Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №12.2
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн таштанды жыйымын күчүнө киргизүү жана 75-беренесинин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын салыгын,76-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык төлөө мөөнөтүн бекитип берүү,89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым өлчөмү,тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн 100-берененин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктап берүү жөнүндөгү Капчыгай айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жылдын 1-январынан күчүнө киргизилсин.
2. 75-берененин жана 76-берененин 1- жана 2-бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жыл үчүн бир жашоочуга 10 (он) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10 сомго ,76-берененин 3-бөлүгүнүн негизинде төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен,эсеп маалыматтарын берүү.
3. 89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жандыкка 8 (сегиз) сом,,ийри мүйүздүү малга 40 (кырк) сом,жылкыга 40 (кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин,төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Арзи у.Азизбекке милдеттендирилсин.
Тѳрайымы | П.Сайдилканова |
|
|