Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 23/1
Өзгөн шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэриясынын 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэриясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэриясынын 2015-жылда жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Отчету талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.(отчет тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
Өзгөн шаарынын 2015-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо Өзгөн шаар мэриясынын ОТЧЕТУ
Урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары, урматтуу төрага!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2015-жыл- Президентибиз тарабынан Кыргыз Республикасында Улуттук Экономиканы чыңдоо жылы»,-деп жарыяланган.
Ошого байланыштуу, Өзгөн шаарынын мэриясы өзүнүн 2015-жылга карата иш планын экономиканы чыңдоо жаатындагы иштерди аткарууга көңүлүнүн борборун бурду.
Анткени, экономиканы чыңдоо деген-бул район айыл чарба багытында болгондон кийин айыл чарабасынан өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларын, калкка акы төлөп кызмат көрсөтүүчү жана калкты тейлөөчү кичи ишканаларды ачуу менен жумушчу орундарды түзүү, алар аркылуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы, аппараттын кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары менен чогуу иш алып барылды.
Натыйжада, күчөтүлгөн талаптын, салык жаатындагы иштерди реформалоонун таасири астында, 2015-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизилип бекитилген милдеттердин аткарылышы камсыздалды.
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатында 2015-жылдын 2-кварталында Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, уюм, жана жеке ишкерлер боюнча хронометраж жүргүзүлүп, тизмелери кайра такталып чыгылды.
Жыйынтыгында 4 ресторан, 107 коомдук тамактануу жайлары, 4 ун заводтор, 5 кондитердык цехтер, 24 навайкана, 14 нуска көчүрмө жана вебкассалар, 4 фото салондор, 14 фирмалар, 35 чачтарачканалар, 8 акча алмаштыруучу жайлар, 30 бут кийим оңдоочу жайлар, 5 компютер ойноочу жайлар, 28 аптекалар, 6 агроветаптека, 31 чайканалар, 6 пластик эшик жана терезелер даярдоочу ишканалар, 26 тигүү цехтери 4 тыныке басып чыгаруу цехтери, 172 азык-түлүк дукөндөрү, 4 майжуваздар, 8 авто унаа жуучу жайлар, 36 авто унаа тетиктерин сатуучу жайлар, 14 дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жайлар, 17 май алмаштыруучу жайлар, 45 авто унаа оңдоочу жайлар, 7 мончо, 65 касапканалар, 3 эстелик жасоочу жай, 8 авиакасса, 38 биллиард ойночу жай, 9 ломбард, 4 ватачесалка, 2 заправка жана 17 кичи базарлардын ичинде 130 магазин, 410 контейнер, 37 ларек жана киосклер, “Пазилат” соода борборунда 29 соода дүкөндөрү, калкка кызмат көрсөтүү багытында иш жүргүзүүдө жана алардын тейлөөсүнөн, кызмат көрсөтүүсүнөн 2015-жылдын ичинде 2672705 миң сомдук көлөмдөгү иштер аткарылды.
Жыл ичинде шаардагы жеке ишкерлердин иш-аракеттери менен Кайрагач кварталында 1 кассапкана, магазин “Сафо”, азык-түлүк дүкөнүн ордунда минералдык кошумча азыктарды сатуучу жай, 1 самсахана жана 1 кийим-кечектерди тазалоочу жай (химчистка) , Гузар кварталында 1 ун сатуучу контейнер жана чарбалык товарларды сатуучу дүкөн, Улугбек кварталында кондитер азыктары иштеп чыгаруучу мини цех, 1 сварочный цех жана үйдүн ичинде курулуш материалдары сатуучу жай “Мир кафеля”, Жаны-Турмуш кварталында пластик эшик-терезелер иштеп чыгаруучу жай, “Роллер” клуб, 1 кафе, Кумлик кварталында 1 та кассапкана, Калма-кыя кварталында автомашиналар ондоочу жай (автопокраска), 1 чачтарачкана, Шарк кварталында 1ашкана, 4 автомашина ондоочу жай, 2 автоунаа тетиктерин сатуучу жай ачылып шаардын бюджеттин киреше болугун көбөйүшү камсыз кылынды.
Салык жана бюджет боюнча:
2015- жылга Озгон шаарынын бюджети жалпысынан 67763.6 мин сом өлчөмүндө бекитилген. Анын ичинен: салык жана салык эмес толомдор 63063.6 мин сомду.ал эми атайын каражаттар 4700.0 мин сомду түзөт. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтуу бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдөн 68735,1 мин сом киреше жыйналып, бекитилген планга салыштырмалуу 5671,5мин сомго,такталган планга салыштырмалуу 2117,5 мин сомго ашыкча аткарылган. 2015-жылдын ичинде аткарылган жумуштарды оз убагында каржылоо максатында киреше бөлүгүнүн планы Каржы министрлигинин макулдугу менен 4- кварталдан 3867.0 мин сом кыскартылып, 2-кварталга жылдырылып кобойтулду. 2015-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетке бардыгы болуп, 68735,1 мин сом акча жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу 7169,5 мин сомго, же болбосо атайын каражаттарды кошпогондо өсүү темпи 103.2% тузду.
2015-жылдын жыйынтыгы менен такталган планга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн анализдеп көрсөк салыктардын жана жыйымдардын 17 түрүнөн 12 түрүнун жеткирилген план тапшырмасы ашыгы менен аткарылды. Тактап айтканда, бирдиктүү салык 247,5 миң сомго, милдеттүү патеннтин негизиндеги салыктан 525,7 мин.сом,кыймылсыз мүлк учун салыктан 361,4 мин сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 58,7 миң сомго,сатуудан түшкөн киреше 168,6 миң сомго планга салыштырмалуу кем аткарылды, ал эми ыктиярдүү патенттин негизиндеги салык 126,1 миң сомго, транспорт салыгы 290,1 мин сомго, физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 2009-2014-жылдарда өнбөй калган салыкты кошо эсептегенде 1615,2 миң сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 6,6 миң сомго, жер үчүн ижара акы 137,4 миң сомго, таштандыларды чыгаруу учун алым 2009-2014 жылдарда өнбөй калган алымды кошкондо 141,8 мин сомго, автотранспортторду парковкалоо учун алым 40,9 мин сомго, айыл чарба багытында эмес жерлерди сатуудан түшкөн киреше 107,6 миң сомго ашыкча өндүрүлдү.
Өзгөн шаардык Кеңеши тарабынан 2015-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин бекитилип берилген титулдук тизмесине ылайык 2015-жылдын ичинде шаарда төмөндөгү иштер аткарылды: (шаардын бюджети 2015-жылга 63,6 млн сом өлчөмүндө (титулдук тизме 33548,2 миң. сом өлчөмүндө) бекитилген)
1. Өзгөн шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 509,2 миң сомго 580 түп крым соснасы, 1000 түп можжевельник, 500 түп ак кайың жана башка мөмөлүү дарактар сатылып алынып өтүргүзүлдү. Можжевельник шаардын Жүзүмзар, Кумлик, Төрт-көчө ,Кайрагач кварталдарына жана Улугбек кварталы Мирзарахимов көчөлөрүнө өтүргүзүлдү. Крым соснасы шаардын Ленин көчөсүнө, Ташлак, Пайзабад, Мажримтал жана Жаны-Турмуш кварталдарына, ак кайын Азнабакиев атындагы паркка, мөмөлүү дарактар(бадам,жангак ) Орто-Коргон эс алуу жайына отургузулду.
2. Ленин жана Манас көчөсүндөгү борбордук аянттарга 21200 сомго сатып алынган гүл көчөттөрү эгилди. Шаардын көчөлөрүндө эгилген бак-дарактарды санитардык бутоо (обрезка) жана көркүнө келтирүү үчүн 33940 сом келишимдин негизинде каржыланды.
3. Шаардын аймагына сугат суу жеткирүү максатында борбордук көчөлөрдөгү жолдордун жээктериндеги арыктарды калыбына келтирүү, шаар ичиндеги ички арыктарга коюлуучу трубаларды сатып алуу жана эски трубаларды алмаштыруу, шаардан агып өтүүчү ички арыктарды ондоп-түздөө, жалпы эле шаардын аймагын сугат сезонуна даярдоо боюнча ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө, атап айтсак, шаар көчөлөрүндөгү арыктарга лоток жаткыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 700,0 миң сом акча каражаты каралып, учурда Ленин көчөсүндөгү “Базар арыктын” 350 метр аралыгына жана Маданият көчөсүндөгү арыкка лотоктор жаткырылди, лотокторду сатып алуу, жеткирип келуу, жаткыруу менен байланышкан каражаттар, жалпысынан 427,9 миң сом акча каражаты сарпталды.
4. Манас көчөсүнүн түндүк багытынан Бегелдинов көчөсүнө чейин лоток кую үчүн курулуш материалдары сатып алуу үчүн 105000 сом сарпталды.
5. "Ай-мээрим","Ай-Шооласы" балдар бакчасында ажаткана куруу үчүн чункур (яма) казуу, "Сарахсий" кварталында таза суу тетиктери үчүн арык(траншея) казуу, "Жузумзар" жана "Кумдук" кварталдарындагы Мукуми ,Пушкин, Коммунистическая көчөлөрүндөгү ирригациялык тармагын ондоп-түзөө үчүн 161250 сом каражат сарпталды.
6. Ленин көчөсүнүндө Кошиев кесилишине чейин жаны арык ачуу, лоток орнотуу(эски интернат территориясынан тратуардын четине чыгаруу) үчүн 230000 сом каржыланса, 14400 сом Гагарин көчөсүндө( мечиттен баштап строй .материал.базарга чейин) арыкка бетон кую максатында курулуш материалдары үчүн каржыланды.
7. Манас көчөсү менен Матисаев көчөсүнүн кесилишиндеги трубаны жанылоого 6000 сом, Жаны-Өзгөн кварталында элди суу ташкынынан сактоо максатында 350 метр канал казуу иштерине 30000 сом сарпталды.
8. Сельская көчөсүн асфальт жаткырууга даярдоо, кенейтуу, арыктардин кувейтин чыгаруу, жашылдандыруу (глобус арча көчөттөрүн) иштерине жана Байматова, Джерженский, Саидов, Иминов, Абдукеримов, Тажибаев атындагы көчөлөргө жаткырылган шагылдарды тегиздоо иштерине жалпысынан 461,1 миң сом каржыланды.
9. Үч-Дөбө көчөсүн кенейтүү, арыктардын кувейтин чыгаруу, тегиздөө иштерине 130000 сом каржыланды.
10. Ленин көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн баштап Токтогул көчөсүнө чейынки аралыгын кенейтуу, лотокторду чыгаруу, кенейтирилген жерлерге шагыл төшөө, арыктарды тазалоо иштерине 462,3 миң сом сарпталса, 22000 сом Ленин көчөсүндөгү арыкка 11 метрдук труба сатып алууга, ушул эле көчөдөгү эски трубаларды чыгаруу, тазалоо жана кайрадан ордуна орнотуу үчүн 24000 сом каржыланды.
11. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына борбордук стадиондун түштүк-батыш тарабындагы 0,60 сотых ыңгайсыз жер тилкеси өздөштүрүлүп, атайын бак тигилди.
12. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүүлүчү майрамга даярдалган ар түрдүү баннер, плакат жана понолор үчүн 67686 сом, Улуу ата мекен, Баткенчилер,Ооганчилер эстеликтери тегерегине 6 даана отургучтерге саябан орнотууу жана маалыматтар үчүн 12 даана щит жасатуу үчүн 93,7 миң сом каржыланды.
13. Жаңы конуштардагы көчөлөрдөгү жолдорго шагыл төшөө иштерине 498,0 миң сом сарпталып, шаардын Торт-Көчө, Жузумзар, Кумлик, жана Мажрим-Тал кварталдарындагы жалпысынан 3500 метр аралыктагы көчөлөрдөгү жолдорго жаткырылды, аларды тегиздоо иштерине 75,0 миң сом каржыланды.
14. Азнабакиев атындагы «Тынчтык» паркындагы эски имаратты ондоо иштерине (аква эшик-терезе, ремонттоо) 256,2 миң сом каржыланса, бак дарактарды отургузуу, аларды сугаруу үчүн насос орнотуу жана трубаларды орнотуу иштерине 246,7 миң сом акча каражаты жумшалды.
15. Төрт-көчө кварталдык комитетинин аймагына балдардын эс алып ойноочу жайынын курулуш иштери жүргүзүлүп, ага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 266,0 миң сом акча каражаты сарпталып курулуш материалдары сатып алынып, калган бардык жумуштардын кварталдын жашоочуларынын демөөрчүлүгү эсебинен бүткөрүлдү. 28,0 миң сом топографикалык чизмелери үчүн архитектура башкармалыгына которуп берилди.
16. 2015-жылдын 28-апрелинде шаардагы мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында мектептерге компютерлер сатып алуу үчүн 850,0 миң сомго тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында 785895 сомго 50 даана компютерлер алып келинип, С.Шарипов, В.Ленин, К.Датка, А.Темур, Наваи атындагы мектептерине берилди, ошондой эле компютерлерге ылайыкташтырылган стол жана стулдар 247300 сомго жасатып берилди.
17. 2015-жылдын 6-май күнү шаардагы жаны конуштарга 270 даана электр мамычелери сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында “Кок-тонду” жоопкерчилиги чектелген коому 2808000 сомго келишим түзүлүп, мамычелер алып келинди жана тендердик баада кошумча келишимдин негизинде 30 даана мамечелер 312000 сомго сатып алынып, орнотуу иштери жүргүзүлдү. Электр мамычелерине керектелуучу 21000 метр зымдар 483000 сомго сатып алынды.Электр мамычелер шаардын
“Ташлак” кварталына-59 даана,
“Мажрим-тал” кварталына-66 даана,
“Калма-кия” кварталына- 47 даана,
“Жузумзар” кварталына -29 даана,
“Жаны-Хаят” кварталына -4 даана,
“Жаны-Турмуш” кварталына-18 даана,
“Жаныбек-казы” кварталына-1 даана,
“Гузар” кварталына-17 даана,
“Пайзабад” кварталына-7 даана,
“Кумлик” кварталына-8 даана,
“Борбор” кварталына-5 даана,
“Сарахсий” кварталына- 5 даана,
“ Улугбек” кварталына -5 даана,
“Кайрагач” кварталына -8 даана берилди.
18. Ленин көчөсүндөгү 384 метр аралыктагы (Гагарин көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралык) жолду асфальттоо үчүн 1 800 000 сомго жана Наваи көчөсүндө 777 метр аралыктагы жолду асфальттоо 4 000 000 сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгында 5 699 774 сом менен ОсОО “Токошев” женүүчү деп табылып, Ленин көчөсүнүндөгү 384 метр аралыкты жана Наваи көчөсүндүгү жолдун 777 метр аралыгын асфальттоо аягына чыгарылды. Ленин көчөсүндөгү иштер үчүн 1 млн.694 мин сом, Наваи көчөсүндөгү иштер үчүн 4 млн 62 мин 474 сом каржыланды. Андан сырткары Наваи көчөсүндөгү трубаларды жанылоого 21000 сом, эски мамычаларды чыгарып, жанысын орнотуу жана электр өткөргүчтөрдү монтаждоо үчүн 11700 сом жумшалды.
19. ”Ош-Модерн” жоопкерчилиги чектелген коомуна 2014-жылда “Ай-Шооласы” балдар бакчасында аткарган иштеринен калган 83305 сом карызды төлөө үчүн каржыланды.
20. Шаар көчөлөрүнүн аталыштары боюнча аншлагтар (табличкалар) жасатуу үчүн 192500 сом каржыланып, шаар көчөлөрүнө орнотуу иштери аткарылды.
21. Шаар элин таза ичуучу суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында “Тамеки” кооперативинден Пайзабад кварталында жайгашкан скважынаны сатып алуу үчүн 800000 сом сарпталды.
22. Шаардагы Ленин, Сельская, Мукуми, Наваи, Маллабеков, Бегелдинов, Набиев, Гагарин көчөлөрүндөгү жолдорго асфальт жаткыруу үчүн долбоордук сметалык документациялар даярдатуу үчүн 480000 сом каржыланды.
23. Сарахсий кварталындагы курулуш долбоорун башкы планын даярдатуу үчүн 76666 сом каржыланды.
24. Шаардагы парктарга, стадионга, архитектуралык музейга 6 даана био туалеттер сатып алып орнотуу иштерине 198000 сомго сарпталды.
25. Архитектура жана шаар куруу башкармалыгына аткарган иштеринин кабыл алуу актысынын негизинде 150,0 миң сом каржыланды.
26. Өзгөн райондук салык инспекциясынын имаратында салык төлөөчүлөргө ынгайлык жаратууга көмөк көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе ачуу үчүн 100,0 миң сом жумшалды.
27. ”Жаны-Хаят”,”Сарахсий” жана “/ч-Дөбө” кварталдарында көчөлөрүнүн кеңейтүү жана оор автоунаалар менен шагыл төшөө, жолдорун жээгиндеги дарактардын дөмбүрлөрүн атайын техника менен казып алып чыгаруу жана “Сарахсий” күмбөзүнүн тегерегиндеги 5(беш) үй-бүлөнүн бузулган үйүнүн ордун трактор менен тегиздөө, бузулган үйлөрдүн ордунан чыккан отвалдар жана чарба таштандыларды атайын оор техника менен чыгаруу, тегиздоо иштерин жүргүзүү үчүн 150000 сом сарпталды.
28. ”Таштак” кварталындагы эс алуу зонасынын жер аянтынын планировкасы жана тегиздөө иштерин жүргүзүү үчүн 14600 сом каржыланды.
29. Мектеп-гимназиянын аймагында уюштурулган “мектеп багбанчылыгы” үчүн 40 метр сетка-рабица сатып алууга 4500 сом жумшалди.
30. Шаардын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөө, чакпалектерди ремонттоо максатында курулуш материалдары сатып алууга 28290 сом каржыланды.
32. "Таштак" кварталында жайгашкан УДТ нүн имаратын кеңейтүү максатында "Тамеки"ИӨАЧ кооперативинен кошумча имарат 0,06 г.жер тилкеси менен сатып алуу үчүн 350000 сом сарпталды.(келишим 1 млн сом).
33. А.Наваи атындагы мектебинде жаны балдар ашканасын куруу үчүн курулуш материалдары сатып алууга 364065 сом каржыланды.Киреберишине дарбаза куруу жана орнотуп берүү үчүн 25000 сом сарпталды.
34. Аскар Комиссариатынын берген кайрылуусунун негизинде имаратынын ремонттоо үчүн курулуш материалдары менен камсыздоо үчүн 40800 сом,
35. "Манас" комплексиндеги монументтин жана жер аянтын капиталдык ремонттоо үчүн 51700 сом сарпталды.
36. Азнабакиев атындагы эс алуу багына түнкү жарыткычтерди өрнөтүү жана жарнама щиттери өрнөтүү үчүн темир профилдер сатып алууга 200000 сом сарпталды.
37. Прилавкалар үчүн курулуш материалдары сатып алууга 16000 сом сарпталды.16 даана прилавка 16.0 мин сомдан 304000 сомго сатып алынды.
38. Шаар көчөлөрүндөгү арыктарды жана ирригациялык тармактарды оңдоп-түзөө үчүн атайын техникага күйүүчү май сатып алууга бир тонна ГСМ га 38500 сом каржыланды
39. Өзгөн каналына 7(жети) даана чархпалек орнотуп жана атайын суу насосторун орнотуп ишке түшүрүү үчүн 87000 сом каржыланды.
40."Ай-мээрим","Ай-Шооласы" балдар бакчасында ажаткана куруу үчүн чункур (яма) казуу, "Сарахсий" кварталында таза суу тетиктери үчүн арык(траншея) казуу, "Жузумзар" жана "Кумдук" кварталдарындагы Мукуми, Пушкин, Коммунистическая көчөлөрүндөгү ирригациялык тармагын ондоп-түзөө үчүн 161250 сом сарпталды.
41. Жаныбек-казы кварталында ажаткана куруу үчүн 24 даана темир-бетон кольца жана атайын техникасы менен аткарылган жумуштар үчүн 111500 сом каржыланды.
42. 2015-жылдын башына калган 8774200 сомдук 2014-жылда аткарылган иштерден калган карыздардын 7 млн.451 мин 400 сому төлөнүп бүтдү.(Ленин көчөсүн асфальтто үчүн өткөрүлгөн тендерден калган карыздан 824700 сом- кемчиликтер аткарылбагандыгы үчүн, А.Наваи атындагы орто мектебинин долбоордук-сметалык документацияларын даярдатуудан калган карыз- долбоор бүткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу берилбеди.)
Жалпысынан 2015-жылдын ичинде шаарда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесинин негизинде 30292,7 миң сом сарпталды. Анын ичинен титулдук тизмеге киргизилип, бирок шартка байланыштуу аткарылбай, үнөмдөлүп калган каражаттар эсебинен 3 млн.673 мин 500 сомдук жумуш аткарылды.( Шаар көчөлөрүнө түнкү жарыткычтарды орнотуу- калдык акча эсебинен каржылангандыгына байланыштүү, Азнабакиев атындагы эс алуу жайы менен Ортокоргон эс алуу жайын бириктүрүүчү көпүрө куруу үчүн көмөк көрсөтүү, Жаныбек-казы кварталында ажаткана куруу үчүн көмөк көрсөтүүдөн калган каражат, "Самсунг" экскаватору сатып алуу үчүн баштапкы төлөмүн банк аркылуу лизинге кошулуу үчүн каралган каражат, Жаны-ЭЦВ-10 насосун сатып алуу үчүн көмөк көрсөтүү үчүн каралган каражаттар эсебинен)
Алар:
1. "Кумдук" кварталындагы ТОС имаратынын куруу үчүн сатып алынган кышты жеткирип берүү кызматы 3 рейс үчүн 11100 сом сарпталса, "Кумдук" кварталындагы ТОС имаратын куруу үчүн жумуш аткаруучуга аткарган иштери үчүн 101290 сом төлөнүп берилди.
2. Мукуми ,Гагарин, Ленин ,Манас көчөлөрүн лотокторуна жана Кумдук, Улугбек кварталындагы ТОС имараттарын курулушуна курулуш материалдары(цемент) сатып алуу үчүн 135000 сом каржыланды.
3. Мэриянын алдындагы фасадга "Өзгөн шаарынын мэриясы" "Мэрия город Узген" деген жазуу үчүн 51000 сом төлөнүп берилди.
4. Өзгөн шаарынын тарыхый комплексини сактап калуу максатында тегерегин тосмолоо жана дарбаза куруу үчүн 150000 сом каржыланды.
5. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында жаны төшөлгөн асфальттар үстүнө жолтосмоолор(лежащий полицейский 121 метр)) жана жөө жүрүүчү өтүү тилкесин чызуу үчүн атайын боек (50 литр) 206500 сомго сатып алынды.
6. Шаарда аткарылган иштерге атайын техника кран-манипулятор менен буюртма берилген иштерди аткаргандыгы үчүн 35500 сом каржыланды.
7. МТС участкасындагы көрүстөндагы жаны курулган навесине брусчатка жаткыруу үчүн 13200 сом каржыланды.
8. Буюртма негизинде атайын техника менен (экскаватор жана атайые жүк ташуучу оор техника) шаардын көчөлөрүнө лоток кую үчүн шагыл ташып келүү, казылган чункурлардан тупрак жүктөө, электр мамычаларын ордунан жылдыруу иштери үчүн келишимдин негизинде 93200 сом төлөнүп берилди.
9. Сарахсий кварталындагы "Финский" участогунун 300 метр жолун жана Жаныбек-казы кварталындагы Бахмал участогундогу 3 даана көчөсүндөгү 600 метр жолун калыбына келтирүү үчүн 50000 сом сарпталды.
10. "Ай-мээрим" балдар бакчасынын жайкы жайларын (беседкаларын) кошумча ремонттоо иштерин 2014-жылда аткарылгандыгы үчүн 149180 сом сарпталды.
11. МТС участкасынын мүрзөсүндө чирков куруу үчүн жана шаарга рекламалык щиттерди орнотуу үчүн курулуш материалдары сатып алууга 100000 сом,
12.Азнабакиев атындагы балдар эс алуучу паркында түнкү жарыткычтар орнотуу үчүн электр жабдыктары сатып алууга 106800 сом каржыланды.
13."Пайзабад" кварталындагы жаштардын демилгеси менен курулуп жаткан стадионга колдоо көрсөтүү максатында курулуш материалдары сатып алууга 125400 сом каржыланды.
14. 22. “Алтын доор” коомунун таза суу боюнча жазып өткөргөн долбооруна 230,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин салымы үчүн каржыланды.
15. "Курманжан Датка" жана А.Темур мектебтерин эшик жана айнек рамкаларын пластикке алмаштыруу боюнча "/лүштүк (дем берүүчү) гранттар эсебинен каржылануучу долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттин салымы 666720 сом,
16. Гидрометрологияга "Гронтмиж" компаниясига берген маалыматы үчүн 25000 сом, 35000 сом
17.ФАП имаратын электр энергияга тармагына кошуу үчүн тех.условия алуу үчүн 35000 сом,
18. Манас көчөсүндөгү №93 муниципалдык имаратты ремонту үчүн 94920 сом
19. Кумдук"кварталындагы ТОС имаратын куруу үчүн жана Мукуми көчөсүндө 1100 метр болгон аралыгына ирригациялык тармагын ондоо максатында лоток(бетон-монолит) кую үчүн курулуш материалдары сатып алууга 200000 сом каржыланды.
20. Гагарин-Набиев көчөсүнүн кесилишдеги каналдын көпүрөсүнө 5(беш) даана темир-бетон плиталарды(плита мостовая), темир трубаларды сатып алууга 156600 сом сарпталды.
21. "Пайзабад" скважынасында таза суу насосун тазалоо жана монтаж кылуу үчүн келишимдин негизинде 150000 сом каржыланды.
22. "Кумдук" кварталындагы ТОС имаратын ички жана тышкы ремонттоо иштерине курулуш материалдары менен камсыздап жана толугу менен аткарып пайдаланууга тапшыруу үчүн 195579 сом каржыланды.
23. "Жаныбек-казы" кварталындагы 32 кв батырынын тургундарынын арызынын негизинде жана МТС участкасындагы көрүстөнүнө курулуш материалдары(тинике) сатып алууга 227035 сом каржыланды .
24. Шаар көчөлөрүн ямочный ремонту үчүн (2 тонна асфальт сатып алуу жана автогрейдерди 6 күндүк аренда акысы 153355 сом каржыланды.
2014-жылдан 2015-жылдын башына калган калдык акча эсебинен төмөндөгү жумуштар аткарылды:
1. Шаардагы “Булбулча” балдар бакчасынын ашканасын жана кир жуючу болмосун капиталдык ондоо иштерине курулуш материалдары сатып алууга 44000 сом акча болуп берилди жийинтигинда иш аткарылды.
2. Шаардагы эстеликтер аллеясын көрктөндүрүү, брусчаткалар жаткыруу, «БТР-ТАНК» орнотуу, Согуштун катышуучулары боюнча маалымат шиттери жасатылып орнотуу иштери үчүн жалпысынан 296174 сом сарпталды.
3. 2014-жылда шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу мектептерге алып берилген компютерлер үчүн атайын столдор үчүн 241578 сом шаар билим берүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
4. Шаардагы мектеп гимназиянын аймагындагы жер тилкесине питомник уюштируу максатында Кара-шоро жаратылыш паркиндан 4000 даана крим соснасынын 16000 сомго алынып, көчөттөр эгилди.
5. Ленин жана А.Темур көчөлөрүндөгү жүргүнчүлөр отуучу жайларга “лежающий полицейскийлер” жаткыруу үчүн 72500 сомдук сатып алынып , орнотулду.
6. Жаны-Өзгөн кварталындагы 6 көчөнүн 2300 метр аралыгын тегиздоо , табигий кырсыктын кесепетин жоюу максатында суу ташкыны жүргөн көчөлөрдү калыбына келтирүү, элдерге шарт түзүү иштерине 200000 сом сарпталды.
7. Азнабакиев атындагы парктагы автоуналар токточу жайын кенейтуу иштерине жана Сарахсий кварталындагы музейдын жер аянтын (5 үйдүн ордун) планировкасын атайын техника менен тегиздоо иштерине 225000 сом сарпталды.
8. Төрт-көчө кварталынын Байматова көчөсүндөгү балдардын эс алуу жайын жер аянтын тегиздоо иштерине 131400 сом,
9. Пайзабад кварталындагы жайгашкан кабристандагы мурзолорго мармар таштан Улуу согуштун катышуучуларыне эстеликтер жасатылып, орнотуу иштерине 72620 сом каржыланди
10. Ленин ,Гагарин,Маданият көчөлөрүндөгү лоток жаткыруу иштерине курулуш материалдары сатып алуу үчүн 80000 сом,
11. ”Өзгөн-Тазалык” МИнын техникалык базасын чындоо үчүн -110000 сом,
12. Жениш күнүнө карата баннер жана сахна үчүн тепкич жасатууга -20000 сом,
13. Шаар архитектура жана шаар куруу башкармалыгына долбоордук сметалык документацияларды даярдап бергендиги үчүн 200000 сом,
14. Шаардагы /ч-Дөбө, А.Набиев, Бегелдинов, Сельская, Ленин жана Абдулатипов көчөлөрүнө түнкү жарыткычтер орнотуу үчүн керектелучу жабдыктар(элетр щиттер, кобры, магнитопускатели) 487500 сомдук келишимдин негизинде алып келинип, орнотулду
Ленин көчөсүнө-15 даана,
Сельская көчөсүнө-18 даана,
А.Набиев көчөсүнө-7 даана,
Абдулатипов көчөсүнө-29 даана,
М.Гвардия көчөсүнө-10 даана,
Бегелдинов көчөсүнө-14 даана,
“Борбор” кварталына 16 даана орнотулду.
Жалпысынан 2015-жылда калдык акча эсебинен 2196,8 миң сом сарпталды.
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн 2015-жылдын 6-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2 млн.304 мин 500 сомдук жумуш аткарылды. Алар:
1. Манас эстелигинин тегерегин рестоврация кылууга курулуш материалдары сатып алууга 50000 сом,
2. Райондук суу чарба башкармалыгына эсеп-фактурасынын негизинде 1-кварталда аткарган жумуштары үчүн 32000 сом,
3. МТС көрүстөнүндө темир материалдар менен сегиз бүрчтү 6х6 метрдук кираберишти(прихожий) куруу үчүн 56000 сом,
4. Атайын автоунаасы (кран-манипулятор) менен ар бир кварталда аткарган кызматы (Аткарылган иштердин актысын)үчүн 72000 сом,
5. Кошумча келишимдин негизинде 15даана темир-бетон мамыча сатып алуу үчүн 156000 сом,
6. Кайрагач кварталындагы Сельская көчөсүнүн ирригациялык тармагын оңдоо максатында жолдун жээгине атайын бетон лотоктор сатып алууга 43400 сом,
7. Пайзабад кварталындагы муниципалдык обьектини долбоорлор менен иштоосуна колдоо көрсөтүү үчүн курулуш материалдары сатып алуу үчүн 136000 сом,
8. А.Темур атындагы орто мектебинин ашканасын капиталдык ремонттоо үчүн 195000 сом,
9. Бабур атындагы орто мектебинин ашканасын жаны окуу жылына карата даярдоо иштерине 39450 сом,
10. Навои атындагы мектепте жаны балдар ашканасын куруу үчүн 270000 сом,
11. Наваи атындагы орто мектебинин чатырын ашар жолу менен жанылоого көмөк көрсөтүү үчүн курулуш материалдары сатып алууга 215865 сом,
12. Мажримтал кварталындагы Ф.Хужаев көчөсүнө 57 рейс шагыл төшөө, Маллабеков көчөсүндөгү көпүрөнүн бетон кольцаларын чыгарып, ачып тазалап кайра ордуна орнотуу, ошол участкадагы каналдын экскаватор менен четтерин бекемдоо жана 150 метр канал казуу үчүн 193600 сом,
13. Калма-кия кварталынын Маллабеков-Атаджанов, Маллабеков-Скрябина көчөсүнүн кесилишине 5(беш) даана азбест трубаларды сатып алуу үчүн 27500 сом,
14. Кошумча келишимдин негизинде 14даана темир-бетон мамыча сатып алуу үчүн 145600 сом,
15. Наваи атындагы мектебиндеги жаны балдар ашканасынын долбоордук сметалык документациялары үчүн 12360 сом,
16. Шарипов атындагы мектепте жаны ашкана куруу үчүн долбоордук-сметалык документация даярдатуу үчүн 12360 сом,
17. Жаныбек-казы кварталынын көчөлөрүнө түнкү жарыткычтер орнотуу жана Шарипов атындагы мектептин отканасынын трубасын оңдоо үчүн 30000 сом,
18. Жаны-Турмуш кварталынын Манас-Гагарин көчөсүнүн кесилишинен баштап Манас-Бегельдинов көчөсүнүн кесилишине чейинки болгон аралыгындагы ирригациялык тармагын ондоо максатында 67750 сом,
19. "Кумдук" кварталында МТУ имаратын "Ашар" ыкмасы менен куруу үчүн курулуш материалдары сатып алууга 100000 сом сарпталды.(14000 даана кыш, шагыл,кум,таш),
20. Мажримтал жана Калма-кия кварталындагы көчөлөргө төгүлгөн шагылды грейдер менен тегиздоо үчүн 24000 сом,
21. МТС участкасынын мүрзөсүндө чирков куруу үчүн жана шаарга рекламалык щиттерди орнотуу үчүн курулуш материалдары (профиль, темир,арматура, труба) сатып алууга түзүлгөн келишимдин 66000 сому,
22. Жеке ишкерге №7 мектеп гимназиясында электро-монтаждык жумуштартарды жана Жаныбек-казы кварталындагы жайгашкан опоралык пунктунда электро-монтаждык жумуштарды аткаргандыгы үчүн 30700 сом,
23. Бабур атындагы орто мектебинин ашканасын жаны окуу жылына карата капиталдык ондоо иштерине 191990 сом,
24. Таштак" кварталындагы Брежнев көчөсүндө тратуар ачуу, шагыл төшөө жана ирригациялык тармагын ондооп-түздөө үчүн 53100 сом,
25. Гагарин көчөсүн асфальттого даярдоодо жолдун кенейтиргенге тосколдук болгон электр мамычаларын казып жолдун четине орнотуу, жолдун ортосунан өткөн ирригациялык тармагын трубаларын казып алып ичини тазалап жана кайрадан ордуна орнотуу жана атайын техникаларды(экскаватор,манипулятор,автокран) буюртма негизинде иштетүүгө 71400 сом,
26. Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына "Жаныбек казы" кварталындагы мечетти муниципалдык мүлккө өткөрүү үчүн 12400 сом каржыланды.
2015-жылда тартылган инвестициялар:
1. Өзгөн шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында Экофонддон 350 түп крым соснасы, 100 түп ак кайың, 175 каштан декоративдүү дарактары алынып эгилди.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине берилген заявканын негизинде шаардагы айланма 3,8 км жолдорду асфальттоо боюнча тендер жарыяланып, 21-июль күнү өткөрүлдү.
1-лот Гагарин көчөсүнүн(Мирзарахимов көчөсүнөн Набиев көчөсүнө чейын) 1238 метр аралыгына асфальт жаткыруу-8154706 сом,
2-Лот А. Набиев көчөсүнүн (РЭСтан баштап акырына чейын)699 метр аралыгына-5138341 сом,
3-Лот Маллабеков көчөсүнүн( А.Темур көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейын) 860 метр аралыгына-5604620 сом,
4-Лот Сельская көчөсүнүн (Янги-Абад көчөсүнөн Новкат көчөсүнө чейын) 1003 метр аралыгына-7252185 сомго тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен ОсОО”Токошев” жоопкерчилиги чектелген коому менен 19мл.929 мин 900 сомго келишим тузулду жана аталган көчөлөрдөгү жолдорду асфальтто иштери аягына чыгарылып шаар күнүнө карата ачылуу аземдери өткөрүлдү.
3. Кыргыз Республикасынын Токой чарба министрлигине караштуу Экофондка жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде 2,5 млн.сомдук мусоровоз машына алып келинди.
4. Таза суу боюнча ПРООН га жазып өткөрүлгөн долбоордун негизинде шаардын атайын эсеп счетуна 10 миң доллар келип тушуп, элдин салымы 200,0 миң сом топтолду, жергиликтүү бюджеттин салымы 230,0 миң сом көтөрүлүп берилди, калган каражат “Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынын топтолуп, “Тамеки” кооперативинен сатып алынган “Пайзабад” суу сактоочу кампасын (скважынаны) реабилитациялоо жана аны борбордук суу магистралына кошуу, суудун басымын кобойтуу боюнча жумуш аткаруучуларды тандап алуу боюнча тендер өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен келишим түзүлүп, “Пайзабад” суу сактоочу кампасын (скважынаны) реабилитациялоо жана аны борбордук суу магистралына кошуу, суудун басымын кобойтуу боюнча жумуштар аягына чыгарылды.
5. Курманжан Датка атындагы орто мектебинин айнек рамкаларын жана эшик калгааларын металлопластикке алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуштук (дем берүүчү) грантка жазылган 3 млн.666,миң 720 сомдук долбоор макулданып, тендер өткөрүлду, жыйынтыгында 3 мил. 208 миң 200 сомго шаардагы Курманжан Датка атындагы жана А.Темур атындагы мектептердин эшик жана терезе калгалары металлопластикке алмаштырылды.
Билим берүү тармагы боюнча:
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүндө 7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназиясы, 3 мектепке чейинки жана 3 мектептен сырткары окуу-тарбия мекемелери бар. Окутуу негизинен 1 мектепте кыргыз тилинде, 1 мектепте кыргыз-өзбек тилинде, 1 мектепте орус тилинде 1 мектепте орус- өзбек тилинде 4 мектепте оөбек тилинде алып барылат. Алардан 4 өзбек тилинде окутула турган мектептердин башталгыч класстарында 12 класс комплектинде 291 окуучуга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын
«Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2015-жыл – Улуттук эконимиканы чындоо жылы» жөнүндөгү Жарлыгын турмушка ашыруу үчүн Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү
2015–жылы негизинен төмөндөгү маселелерди иш-планга киргизип, анын аткарылышын камсыз кылды:
-окуу-тарбия мекемелеринин педагогикалык кадрларынын сапат даражасын жогорулатуу боюнча иш-чараларды белгилөө, алардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн конференция, семинар, өз ара тажрыйба алмашуу, педагогикалык конкурстарды уюштуруу, алардын арасында уюштуруу иштерин жүргүзүү;
-мугалимдердин педагогикалик чеберчилигин арттыруу максатында алардын курстан өтүү маселелерин эффективдүү чечүү, окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн ата-энелер жамааты менен иш жүргүзүүнү күчөтүү;
-окуучулардын сабакка катышуусун жана билим денгээлин жогорулатуу үчүн окуу-тарбия процессин уюштурууга педагогикалык жоопкерчиликти жогорулатуу жана окуучуларга кошумча билим берүүнү керектүү денгээлге көтөрүү;
-олимпиадалык борборлордун ишин күчөтүү;
-окуу-тарбия мекемелеринин материалдык базасын чыңдоо максатында
кошумча акча - каражаттарын табуу үчүн Эл аралык фонддор менен иштөөнү күчөтүү.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүндө 890 мугалим тарификациядан өткөн, алардан 548 (63,7%) мугалим жогорку, 113(13,1%) мугалим атайын орто билимге ээ болуп, учурда бир канча мугалимдер жогорку окуу жайларында сырттан билим алууда. Билим берүү мекемелеринде вакант эсебинен 10 мугалим (физика,химия,,музыка,дене тарбия предметтеринен) жетишпейт.
