Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №21/84
«Жегиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 22-январындагы №59 протоколунда каралып такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында шаардын 2018-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 127349,3 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 125651,7 миң сом, чыгаша бөлүгү 126076,5 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У.Дарипова |
|
|