Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №33
(Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-февралындагы №17-9 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз IX сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги кезексиз XХ сессиясынын (бешинчи шайланган ) № 122 – токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги кезексиз XХ сессиясынын (бешинчи шайланган ) № 122 – токтому төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-авгусундагы № 568-токтому менен Сүрөттүү-Таш тоосу тарыхый-маданий мурастар обьектерине киртилгендиктен, анын коргоо чөлкөмүнө кирип калган 9,0 га жер аянты, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2011-жылдын 2-февралындагы XVI сессиясынын “Кызыл-Кыштак айыл округунун аймагындагы Сура-Таш, Кызыл-Байрак жана Коңур-Жаз участкаларына турак-жай үйлөрдү жана социалдык обьектерди куруу үчүн жер участкасын ажыратуу жөнүндөгү” № 96 - токтомнун менен турак жай куруу үчүн ажыратылып калгандыктан, ушул № 96- токтомдун: 1.2-пункутундагы:
“Сүра-Таш участкасындагы жакынкы жайыт жерлерден – 9,0 га ” деген абзац:
“Кызыл-Байрак айылындагы № 1783, 1785, 1786, 1787-контурларындагы жакынкы жайыт жерлерден – 9,0 га” деп өзгөртүлсүн.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2011-жылдын 2-февралындагы XVI сессиясынын № 96- токтомунун 1.2-пункутундагы Сүра-Таш участкасындагы жакынкы жайыт жерлерден – 9,0 га турак жай куруу үчүн ажыратылган жердин ичинен, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2011-жылдын 29-декабрындагы XXIII сессиясынын № 135 - токтому менен 5,0 га жер аянтына бекитилген башкы планы жокко чыгарылсын.
3. (Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-февралындагы №17-9 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
4. Кызыл-Байрак айылына которулган 9,0 га жер аянтына тийиштүү иш-кагаздарын тактап башкы планын даярдатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |