Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-апрели №200/31-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункту, Талас шаардык мэриясынын 04.04.2019-жылдагы №01-4/541 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин 11.03.2015-жылдагы №159/20-6 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн чөлкөмдүк тескөөчүлөрүнө сатылып алынган “Ниссан Бассаро” женил автоунаасын Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги “Ниссан Бассара” мамлекеттик №0150 ТМ женил автоунаасын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Талас шаарынын муниципалдык менчигиндеги автоунааны мыйзам талаптарына ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|