Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 50
Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXVII-сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXVII-сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгып, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу үчүн өздүк салым катары 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 343600 (үч жүз кырк үч миң алтыз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 10-февралындагы № 5-токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Дара айыл аймагынын өнүгүү программасындагы Жаңы-Жер айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу иш-чарасы 2016-жылдан 2017-жылга которулсун.
3. Жаңы-Жер айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу үчүн 343600 (үч жүз кырк үч миң алты жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы М.Зайналовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |