Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-февралы №18
Айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 22-январындагы №1 протоколунун негизинде айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2023-жылдар аралыгына Келечек планын карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2019-2023-жылдар аралыгына Келечек планы бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, каттоо реестр журналына катталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Темиров Э.А. |
|
|
| Теплоключенка айылдык кенешинин 2019-жылдын 6-февралындагы №18 токтому менен бекитилген
|
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району
Теплоключенка айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин
Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун
КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ
2019-2023
| Теплоключенка айылдык кенешинин 2019-жылдын 6-февралындагы №18 токтому менен бекитилген
|
Иштөө мөөнөтү: 2019-2023-ж.ж.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы (мындан ары - Келечек план) - жергиликтүү калктын таламдарын максимум эске алуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин экономикалык жактан максаттуу, сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануунун узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү келечегин аныктоочу план.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду - мамлекеттик менчикте турган жана айыл чарба жерлеринен түзүлгөн (жайытты кошпогондо) жер участкалары
Кириш сөз
Теплоключенка айыл аймагынын айыл өкмөтү (мурда Теплоключенская сельская управа)1996-жылы түзүлгөн. Айыл аймак Теплоключенка жана Лесное айылдарынан турат. Теплоключенка айылы Ак-Суу районунун борбору болуп эсептелет.Жалпы калктын саны 13428 адам, көп улуттуу аймак, 2830 түтүндөн турат. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынан 12 км жана темир-жол түйүнөн 220 км аралыкта жайгашкан. Деңиз денгээлинен 1825 м бийиктикте турат.
Климаты континенталдуу кургак, жаан-чачындын орточо айлык нормасы 600-700 мм түзөт.
Батыш жана түштүк тарабынан Октябрь айыл аймагы жана чыгыш тарабынан Кереге-Таш айыл аймагы менен чектешет. Жалпы айыл чарба жеринин аянты 6369,3 га, анын ичинен сугат айдоо жер 4418.0га. кайрак айдоо жер 175 га. 61.19га “Ак-Сай”көп жылдык бак дарактар 43.20га.чөп чабыш 98.0га.Мамлекеттик фондунун (жерди кайра бөлүштүрүү фондунун) жалпы аянты 1497.0га, анын ичинен сугат айдоо жери 1320.2 га; кайрак айдоо жери 135.80га.чөп чабыш 28 га; көп жылдык бак дарактар 13,0га; айылга жакын жайгашкан жайыттын аянты 1637.0га га. Айыл аймагындагы жайыттар жаздоо, күздөө жана кыштоо жайыттарыүчүн пайдаланылат, жайлоо жайыттары Ак-Суу токой чарбасынын аймагында жана сырт өрөөнүндө.
Айыл аймагынын Алтын-Арашан жана Алмалуу жайытынан Ак-Суу дарыясы агып өтөт. Жайыт чегинде 17 табигый булак бар. Айыл аймагында адамдардын негизи жашоо булагы болуп мал чарбасы жана дыйканчылык болуп эсептелет.
Жер структурасында эгин 2220 га, картошка 1100 га, көп жылдык чөп 1113 га, бир жылдык чөп 184 га, жашылча 80 га жер аянтын ээлейт. Жергебиздеги 118 дыйкан жана фермердик чарбалар үй-бүлөлүк киреше булагын көбөйтүү максатында жылдан жылга киреше берүүчү өсүмдүктөр менен катар эле төрт түлүк малдын башын көбөйтүү аракетинде.
6600 баш бодо мал, 18099 баш кой баласы, 1970 баш жылкы, 15468 канаттуулар катталган. Айыл өкмөтүнүн эсебинде 128 даана трактор, 19 даана эгин себүүчү агрегаттар, 40 даана соко, 90 даана тырмоок, 15 даана чөп чапкычтар, 10 даана эгин чабуучу комбайндар, трактордук чиркегич (прицеп) 60 бар. Айыл өкмөтүнүн карамагында 2 гимназия-мектеп, 2 бала-бакча, маданий-спорттук комплекс, райондук тарыхый музей жайгашкан имарат, №2 база бригадасы жана райондук стадион ,ДЮСШ турат, койлорду жуучу купка.
Теплоключенка айыл өкмөтү болгон баардык ресурстарды колдонуу бүгүнкү күндө айыл аймак боюнча төмөндөгү маселелерди чечүү керек экендигин белгилейт:
1. Жогорку түщүм бере турган дан эгиндеринин алдыңкы сортторун алып келип жайылтуу.
2. Картошканын ун жана чипсы чыгарууга боло турган сортторун алып келүү.
3. Ар гектардан кирешени көп бере турган өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн өстүрүп көрүү: булар гречиха, төө бурчак жана башкалар.
4. Айыл аймагыбыздагы үрөнчүлүк чарбаларына колдоо көрсөтүү.
5. Малдын продуктуулугун көтөрүү максатында уйларды жасалма жол менен уруктандуруу пункту жакшыртуу.
6. Сүттү, этти кайра иштетүү цехтерди ачуу.
7. Жайыттарды ирээтке келтирүү.
8. Картошканы кайра иштетүүчү заводу ишке берүү.
9. Машина-трактор паркын жаңылоо максатында «Айыл-Банк» акционердик коому жана башка инвесторлорду таап иштөө.
Агроөнөр жай сектору
Айыл чарбасы айыл өкмөтүндө өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары бойдон кала бермекчи. Экономиканын бул секторун өнүктүрүүдө топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамиле кылуу айыл жергесинде социалдык чыңалууну жеңилдетүүгө жана бүтүндөй алганда айылды өнүктүрүүнүн келечектүү милдеттерин чечүүгө комплекстүү мамиле кылууга мүмкүндүк берет.
1-бөлүм. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу
Мамлекеттик фондунун жерлерин өлчөмү: | МФЖ пайдалануу, жылы | ||
контурлар | жердин аянты, га |
|
|
987 | 4.1 | сугат айдоо | 2019-2023 |
787 | 32 | сугат айдоо | 2017-2021 |
787 | 3 | сугат айдоо | 2019-2023 |
971 | 20 | сугат айдоо | 2017-2021 |
971 | 27 | сугат айдоо | 2013-2019 |
782 | 60.8 | сугат айдоо | 2013-2019 |
377 | 34.5 | сугат айдоо | 2017-2021 |
377 | 12,5 | сугат айдоо | 2018-2022 |
377 | 34 | сугат айдоо | 2019-2023 |
473 | 21 | сугат айдоо | 2015-2019 |
473 | 1 | сугат айдоо | 2019-2023 |
449 | 90 | сугат айдоо | 2015-2019 |
449 | 14 | сугат айдоо | 2019-2023 |
78 | 27.8 | сугат айдоо | 2014-2019 |
72 | 32.4 | сугат айдоо | 2014-2019 |
45 | 112.2 | сугат айдоо | 2014-2019 |
31 | 35.2 | сугат айдоо | 2017-2021 |
31 | 40 | сугат айдоо | 2019-2023 |
198 | 42.2 | сугат айдоо | 2019-2023 |
70 | 46 | сугат айдоо | 2014-2019 |
225 | 81.3 | сугат айдоо | 2013-2019 |
81 | 1.6 | сугат айдоо | 2016-2020 |
346 | 6.5 | сугат айдоо | 2016-2020 |
187 | 2.9 | сугат айдоо | 2016-2020 |
165 | 4.2 | сугат айдоо | 2015-2019 |
25 | 11.9 | сугат айдоо | 2019-2023 |
25 | 93 | сугат айдоо | 2019-2023 |
21 | 94.4 | сугат айдоо | 2019-2023 |
3 | 85.8 | сугат айдоо | 2016-2020 |
165 | 29.20 | сугат айдоо | 215-2019 |
78-11 | 10 | сугат айдоо | 2016-2020 |
70-11 | 5 | сугат айдоо | 2017-2020 |
70-1 | 10 | сугат айдоо | 2017-2020 |
69 | 7 | сугат айдоо | 2015-2019 |
55 | 4.6 | сугат айдоо | 2016-2020 |
68 | 10 | сугат айдоо | 2015-2019 |
14 | 10.6 | сугат айдоо | 2016-2020 |
76-1 | 5 | сугат айдоо | 2016-2020 |
77-1 | 5 | сугат айдоо | 2016-2020 |
77-11 | 3 | сугат айдоо | 2016-2020 |
84 | 3.4 | сугат айдоо | 2015-2019 |
200 | 33.8 | сугат айдоо | 2015-2019 |
67 | 6.2 | сугат айдоо | 2017-2021 |
78 | 3.2 | сугат айдоо | 2015-2019 |
211, 204 | 5.3 | сугат айдоо | 2017-2021 |
231 | 7.8 | сугат айдоо | 2014 -2019 |
231 | 1 | сугат айдоо | 2019-2023 |
186 | 3.6 | сугат айдоо | 2018-2022 |
339 | 54.6 | сугат айдоо | 2017-2018-2021-2022 |
343 | 20.6 | сугат айдоо | 2016-2020- |
343 | 6 | сугат айдоо | 2018-2022 |
|
|
|
|
361 | 7.2 | сугат айдоо | 2018-2020 |
103 | 2 | сугат айдоо | 2019-2023 |
17, 18, 19 | 20.60 | сугат айдоо | 2019-2023 |
1153, 1093, 1109, 1145, 1140 | 23.8 | кайрак айдоо | 2016-2020 |
1215, 1196, 1199, 1197 | 28 | кайрак айдоо | 2016-2020 |
1006 | 12.7 | кайрак айдоо | 2016-2020 |
1004 | 7.2 | кайрак айдоо | 2016-2020 |
