Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы № 4
Сессияны Куйручук айылдык Кеңешинин төрагасы Чокоев Кылычбек алып барды. XXVII чакырылган эл депутаттардын Куйручук айыл аймагынын Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы ачылсын деген сунуш киргиземин. Добуш берип койсоңуздар.
Макул – 11
каршы – жок
Калыс – жок.
Анда бүгүнкү сессияны ачык деп жарыялайм.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
Кыргыз республикасынын Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамына ылайык Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
Күн тартибиндеги маселе бекитилсин деген депутаттардын добуш берип коюусун өтүнөм.
Макул – 11
каршы – жок.
калыс – жок.
Күн тартибиндеги маселе бир добуштан бекитилди.
Шайлоо откөрүу боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен таанышып койсоңуздар.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – Н.Термечиков
комиссиянын катчысы - Ж.Токонова
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ш.Сагынбаев
Ж.Токтоназарова
Н.Осмоналиева
И. Маадымканова
А.Абакирова
Ж.Аманалиев
Эсептөө комиссиясы өз ишин баштап, 11 (он бир ) бюллетень депутаттарга көргөзүлүп, тааныштырылып 11 (он бир) бюллетень жарактуу деп эсептелинди.
Депутаттардын макулдугу менен алвабит боюнча добуш берүу башталды.
Добуш берүү бүттү.
Урна ачылды
11 (он бир ) бюллетень саналып жарактуу болуп чыкты.
Эсептөө комиссиясы бирден тааныштырып Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкер Абылабеков Бердибек -4 (төрт) макул, Асанов Талантбек Турганбекович 7 (жети) макул добушу берилди.
Куйручук айыл өкмөт башчысы кызмат оордуна шайлоо мыйзам чегинде өткөрүлдү.
Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп Куйручук айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына депутттардын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Асанов Талантбек Турганбекович шайланды деп эсептелинсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Төрага | К. Чокоев |
Нарын облусу, Жумгал районунун Куйручук жергиликт алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Айыл өкмөт имараты 12- май 2016- жыл
Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайланууга көрсөтүлгөн талапкерлер:
Абылабеков Бердибек
Асанов Талантбек Турганбекович.
Шайлоо боюнча шайлоо бюллетеньдерин саноонун натыйжасында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы белгиледи:
Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны- 11
Куйручук айылдык Кеңешинин депутатттарына берилген шайлоо бюллетеньдеринин саны – 11
Жокко чыгарылган бюллетеньдеринин саны – 0
Добуш берүү үкөгүндө турган бюллетеньдеринин саны – 11
Жарактуу шайлоо бюллетеньдеринин саны – 11
Жараксыз бюллетеньдеринин саны - 0
7 Талапкерлердин фамилиясы, аты- жөнү | 8 Айыл өкмөт башчысына кызматына ар бир талапкерге “макул ” деп берген айылдык Кеңештин депутаттарынын добуштарынын саны | |
Цифра менен | Жазуу менен | |
Абылабеков Бердибек | 4 | Төрт |
Асанов Талантбек Турганбекович | 7 | Жети |
Айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин “ Бардыгына каршы” деп добуш берген айылдык Кеңештин депутаттарынын добуштарынын саны – 0
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жөнөтүлөт (1- нускамасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр тийиштүү айылдык Кеңешке жана райондун акимине жөнөтүлөт жана добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилет.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы – Н.Термечиков
комиссиянын катчысы - Ж.Токонова
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ш. Сагынбаев
Ж. Токтоназарова
Н. Осмоналиева
И. Маадымканова
А. Абакирова
Ж. Аманалиев