Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №3/4
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Төрөкулов |
| Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХII сессиясынын №3/4 токтомуна №1 тиркеме. |
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш планы.
I. Сессияда каралуучу маселелер.
2019-жылдын 1-кварталы.
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2019-жыл үчүн иш планын бекитүү. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкулов.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевдин 2018-жылда бюджетинин аткарылышынын отчёту жана 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү. (маселени айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары дарядашат) Жооптуу: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
3. Ак-Суу айылдык ЖПБнин 2018-жылда жүргүзгөн иши жөнүндө ЖПБнин төрагасы М.Чокоевдин отчёту 2019-жылга бюджетин бекитүү. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
2019-жылдын 2-кварталы.
1. Айыл аймагындагы санитардык абал, айылдарды көрктөндүрүү, коомдук жайлардын тазалыгын сактоо боюнча жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө. Маселени “Агрардык” жана “Социалдык” маселелелер боюнча туруктуу комитеттери даярдайт. Жооптуулар: М.Чокоев, Н.Акматов.
2. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана малдарды дарылоо, профилактика жүргүзүү иштерин уюштуруу боюнча айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө. Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
3. Ак-Суу токой чарбасынын жаратылышты коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө токой чарба директору П.Жабайкуловдун маалыматын угуу. Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
2019-жылдын 3-кварталы.
1. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалануунун абалы жөнүндө. Маселени “Агрардык” маселелер боюнча туруктуу комитети даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 6 айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
1. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчёту. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
2019-жылдын 4-кварталы.
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын отчёту (туруктуу комитеттер).
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу. Маселени айылдык кеңештин туруктуу комитеттери даярдашат. Жооптуулар: Д.Шадыканов, Д.Добулбеков, Н.Акматов, М.Чокоев.
3. Ак-Суу ЖПБнин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту. Маселени агрардык комитет, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комитеттери даярдайт. Жооптуулар: Н.Акматов, Д.Шадыканов.
II. Уюштуруу маселелери.
1. Депутаттардын өз шайлоочулары менен жолугушууларды уюштуруу. 2019-жылдын январь жана декабрь айларында. Жооптуулар: жооптуу катчы С.Мамытов, айыл башчылар.
2. Депутаттардын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана коомдук угуу чогулуштарына катышууларын камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн түзгөн графигине ылайык. Жооптуулар: Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкулов жана айыл башчылар.
3. Даталуу жана майрамдык күндөргө карата өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чараларга айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу.Иш чаралардын өткөрүлүүсүнө жараша. Жооптуу: К.Төрөкулов.
4. Туруктуу комитеттердин талаптагыдай иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу.Иш планга ылайык. Жооптуулар:К.Төрөкулов, С.Мамытов.
5. Айылдык кеңештин сессияларын иш планга ылайык жана кезексиз сессияларын зарылдыгына жараша өткөрүүнү камсыз кылуу.Жооптуу: К.Төрөкулов. Иш план айылдык кеңештин 7-чакырылышынын 2019-жылдын 8-февралындагы 12-сессиясында кабыл алынып бекитилди.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.Төрөкулов. |