Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-февралы №17-8
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги: Жер маселелери жана жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 11.02.2019-жылдагы протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Андижан айылындагы Курманжан датка көчөсүнүн № 529-үйдүн жанындагы 80,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын;
2. Андижан айылындагы Курманжан датка көчөсүнүн № 539-үйдүн жанындагы 40,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын;
3. Ишкаван айылыдагы № 1576-контурундагы 0,47 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын;
4. Ишкаван айылыдагы № 1577-контрундагы 0.48 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын;
5. Муниципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |