Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы №51
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХV кезектүү сессиясында каралган айылдык кенешинин 2019-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин 2019-жылга иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет 1 баракта).
2. Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышында шайланган деппутаттар иш планга ылайык иш алып баруу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кенештин катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Аттокуров |
|
|
Тиркеме №1
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2019-жыл үчүн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык Кеңештин 2019-жылга иш планы | 1-квартал | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Табылды кызы А |
2 | Айыл өкмөттүн, 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019-жыл үчүн бюджетти бекитүү | 1-квартал | Тармактык комиссиянын төрагасы, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Аттокуров |
3 | Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн соц адиси м.а. А.Байболдиева |
4 | Жер , турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө (сода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) | 2-квартал | Айыл өкмөттүн кызматкерлери М. Ногойбаев, Ж.Жунусов, тармактык комиссиясы |
5 | Айылдын социалдык маданий иштеринин абалы жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүн соц адиси жана маданият кызматкерели |
6 | 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы М.Кадыркулов |
7 | Айылда күзгү оруп жыйуунун жыйынтыгы жана жайыттардын абалы жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Жунусов жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу С |
8 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын кышка карата даярдыктары жөнүндө | 3-квартал | Айыл өкмөттүн соц адиси А.Байболдиева |
9 | Жер бөлүштүрүү,айыл чарба жана экология боюнча иштердин абалы жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Жунусов |
10 | Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштеринин абалы жөнүндө | 4-квартал | Тармактык комиссиянын төрагасы А.Кыргызбаев |
Айылдык Кеңештин
жооптуу катчысы: Табылды кызы А