизинде иштелип чыккан “Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламентин» талкулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин регламенти» бекитилсин
2. Айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аксакалдар соттору регламенте көрсөтүлгөн талаптарды сакташсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
| Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын 28.12..2018-ж ХVIII-сессиясынын № 18/2 токтому менен бекитилген
|
Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотторунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
1-глава. Жалпы жоболор.
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыкты Талаа-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жѳнгѳ салат.
2.Аксакалдар соту- бул ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана ѳз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жѳнѳтүүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте кароону жүзѳгѳ ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3.Аксакалдар сотунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлѳ Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ Кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ Кодекси, Жоруктар жѳнүндѳ Кодекси), Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» Мыйзамы түзѳт.
4. Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчѳсү - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткѳн жалпы орто билимге ээ, кѳрсѳтүлгѳн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айыл калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жѳндѳмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчѳсүн чыгарып салуу – талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчѳсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептѳѳгѳ негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчѳсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтѳн экисинен кем эмес мүчѳсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндѳгү чыгарылган токтому.
Таасир кѳрсѳтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндѳ күнѳѳлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
5. Аксакалдар соту жылына бир жолу – июнь айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди (материалдарды) кабыл албайт, карабайт.
II-глава. Аксакалдар сотун уюштуруу тартиби.
6. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын ѳкүл болуп шайланган мүчѳлѳрүнүн катышуусу менен ѳткѳрүлѳт. Ɵкүлчүлүктүн нормасын айыл аймагынын айылдык кеӊеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтү аныктайт.
7. Аксакалдар соту 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдѳ так болууга тийиш. Аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү жергиликтүү жамааттын ѳкүлчүлүктүү чогулуштарында ачык добуш берүү менен үч жылдык мѳѳнѳткѳ шайланышат. Чогулушка катышкандардын кѳпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелинет.
8. Мыйзамдын 10-беренесинде кѳрсѳтүлгѳндѳй аксакалдар соту эреже катары айыл аймакта бир калктуу конушта бир аксакалдар соту, болбосо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ – бир аксакалдар соту, соту принциби боюнча түзүлѳт.
9. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш тѳмѳнкүдѳй тартипте жүргүзүлѳт:
9.1.Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси боюнча ѳткѳрүлгѳн учурда, чогулуш ѳткѳрүүдѳн бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту ѳткѳрүүнүн датасын, убактысын жана ордун Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашат. Тиешелүү аймакта жашаган жарандарды шайлоо күнү жѳнүндѳ кабарландыруу Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чогулуш болордон бир ай мурда жүргүзүлѳт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш ѳтѳрү тууралуу кабарлоо кѳчѳлѳргѳ жана үйлѳргѳ кулактандырууларды илүү, Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кѳчѳлѳрдү жана үйлѳрдү кыдырып айтуусу аркылуу ишке ашырылат.
Аксакалдар сотунун мүчѳлүгүнѳ талапкерлер Мыйзамда аныкталган талаптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү аныктаган чѳлкѳмдүк бѳлүктѳрдүн (квартал, кѳчѳ жана үйлѳрдүн тобу) ар биринен кѳрсѳтүлүшү керек.
9.2. Жергиликтүү жамааттын ѳкүл болуп шайланган мүчѳлѳрүнүн катышуусу менен ѳткѳрүлгѳн чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жѳнѳкѳй кѳпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун тѳрагасы жана катчысы алып барат.
9.3.Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулушту ѳткѳрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны чогулбаган учурда, чогулушту ѳткѳрүү ушул күнгѳ карата 15 күндѳн ашык эмес белгилүү бир мѳѳнѳткѳ которулат.
9.4. Аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүн шайлоо боюнча чогулушту ѳткѳрүү үчүн жергиликтүү жашоочуларды керектүү саны кайрадан чогулбаган учурда Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү аймактын коомчулугунун (кварталдык же үй комитети, аялдар жана жаштар кеӊеши, ардагерлер кеӊеши ж.б.) ѳкүлдѳрү менен бирдикте тиешелүү аймактын жашоочуларынын ичинен аксакалдар сотунун мүчѳлүгүнѳ талапкерлерди кѳрсѳтѳт жана бекитүү үчүн Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешке сунуштайт.
9.5. Жергиликтүү жамаатын чогулушунда шайланышкан аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүн бекитүү жѳнүндѳ Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊештин токтомунун долбоорун Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү даярдап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоору шайланышкан аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүн чакыруу менен Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.
9.6. Аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү бекитилгенден кийин 7 календардык күндүн ичинде алар тарабынан ѳз курамынан аксакалдар сотунун тѳрагасы жана катчысы шайланат. Аксакалдар сотунун тѳрагасын жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунун курамы толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн анын тѳрагасы жана катчысы уюштурушат.
10.Аксакалдар сотун каттоодон ѳткѳрүү тѳмѳндѳгүдѳй тартипте жүргүзүлѳт:
10.1.Мыйзамдын 11-беренесинде жана ушул Регламентте кѳрсѳтүлгѳн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун тѳрагасы аксакалдар сотун каттоодон ѳткѳорүү тууралуу Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊештин тѳрагасынын наамына арыз менен кайрылат.
10.2.Мыйзамдын 12-беренесинде жана ѳзүнүн Регламентинде кѳрсѳтүлгѳн тартипте Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊеши жаӊыдан түзүлгѳн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан ѳткѳрѳт, (Кыргыз Республикасынын Жогорку соту) жергиликтүү кеӊеш бекиткен үлгүдѳгү аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүнүн күбѳлүгүн, каттоо күбѳлүгүн берет.
10.3.Мурда түзүлгѳн аксакалдар соту кайрадан эсепке алуу каттоосунан ѳткѳрүлбѳйт жана ага каттоо күбѳлүгү берилбейт.
11. Мыйзамдын 11-беренесинде каралган аксакалдар сотунун мүчѳсүн терс жүйѳѳлѳр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жѳнүндѳ ченемди ишке ашыруу тѳмѳндѳгүдѳй тартипте жүргүзүлѳт.
11.1.Ал чѳлкѳмдѳн терс жүйѳѳлѳр боюнча соттун курамынан чыгаруу/чакырып алуу жѳнүндѳ маселе кѳтѳрүлүпжаткан аксакалдар сотунун мүчѳсү шайланган тиешелүү аймактагы (тиешелүү калктуу конуштагы) жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү жергиликтүү кеӊешке анын жүктѳлгѳн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм-турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчѳсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды жана/же документтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчѳнүн ордуна ѳздѳрүнүн аймагынан кѳрсѳтүү үчүн жаӊы талапкерлерди сунуштай алышат.
11.2. Аксакалдар сотунун мүчѳсүн мѳѳнѳтүнѳн мурда курамдан чыгаруу/чакырып алуу тууралуу чечим Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊештин сессиясында кабыл алынат.
11.3. Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчѳсүнүн ордуна жаӊы мүчѳнү шайлоо Мыйзамдын 11-беренесинде, ушул Регламенттин 5, 6.1-6.3-пункттарында кѳрсѳтүлгѳн тартипте жүргүзүлѳт.
III-глава. Аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого даярдоонун
жана кароонун тартиби.
12.Аксакалдар соту Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ Кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ Кодекси, Жоруктар жѳнүндѳ Кодекси), Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жѳнүндѳ» Мыйзамы менен аныкталган иштерди (материалдарды) карашат.
13. Аксакалдар сотунда келип түшкѳн иштерди (материалдарды) кабыл алуу, кароого даярдоо тѳмѳндѳгүдѳй тартипте жүргүзүлѳт:
13.1. Аксакалдар сотунун кароосуна келип түшкѳн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкѳн күнү зарыл маалыматтарын кѳрсѳтүү менен атайын журналга катчы же тѳрага (же атайын кыска мезгилге бекитилген соттун мүчѳсү) тарабынан катталат.
13.2. Аксакалдар сотунун тѳрагасы жана мүчѳлѳрү келип түшкѳн бардык иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдѳ ушул ишти кароо аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгүн, соттун мүчѳсүн соттун курамынан чыгаруу жѳнүндѳ ѳтүнүчтүн (ходатайствонун) бар же жок экендигин аныкташат.
13.3. Аныктоонун жыйынтыгында:
13.3.1. Мыйзамдын 15-беренесинде каралган аксакалдар сотунун компетенциясына кирбей турган келип түшкѳн иштер (материалдар) соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарына белги коюу менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат;
13.3.2. Аксакалдар соту ишти кароонун убакытын жана ордун дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алат.
13.4. Соттун тѳрагасы, ошондой анын тапшыруусу боюнча соттун мүчѳсү ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзѳт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды, жабырлануучуну, күбѳлѳрдү сурайт же алардан түшүнүк алышат.
Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгѳн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жѳнүндѳгү маалыматтар кѳрсѳтүлѳт.
14.Ишти (материалдарды) кароо 16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүн (ата-энесин, кѳзѳмѳлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарландырат.
15. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мѳѳнѳтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурумуна катыша турган адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17-беренелеринде кѳрсѳтүлгѳн тартипте аткарат.
IV-глава. Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби.
16. Аксакалдар сотунун иши отурум түрүндѳ ѳтѳт. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер (материалдар) олуттуулугу боюнча каралат. Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнѳ карата ѳткѳрүлѳт. Аксакалдар сотунун отурумун ѳткѳрүүнүн мезгилдүүлүгү иштерди Мыйзамда каралган мѳѳнѳттѳрдѳ кароону камсыз кылгандай болууга тийиш.
17. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер коллегиалдуу – соттун тѳрагасынын жана мүчѳлѳрүнүн катышуусу менен каралат.
Аксакалдар сотунун курамынын так сандагы үчтѳн экиси катышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теӊме-теӊ (барабар) болгондо тѳраганын добушу чечүүчү болот.
Соттук отурумда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маселелер аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүк добушу менен чечилет.
18. Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башталганга чейин паспортун же ѳздүгүн тактоочу башка документин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана тѳрагага кабарлайт.
19. Соттун тѳрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мүчѳсү аксакалдар сотунун отурумун ачат, соттун курамын, карала турган ишти (материалдарды) жарыялайт.
20. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылыгы болгон учурда, мыйзамдуу ѳкүлдѳрдүн сѳзсүз (милдеттүү) катышуусу менен каралат.
21. Аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү ишти кароонун каалаган этабында тараптардын ѳз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуу бир бүтүмгѳ келүү менен жарашуу мүмкүндүгү бар экендигин тараптардын эсине салып турушат.
22. Отурумду ѳткѳрүүдѳ аксакалдар соту жабырлануучунун, анан жоопкердин түшүндүрмѳлѳрүн угат. Процесске катышып жатышкан күбѳлѳр жана башка адамдар соттун мүчѳлѳрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан, аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.
23. Аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү күбѳлѳрдүн кѳрсѳтмѳлѳрүнѳн сырткары иштери башка далилдерди алышат жана талдап изилдешет.
V-гава. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу.
24. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) карап чечим чыгарууда:
24.1. Ишти (материалдарды) карап бүткѳндѳн кийин аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү иштин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу үчүн отурум ѳтүп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо ѳздѳрү башка жакка чыгышат.
24.2.Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчѳсү ѳзүнүн ѳзгѳчѳ пикирин айтат, жазат жана ал чечимге тиркелет.
24.3.Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом жазылат.
24.4.Аксакалдар сотунун протоколу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 229-231 беренелеринде кѳрсѳтүлгѳн талаптарга ылайык жүргүзүлгѳнү максатка ылайыктуу.
24.4.1. Протокол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрүшүндѳ, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир ѳз алдынча процесстик аракеттер баяндалат. Протокол так жана кыска, кош маанилүү болбогондой, процессте болуп ѳткѳн бардык аракеттерди, сүйлѳгѳндѳрдүн сѳздѳрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштүрүүнүн жүрүшүндѳ болуп ѳткѳн бардык болгон окуяларды калтырып (аттап кетпей), жазылышы керек.
24.4.2. Протокол компьютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлѳт.
24.4.3. Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет.
24.4.4. Протоколго сот отурумунун тѳрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. Протокол соттун мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт.
24.5. Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндѳ, жазуу жүзүндѳ чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо, жүйѳѳ жана корутунду (резолютивдик) бѳлүктѳрдѳн турат.
24.5.1. Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бѳлүгүндѳ аксакалдар сотунун аты, чечимди чыгаруунун убагы жана орду, соттун, ишке катышкан адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуну, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдугу кѳрсѳтүлѳт.
24.5.2. Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо бѳлүгүндѳ арыз ээсинин (доогердин) талаптары, же болбосо укук бузуунун маӊызы, коюлган талапка каршы пикирдин жүйѳѳлѳрү, ишке катышкан адамдардын түшүндүрмѳлѳрү кѳрсѳтүлгѳн.
24.5.3. Аксакалдар сотунун чечиминин жүйѳѳ бѳлүгүндѳ аксакалдар соту тарабынан каралган иш боюнча аныкталган жагдайлар, аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер, ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйѳѳлѳр, чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары камтылат.
24.5.4. Корутунду бѳлүгү каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартибин жана ченемди аткаруунун мѳѳнѳтүн камтууга тийиш. Корутунду бѳлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
24.5.5. Чечимге аны отурумда жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун тѳрагасынын жана мүчѳлѳрүнүн колдору коюлат.
24.5.6. Кѳпчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мүчѳсү бул чечимге кол коюшу жана ѳзүнүн ѳзгѳчѳ пикирин жазуужүзүндѳ баяндашы зарыл. Ɵзгѳчѳ пикир ишти олуттуу чечүүнүн олуттуулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.
25.Мыйзамдын 28-беренесинде кѳрсѳтүлгѳндѳй:
25.1. Аксакалдар сотунун чечими тѳмѳндѳгү таасир кѳрсѳтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнѳѳлүү тарапка милдеттендирүү;
д) акчалай жазапул салуу.
25.2. коомдун таасир кѳрсѳтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеӊири чечмеленүүгѳ жатпайт.
25.3. Таасир кѳрсѳтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнѳѳсүнѳ ылайык жана ѳлчѳмдүү түрдѳ, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдардагы жана элдик салт-адаттардагы ченемдерди эске алуу менен дайындалат.
26. Каралып жаткан иштер (материалдар) боюнча соттук ѳндүрүш тараптардын жарашуу жѳнүндѳгү макулдашууга (бүтүмигѳ) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкѳндүгүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин ченемдерине, Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жѳнүндѳ аксакалдар сотунун аныктамасы чыгарылат.
27. Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жѳнүндѳ чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечиминин кѳчүрмѳсүн жана кабыл алынган формадагы жазапул квитанциясын берет.
28. Аксакалдар сотунун чечими чечимде кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳ аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзүп турат.
29. Тараптар белгиленген мѳѳнѳттѳ чечимди аткарбаган учурда:
29.1. Мыйзамдын 32-беренесинде кѳрсѳтүлгѳн тартипте аксакалдар соту мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын берүү жѳнүндѳ арыз менен райондук сотко кайрылат;
29.2. Мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын берүү жѳнүндѳгү арызга тѳмѳндѳгү документтер тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдѳ күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсү;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жѳнүндѳгү арыздын кѳчүрмѳсүн башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жѳнүндѳ кабарлама же башка документ;
4) арызга кол коюучу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.
29.3. Райондук сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык Кодексинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
VI- глава. Аксакалдар сотунун башка органдар менен ѳз ара мамилеси.
30. Аксакалдар соту айыл аймагынын айылдык кеӊештен каттоодон ѳтүп, каттоо күбѳлүгүн алгандан кийин 10 күн ичинде ѳзү жайгашкан райондун аймагындагы райондук сотко, райондук ички иштер бѳлүмүнѳ каттоо күбѳлүгүнүн кѳчүрмѳсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.
31.Райондук сот Мыйзамдын 34-беренесине ылайык:
31.1.Аксакалдар соттору менен байланыш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам кѳрсѳтүүгѳ жана окууларды ѳткѳрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;
31.2. Аксакалдар соту айылдык кеӊештен каттоодон ѳткѳндѳн кийин бир айдын ичинде айыл ѳкмѳтү жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашып, райондук ички иштер бѳлүмүнүн жетекчилерин катыштырып, аксакалдар соту үчүн нускамалык-усулдук семинар-кеӊешме ѳткѳрѳт;
31.3. Кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсѳ) ѳз кеӊсесинде же жеринде жолугушуу ѳткѳрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндѳ да) түшүндүрмѳлѳрдү берет;
31.4. Аксакалдар сотунун тѳрагасынын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдѳѳсүнүн жүрүшүндѳ аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага зарыл жардамдарды кѳрсѳтүшѳт;
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык:
31.5. Аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу боюнча зарыл кѳмѳктѳрдү кѳрсѳтүшѳт.
32. Аксакалдар соту кварталына бир жолу:
32.1. Райондук сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча;
32.2. Райондук ички иштер бѳлүмүнѳ сот отурумдарынаукук бузган жоопкерлерди алып келүүнүн, сот отурумунда коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча маалымат;
32.3. Айыл ѳкмѳтүнѳ калган бардык маселелер, анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотто каралган иштер (материалдар) боюнча маалымат;
Каттарды жиберет.
33. Аксакалдар сотуна райондук сот тарабынан кѳрсѳтүлүүчү усулдук жардам тѳмѳндѳгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:
1) аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айтканда келип түшкѳн арыздарды текшерүү, жабырлануучуларды, күбѳлѳрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын ѳздүгү тууралуу маалыматтар ж.б.у.с.);
2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун мѳѳнѳттѳрүн;
3) сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн (процессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунун чечимине даттануунун тартибин;
4) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүүнүн;
5)аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун жана жаза берүүнүн тартибин.
34. Райондук ички иштер бѳлүмү:
34.1. ѳзүнүн буйругу менен аксакалдар соту менен иштѳѳгѳ жооптуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн бекитет;
34.2. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсѳ) ѳз кеӊсесинде же жеринде жолугушуу ѳткѳрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндѳ да) түшүнмѳлѳрдү берет;
34.3. Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбѳлѳрдү, зарыл болгон учурларда, арыз ээлерин) отурумга чакырууну, зарыл болгон учурда аларды мажбурлап алып келүүнү, соттук отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылууну милициянын аймактык ыйгарым укуктуу ѳкүлү аркылуу жүргүзѳт.
35.Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл ѳкмѳтү):
1) жергиликтүү кеӊеш эсепке алуучу каттоо жүргүзгѳндѳн кийин аксакалдар сотуна анын аты жазылган мѳѳр берет;
2) аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүн шайлоо жана ѳз ишмердүүлүгү жѳнүндѳ отчет берүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрүнүн чогулуштарын ѳткѳрүүгѳ аксакалдар сотуна кѳмѳк кѳрсѳтѳт;
3) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнѳ тиешелүү ѳзүнүн чечимдери жана жергиликтүү кенештин токтомдору менен аксакалдар сотунун тѳрагасын тааныштырууну жүргүзѳт;
4) аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгѳ жардам кѳрсѳтѳт;
5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгѳ жардам берет;
6) айыл ѳкмѳтүнүн буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын ѳткѳрүү үчүн имаратты (имараттын ичиндеги бѳлмѳнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);
7) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, ѳзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга кѳмѳк кѳрсѳтѳт;
8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мѳѳнѳтү аяктаганда алар караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралуу күбѳлүгүн жана мѳѳрүн жана аксакалдар сотунун ѳтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
36. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзѳт жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун жергиликтүү кеӊешке жана райондук сотко жѳнѳтѳт.
37. Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес ѳз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын чогулуштарында, конференцияларында же ѳзүн каттоодон ѳткѳргѳн жергиликтүу кеӊештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумунда) отчет берет.
VII-глава. Аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүү.
38.Аксакалдар сотунда кабыл алынган иштерди (материалдарды) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлѳт.
39. Журналдардын барактары номурланат, кѳктѳлѳт жана мѳѳр менен бекитилет.
40. Кабыл алынган материалдарды эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда аксакалдар сотунун тѳрагасынын уруксатысыз ѳткѳрүлүп берилбейт же колго берилбейт.
41. Журналдарды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын ѳз убагында жазылышы жана ишенимдүүлүгү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик тартат.
42. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндѳ иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат.
43. Журналдарды жана иштерди (материалдарды) сактоонун мѳѳнѳтү үч жыл жана бул мѳѳнѳт ѳткѳндѳн кийин алар тизим (опись) боюнча айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүлүп берилет.
VIII-глава. Аксакалдар сотун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу.
44. Аксакалдар сотунун иршин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотунун мүчѳлѳрүн акчалай сыйлоо тѳмѳнкү каражаттардын эсебинен жүзѳгѳ ашырылат:
1) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкѳн каражаттардын эсебинен;
3) ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан спонсорлук жардам иретинде түшкѳн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен;
4) жергиликтүү кеӊеш, айыл ѳкмѳтү тарабынан түзүлгѳн (табылган) бюджеттен сырткары, акчалай жана материалдык каражаттардын, тѳлѳмдүк жана башка жеӊилдиктердин эсебинен.
45. Аксакалдар соту салган жазапулдардан түшкѳн каражаттардын 70% аксакалдар сотунун тѳрагасы менен макулдашылган айыл ѳкмѳтү түзгѳн сметага ылайык аксакалдар сотуна бѳлүнүп берилет.
46. Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктын райондук бѳлүмү менен атайын эсепке түшкѳн жазапулдар боюнча текшерүү (сверка) жүргүзүп турат.