Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №87
Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын бузуулар боюнча комиссиясынын, курамын түзүү жана жана иштѳѳ тартибин,анын мүчѳлѳрүнүн ыйгарым укуктарын аныктоо максатында,Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 10-октябрындагы №01-18/26 буйругу менен бектилген Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳгү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жѳнүндѳ” Типтүү жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын16-беренесинин негизинде, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл Өкмѳтүнүн бузуулар боюнча комиссиясынын жобосу бекитилсин.(Тиркеме-1)
2. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмѳтүнүн 2018-жылдын 27-ноябрь №01-12/№299 буйругу менен бекитилген бузуулар боюнча комиссиянын курамы колдоого алынсын.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Депуттык иш,этика,мыйзамдуулук,укук коргоо,аскердик тарбия,спорт жана жаштар маселеси боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|
| Чон-Сары-Ой айыл окмотунун 2018-жылдын 4-декабрындагы №87 токтому менен бекитилди
|
Чон-Сары-Ой айыл окмотунун бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары кодекс)каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын(мындн ары комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин карайт.
2. Комиссия жергиликтү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүу кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндөКыргызх Республикасынын конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүу кенештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын 15- январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүу кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүулүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралагн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комисся так санда 5-11 адамдан,комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын,катчысынынн жана мүчөлөрунун куамында түзүлөт.
09.Жергиликтүу кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-шаардын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүу жамааттын өкулдөрү(макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен ал эми комиссиянын катчысы муниципалдык катчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон,атайын орто жана(же)жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүзже аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартиптеалынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган,мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналк корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүу кенеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13.Комиссиянын ыйгарым укутары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүуү жамааттын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсүөз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазүү жүзүндө арыз берген учурда;
-комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адамаракетке жөндөмсүз же араектке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медииналык корутундуга ылайык,комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткрууга тоскоолдук кылган учурда;
-комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кыдыр-баркын кетитирүүчү жосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14.Комиссиянын жаны мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16.Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса,комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбүдобуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20.Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бүзүүлар жөнүндөпротокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23.Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а)төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат
1)жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2)туумду кошуп эсептөө жөнүндө;
3)иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) Ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24.Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен танышууга;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм-турумдун эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга .
Төмөндөгүлөргө укуктуу;
-бузуу жөндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроо берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдерге сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28.Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу,уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамалга жана токтомдорго),ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүөлөрүнүн укуктарынан сырткары ,төмөнкүдөй укуктарга ээ;
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29.Комиссинын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төгасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30.Комиссиянын катчысы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
-ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын каросуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз алат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун тажрыбайсын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзѳт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат;
31.Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн, коргоочусунун, ѳкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн, эксперттин, адисттин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса, алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүүзүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматардын ѳз убагында жана анык, так киргизилиши, үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
34.Бузулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүү комиссиянын катчысы тартат.
35.Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу комиссиянын тѳрагасында билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
36.Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт, ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү, атайын финансалык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37.Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигинүү камсыздайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамар, токтомдор.
Бардык документтер кѳктѳмгѳгѳ алардын тексти кѳрүнѳп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
38.Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды камтыйт.
39.Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдарды бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40.Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41.Комиссия тѳмѳндѳгүдѳй эсеп журналдардын жүргүзѳ алат;
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
42.Журналдардын барактары номурланган, кѳктѳлгѳн, мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя (паста) менен жазылат.
43.Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3-жыл.Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтүү 5-жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктагында алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар
БУЙРУК
ПРИКАЗ
27.11. 2018 ж.№01-12/299
| Чоң-Сары-Ой айылы |
Айыл аймакта бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча жобосу жана
комиссиянын курамы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги тарабынан түзүлгѳн Кыргыз Республикасынын жергилүктүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобосун иш жүзүнѳ ашыруу максатында:
1. Айыл аймакта бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы жана типтүү жобосу бекитилсин.
2. Комиссия ѳз ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳгү кодексине жана бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен иш алпарышсын.
3. Буйруктун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.
Башчы | У.Абдыкалыков |
Жооптуу катчы | Г.Ормукова |