Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/1
"Каракол шаарын 2016-2020-жж. өнүктүрүү стратегиясын" бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин "Каракол шаарынын 2016-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясы жөнүндөгү" маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол шаарын 2016-2020-жж.өнүктүрүү стратегиясы" бекитилсин (тиркелет).
2. Каракол шаарынын мэри, "Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын", толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен, кезектеги сессияга киргизсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |
| Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 2016 жылдын 01 декабрындагы № 27-11/1 токтому менен бекитилди
|
Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга өнүгүү
СТРАТЕГИЯСЫ
Мазмуну
Кириш
Каракол шаарынын 2016-2020-ж карата өнүгүүсүн алдын ала көрүү
SWOT анализдөө
Шаардын өнүгүүсүнүн проблемалары
Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары
Артыкчылыктуу багыттар, кыйынчылыктар жана механизмдер
Иш чаралар планы
Ресурстар
Тобокелдиктер жана азайтуу жолдору
Мониторинг жана баалоо
Тиркемелер
КИРИШҮҮ
Каракол шаары, Ысык-Көл областынын борбору. Республиканын күн чыгыш бөлүгүндө жайгашып, борбор шаар Бишкектен 400 км аралыкта жайгашкан.
Каракол шаары деңиз денгээлинен 1690-1770 метр бийиктикте жайгашкан. Каракол шаары Чүй өрөөнүнөн Кашгарды көздөй кеткен кербен жолундагы согуштук-башкаруу жана соода борбору катары түзүлгөн.
Каракол шаары А.В.Каульбарс башкарган экспедициянын (Каракол суусунун Ысык-Көлгө куюла турган 2 км аралыктагы жегинде) географиялык шарттарды изилдегенден кийин жана жергиликтүү калктын сунушу боюнча тандалган жер болуп эсептелинет.
Бүгүн Каракол шаары Кыргызстандын маанилүү туристтик борбору болуп тоолору, карагайлуу токойлору жана Ысык-Көлү менен уникалдуу жаратылыш комплекси бар шаары болуп саналат.
2016-2020-ЖЫЛДАРГА ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫ
Каракол шаары келечекте:
- коомдук маданий, руханий, илимий жана Кыргызстандын интелектуалдык шаары;
- салымдар (инвестиция) үчүн жагымдуу аймак;
- кыш-жай, эко-туризм жана туризмдин борбору;
- спортчуларды машыктыруу жана чогултуу борбору.
SWOT АНАЛИЗДӨӨ
S (Күчтүү жактар) Шаардын тарыхый жана маданий мурасы Туризмди өнүктүрүү потенциалы Спорт жагынан өнүккөн шаар Ар түрдүү маданияттуу Калктын басымы жаштар Лыжалык курорт Ашлянфу Зоопарк Инженердик инфраструктура Областтык борбор Мал базар | W (Алсыз, начар жактар) Кечип өткөндөй башка шаар жок жайгашкан Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу Тургундардын кайдыгер мамилеси Комуналдык кызматтарга начар төлөнүшү Жылуулук берүүнүн начарлыгы Жарыктандыруунун начарлыгы Кызмат көрсөтүүнүн начарлыгы Кир, ыплас шаар Жумушсуздук Инфраструктуранын начар абалы Жалгыз тоо лыжа базанын болушу |
O (Мүмкүнчүлүктөр) Насыя берүүчү мекемелердин болушу Уникалдуу жаратылыш шарттары ЖӨБО | T (Коркунучтар) Таштандылар Иче турган суунун жетишсиздиги Геосаясий жагдайдын өзгөрүшү Миграция Улуттар аралык уруш-талаштар Экологиялык тобокелчиликтер |
АРТЫКЧЫЛЫКТАР
Экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн азыркы учурда тышкы жана ички инвестицияларды тартуу жана күч аракеттерди топтоштуруу менен приоритеттүү экономикалык 2 тармакты өнүктүрүү.
2015-жылы тартылган инвестициялар:
Шаардын социалдык өнүгүү тармагына “АРИС” долбоорунан 40,0 миң АКШ доллары алынып, Пристань айылчасына жана Каракол шаарынын стадионунун жанына балдар аянтчасы курулууда.
Швецариялык долбоор боюнча “Суу-Түтүк ишканасына 2 “Газель” үлгүсүндөгү автомастерской автоунаалары жана АБР долбоору боюнча 2 кытай үлгүсүндөгү сордуруучу (ас машина) жана үйлөөчү автоунаалар алынып келинди.
АБР долбоору аркылуу “Тазалык” ишканасына 2 кытай үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу автоунаалар алынып келинди.
Каракол шаарынын «Фаир» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында накта шире чыгаруучу завод 8201,0 миӊ сомго ишке киргизилди.
Юнисеф долбоорунун колдоосу менен балдарды коргоо борбору ачылган, ЮНИСЕФ тарабынан 2,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миӊ сом бөлүнгөн. Мынданы тышкары ХелсПром Гуд портнер коомдук уюмдарынын колдоосу менен 1,5 млн сом бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен 400 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жана эрте кийлигишүү борбору ачылган.
«Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча:
Шаардын көчөлөрүнө 12 км. жаңы канализация түйүндөрүн куруу, эски 7 км. канализация түйүндөрүн алмаштыруу, канализация-насос станцияларын кайра оңдоо, № 1,2,3 КНСди кайра оңдоо. № 4 КНСне агып түшкөн сууларды топтоо үчүн 75 тен 100 м/3 резервуарын куруу. Каракол суу топтогучуна отстойник куруу, «Кашка -Суу» суу топтогучун реконструкциялоо, Д-315 мм Кашка-Суу суу топтогучунан суу тазалыгыч станциясына чейин жаңы суу топтогуч куруу.
Бул иштер боюнча тендер өткөрүлүп, төмөндөгү куруучулар аныкталган.
1) МКТ-3.13 Лот 1: Каракол шаарындагы 7 км канализациялык түйүндү реабилитациялоо «Импульс-Ош» ЖЧК и «Айгун Иншаат» ЖЧК, келишимдин баасы 92,8 млн. сом
Башталышы 26 август 2014-ж, бүтүү убакыты 19 ноябрь 2015-ж.
2) МКТ-3.13 Лот 2: Каракол шаарында 12 км жаны канализациялык түйүндү куруу - «Людвиг Пфайффер Хотч» компаниясы, келишимдин баасы 159,8 млн. сом, башталышы 27 август 2014-ж, бүтүү убакыты 20.11.2015.
3) МКТ-3.13 Лот 3: 3 (үч) канализацилык насостук станцияны реабилитациялоо - «Людвиг Пфайффер Хотч» компаниясы, келишимдин баасы 59,1 млн. сом, башталышы 27 август 2014-ж, бүтүү убакыты 24.05. 2015.
4) МКТ-3.14 Лот 2: Суу топтогучту реабилитациялоо жана суу түйүнүн куруу, алдын ала суу топтогучту куруу - Hi Tech Stroi консорциуму жана Автотрансстрой (КР), келишимдин баасы 86,8 млн. сом, башталышы 29 сентября 2014 –ж., бүтүү убакыты 18 декабрь 2015-ж.
5) МКТ-3.12 Лот 1: Шаардагы 6 мектепте санитардык курулуштарды реабилитациялоо жана 3 мектепте санитардык курулуштарды куруу - «Импульс-Ош» ЖЧК и «Айгун Иншаат» ЖЧК сы, келишимдин баасы 40,0 млн. сом, башталышы 30 июль 2014-ж, бүтүү убактысы 25 февраль 2015-ж.
Баардыгы: 438,5 млн.сом
2016-жылы тартылган инвестициялар:
2015-жылы Каракол шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү бөлүмү ЕБРР долбоору аркылуу Каракол шаарынын Каракол дарыясынын жээгине эс алуу жайын курууга 25 мин. АКШ долларын утуп алган, 2016-жылы бул долбоор ишке киргизилет. Андан тышкары дагы бир Германия «Каракол Энерджи» чон долбоору Каракол дарыячасында кичи электр станциясын курууга 5 млн. евро бөлүнгөн, азыркы мезгилде жер бөлүп берүү иш аракеттери жүргүзүлүүдө.
Каракол шаарынын тарыхый аймак таануу музейине кошумча көргөзмө бөлмөсүн курууга Элла Майэр Швейцариялык долбоордун негизинде жалпы 3200,0 миӊ сом турган долбоор жазылып, Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу тарабынан кошумча каржылоого 40% 1280,0 миӊ сом бөлүнүп, калган 60% 1920,0 миӊ сом Швейцариялык долбоор тартылды.
ТУРИЗМ
Каракол шаарында бардыгы болуп 47 мейманкана жана конок үйлөрү катталган. Алардын ичинен 27 мейманкана жана 20 конок үйлөрү. Мындан тышкары Каракол шаарында күнүмдүк ижарага жеке үйлөр жана квартиралар иштейт.
АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯСЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮ
Каракол шаарында негизги кайра иштетүүчү ишканалар болуп: «Төштүк Каракол» ЖЧК, «Фаир» ЖЧК, «Май Булак» ЖЧК, «Ак Булак +» ЖЧК, «Кант Сүт» ЖЧК, «Каракол Сүт» ЖЧК, «Ала Тоо Сүт» ЖЧК жана башкалар иштеп жатышат.
2. НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУ
Натыйжалуу шаардык башкаруу Каракол шаарынын туруктуу экономикалык жана коомдук өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн арналган
–Бюджет (жаштар)
–Инфраструктура (коомдук дааратканалар, сугат жана сугаруу, жашылдандыруу)
–Коммуникациялар (суу менен камсыздоо)
- Имиджди жылдыруу (маалыматтык)
- Жергилкитүү маселелерди чечүү (шаардын жашоочулары менен өткөн жолугушууларда пайда болгон маселелерди чечүү)
3. СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮ
–Билим берүү – коомпсуздук (жол коомпсуздугу, социалдык, маалыматтык, кароосуз калган балдар жана туруктуу үй жайы жок адамдар, санитардык),
–Спорт
–Маданият: Тарыхый жана маданий мурас (сактоо жана калыбына келтирүү)
1. Артыкчылык: Экономикалык жактан өнүгүү максаттары:
2020-жылга чейин жумушсуздукту 2-эсеге азайтуу
2020-жылга чейин жыл сайын мунимум 10% көбөйтүү менен АДП 2-эсеге жогорулатуу.
Жыл сайын чет элдик туристтердин санын 20%га ички туристтерди 30% өстүрүү
Каракол шаарынын аэропортунда эл аралык учууларды кабыл алуу
2020-жылга чейин өнөр-жай жана тамак-аш тармагындагы 20 кем эмес ишканаларды ишке киргизүү
Коопсуздук жана кылмыштын санын азайтуу боюнча изилдөөөрдү жүргүзүү менен иш аракеттерди көрүү
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Ата мекендик жана чет өлкөлүк капиталдык салымдардын климатын жакшыртуу
| Промотанк уюму менен биргеликте Бишкек шаарында боло турган БИФ форумунда шаардын өнүгүү 2016-2020-жж. стратегиясын презентациялоо | Декабрь 2016-ж | Каракол ш. мэриясы Промотанк | Чет элдик каражаттар, Жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо | Жергиликтүү бийликтен кепилдик берилиши, Шаардык кенешке конкреттүү шаарды өнүктүрүү планы боюнча сунуштоо |
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча маселелерди чечүү үчүн туруктуу иштей турган аянтчаны түзүү | Жыл сайын | Каракол ш. мэриясы | Чет элдик каражаттар, Жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо | - жеке өнөктөштүктөгү актуалдуу маселелерди чечүү | |