995 | 17 | кайрак айдоо | 2017-2021 |
979 | 26.5 | кайрак айдоо | 2018-2023 |
978 | 12.8 | кайрак айдоо | 2018-2023 |
791 | 9.9 | бак | 2016-2036 |
791 | 3.10 | бак | 2015-2019 |
60, 203 | 28 | чабынды | 2016-2020 |
Бардыгы: | 1497 |
|
|
2019-жылга карата аяктаган 132 келишим ижарга конкурс аркулуу бериле турчу жер аянтары №25 контурдан 93,0га, №31 контурдан 40,0га; №787 контурдан 3,0га, №971 контурдан 27,0 га; №377 контурдан 34,0га ижара №231 контурдан 1,0га, №473 контурдан 1,0га, №449 контурдан 14,0га баардыгы 213 га айдоо сугат жер анын ичинен 20% пайызы 42га аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жазылган арыздын негизинде каралат.
Конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга берилери пландаштыруулууда. Жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн болгон күч аракеттер жумшалат. Азыркы учурда ижарага жер сураган кишилердин саны 132.
2019-жылга карата конкурс аркылуу 5 жылга берилетурчу 213 га сугат жердин баштапкы ижара акысы жердин шартына жараша 2000-4000-5000 сом өлчөмүндө бекитилген, мындан сырткары жер салыгы 386 сом, социалдык төлөмдөр 373 сом.
Кооператив «Заря» азыркы учурда 258 га жер ижарага алууда, анын ичинен 47,3га кайрак жер 2019жылдын 1-ноябрында келишимдери аяктайт.
2. Пайдаланылбаган айыл чарба жерлер же жарым-жартылай пайдаланылган:
2019-жылы пайдаланбаган жердин (неиспользованные земли) аянты 81.60 га (анын ичинен сугат 63.10га, чөп чабык 18,5га) себеби: айылдан алыс 12-14км жайгашкандыгына байланыштуу жана жердин асылдуулугунун төмөн болушунан, сугат арыктары бузулгандыктан, жерлер түз эмес (аң-дөң,эн кеиш, таштак ж.б.), Каракол, Керегеташ, Октябрь айыл окмөттөрунүн малдары жайылып, тебелегендиктен
Ижарага бериле турган жерлер:
Түз берүү аркылуу ижарага 81.60 га жер бар, бул жерлер айыл тургундарынын арыздарынын негизинде берилет.
2020 жылы №21 контурдагы 2015 жылы берилген 94,40га, №25 контурдан -2.0га, №31 контурдан 4.0га, №377 контурдан 6.0га, №473 контурдан 5.0га, баардыгы болуп 111,40га келишим мөөнөтү буткөндүгүнө байланыштуу, конкурстун негизинде берилет, анын ичинен 20% пайызы 22.0га. аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жазылган арыздын негизинде каралат.
Теплоключенка айылынын күн-чыгыш-түштүк жагынан “Көк-Байпак” участкасынын тоо этегинен орун алган көп жылдык бак-дарактардын Абдыкеримов Рустам ижарага колдонуп жүргөн 9.0 гектар жердин 20-жылдык келишим мөөнөтү 2036-жылы бүтөт. (Азыркы убакта иштетип жаткан ижарачылар Шейкенов Турат 3.10га – келишим мөөнөтү 2019-жылы бүтөт, Абдыкеримов Рустам - 9.0га). Ижарачылар 9-жыл ичинде эч кандай жакшы шарттарды сунуш кылышкан жок, башкача айтканда алма бактардын арасындагы чөптөрдү чаапкандан башка). 2016-жылы 9.0 гектар жер конкурстун негизинде Теплоключенка айылынын тургундарынын арыздарынын негизинде, кимдин сунуш кылган бизнес пландарынын эң жакшы деп жер комиссиясынын курамы тапса, ижарачыларга көп жылдык мөөнөт 15-20 (он беш-жыйырма) жылга ижарага конкурстун негизинде берүү каралсын, анткени алма-бактардын көчөттөрү кеминде 50 (элүү) жыл мурун отургузулуп, эскилиги жетип, алма бактар жапайы алма болуп кеткен, ошондуктан ижарачылардын ижара келишимине жок дегенде 3-жылга чейин алма бактарды кыйып, эски алмалардын отундарынын 10 пайызын аз камсыз болгон үй булөлөргө таратып берүү, жерди айдатып, көп жылдык чөптөрду сээп, жаңы алма бактардын көчөттөрүн отургузуп, мал кирбес үчүн тегерегин коруу, кайтаруу милдеттендирилсин.
