Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №2
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X - сессиясынын Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2019-2020- жылдарга болжолу түзүлүшүн бекитүү жөнундөгу ФЭБ башчысы К.Абдыкадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү жактырылсын.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн бюджети 2018-жылга киреше бөлүгү 13821,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 13821,0 миң сомго тиркемеге ылайык анын ичинен: атайын каражат 495,0 миң сомго бекитилсин.
3. 2019-жылга кирешелер боюнча болжол -13794,9миң сом,суммасында, 2020-жылга 13800,7 миң суммасында бекитилсин.
4. 2019-жылга чыгашалар боюнча болжол 13794,9 миң сом, 2020-жылга 13800,7 миң сом суммасында бекитилсин.
5. 2018-жылга Республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык 5691.4 миң сомго бекитилсин.
6. 2018-жылга сметада каралган акча каражаттары биринчи орунда корголгон беренелерге, өзгөчө кырдаалдарга 360,0 миң сом, коммуналдык чыгымдарга жана тамак-аш беренелерине жумшалсын.
7. Ушул сессиянын чечими менен 2018-жылга бекитилген бюджети тиркеменин суммасынын чегинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы ФЭБ башчысы К.Абдыкадыровко жүктөлсүн.
8. Сейдикум айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 136,4 миң сомго бекитилсин.
9. Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2018-жылга 1-январга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай 50,0миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги №205- аткарууга алуу менен мал жандыктарын электрондук каттоого Киргизүү боюнча келишимдин негизинде бир адис эмгек акысына 56,0 Миң сом,соцфондко чегерүүсүнө 9,7 миңсом бекитилсин.
11. Сейдикум айыл өкмөтүнүн канторасынын кароолдугуна келишимге негиз бир адам эмгек акысына12.0 миң сом,соцфонд чегерүүсүнө 2,1 миң сом бекитилсин.
12. Сейдикум айыл өкмөтүнүн балансасында турган кампанын кароолдугуна бир адам айлык акы 14,4 миң сом,соцфонд чегерүүсүнө 2,5 миң сом бекитилсин.
13. Сейдикум айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын жардамчысына бир адам айлык акысына 84.0 миң сом,соцфонд чегерүүсүнө 14.5 миң сом бекитилсин.
14. Сейдикум айыл Өкмөтүнө инвестиция тартуу боюнча кызматка келишимге негиз бир адам,эмгек акысына 84.0 миң сом,соцфондко чегерүүсүнө 14.5 миң сом бекитилсин.
15. Сейдикум айыл өкмөтүнүн электрик кызматына келишимге негиз бир адам ,эмгек акысына 81.6 миң сом,соцфондко чегерүүсүнө 14,1сом бекитилсин.
16. “Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” талаптарына ылайык, пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган каражаттарды каржы министирлиги тарабынан, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, сессиянын чечими мене чыгымдоо каралсын.
17. Сейдикум айыл өкмөтүнүн 12 айылына 6 айыл башчы оруну бекитилсин.
18. Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата аскерге милдеттүүлөрдүн саны төрт миңден ашык болгондугуна байланыштуу айыл өкмөт боюнча ВУСка 5 орун бекитилсин.
19. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү салыктарды өндүрүү салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
20. Биринчи орунда корголгон статьяларга,эмгек акыларга жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдоо жагы ФЭБ башчысына К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
21. Айыл өкмөтүнө атайын каражатка түшкөн акча каражаттарын райондук регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетү ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|