Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин жана чыгшалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арстанбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан жана такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарынан жалпы 1143,7 миң сом акча каражатын, Кок-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңешке акча каражатын сурап жазган атуулдардын кайрылуусунун негизинде жана айыл аймагында социалдык инфратсруктураларга болгон муктаждыктарды эске алып төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын:
2. 1-январь 2019-жылга калган калдык 1143,7 миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бөлүнсүн.
3. Атайын каражат эсебинде калган 4975 сом калдык балдар бакчаларынын тамак-аш продуктыларын сатып алууга жумшалсын.
4. Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
|
|
Тиркеме 1
| Көк-Арт айыл кенешишин 23-январь 2019-жылдагы 8-сессиясынын 2 токтомунун 1 тиркемеси |
Калдыкты болуштуруу
№ | Аталышы | Жасала турган иш | Сом менен |
1 | Көк-Арт | Айыл өкмөткө техника алуу | 500,0 миң сом |
2 | Көк-Арт | Жаңы ачылган садиктерди материалдык колдоо (Бал-Бала-1 ге 100,0 мин сом, Кызгалдак-1ге -50,0 мин сом, Жоогазын-2ге – 50,0 мин сом) | 200,0 миң сом |
3 | Көк-Арт | Муниципалдык мекемеге устовдык капитал | 100,0 миң сом |
4 | Көк-Арт | Элге материалдык жардам | 100,0 миң сом |
5 | Көк-Арт | Айыл окмоттун аймагындагы жерлерге арык тартуу | 100,0 миң сом |
6 | Көк-Арт | Солярка алуу | 100,0 миң сом |
7 | Көк-Арт | Р.Санатбаев турнирин откоруу учун | 43,6 миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы |
| 1143,6 миң сом |