Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 40
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы №34 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Карат-Таш жоопкерчилиги чектелген коомунун 27.10.2016-жылдагы №21 сандуу чыгыш катын негиз катары карап чыгып, КР”Кыргызмамжердолбоор” МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 01-7/457 17.10.2016-жылдагы аныктамасынын негизинде Кара-бак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы №34 токтомуна өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Караташ жана Сары камыш өтөктөрүнүн айланасынан пайдаланылбай жаткан чополуу таштак жерден 50,0 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |