Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 3
Кашкар-Кыштак айылындагы коммерциялык эмес «Кашкар-Кыштак» Коомдук алдын алуу борбору муниципалдык мекемесинин Уставын бекитүү жѳнүндѳ
Депутаттар КААБунун жетекчиси Ш.Ахраровдун Кашкар-Кыштак айылындагы коммерциялык эмес «Кашкар-Кыштак» Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесинин Уставы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кашкар-Кыштак» Коомдук алдын алуу борбору” муниципалдык мекемесинин Уставы бекитилсин.
2. Мекеменин иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү жагы КААБунун жетекчиси Ш.Ахраровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын “Кашкар-Кыштак” Коомдук алдын алуу борбору» муниципалдык мекемесинин
1. Жалпы жоболор
1. Кашкар Кыштак айылдык аймагынын «Комдук алдын алуу борбору» (мындан ары - КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБО) Кашкар-Кыштак айыл аймагынын (ѳкмѳтүнүн) курамына кирген калктуу конуштар – Кашкар-Кыштак , Мѳнѳк ж.б. укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгѳ Кашкар-Кыштак айыл ѳкмѳтү менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында муниципалдык мекеме формасында түзүлгѳн коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Кашкар-Кыштак ” Коомдук алдын алуу борбору” муницыпалдык мекемеси”;
- расмий тилде: “Муниципальное учреждение “Общественно-профилактический центр” Кашкар-Кыштак»
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «КААБ» ММ».
- расмий тилде: «МУ «ОПЦ».
3. КААБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына. Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкауу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айылы Кара-Суу көчөсү уй № ___
7. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органынын –Кенешинин юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айылы Кара-Суу көчөсү уй № ___
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КААБдын максаты – Кашкар-Кыштак айыл аймагынын (ѳкмѳтүнүн) жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, айыл аймагынын (ѳкмѳтүнүн) аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-арекеттерин мыйзам бузуулардын алдыналууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу,жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын алуу камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укутук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузуларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдүү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө);
10. КААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мумкундук берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар. коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсуз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү айылдык аймактын жана тиешелүү айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- Кашкар-Кыштак айыл аймагынын (ѳкмѳтүнүн), анын курамына кирүүчү айылдар – Кашкар-Кыштак, Мѳнѳк ж.б. аймактарында мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнуктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
-айыл аймагында жайгашкан, зарыл болгон учурда айыл аймагынан сырт жактардан, менчигине түрүнѳ карабастан ишкана-мекемелерден, жеке тараптардан, ж.б. КААБдын ишине байланыштуу маалыматтарды алууга;
11. КААБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыкан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КААБдын укуктары жана милдеттери
12 . КААБ өзунө жуктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу;
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдируугө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга , семинарлага КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгѳ
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташуга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-арекеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгѳ, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долборлоорун иштеп чыгууга;
13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары –ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгѳ
- коомдук бирикмерлерди каттаган органдын суроо – талабы боюнча КААБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгѳ
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгѳ
- жалпы маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КААБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгѳ, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КААБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КААБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Кашкар-Кыштак айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-арекетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардегерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкулдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык кеңештин депуттары , турак-жай комитеттеринин төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин, ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Аларды кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБдын жетектөөчү жана контролдоочу – ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КААБдын Уставын сактоого;
- КААБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарын чечимдерин аткарууга;
- КААБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга., жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КААБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КААБдын жетектөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КААБдын мүчөсү каза болгондо;
- КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КААБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КААБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
Жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КААБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес, ал эми муниципалдык мекеменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24 . Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү иаселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ;
- КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КААБ жалпы чогулуш жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн,
26. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши (мындан ары – Кеңеш) саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы ЖӨБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайлардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ЖӨБдун аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун ѳкүлдѳрү КААБдын мүчөлөрү болуп саналат жана жарандык коомдун өкүлдөрү да кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- тѳраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КААБнын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КААБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КААБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КААБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескөө;
- КААБдын финансылык-чарбалык иштерин тиешелүү тартипте уюштурат ;
- КААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34 . Кеңештин ишин уюштурууну камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мумкун, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңнештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивду байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Утавына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41 . КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КААБдын уставындагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон ѳтүүгѳ тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы учун жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык – контролдоочу органы
46. КААБдын финансалык жана чарбачылык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КААБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КААБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КААБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, алардын финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздѳрунун ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КААБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.