2021-жылы №449 контурдан 9,0га, №377 контурдан 4,0га, №971 контурдан 3,40га, №25 контурдан 8,0га, №31 контурдан 2,0га, №787 контурдан 3,0га, №473 контурдан 6.5га, №21 контурдан 4,0га бардыгы 39.9 га, анын ичинен 20% пайызы 8,0га аз камсыз болгон уй бүлөлөргө жазалган арыздарынын негизинде каралат.
2022-жылы №21-контурдан 2,0 га; №31-контурдан 22,0 га; №377-контурдан 6,0 га; №449-контурдан 3,0 га; №231-контурдан 2,0 га; №25-контурдан 2.0 га; №971-контурдан 1,0 га; №473-контурдан 1,10 га. баардыгы 39,10га анын ичинен 20% пайызы 8,0га аз камсыз болгон уй бүлөлөргө жазалган арыздарынын негизинде каралат.
2023-жылы №21-контурдан 2,0 га; №31-контурдан 3,0 га; №377-контурдан 12,50 га; №449-контурдан 7,0 га; №791-контурдан 1.0 га; №971-контурдан 4,80 га; №787 контурдан 1.0га. баардыгы 31.30га анын ичинен 20% пайызы 6,0га аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жазылган арыздын негизинде каралат.
2023-жылы 2019-жылдагы конкурстун негизинде берилген 213,0га сугат жердин 132 келишим мөөнөтү бүтөт.
3. Айыл чарба жерлеринин калктуу конуштарды кеңейтүүгө калтырылган жер тилкелери жөнүндө маалымат: Теплоключенка айылынын күн чыгыш жагынан орун алган №787 контурдан - 32.0га, түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан №971 контурдан - 47.0га, түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан №782 контурдан - 20.0га сугат жерлер калкты конуштарды кеңейтүүгө каралган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сугат жерлерди калктуу конуштарды кеңейтүүгө мараторий коюлгандыгына байланыштуу, Теплоключенка айылынын тургундарына үй салууга жер участокторун бере албай жатабыз. 2015 жылы Теплоключенка айылынын күн чыгыш-туштүк тарабында жайгашкан кайрак айдоо жерлеринен - 74.0га Теплоключенка айылынын Башкы мерчемине (Ген.планына) киргизилип, андан аркы кыла турган иш пландары каралып жатат.
4. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга болгон талаптар:
2019 жылы 543 адамдан ижарага жер алуу үчүн арыз берилген жана бериле турган жердин болжолдуу аянты 224,9 га. Бир адамга бериле турган ижара жеринен орточо көлөмү 1-2га. Айыл өкмөтүндө каттоодо 271 жакыр үй-бүлө бар. МФЖнен 10 га жеңилдетилген шарт менен түз сүйлөшүү аркылуу ижарага алууну каалаган жакыр адамдардан 10 арыз боюнча берилген.
I1-бөлүм. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин пландоо аймактары:
- Конкурс аркылуу берилүүчү экономикалык жактан кызыктырган жерлердин зонасы:
787-32.0га, 971-47.0га, 782-60,80га, 377-81.0га.
- конкурс аркылуу берилүүчү жерлердин зонасы:
473-22.0га, 449-90.0га, 31-75 - 20га, 25-50,0га, 21-94,4га., 225-81,3га, 231-7,80,га.
- талап болбогон жерлердин зонасы: 54.90га 72-32,4га, 78-27,8га, 45-112,2га, 198-42,2га, 70-46,0га, 3-85,8га, 165-25га, 78-2-10га, 70-2-5,0га, 70-1-10га, 69-7,0га, 55-4,60.га, 60-10,0га, 14-10,60га, 76-1-5,0га, 77-1-5,0га 77-2-6,40га, 200-33,80га, 67-6,20га, 78-3,20га, 211-5,30га, 186-3,60га, 339-54,60га, 343-26,6га, 103-2,0га, 81-1,60га, 346-6,50га, 187-2,90га, 165-4,20га, 17,18,19-28,3га, 1153,1093,1109-23,80га, 1215,1196,1194.
- мамлекеттик үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталуучу башка субъекттерге түз берүү жолу менен талап болбогон жерлерден ижарага берилүүчү жерлер: Теплоключенка айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик талап болбогон фондунун жерлери Теплоключенка айылынан 12-14 км аралыкта жайгашкандыктан, сугат арыктары бузулгандыктан, жерлер түз эмес (аң-дөң, энкейиш, таштак, сазга жакын жайгашкандыктан кээ бир жерлерин камыш басып кетет, кумдак ж.б.). Ошондуктан мамлекеттик үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары талап кылбайт, ал эми Теплоключенка айылынын тургундарынын арыздарынын негизинде түз жолу менен берилет. Ижара акысы 500.0сом - 1.0га, жер салыгы - 386.0сом, социалдык төлөмдөрү - 373.0сом;
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү: аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 1-2 категориядагы жерлерден 2019 жылы 42.0 га жер берүү, 2020-жылы - 22.0га, 2021-жылы - 8.0га, 2022-жылы -6.0га,
2023-жылы арыздарынын негизинде болүп берүү каралууда.
II1-бөлүм. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү:
Жалпы жоболор.
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери милдеттүү түрдө жерди натыйжалуу пайдалануу жана бардык агротехникалык талаптарды сактоо шартында кыска мөөнөттүү ижарага 5тен 7-жылга чейинки мөөнөткө, орто мөөнөттүү ижарага - 10 жылга чейин жана узак мөөнөттүү ижарага 50 жылга чейин берилет.
Фонддун сугат айдоо жер участкалары кыска мөөнөттүү гана ижарага берилет.
2. Келечек планда калктуу конуштардын жерлерин кеңейтүү үчүн аныкталган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери кыска мөөнөттүү гана ижарага берилет.
3. Айыл аймагында жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкаларынын ижарасынын так мөөнөттөрү жана өлчөмдөрү тиешелүү айылдык кеңеш (мындан ары жергиликтүү кеңеш) тарабынан белгиленет.
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планды иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырылат.
5. Келечек план графикалык жана тексттик бөлүктөрдөн турат.
6. Келечек пландын тексттик бөлүгү Келечек планды түзүп жаткан учурга карата Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун абалы тууралуу маалыматты камтыйт, атап айтканда:
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы саны жөнүндө (жер участкаларынын саны, алардын аянты, жерлердин түрлөрү);
- пайдаланылып жаткан жер участкалары жөнүндө (жер пайдалануучуларды, жердин түрлөрүн жана алардын жер участкаларынын өлчөмдөрүн, пайдалануу мөөнөттөрүн, ижара акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен);
- пайдаланылбай жаткан жер участкалары жөнүндө (жерлердин түрлөрү боюнча пайдаланылбай келген себептерин мөөнөттөрүн көрсөтүү менен);
- калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн резервге коюлган жер участкалары.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу тууралуу маалыматтын негизинде төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн тоорук (аукцион же конкурс) аркылуу жер участкаларын алуу керектөөлөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү аркылуу берүү үчүн жер пайдалануучулардын айрым категорияларынын: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын, социалдык багыттагы субъекттердин, мамлекеттик асыл тукум чарбалардын, үрөнчүлүк чарбалардын, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбалардын керектөөлөрүн аныктоо;
- калктуу конуштарды келечекте өнүктүрүү үчүн Фонддун жерлерин шарттуу аныктоо.
7. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкү жер-пландоо зоналарына бөлүнөт:
- аукцион аркылуу берилүүчү экономикалык жактан кызыктырган жерлердин зонасы;
- конкурс аркылуу берилүүчү инвестицияларды талап кылуучу жерлердин зонасы;
- талап болбогон жерлердин зонасы.
8. Жер-пландоо зоналарынын чегинде мамлекеттик үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталуучу башка субъекттерге түз берүү жолу менен талап болбогон жерлерден ижарага берилүүчү жерлер да аныкталышы мүмкүн.
9. Жергиликтүү кеңеш ошол айыл өкмөттүн аймагындагы социалдык багыттагы субъекттерге жана жакыр үй-бүлөлөргө жана жарандарга Келечек пландын жер-пландоо аймактарына ылайык экономикалык жактан кызыктырган жерлердин аймагынан түз берүү аркылуу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участокторун бергенге укуктуу.
