Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 1
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн юристи Ш. Ташиевдин айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду киргизүү боюнча (Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентинин 3-гл. 4.2. жана 5-гл. 5.1. бѳлүктѳрүнүн негизинде) сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентинин - «4.2. Айылдык кенештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүүнүн тартиби жана шайлоо, дагы башка жол жоболук маселелери айылдык кенештин регламентинде аныкталат;» - деген бѳлүмдѳн кийин ;
Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна :
- эгерде катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эки талапкер катталса жана аларды бири да добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эгерде экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттар- дын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт;
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳбүрѳѳк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын барабар санын алса, добуш- тардын санынын кѳбүрѳѳгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт;
- эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын барабар санын алса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эгерде «талапкерлер үчүн» дегенге караганда депутаттардын добуштары- нын кѳпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- кайра шайлоо жогорудагыдай эле тартипте ѳткѳрүлѳт. Кайра шайлоого мурдагы (биринчи жолу) шайлоого катышкан депутаттар катыша албайт;
- сессияга катышпай туруп, сырттан добуш берүүгѳ (кат аркылуу) тыюу салынат» - деген бѳлүмдѳр менен толукталсын.
2. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентинин 5-главасынын 5.1.- бѳлүмү - «5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин тѳрагасы шайланган тартипте шайланат.» - деген бѳлүмдѳр менен башталсын жана калган бѳлүмдѳр андан кийинки – 5.2., 5.3., 5.4. катары менен эсептелсин. (Регламенттин алгачкы жана жаңы варианттары тиркелет)
3. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламенти киргизилген толуктоо- лорго ылайык келтирилсин жана кайрадан иштелип чыгылсын.
4. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин регламентине киргизилген толуктоо- лорду мыйзамдаштыруу жагы айылдык кеңештин катчысы М.Маматалиевге жүктѳлсүн.
Төрайым | А. Миңбаева |
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин регламенти (Толуктоолордон кийинки варианты 10.01.2017 I-сессия № 1токтом)
Жалпы жоболор.
1-глава
Айылдык кеңеш ѳзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республика- сынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтомдору- на, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Айылдык кеңештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлѳт.
«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарына ыла йык айылдык кеңеш айыл аймагындагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Айылдык кеңеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.
Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен ѳзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди ѳз алдынча чечүүгѳ укуктуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин-райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын ѳткѳрүүгѳ жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары» жѳнүндѳ мыйзамына ылайык токтом түрүндѳ биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда белгиленген тартипте жүзѳгѳ ашырат.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарына катышат жана мыйзам чегинде компетенциясына кирген маселелерди чечет.
Айылдык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштѳѳ формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-глава
Айылдык Кеңештин компетенциясы.
Айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
Айылдык кеңеңштин компетенциясына тѳмѳндѳгүлѳр кирет:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилѳѳ
жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жѳнүндѳ отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун, бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жѳнүндѳ маалыматты угуу;
аймактардын социалдык-экономикалык жактан ѳнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ
жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилѳѳ
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескѳѳ тартибин белгилѳѳ, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктеештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилѳѳ, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду ишке ашыруу;
жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескѳѳчү органынын иши жѳнүндѳ отчету угуу;
мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү
тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
кеңештин тѳрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин тѳрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
ѳз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
ѳкмѳт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү
муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды ѳткѳрүүгѳ тыюу салганга чейинки чектѳѳлѳрдү аныктоо;
ирригациялык тармактарды, үйдѳгү жана үй жанындагы участкалардын күтүү тартибин аныктоо;
жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо;
Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде тѳмѳндѳгүдѳй маселелер чечилет:
1).Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамында белгиленген тартипте айыл ѳкмѳтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү
2).Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
3).Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
4). Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу;
II Бѳлүк
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы, айылдык кеңешинин тѳрагасы жана тѳрагасынын орун басары.
3-глава Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо.
3.1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан кѳрсѳтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мѳѳнѳтүнѳ айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзѳгѳ ашырылат. Эгерде айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтѳн экиден кем эмеси катышса, айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3.3. Эгерде
- катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эки талапкер катталса жана аларды бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк саны налган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳбүрѳѳк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын кѳбүрѳгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштарын тең санын алса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын кѳпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
Эгерде добуш берүү күнүнѳ карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндѳн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндѳн тартып 15 күндѳн кечиктирбестен ѳткѳрүлѳт.
3.5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон ѳткѳн талапкерлер боюнча ѳткѳрүлѳт.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайлоонун ушул беренеде жѳнгѳ салынбаган тартиби айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
Шайланган айыл ѳкмѳтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбѳлүгү берилет.
3.6. Айылдык депутаттары тарабынан айыл ѳкмѳтүнүн башчысы белгиленген мѳѳнѳттѳ шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кеңешти таркатууну жүзѳгѳ ашырат жана айылдык кеңешке мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону дайындайт.
Айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлаганга чейин райондун акими ѳзүнүн тескемеси менен айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
3.7. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй учурларда мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Ѳкмѳттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Ѳкмѳттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу ѳкүмү күчүнѳ киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жѳндѳмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун ѳлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле ѳлгѳн деп жарыялоо жѳнүндѳ чечими мыйзамдуу күчүнѳ кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен ѳзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине кѳз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
3.8. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербѳѳ жѳнүндѳ чечим кабыл алууга укуктуу.
3.9. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
3.10. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кызмат ордунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл ѳкмѳтүн кѳрсѳткѳнгѳ чейин ѳзүнүн акты менен айыл ѳкмѳтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
Айылдык кеңештин тѳрагасы
4.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы тиешелуу кенештин сессиясында депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңешитин ыйгарым укуктуу мѳѳнѳтүнѳ шайланат. Айылдык кеңешинин тѳрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде ишке ашырылат.
4.2. Айылдык кенештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүүнүн тартиби жана шайлоо, дагы башка жол жоболук маселелери айылдык кенештин регламентинде аныкталат;
Айылдык кеңештин тѳрагасынын кызмат ордуна :
- эгерде катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эки талапкер катталса жана аларды бири да добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эгерде экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттар- дын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт;
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳбүрѳѳк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын барабар санын алса, добуш- тардын санынын кѳбүрѳѳгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт;
- эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын барабар санын алса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эгерде «талапкерлер үчүн» дегенге караганда депутаттардын добуштары- нын кѳпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- кайра шайлоо жогорудагыдай эле тартипте ѳткѳрүлѳт. Кайра шайлоого мурдагы (биринчи жолу) шайлоого катышкан депутаттар катыша албайт;
- сессияга катышпай туруп, сырттан добуш берүүгѳ (кат аркылуу) тыюу салынат
4.3. Ѳзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткар ган учурда айылдык кенештин тѳрагасы ээлеген кызмат ордунан мѳѳ нѳтүнѳн мурда айылдык кенештин депутаттарынын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен бошотулушу мумкун.
4.4.Айылдык кеңештердин тѳрагасы ѳзүнүн милдеттерин коом- дук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгили не бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
4.5. Айылдык кенештин тѳрагасы:
- Айылдык кенештин сессиясын чакырат;
- Сессияларга тѳрагалык кылат
- Айылдык кенештин чечимдерине кол коет;
- Айылдык кенеш тарабынан жүктѳлгѳн башка милдеттерди аткарат.
4.6. Айылдык кенештин тѳрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жѳнүндѳ расмий ѳтүнүч жасайт.
5-Глава
Айылдык кенештин тѳрагасынын орун басары.
5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин тѳрагасы шайланган тартипте шайланат
5.2. Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары кенештин тѳрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же ѳз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анан ордуна иштейт.
5.3. Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары озунун ээлеген кызмат ордунан Айылдык кенештин депутаттарынын 1/3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
5.4. Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары озунун ишин коомдук башталыштарда жузого ашырат.
6-Глава
Айылдык кеңешинин катчысы
6.1. Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат.
6.2. Айылдык кеңешинин катчысы:
- Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзѳт;
- Айылдык кеңешинин катчысы келип түшкѳн иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзѳт;
- Айылдык кеңештин сессиясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана айылдык кеңешинин депутаттарына жѳнѳтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
7-Глава
Айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
7.1. Айылдык кеңешинин кеңешке киргизүүгѳ тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын контролдук кылуу үчүн түзүлѳт.
7.2. Айылдык кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлѳт.
Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзѳ, мурда түзүлгѳндѳрдү таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизе алат.
7.3.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кеңештин тѳрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4. Туруктуу комиссиялар тѳраганы шайлайт. Комиссиялар ѳзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзѳ алат.
