Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №14
Орто-Суу чек ара заставасынын башчысы капитан Д.Жакыпбек уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186-токтомунун негизинде, айылдык аймакта жайгашкан Орто-Суу чек ара заставасына караштуу Чоң-Сай жана Булак-Башы чек ара постторундагы чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|