Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №2/2
Ак-Суу ЖПБнин бухгалтери Э.Жоробековдун жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
1 баш кара мал, жылкы, үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), бир жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент), 1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом (0,2 коэффициент) бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген мал жандыктарын Ак-Суу ЖПБнин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэффициент 2 (эки) эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык комитетинин төрагасы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Төрөкулов |
| Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясынын №2/2 токтомуна №1 тиркеме.
|
2019-жылга Мал түрүнө башына жайыт акыны белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №368 токтому менен бекитилген жобо боюнча Ак-Суу жайыт комитети жайыт акынын өлчөмүн иштеп чыкты.
1-этап. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пайдаланган жайыт аянты. 5027 га 2-этап. Жайыт жерин пайдалануудан түшө турган кирешенин суммасы 438870 сом 3-этап. Малдын санын «шарттуу башына» которуу
к/н | Малдын аталышы | саны (баш) | Которуу коэффицент | Ш. М. Б. |
1 | Жандык | 21000 | 0,2 | 4200 |
2 | Уй | 1450 | 1,0 | 1450 |
3 | Жаш музоо | 436 | 0,7 | 305 |
4 | Жылкы | 800 | 1,0 | 800 |
5 | Эшек | - | - | - |
| БАРДЫГЫ |
|
| 6755 |
4-этап. Жайыт жерлерин пайдалануудан түшө турган кирешенин чыгашасын «шарттуу мал башына» бөлөбүз 438870:6755=65 сом «шарттуу мал башы» 65сом болду 5-этап. Малдын түрү боюнча жайыт пайдалануу төлөм өлчөмү.
к/н | Малдын аталышы | Которуу коэффициент | Бир башына жайыт акы |
1 | Жандык | 0.2 | 13 сом |
2 | Уй | 1.0 | 65 сом |
3 | Жаш музоо | 0.7 | 45 сом |
4 | Жылкы | 1 | 65 сом |
6-этап. Малдын түрү боюнча жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн суммасы
к/н |
Малдын аталышы
|
Саны(баш) |
Жайыт акы (сом) |
Жыйынтыгы(сом) |
1 | Жандык | 21000 | 13 сом | 273.000 сом |
2 | Уй | 1450 | 65 сом | 94.250 сом |
3 | Торпок | 436 | 45 сом | 19.620 сом |
4 | Жылкы | 800 | 65 сом | 52.000 сом |
| БАРДЫГЫ | х | х | 438.870 сом |
ЖПБнин төрагасы: | М.Чокоев |
ЖПБнин бухгалтери: | Э.Жоробеков
|