7.5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, алардын уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынынын, ушул регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленет.
7.6. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ѳзүнүнү ишине окмуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ѳзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгѳ укуксуз.
7.9. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзѳ алат. Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БѲЛҮК
Айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби
8-глава
Айылдык кеңешинин сессиясын ѳткѳрүү тартиби
8.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
8.2.Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1-3 кем эмес талабы боюнча ѳткѳрүлѳт.
8.3.Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Айылдык кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзѳт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
8.5. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндѳ ѳткѳрүлүүсү мүмкүн.
8.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
8.5. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштѳѳ тартибин кабыл алат.
8.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
8.7. Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзѳт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга тѳрѳгалык кылуучунун колу коюлат.
8.8. Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жѳнүндѳ маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
9-глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
9.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
9.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору тѳмѳндѳгүдѳй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мѳѳнѳтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнѳ киргендиги кѳрсѳтүлѳт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бѳлүмдѳрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же ѳзгѳртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
9.3. Айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.4. Айылдык кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында ѳзүнүн ѳзгѳчѳ пикирин айылдык кеңешинин протоколуна киргизүүгѳ укуктуу.
9.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын кѳпчүлүк бѳлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
9.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
9.7. Айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мѳѳнѳттѳ кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
9.8. Айыдык кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
10-глава
Айылдык кенештердин ыйгарым укуктарыныны токтолушу
10.1. Айылдык кенештердин ыйгарым укуктары айылдык кенештин жаны курамы түзүлүшүнѳ, кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
10.2. Айылдык кенештер мѳѳнѳтүнѳн мурда тѳмѳндѳгүдѳй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелуу айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/3 кем эмес кѳпчүлүгү тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- Тиешелуу айылдын чек араларынын ѳзгѳрүлүшүнѳ алып келген кайра уюштуруу учурларында;
10.3. Ѳзүн-ѳзү таркатуу жѳнүндѳ айылдык кенештин чечими кенештин тѳрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
10.4. Чек араларын ѳзгѳртпѳстѳн администрациялык-аймактык бирдиктин атын ѳзгѳртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенешти таратуу жѳнүндѳ Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын ѳзүнѳ башкача мѳѳнѳт каралбаса, тиешелуу администрациялык – аймактык бирдик жѳнүндѳ мыйзам күчүнѳ кирген күндѳн тартып 10 күндѳн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
10.5. Айылдык кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатуунун жогоруда кѳрсѳтүлгѳн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатуу жѳнүндѳ Жарлагы расмий жарыяланган күндѳн тартып таркатылды деп эсептелет.
10.6. Айылдык кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти айылдык округунун башчысы ѳз мойнуна алат.
IV БѲЛҮК
11-глава.
Айылдык кеңешинин Регламенти
Айылдык кеңешинин Регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
11.1. Айылдык кеңешинин иш Регламентин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгѳ киргизет.
11.2. Регламент маселелери боюнча топ айылдык кеңешинин беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
11.3. Ар бир депутат Регламентке ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жѳнѳтүлѳт.
11.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депуттаттардын кѳпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин регламенти (Алгачкы варианты I-сессия 1-токт. 25.12.2012)
Жалпы жоболор.
1-глава
Айылдык кеңеш ѳзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Айылдык кеңештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлѳт.
«Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары статусу жѳнүндѳ» мыйзамдарына ыла йык айылдык кеңеш айыл аймагындагы жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Айылдык кеңеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.
Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен ѳзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди ѳз алдынча чечүүгѳ укуктуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин-райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын ѳткѳрүүгѳ жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары» жѳнүндѳ мыйзамына ылайык токтом түрүндѳ биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда белгиленген тартипте жүзѳгѳ ашырат.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарына катышат жана мыйзам чегинде компетенциясына кирген маселелерди чечет.
Айылдык кеңештин уюштуруучу-укуктук иштѳѳ формасынын негизи сессия болуп саналат.
2-глава
Айылдык Кеңештин компетенциясы.
Айылдык кеңештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
Айылдык кеңештин компетенциясына тѳмѳндѳгүлѳр кирет:
жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилѳѳ
жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жѳнүндѳ отчету бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун, бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жѳнүндѳ маалыматты угуу;
аймактардын социалдык-экономикалык жактан ѳнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ
жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилѳѳ
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескѳѳ тартибин белгилѳѳ, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктеештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилѳѳ, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду ишке ашыруу;
жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескѳѳчү органынын иши жѳнүндѳ отчету угуу;
мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү
тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
кеңештин тѳрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин тѳрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
ѳз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
ѳкмѳт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү
муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды ѳткѳрүүгѳ тыюу салганга чейинки чектѳѳлѳрдү аныктоо;
ирригациялык тармактарды, үйдѳгү жана үй жанындагы участкалардын күтүү тартибин аныктоо;
жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо;
Айылдык кеңештердин сессияларында кошумча иретинде тѳмѳндѳгүдѳй маселелер чечилет:
1).Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамында белгиленген тартипте айыл ѳкмѳтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү
2).Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
3).Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
4). Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу;
II Бѳлүк
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы, айылдык кеңешинин тѳрагасы жана тѳрагасынын орун басары.
3-глава Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо.
3.1. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан кѳрсѳтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мѳѳнѳтүнѳ айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзѳгѳ ашырылат. Эгерде айылдык кеңеш кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтѳн экиден кем эмеси катышса, айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
3.3. Эгерде
- катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
- эки талапкер катталса жана аларды бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк саны налган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын кѳбүрѳѳк алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын кѳбүрѳѳк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын теңин алса, добуштардын санынын кѳбүрѳгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру ѳткѳрүлѳт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштарын тең санын алса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын кѳпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
Эгерде добуш берүү күнүнѳ карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо ѳткѳрүлѳт;
3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндѳн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндѳн тартып 15 күндѳн кечиктирбестен ѳткѳрүлѳт.
3.5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон ѳткѳн талапкерлер боюнча ѳткѳрүлѳт.
Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайлоонун ушул беренеде жѳнгѳ салынбаган тартиби айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
Шайланган айыл ѳкмѳтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбѳлүгү берилет.
3.6. Айылдык депутаттары тарабынан айыл ѳкмѳтүнүн башчысы белгиленген мѳѳнѳттѳ шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кеңешти таркатууну жүзѳгѳ ашырат жана айылдык кеңешке мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону дайындайт.
Айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлаганга чейин райондун акими ѳзүнүн тескемеси менен айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
3.7. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй учурларда мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Ѳкмѳттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Ѳкмѳттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу ѳкүмү күчүнѳ киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жѳндѳмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун ѳлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле ѳлгѳн деп жарыялоо жѳнүндѳ чечими мыйзамдуу күчүнѳ кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен ѳзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине кѳз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
3.8. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербѳѳ жѳнүндѳ чечим кабыл алууга укуктуу.
3.9. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
3.10. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кызмат ордунан мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл ѳкмѳтүн кѳрсѳткѳнгѳ чейин ѳзүнүн акты менен айыл ѳкмѳтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
Айылдык кеңештин тѳрагасы
4.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы тиешелуу кенештин сессиясында депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңешитин ыйгарым укуктуу мѳѳнѳтүнѳ шайланат. Айылдык кеңешинин тѳрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде ишке ашырылат.
4.2. Айылдык кенештин тѳрагасынын кызмат ордуна талапкерликти кѳрсѳтүүнүн тартиби жана шайлоо, дагы башка жол жоболук маселелери айылдык кенештин регламентинде аныкталат;
4.3. Ѳзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткар ган учурда айылдык кенештин тѳрагасы ээлеген кызмат ордунан мѳѳ нѳтүнѳн мурда айылдык кенештин депутаттарынын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен бошотулушу мумкун.
4.4.Айылдык кеңештердин тѳрагасы ѳзүнүн милдеттерин коом- дук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгили не бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
4.5. Айылдык кенештин тѳрагасы:
- Айылдык кенештин сессиясын чакырат;
- Сессияларга тѳрагалык кылат
- Айылдык кенештин чечимдерине кол коет;
- Айылдык кенеш тарабынан жүктѳлгѳн башка милдеттерди аткарат.
4.6. Айылдык кенештин тѳрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жѳнүндѳ расмий ѳтүнүч жасайт.
5-Глава
Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары.
5.1.Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары кенештин тѳрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же ѳз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анан ордуна иштейт.
5.2. Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары озунун ээлеген кызмат ордунан Айылдык кенештин депутаттарынын 1/3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
5.3. Айылдык кенештин тѳрѳгасынын орун басары озунун ишин коомдук башталыштарда жузого ашырат.
6-Глава
Айылдык кеңешинин катчысы
6.1. Айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат.
6.2. Айылдык кеңешинин катчысы:
- Айылдык кеңештин катчысы сессиянын протоколун жүргүзѳт;
- Айылдык кеңешинин катчысы келип түшкѳн иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзѳт;
- Айылдык кеңештин сессиясын ѳткѳрүү жѳнүндѳ депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
- Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана айылдык кеңешинин депутаттарына жѳнѳтүүнү уюштурат;
- Айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
7-Глава
Айылдык кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
7.1. Айылдык кеңешинин кеңешке киргизүүгѳ тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын контролдук кылуу үчүн түзүлѳт.
7.2. Айылдык кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлѳт.
Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мѳѳнѳтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзѳ, мурда түзүлгѳндѳрдү таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизе алат.
7.3.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына кеңештин тѳрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
7.4. Туруктуу комиссиялар тѳраганы шайлайт. Комиссиялар ѳзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзѳ алат.
7.5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, алардын уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынынын, ушул регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленет.
7.6. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ѳзүнүнү ишине окмуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
7.7. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ѳзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
7.8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгѳ укуксуз.
7.9. Айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзѳ алат. Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III БѲЛҮК
Айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби
8-глава
Айылдык кеңешинин сессиясын ѳткѳрүү тартиби
8.1. Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
8.2.Айылдык аймагынын кеңешинин жана поселкалык кеңештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1-3 кем эмес талабы боюнча ѳткѳрүлѳт.
8.3.Айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Айылдык кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзѳт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
8.5. Айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндѳ ѳткѳрүлүүсү мүмкүн.
8.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
8.5. Айылдык аймагынын кеңеши жана поселкалык кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштѳѳ тартибин кабыл алат.
8.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
8.7. Айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүрүзѳт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга тѳрѳгалык кылуучунун колу коюлат.
8.8. Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жѳнүндѳ маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
9-глава
Айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
9.1. Айылдык кеңешинин сессиясында каралган маселер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
9.2. Айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору тѳмѳндѳгүдѳй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мѳѳнѳтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнѳ киргендиги кѳрсѳтүлѳт;
- Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бѳлүмдѳрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш;
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же ѳзгѳртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунуду болуусу керек.
9.3. Айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын кѳпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.4. Айылдык кеңештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында ѳзүнүн ѳзгѳчѳ пикирин айылдык кеңешинин протоколуна киргизүүгѳ укуктуу.
9.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын кѳпчүлүк бѳлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
9.6. Токтом долбоору бардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
9.7. Айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мѳѳнѳттѳ кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлѳт.
9.8. Айыдык кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
10-глава
Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктарыныны токтолушу
10.1. Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары айылдык кенештин жаны курамы түзүлүшүнѳ, кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
10.2. Айылдык кеңештер мѳѳнѳтүнѳн мурда тѳмѳндѳгүдѳй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелуу айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 2/3 кем эмес кѳпчүлүгү тарабынын кабыл аланган чечим боюнча;
- ушул мыйзамда каралаган негиздер боюнча Президент тарабынын;
- Тиешелуу айылдын чек араларынын ѳзгѳрүлүшүнѳ алып келген кайра уюштуруу учурларында;
10.3. Ѳзүн-ѳзү таркатуу жѳнүндѳ айылдык кенештин чечими кенештин тѳрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
10.4. Чек араларын ѳзгѳртпѳстѳн администрациялык-аймактык бирдиктин атын ѳзгѳртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенешти таратуу жѳнүндѳ Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын ѳзүнѳ башкача мѳѳнѳт каралбаса, тиешелуу администрациялык – аймактык бирдик жѳнүндѳ мыйзам күчүнѳ кирген күндѳн тартып 10 күндѳн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
10.5. Айылдык кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатуунун жогоруда кѳрсѳтүлгѳн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатуу жѳнүндѳ Жарлагы расмий жарыяланган күндѳн тартып таркатылды деп эсептелет.
10.6. Айылдык кенеш мѳѳнѳтүнѳн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти айылдык округунун башчысы ѳз мойнуна алат.
IV БѲЛ/К