Мында бериле турган жерлердин жалпы аянты Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин бардык жеринин 20% ашпашы керек.
10. Келечек пландын графикалык бөлүгү картографиялык материал түрүндө жер-пландоо зоналарын көрсөтүү менен түзүлөт.
11. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы айыл өкмөтү тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жергиликтүү органдарынын адистерин тартуу менен иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
12. Жергиликтүү кеңеш кароого киргизилген Келечек план менен макул болбогон учурда жергиликтүү кеңеш аны толуктап иштеп чыгууга жиберүүгө же ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүүгө укуктуу.
13. Жергиликтүү кеңеш жыл сайын айыл өкмөтүнүн башчысынын Келечек планды аткаруу, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүүсү жана пайдаланылышы тууралуу отчетун угат.
Ижарага берүү
14. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
15. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
16. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет:
- айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет; жер комиссиянын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумдарына байкоочу катары катышууга укуктуу.
17. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
18. Жер комиссиясы:
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;
- ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
19. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:
- жер комиссиясынын мүчөлөрү;- аукциончу.
20. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- аукционго, конкурска катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда КР мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
21. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар ушул Типтүү жободо белгиленген формада арыз (N 1 тиркеме) беришет жана тиешелүү документтерди берет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
22. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды кабыл алат жана атайын журналга каттайт; бардык документтерди кабыл алат жана аларды жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.
23. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (N 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү.
24. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
25. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.
26. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
27. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
28. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеңүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
29. Калган учурларда кепилдик төлөм:
- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;
- тоорук бүткөн убактан тартып;
- тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
30. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
Аукцион.
31. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
32. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу.
33. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
- аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
Аукционду өткөрүү
34. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
35. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
36. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
37. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
38. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө лротоколго кол коюуга тийиш. (N 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
39. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
40. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 6 тиркеме) түзүлөт.
41. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) 2-чи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
42. Белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес.Эгер экинчи тоорук ушул Типтүү жобонун 50-пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
43. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
Конкурс
44. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
45. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде а/ч жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
46. Конкурс а/ч жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары м/н аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).
Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
47. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
- бир катышуучу катышса;
- экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
48. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
49. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
50. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
Конкурс өткөрүү
51. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
52. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
53. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
54. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
55. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
56. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (N 5 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
- жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
57. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 6 тиркеме) түзүлөт. Белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
58.Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
59. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
Түз берүү
60. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;
- айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага алууну каалаган жактар;
- мамлекеттик асыл-тукум чарбалар, үрөнчүлүк чарбалары, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбалар КРнын мыйзамдарында каралган өлчөмдө;
- социалдык багыттагы субъекттер.
61. Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринсоциалдык багыттагы субъекттерге ижарага берүү
62. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.
63. Жер комиссиясы арыздарды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.
64. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
Айыл чарба жерлеринин МФнун бош калган жерлерин ижарага берүү
65. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынанкаралган жерлерден жүргүзүлөт.
66. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.
67. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринмамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрөнчүлүк чарбаларына,тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга ижарагаберүү
68. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин мамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрөнчүлүк чарбаларына ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер пландоо зоналарынан жүргүзүлөт.
69. Мамлекеттик асыл-тукум чарбаларына, үрөнчүлүк чарбаларына берилүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкалары Келечек планда каралууга тийиш.
Корутунду бөлүм: Келишим жана келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү
70. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.
71. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
72. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.
73. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.
74. Ижара акысы мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү белгилүү суммадагы төлөм же/жана (натуралай) айыл чарба продукциясы/жемиши түрүндө төлөнүшү мүмкүн.
75. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;
- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо.
76. Ижарага ачынган жер участкасы башка жактарга ижарага берилиши мүмкүн эмес.
77. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.
Акча каражаттарын бөлүштүрүү
78. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 1 тиркеме
А/ө башчысы
______________________________________
(ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________________
(паспорт боюнча маалыматтар серия,
______________________________________
номери, качан, ким тарабынан берилген)
______________________________________
(юридикалык жактын аталышы,
______________________________________
юридикалык дареги)
АРЫЗ
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун N __________ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.
Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) _______________________________________________________________
2) _______________________________________________________________
3) _______________________________________________________________
4) _______________________________________________________________
Арыз ээсинин колу ________________________________________________ _______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү)
________ жылдын "______" ______________________
Арыз берген күнү жана каттоо номери ______ жылдын "_____" ________ _______________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду) (арызды кабыл
_______________________________________________________________________
алган адамдын кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, колу)
Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 2 тиркеме
БИЛДИРҮҮ
(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)
__________ жылдын "________" _______________ _____________________
(жылы) (күнү) (айы) айыл өкмөтү
Каттоо номери _______________
1.
_______________________________________________________________________
(талапкердин, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт N
_______________________________________________________________________
юридикалык жактын аталышы)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун лот _______________,
аянты _________ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери
_______________________________________________________________________
(орун алган жеринин жазылышы)
2. Тоорук (аукцион, конкурс) 200 ____ ж. "_____"___________ N_____ кабинетте _____________________________________________________________________ имаратында
(жайгашкан жери толук жазылат)
дареги боюнча өткөрүлөт.
3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы жана колу __________________________________________
_______________________________________________________________________
колу
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 3 тиркеме
ПРОТОКОЛ N __________
______ жылдын "_______" ________________
(күнү) (айы)
арыз ээлерин (талапкерлерди) айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча _________________________________________________
тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө
Комиссиянын курамы:
Төрага
__________________________________________________________________
Катчы
__________________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Арыздардын саны ___________, анын ичинде
аукционго _________________,
конкурска _________________.
Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
4. _______________________________________________________________
5. _______________________________________________________________
Тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
______________________________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
2. _______________________________________________________________
______________________________________________(жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
3. _______________________________________________________________
_______________________________________________(жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
Жер комиссиясынын төрагасы _______________________________________
Жер комиссиясынын мүчөлөрү ______________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 4 тиркеме
ПРОТОКОЛ N ___
______ жылдын "_______" ________________
жылы (күнү) (айы)
айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Аукционду уюштуруучу: ____________________________________________
Аукционду алып баруучу: __________________________________________
Жеңүүчү: _________________________________________________________
Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________
Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны: ____________________
Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,
анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,
чабындылар __________ га.
Ижара мөөнөтү ____________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Баштапкы ижара акысы _____________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Ижара акысынын акыркы өлчөмү _____________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Тоорукту уюштуруучу ________________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Аукционду алып баруучу _____________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Аукциондун жеңүүчүсү _______________________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Жер комиссиясынын мүчөлөрү ____________________________________________
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 5 тиркеме
ПРОТОКОЛ N _________
______ жылдын "_______" ________________
жылы (күнү) (айы)
айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Комиссиянын курамы:
Төрага ___________________________________________________________
Катчы ____________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
Жеңүүчү: _________________________________________________________
Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________
Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,
анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,
чабындылар __________ га.
Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны: ________________________
┌────────────────────────────────────────────────
│ Катышуучу │ Сунуш
├────────────────────────────────────────────────
│Конкурстун жеңүүчүсү │
├────────────────────────────────────────────────
│Экинчи жеңүүчү│
├───────────────────────────────────────────────
│ │
└────────────────────────────────────────────────
Ижара мөөнөтү ____________________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Баштапкы ижара акысы _____________________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Ижара акысынын түрү жана мөөнөтү__________________________________
(сан жана жазуу түрүндө)
Конкурстук комиссиянын төрагасы __________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Конкурстук комиссиянын катчысы __________________________________
(Ф.А.Ж.) (колу)
Жер комиссиясынын мүчөлөрү ______________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
___________________________________________________________________
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлеринижарага берүүнүн шарттары
жана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 6 тиркеме
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү
фондунун жерлерин ижаралоонун
КЕЛИШИМИ
(КР Өкмөтүнүн2012-жылдын 3-сентябрындагы N 602 токтомунунредакциясына ылайык)
_____ жылдын "_______" ______ _______ Теплоключенка айылы
(датасы)
Биз, ________________________________________________________________________
(башчынын аты-жөнү
____________________________________________________________________________
айылдык аймактын аталышы)
мындан ары бир тараптан - "Ижарага берүүчү" деп аталуучу жана экинчи тараптан
____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________
(жер участогун ижарага алуучунун аты-жөнү, юридикалык жактынаталышы)
мындан ары "Ижарачы" деп аталгандар төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түздүк:
1. Келишим заты
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга тиркелген жер экспликациясына ылайык ушул келишимге тиркелген пландын (картанын) 1: ______ масштабындагы чектерде көрсөтүлгөн га жерди, анын ичинде тиркелген жердин баяндамасына ылайык жердин түрлөрү боюнча ижарага ___________ жылдык мөөнөт менен _______ жылга чейин берет.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) Ижарага берүүчүгө сом өлчөмүндө ижара акысын графикке ылайык төлөп турууга милдеттенет.
2.2. Ижара акыны төлөө боюнча милдеттенме бузулганда Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнгөн сумманын 0,5 процент өлчөмүндө айып төлөйт.
2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, бирок жылына бирден көп эмес жолу өзгөртүлөт.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- ижарага алган жер участкасында өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
- ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижарага алынган жерлерди алып койгон учурда кыртыштардын асылдуулугун жогорулатууга жумшаган жана кеткен чыгымдарга, алалбай калган пайданы да кошуп компенсация алууга;
- ижарага алынган жер участкасында жайгашкан жалпыга таралган пайдалуу кендерди чарбанын керектөөлөрү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;
- ижарага алынган жер участкасында белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө;
- айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участкасын ижаралоо укугун салым катары киргизүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
- ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
- ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;
- башка жер пайдалануучулардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартиптерин бузбоого;
- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлап кетишине байланыштуу чыгымдарды, алалбай калган пайданы толук көлөмүндө Ижарага берүүчүгө жана жерди аралаш пайдалануучуларга төлөп берүүгө;
- ижарага берүүчү жерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына участкага эркин киришин камсыз кылууга;
- жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
- келишим аяктагандан кийин жер участкасын келишим кучүнө кирген мезгилде кандай болсо, ошондой абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жерди пайдалануу жана коргоо боюнча Ижарачынын иштерине контроль жүргүзүүгө;
- жер участкасында курулган мелиоративдик, рекультивациялык, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой өсүмдүктөрүн отургузуу, эрозияга каршы жана башка объекттердин ишке киришин кабыл алууга катышууга;
- ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуртууга;
- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарачынын макулдугу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- ушул келишимдин шарттарын жана жер, жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузууга алып келген Ижарачынын иштерин токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү темөнкүлөргө милдеттүү:
- келишим катталган мезгилден тартып __________ мөөнөттүн ичинде келишимдин шарттарына жана милдеттерине ылайык келгендей абалда жер участкасын Ижарачыга өткөрүп берүүгө;
- ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланышына жолтоо болбоого;
- айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;
- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;
- эгерде Ижарачы каза болуп калса, ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын бир мураскору менен берген арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;
- айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалын жакшыртууга жана жерлерди өздөштүрүүгө кеткен Ижарачынын чыгымдарын толук же жарым-жартылай ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин төлөп берүүгө.
5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун тартиби
5.1. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
а) жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
б) жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо;
в) жер участкасын кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген жолдор менен пайдалануу;
г) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
д) кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
е) ижарага берүүчүнүн келишимдин шарттарын аткарбоосу;
ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участкасын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
з) тараптардын ижара акынын өлчөмүн индексациялоо боюнча макулдашууга жетишпөөсү.
Эки тараптын айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин же бүткөндөн кийинки жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча же соттук тартипте ушул келишим өзгөртүлүшү же мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.Фонддун жерлерин ижаралоо келишимин бузуу айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин, түшүмдү жыйнагандан кийин жүргүзүлөт.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
7.1. Ушул келишим боюнча мүмкүн болуучу бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.
7.2. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
7.3. Башка шарттар
7.4. Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарагаберүүчүдө, 2си - Ижарачыда калат, 3сү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.
7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:
Ижарага берүүчү Ижарачы
________________________________________ ____________________________________
________________________________________ ____________________________________
_________________________________________ ___________________________________
Колдору:
Ижарага берүүчү Ижарачы
_____________________________________ ______________________________________
(колу) (колу)
М.О.
Келишим ______________ районунда 20___ -жылдын "________" _______ катталды.
Каттоо номери ___________
М.О.
Айыл чарба жерлерин кайрабөлүштүрүү фондунун жерлерин
ижарага берүүнүн шарттарыжана тартиби тууралууТиптүү жобого
N 7 тиркеме
Ижарага берилген жерлердин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
__________________________________________________________________
(аталышы же ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
│ Жалпы │ Анын ичинде │
│аянты, га ├────────────┬────────────────┬────────────┬───────────────┤
│ │ Бардык │ анын ичинде │ көп │ чабындылар │
│ │ айдоо аянт├──────┬─────────┤ жылдык │ │
│ │ │сугат │ кайрак │ өсүмдүктөр │ │
├──────────┼────────────┼──────┼─────────┼────────────┼───────────────┤
│ │ │ │ │ │ │
└──────────┴────────────┴──────┴─────────┴────────────┴───────────────┘
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________