Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №16
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жарандарына, Көк-Арт айылдык кеңеши тарабынан «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө маселени укук жана мыйзамдуулук комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги 8-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жарандарына тиркемеге ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.(Тиркеме тирклет)
2. Күбөлүк жана башка иш кагаздарын жасатуу жагы, укук жана мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
3. Күбөлүк жана башка тиешелүү иш кагаздарын жасатууга акча каражатын бөлүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткаруу жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга ( төрагасы Д. Шамшитдинов) милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
Жерге-Тал айылынан.
Жуманазаров Медет.
Курманбекова Айсалкын.
Шекеев Калбай.
Жалгыз-Жаңгак айылынан.
Батыров Асилжан
Абдыкадырова Үмүт
Акматбеков Бекболот
Эрмеков Жумабек
Мазар-Булак айылынан.
Атаканова Сабира.
Үч-Малай айылынан.
Ниязова Гулай.
Афган ардагерлери.
Эгембердиев К
Наркозуев Д
Атакулов Таалай
Депутаттардын ичинен
Назаралиев Кымбат
Жээнтаев Курсант