Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
2016-жылдын 15-августу № 3
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 5.03.2015-жылдагы XXI-сессиясынын №9-токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 03.08.2016-жылдагы №04-02/1219-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 5.03.2015-жылдагы XXI-сессиясынын № 9 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнүн №26 кварталындагы “Интернет-Клуб” имараты шаардык маданият бөлүмүнө, маданият сарайына, аксакалдар кеӊешине, Ооган, Баткен согушунун ардагерлер кеӊешине, шаардык жаштар комитетине жана Ч.Айтматов атындагы коомдук аймактык башкаруусуна оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
3. Жогорудагы мекемелердин жетекчилерине оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдү сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | К. Айтакалов |