жаңы ишканаларды ачууга көмөк көрсөтүү жана жыл сайын бизнес долбоорлорду жазуу менен салымдарды кошуу боюнча жыл сайын бизнес форумдарды өткөрүү | Жыл сайын | Каракол ш. мэриясы | - бизнес долбоорлорду топтоого жана иштеп чыгууга кетүүчү чыгымдар – инвесторлорду издөө - форумдарды уюштуруу | - жыл сайын 20% жаӊы ачылган ишканалардан түшүүчү салык төлөмдөрдү жогорулатуу | |
| ЭЭА түзүү жана изилдөө боюнча чыгымдар сметасын иштеп чыгуу жана ЭЭА түзүү үчүн өнөр жай зонасын аныктоо | 2018-ж | Каракол ш. мэриясы, Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти бизнес ассоциациялары | Чет элдик каражаттар, Жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо | Жергиликтүү бийликтен кепилдик берилиши, Шаардык кенешке конкреттүү өнүктүрүү планын боюнча сунуштоо |
2. Артыкчылык: Эффективдүү башкаруу 2016-2020-жж максаттар:
2.1. Бюджет жана бюджет-салык саясаты. Жыл сайын бюджетти 15% көбөйтүү
Салык төлөмдөрдүн, айыптардын, пенялардын жана сакциялардын түшүүлөрүн жогорулатуу (кластерлерди өнүктүрүү боюнча сандык ченем)
Программалык негизде бюджетти ишке ашыруу менен бюджетти натыйжалуу бөлүштүрүү;
Акыркы 3 жылдагы “план/факт/карама” планкасын расмий сайтка жайгаштыруу менен ачык бюджетти көрсөтүү
Туруктуу негизде жарандык бюджетти жарыялоо
Муниципалдык коммуналдык муктаждыктардын жана талаптардын негизинде шаардык кепилдик фондусуна – Кыргыз Орус фондусуна аудит жүргүзүү менен иштөөсүн камсыздоо
2.2. Инфраструктура
2017-жылдын аягына чейин ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
2018-жылдын аягына чейин канализациялык тазалоочу системаны капиталдык оӊдоо иштерин жүргүзүү
2017-жылдын аягына чейин үйлөрдүн жана ишканалардын 50% на акылдуу эсептегичтерди орнотуу;
2018-жылдын аягына чеийн сугат системасын калыбына келтирүү;
2017-жылы башка акча каражаттарды тартуу менен шаарда жайгашкан мекеме, ишканалардын имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү;
Кошумча энергия булактарын колдонуу менен стимулдаштыруу жана сыйлоо менен кызыктыруу аркылуу 3 муниципалдык мекемеге орнотуу менен башка ишканаларга жайылтуу
Муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо
2017-жылдын аягына чейин шаардын коомдук жерлерине «К» шаардын бренди стендин орнотуу;
2017-жылдын аягына чейин Москвадагы Арбат көчөсүнө окшош Каракол шаарына көчөнү ачуу;
Экономикалык субъекттердин стандарттарын шаардык тутумун жана стилистикалык тизмесин бекитүү (ижарачылар) 2017-жылы
2.3. Коммуникация жана имиджди көтөрүү
Тышкылар:
Жыл сайын фестивалдарды өткөрүү (түнкү фестиваль, кышкы фестиваль, Каракол тамагынын фестивалы, Ашлянфу фестивалы ж.б.у.с.)
Фейсбук жана Твиттер баракчалары аркылуу башка өлкөлөргө жарнамалоо Каракол шаарынын вебсайты аркылуу брендин илгерилетүү.
2017-жылы фотоконкурс өткөрүү.
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Ачыктыкты сактоо | Бюджеттин аткарылышы жана бюджеттин долбоору тууралуу Коомдук угууларды өткөрүү | Каржы министрлигине жиберилгенче август айынын 15 чейин | Бюджеттик комиссиянын төрагасы | Концеляриялык бюмдардын чыгымдары, чакыруу жана зал маселеси | 1000 кишиден кем эмес адамга угузуу, Бюджет толугу менен расмий сайта жайгаштыруу |
1.Ар дайым мэрия менен кенешин кызматташуусу 2. Маалымат берүү 3. Коомдук угуулар (дайыма) 4. аткарылышына көзөмөл 5. Иш аракеттердин ачыктыгы (интернет, ММК, онлайн). 6. МТБ дайындоо процедурасы | Дайыма
| Каракол шаардык мэриясы, шаардык Кеңеш менен биргеликте | Жергиликтүү бюджет | Маалыматтарды ай сайын расмий вебсайтка жайгаштыруу
| |
Жарандык бюджеттин иштеп чыгуу | Коомдук угууларга чейин | Мэриянын бюджеттик саясатын башкаруу | Экспертин кызматы үчүн чыгымдар, чыгаруу, шаар ичинде таркатуу | 1000 адамдан кем эмес таратуу, Расмий сайтка маалыматты чыгаруу | |
Программалык бюджетти киргизүү | 2017-жылдын январь айына карата | Шаардык каржы бөлүмүнүн жетекчиси | Эксперт кызматынын чыгымдары, концеляриялык бюмдардын чыгымдары | Программа түрүндө сунушталган бюджет, максаттар, расмий сайтка чыгарылган көрсөткүчтөр, Бюджеттин коомдук угуулардагы маалыматы | |
Бекитилген генералдык пландын жана бирдиктүү шаардын картасын киргизүү | 2017 - ж | Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти | Адистин чыгымдары | Шаардын расмий сайтына чыгаруу
| |
Шаардын деталдуу планировкасы менен генералдык планды публикациялоо | 2017-ж | Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти | Адистин чыгымдары | Шаардын расмий сайтына чыгаруу
| |
| Кирешенин резервдерин аныктоо -контролдуу көрсөткүчтөрдүн төлөмдөрү жана төлөөчүлөрдү текшерүү | Жыл сайын | КШДКнын бюджеттик комиссиясынын төрагасы, шаардык каржы бөлүмү, Шаардык салык кызматынын жетекчиси |
| Ар квартал сайын салык кызматынын маалыматын угуу менен 30% салык жыйымдарын жогорулатуу |
| Административдик комитетинин ишин активдештирүү, - санкцияларды, айыптарды, комуналдык кызмат көрсөтүү төлөмдөрдү төлөбөгөн жарандардан жыйноо боюнча текшерүү | Жыл сайын Ай сайын | Шаардык Кеңештин төрагасы |
| 30 % кем эмес жыйымдарды жогорулатуу |
| Муниципалдык менчик ижара жыйымдарды чогултууну жогорулатуу - бөлмөлөр -жерлер | 2016-жылдын аягына чейин | ШК төрагасы ММБД жетекчиси |
| 30% кем эмес жарым жылдык маалымат |
| Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусунун байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнө шаардык кеңештин мүчөсүн кошу менен каражаттарды сарамжалдуу бөлүштүрүү | 2016-жылдын аягына чейин | Шаардык кеңештин төрагасы |
| Байкоочулар кеңешинин мүчөсү ШК депутаты, ӨФК бөлүштүрүүнүн квартал сайын берилген маалыматы |
2.2 Инфраструктура
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Шаардын жолдорунун абалын жакшыртуу | Жолдорду жана тротуарларды капиталдык ремонттон өткөрүү: Коенкозов, Торгоев, Пржевальский, Тыныстанов, Масалиев, Токтогул-Абдрахманов-Кыдыр Аке, Кашка-Суу к/р, Восход к/р, Алтын-Казык к/р “Кызыл сызык” Инвентаризация | 2016-2020-жж | Жол чарба министрлиги, Каракол шаардык мэриясы, ЖЧМИ, Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти
| Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу, жерг бюджет, республикалык бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Жолдордун абалын жакшыртуу, квартал сайын маалыматты расмий сатка жайгаштыруу |
| Сууну эсептеген эсептегичтер (унаа жууган мекемелер, сауна, кафе, ресторандар, мал соючу жайлар) | 2017-ж | Шаардык мэриясы, Суу түтүк ишканасы | Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу, жерг бюджет, республикалык бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, жыйымдардын эфективдүү калктан чогултуу |
| Скважиналарды реабилитациялоо жана калыбына келтирүү | Жылына жок дегенде 1 скважина | Шаардык мэриясы, Суу түтүк ишканасы | Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу, жерг бюджет, республикалык бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу |
| Агынды суулар (канализация): агынды сууларды тазалоочу жаӊы ишкананын долбоорун даярдоо менен каржы булактарын издөө | 2017-2020-жж | Шаардык мэриясы, Суу түтүк ишканасы, экотехинспекция, донордук жана инвестициялык каражатар | Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу, жерг бюджет, республикалык бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, айлана чөйрөнү коргоо |
| Багбанчылык, таштанды чыгаруу, кайра иштетүү, сугат системасын калыбына келтирүү, таза иче турган суу менен камсыздоо иштерин турукташтыруу менен бюджеттик каражаттарды колдонууда мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде колдонуу | 2017-2020-жж | Шаардык мэриясы, Суу түтүк ишканасы, экотехинспекция, донордук жана инвестициялык каражатар | Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фондусу, жерг бюджет, республикалык бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу, айлана чөйрөнү коргоо |
| Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүнүн маалыматын сапаттуу даярдоо | Ай сайын 2017-2020-жж | Каракол ш. мэрия, мекеме ишканалар |
| Квартал сайын расмий сайтка жайгаштыруу |
Коммуникация жана көрктөндүрүү
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Шаардын комуникациясын өнүктүрүү | 1.Суу менен камсыздоо Ичүүчү суунун сапатын жана санын жогорулатуу 1.1 5-скважинаны калыбына келтирүү 1.2 күнүнө 5000 куб метр сыйымдуулуктагы суу топтоожу жайдын (отстойник) курулуш иштерин аяктоо 1.3 Токтогул Пржевальский көчөлөрүнүн 6 км чакырымдагы суу түтүктөрүн куруу 1.4 13000 даана суу ченеген эсептегичтерди жеке секторго орнотуу 1.5 Күнүнө 30000 куб метрлик сыйымдуулукта шардын саркынды сууларын тазалоочу жайдын курулушунун долбоорун иштеп чыгуу | 2017-2020-жж
2018-ж чейин
2020-ж чейин
2020-ж. чейин | Каракол шаардык мэриясы | ЕБРР Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Аткарылган иштер туурасында маалыматты квартал сайын расмий сайтка жайгаштыруу |
| 2. Шаардын Вертикалдуу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү 2.1 2016-2020 жылга чейин шаардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу планын иштеп чыгуу 2.2 Сугат системасын калыбына келтирүү боюнча стратегияны ишке ашыруу 2.3 Шаардын архитектуралык келбетин оӊдоо менен парктарды, аянтчаларды, коомдук дааратканаларды жакшыртуу | Дайыма
2016-2020-жж
2016-2017-жж. | Каракол шаардык мэриясы, Жашылдандыруу чарбасы.
Каракол шаардык мэриясы, Жашылдандыруу чарбасы.
Каракол шаардык мэриясы, Жашылдандыруу чарбасы.
| Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар
Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар | Аткарылган иштер туурасында маалыматты квартал сайын расмий сайтка жайгаштыруу |
| 3. Шаардын кире беришинин архитектуралык келбетин жакшыртуу 3.1 Шаардын 2025-ж чейинки генералдык планын өнүктүрүү 3.2 Шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу (көп кабаттуу үйлөр, фасаддар, тышкы келбети) стритграфити 3.3 шаардын борбордук аянтындагы скверди жашылдандыруу менен келбетин оӊдоо (отургуч, беседкалар, жарыктандыруу) 3.4 Аялдамаларды жакшыртуу | 2018-ж
2017-2025-жж
Дайыма
Дайыма
2018-ж | Каракол шаардык мэриясы, Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти
Каракол шаардык мэриясы, Жашылдандыруу чарбасы
Каракол шаардык мэриясы | Жергиликтүү бюджет
Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар
| Квартал сайын мэриянын расмий сайтына аткарылган иштер туурасында маалыматты жайгаштыруу |
| 4. Көрктөндүрүү 4.1 Таштанды чыгаруучу контейнерлердин санын көбөйтүү 4.2 Жаӊы таштанды төгүүчү полигон 4.3 Тазалык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо 4.4 шаардагы көчөлөрдүн, парк, скверлердин жарыктандыруу системасын энергия үнөмдөөчү каражаттарды орнотуу 4.5 Тазалык ишканасынын жумушчуларын көбөйтүү 4.6 Санитардык полициянын ишин жандандыруу |
2016-2020-жж.
2020-ж
2018-ж чейин
2016-2020-жж
2017-ж
2017-ж |
Каракол шаардык мэриясы, Тазалык ишканасы, Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти
Каракол шардык мэриясы, шаардык кенеш
|
Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар
Жергиликтүү бюджет
Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар
| Квартал сайын аткарылган иштер туурасында маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу |
| 5. Жылуулук менен камсыздоо 5.1 энергиянын натыйжалуулугу 5.2 Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу 5.3 Буу казандарын алмаштыруу | 2016-2020-жж | Каракол шаардык мэриясы, Жылуулук менен камсыздоо ишканасы, жылуулук ишканасы | Жергиликтүү бюджет, башка донордук жана инвестициялык каражаттар
| Квартал сайын аткарылган иштер туурасында маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу |
Суу кызматтар үчүн калктан акча жыйноону көбөйтүү, таштанды жыйноо жана жергиликтүү салыктар | MTБ базаларында инспекторлорду бекитүү менен суу кызматтар, таштанды жыйноо жана жергиликтүү салыктар үчүн акча чогултууну оптималдаштыруу | 2017-ж | Каракол шаардык мэрия, Суу түтүк ишканасы, Тазалык ишканасы, салык башкармалыгы | Жергиликтүү бюджет | Квартал сайын аткарылган иштер туурасында маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу
|
Тышкы жана ички сүрөттөлүштү (имидж) жылдыруу
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Иш чараларды өткөрүү | Билим берүү фестивалы | Жыл сайын | Каракол шаардык мэриясы, билим берүү бөлүмү | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар |
|
Жыл сайын фестивалдарды өткөрүү | Жыл сайын Out dor фестивалын өткөрүү | Жыл сайын июль-август айлары | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Партнерлорду тартуу
| Расмий сайтка чагылдыруу |
| Эко-продуктылардын фестивалы | 2017-ж апрель-май | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Донордук жана инвестициялык каражаттар | Расмий сайтка чагылдыруу |
| Боз үйлөр шаарчасы жана Кара-Жорго фестивалы | 2017-ж июль-август | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Донордук жана инвестициялык каражаттар | Расмий сайтка чагылдыруу |
| Кышкы спорттук фестивалы | Жыл сайын | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Донордук жана инвестициялык каражаттар | Расмий сайтка чагылдыруу |
Жаңы туристтик борборлорду орнотуу жана жаңыртуу | Шаардын бренди «К» стендин коомдук жайларга орнотуу | 2017 жыл | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Донордук жана инвестициялык каражаттар, жергиликтүү бюджет | Расмий сайтка чагылдыруу |
| Москвадагы Арбат көчөсүнө окшош Каракол шаарына көчөнү ачуу | 2017 жыл | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия | Донордук жана инвестициялык каражаттар, жергиликтүү бюджет | Расмий сайтка чагылдыруу |
Алдыга жылдыруу | Фотоконкурс өткөрүү (артгалерея) | 2017 Июль-август | Шаардык Кеңеш, шаардык мэрия Партнерлор | Донордук жана инвестициялык каражаттар | Расмий сайтка чагылдыруу |
3. Артыкчылык – социалдык жактан өнүгүү: билим берүү, спорт, маданият, коопсуздук максаттар:
· Англис тилинен берген мугалимдерди тартуу;
· Дем берүүчү гранттарды алууга берген арыздардын сапатын жогорулатуу;
· Социалдык тармактагы имараттарды колдоонунун эфективдүүлүгүн жогорулатуу;
· Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;
· Шаардын тарыхый-маданий мурасын сактоо
· Спортту өнүктүрүү менен жаштарды спорт менен машыгууга үгүттөө
Коопсуздук
Милдеттер | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Жыйынтык |
Билим берүү мекемелеринде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | Билимин жогорулатуу боюнча мугалимдерди окутуу | Жыл сайын | Шаардык билим берүү бөлүмү |
| Көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатуу, расмий сайтка жайгаштыруу |
Башка каражаттарды тартуу менен билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү | Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №5 балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №5 балдар бакчасы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №13 балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №13 балдар бакчасы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №15 орто мектебине спорттук аянтчаны куруу | 2017 –ж. | Шаардык каржы бөлүмү, №13 балдар бакчасы, шаардын №15 орто мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №5 орто мектебине спорттук аянтчаны куруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №13 балдар бакчасы, шаардын №5 орто мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №2 балдар бакчасынын чатырын алмаштыруу жана кошумча айнекчени куруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №2 балдар бакчасы | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №7 орто мектебинин чатырын оӊдоо жана терезелерин алмаштыруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, шаардын №7 орто мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №10 балдар бакчасынын санитардык түйүнүн кошумча курулушун куруу жана кир жуучу бөлмөнү оӊдоо | 2017-ж. | Шаардык каржы бөлүмү, №2 балдар бакчасынын жетекчилиги | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
Дем берүүчү грант аркылуу шаардын №1 инновациялык гимназия мектебинин тосмолору менен пандусун куруу жана короосун төшөө | 2017-ж. | Шаардык каржы бөлүмү, шаардын №1 иновациялык гимназия мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу | |
| Дем берүүчү грант аркылуу шаардын № 9 орто мектебине спорт аянтчаны куруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №9 орто мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |
| Дем берүүчү грант аркылуу шаардын № 4 гимназия мектебине жылытуу системасын алмаштыруу | 2017-ж | Шаардык каржы бөлүмү, №4 гимназия мектеби | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |
| “Акыл Таймаш” аттуу окуучулар арасында конкурстарды уюштуруу | Жыл сайын | Шаардык билим берүү бөлүмү, мектептер |
| Окуучуларды стимулдаштыруу расмий сайтка жайгаштыруу |
| Мугалимдер менен ата-энелердин кесиптик техникалык багыты менен биргеликте иш алып баруу | Жыл сайын | Шаардык билим берүү бөлүмү, орто мектептер, ата-энелер комитеттери |
| Окуучуларды стимулдаштыруу расмий сайтка жайгаштыруу |
Этика, маданияттулук жана толеранттулукту балдар менен ата энелер арасында жайылтуу | Материалдык-техникалык базаны түзүү (маданият борборлору, кинотеатрлар) | 2016-2020-жж. | Маданият, маалымат жана туризм бөлүмү, маданият үйү | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар | Материалдык техникалык базаны чыӊдоо, расмий сайтка жайгаштыруу |
Чиркөөнүн тосмосун реконструкциялоо, отругучтарды жана жарыктандырууну орнотуу | Чиркөөнүн тосмосун алмаштыруу, шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу | 2017-2018-жж | Ысык-Көл областтык архитектура жана шаар курулуш департаменти | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар | Туристтерди тартуу максатында шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу |
| Шаардын тарыхый маданий мурасын сактап калуу максатында калыбына келтирүү боюнча ишкана мекемелерге бекитүү | Дайыма | Каракол шаардык мэриясы, Маданият, маалымат жана туризм бөлүмү, шаардын ишкана мекемелери | Жергиликтүү бюджет, республикалык бюджет | Шаардын тарыхый маданий мурасын сактап калуу, расмий сайтка жайгаштыруу |
Массалык спортту жайылтуу | Спортту өнүктүрүү боюнча программаны кабыл алуу | 2017-ж | Дене тарбия жана спорт бөлүмү | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар | Жаштарды спорт менен машыгууга үгүттөө, расмий сайтка жайгаштыруу |
Жарандардын жана келген меймандардын коопсуздугу | Шаардагы коомдук жайларда байкоо камераларын орнотуу | 2017-2020-жж. | Каракол шаардык мэриясы, шаардын ИИБ | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар | Кылмыштуулукту азайтуу жана коопсуздукту камсыздоо |
| Орнотулган көчө жарыктандыруу чырактардын санын көбөйтүү | 2017-2018-жж | Каракол шаардык мэриясы, Тазалык ишканасы, КРЭТ | Жергиликтүү бюджет, донордук жана инвестициялык каражаттар | Кылмыштуулукту азайтуу жана коопсуздукту камсыздоо |
Тиркемелер:
· Шаардын генералдык планы
· Орто мөнөттү бюджетти өнүктүрүү
· Суу түтүктөрдүн стратегиясы
· Жаштар саясатынын стратегиясы
· Сугат системасынын стратегиясы
· Жашылдандыруу стратегиясы
|