2015-2016- окуу жылында мектептерде жалпы 11738 окуучу болуп, алар 398 класста таалим-тарбия алууда. Алардан 31 класс комлектинде 864 окуучу даярдоо класстын окуучулары: 1-4 класста 173 класста 5149 окуучу,
5-9 класста 166 класста 4976 окуучу, 10-11 класста 28 класста 749 окуучу, бир класстагы окуучулардын орточо саны 29,6 адамды түзөт.
2015-2016- окуу жылынын 2-чейрегинин жыйынтыгы боюнча 1381 окуучу (14,7%) «5» баага, 3247 окуучу (34,5 %) «4» баага, 4711 окуучу (50 % ) «3» баага, 71 окуучу (0,8%) «2» баага өздөштүрдү, окуучулардын билим сапаты 48,9 % ти түздү.
2014-2015-окуу жылында 11 классты аяктаган 350 бүтүрүүчүдөн 214 (61,4 %) бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышып, 53 бүтүрүүчү (15,4 %) 80 баллга чейинки, 87 бүтүрүүчү (24,8 %) 100 баллга чейинки, 46 бүтүрүүчү (13,4 %) 120 баллга чейинки, 18 бүтүрүүчү (5,1 %) 140 баллга чейинки, 8 бүтүрүүчү (2,3 %) 140 баллдан жогорку баллга ээ болду. Эн жогорку баллды Салижан Шарипов атындагы орто мектептен Жунусалиева Элиза (159-балл), Кодиров Коядбек(156 балл), Султонова Нафиса 9158 б), В.И.Ленин атындагы орто мектепте Абдукаххар угли Абдулло (133 б), Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепте Султонали угли Оллоберди (152 б), Умарова Замзамой (132 б), Алишер Навои атындагы орто мектептен Мирзаева Мохинур (131 б), Комилжон кызы Зухра (123 б), №7 мектеп-гимназиясинан Кочкаров Муслим (140 б), Махмудова Гули (134 б), Курманжан датка атындагы орто мектептен Нурлан кызы А (151-балл), Айбек уулу Алтын (150 балл), Мидин кызы Мөлмөл(144 бал), Бектемиров Бексултан(143 балл) ээ болду.
11-класс бүтүрүчүлөрдөн 85 бүтүрүүчү жогорку окуу жайларына (анын ичинен: 15 бүтүрүүчү бюджетке, 70 бүтүрүүчү контрактке), 46 бүтүрүүчү атайын орто окуу жайларына, 26 бүтүрүүчү ар түрдүү курстарда окууга кирген.
Азыркы учурда мектептерде 2015-2016-окуу жылына карата предметтик олимпиаданын 1-туру (мектептеги) өткөрүүлүдө.
Окуучулардын китеп менен камсыз болушу шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 80,3 %ти түзүп, окутуунун тили боюнча төмөндөгүчө:
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте -76 %
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 85 %
- окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 79 %
- 2015- жылда жалпы 23 аталышдагы 10225 даана окуу китептери жана ар түрдүү колдонмолор алынды.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы № 8/4 буйругунун негизинде «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагы өткөрүлдү. Анда Бабур атындагы №3 орто мектебинин өзбек тили жана адабияты мугалими
Рахимова Маргуба «Жылдын мыкты мугалими-2015» кароо сынагынын шаардык этабынын женүүчү деп табылып, облустук этапка катышты.
Кароо-сыныктын облустук этабында Рахимова Маргуба «Эн мыкты сабак», «Эн мыкты презентациясы» номинациясы боюнча мыкты деп табылып, Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ош Билим берүү институнун «Ардак Грамота» лары, Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошуундарынын комитети тарабынан «Ыссык-көл»гө путевка жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы №9/3 буйругунун негизинде «Жылдын мыкты мектеби» кароо-сынактарын шаардык этабы өткөрүлдү. «Жылдын мыкты мектеби-2015» кароо сынагынын облустук этабына Салижан Шарипов атындагы №1 орто мектептин педагогикалык жамааты катышып, шаар мектептери номинациясы боюнча облустук этапта 1-орунду ээледи. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылдын 28-май күнү түзгөн иш планынын негизинде «Н.Азнабакиев атындагы эс алуу-сейил багында «1-июнь-Балдарды коргоо Эл аралык күнү» өткөрүлдү. Бул иш-чарага шаардагы 8 орто мектептеп 500 окуучу катышты. Концерттик программалар тартууланды, бейпил атракцион оюндар ойнолду жана «Асфальтдагы жан дүйнө» темасында сүрөт конкурсу уюштурулду.
Жыйынтыгында эн мыкты концерт номерлери жана эн мыкты сүрөт чийгендер Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан баалуу белектер менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү», «Мугалимдин статусу» жөнүндөгү Мыйзамдарын жана билим берүү боюнча мамлекеттин жана улуттук программаларды ишке ашыруу үчүн билим берүү уюмдарын куруу, оңдоп-түзөө иштерин өз убагында аяктоо, педагогикалык жамааттардын чыгармачыл менен иштөөсүнө тиешелүү шарттарды, иннновациялык жаңы жетишкендиктерди жайылтуу, окуучуларды окуу китептери, материалдык-техникалык базаларды чындоо, мектептерди педагогикалык кадрлар менен, эмеректер, компьютерлер менен камсыз кылуу, 1-4-класстардын окуучуларына тамак-ашын уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана аларга ынгайлуу шарттар түзүү максатында бир топ иштер аткарылды. 2015-2016- окуу жылынын 1-жарым жылында 5149 окуучуга 2 млн. 466 миң 500 сомдук тамак-аш берилди.
Мектеп жамааттары тарабынан шашке чайдын уюштурулушу жана анын сапаты боюнча эч кандай сын-пикирлер, сунуштар болгон жок. Шаар мэриясы тарабынан 8 орто мектептин ар бирине 10 даанадан, жалпы 80 даана компьютер стол стулу менен сатып берилди;
-демөөрчүлөрдүн жана мектептердин ички мүмкүнчүлүгүнөн Салижан Шарипов, Бабур, Чынгыз Айтматов жана Амир Темур атындагы орто мектептерге 1 даанадан, жалпы 4 даана интерактивдүү доска алынды. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Курманжан датка атындагы №8 орто мектепке 50 дана парта. 1 даана мугалимдер үчүн стол, 1 дана доска ( жалпы 128 мин 200 сомдук) алынды. Мындан сырткары, жалпы суммасы 36 мин 476 сомдук 11 дана магниттик доска алынын бардык мектеп жана балдар бакчаларына 1 даанадан берилди.
Билим берүү мекемелерин жана 2015-2016-окуу жылына ремонту үчүн республикалык бюджеттен 906 мин 800 сом. жергиликтүү бюджеттен 400 мин сом, демөөрчүлөрдөн эсебинен 400 мин сом акча сарпталды.Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен Амир Темур атындагы орто мектепте 182 мин 450 сомга 2 класстын полу ремонттолду, имараттын алды тарабындагы терезелер пластик терезелер менен алмаштырылды, 195 мин сомго ашкана кайра реконструкция кылынды.Бабур атындагы орто мектепте , 136 мин 650 сомго ашкана кайра реконструкция кылынды. Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепте 247 мин 762 сомго от кананын чатыры жабылып, подстанция ремонтттолду. Алишер Навои атындагы орто мектептин окуу корпусунун чатырын жанылоого 215 мин 865 сом, жаны ашкана курууга 443 мин 165 сом сарпталды.
Курманжан датка атындагы орто мектептин имаратынын бардык терезелер жана кээ бир эшиктери пластик эшик, терезелер менен алмаштырылды. Бул иштин 90% стимул грантын эсебинен жана 10% ти жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылды. Аткарылган иштин жалпы суммасы 3 млн. 666 мин 720 сомду түзөт.
Жогоркулардан сырткары жергиликтүү бюджеттен 259 мин сом акча бөлүнүп, билим берүү мекемелеринин имаратында жылуулукту сактоо жана жылытуу тармактары үчүн жетишпеген эмеректерди, пленка, рейка ж.б. сатып алууга сарпталды.
Урматтуу депутаттар, Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2015-жыл ичинде жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндө кыскача айта кетейин.
Аталган башкармалык азыркы мезгилде негизинен беш багытта иш алып барууда: Аларда 11 мамлекеттик кызматкер, 5 социалдык кызматкерлер иштешүүдө.
-социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмү,
- социалдык кепилдиктерди төлөө сектору,
- финансылык эсепке алуу жана отчеттуулук,
-Ден-соолугун Мүмкүнчүлүгү Чектелген Адамдар (ДМЧА)га жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү,
-социалдык кызматкерлер кызматы кирет.
Социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмүндө –
- мамлекеттик кепилдиктерди чегеруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы 1 адис,
-мамлекеттик жөлөкпул боюнча 2 адис,
-социалдык жөлөкпул боюнча 1 жетектөөчү адис,
-женилдиктер ордуна акчалай компенсацияларды чегерүү боюнча 1 адис иштейт.
Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча:
Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2016- жылдын 1-январь айына карата 1169 аз камсыз болгон үй бүлөнүн 3624 балдарына мамлекеттик жөлөкпул чегерилген. анын ичинен:
- 28 эгиз балага 22,7 сом,
- 665 үч жашка чейинки балага 468,8 сом
- үч жаштан он алты жашка чейинки 2890 балага 2037,4 сом,
- 41 студентке 28,9 сом
Бардыгы болуп бир айдагы суммасы 2557,8 сом болсо,
Бир жолу берилүүчү сүйүнчү акча үчүн 26 балага 63,8 сом чегерилген,жыл башынан баштап бир жолу берилүүчү сүйүнчү акча учун 258 балага 563,9 сом чегерилген.
2016- жылдын 1-январь айына карата 22749,8 сомду түзөт.
Жыл башында түзүлгөн иш чаралардын негизинде аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпул чегерүү улантылууда.
Өзгөн шаардык социалдык кызмат көрсөтүү борбору кош бойлуулук жана төрөт үчүн кеткен чыгымдар боюнча жөлөк пулдарды алуучулардын саны 2016- жылдын 1-январь айына карата 1133 адамга 4214,0 сом.
Өзгөн шаардык социалдык кызмат көрсөтүү борбору сөөк коюга кеткен чыгымдар боюнча жөлөк пулдарды алуучулардын саны 2016- жылдын 1-январь айына карата 49 адамга 156,8 сом.
Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кепилдиктерди төлөө боюнча секторунда:
- кепилдиктерди төлөө боюнча 1 жетектөөчү адис,
- кепилдиктерди төлөө боюнча 1 адис убактылуу иштейт.
Аз камсыз болгон, балдары бар үй-бүлөөлөргө, социалдык жөлөк пул алуучуларга, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алуучуларга баардыгына 2016-жылдын 1- январына карата толугу менен төлөө баракчалары жазылып, ар айдын жыйырма бешине чейин «Кыргыз почтасына» өткөрүлүп бериллүүдө, бир айлык керектелүүчү суммасы - 2628853,15 (эки миллион алты жүз жыйырма сегиз миң сегиз жүз элүү үч сом 15тыйын), кызмат акысыз.
2015-жыл үчүн 58344837,4 сом ( элүү сегиз миллион үч жүз кырк төрт миң сегиз жүз отуз жети сом 40 тыйын) төлөнүп берилди.
Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын “үй-бүлө жана балдарды коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, улгайган жана үй-жайсыз жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү” секторунун 2015-жыл ичинде аткарган иштери:
Үй-бүлө жана балдарды коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, улгайган жана үй-жайсыз жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү секторунда 1 башкы адис жана 5 социалдык кызматкер эмгектенишет.
Социалдык кызматкерлер тарабынан 21 кварталдык комитетинин аймагындагы социалдык тейлөөгө муктаж 91 жаран апыкталып, алар өз арыздарынын негизинде учетко алышты.
Тизмеде:
1 -жалгыз бой жаран;
60 -ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран;
4 -жарым жетим балдары бар жалгыз бой энелер;
19 - жакыр үй бүлө;
7 - улгайган жарандардар катталган.
Социалдык кызматкерлер жогорудагы жарандардын үйлөрүнө барып, турмуш тиричилик абалы менен таанышып, социалдык паспорттору толтурулуп, тиешелүү документтери такталып, аларды график менен тейлөө иштерин жүргүзүп, ДМЧАлардын ден соолуктарын көзөмөлдөп, темпратурасын, кан басымын өлчөп, үйдүн санитардык абалын жайынан көрүп, тазалашып, керектүү жерде дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүп, дары дармектерин алып келип жатышты. Ар бир кварталдык комитеттеги жөлөкпулга муктаж үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышып, социалдык паспорттор толтурулду.
Улгайган жарандарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында шаардын аймагындагы улгайган жарандардын санын категориялар боюнча аныктап, аларга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул, пенсия, жеңилдиктерди жана компенсацияларды өз убагында төлөөнү камсыздоо үчүн иштер жүргүзүлүп келе жатат.
Май айынын үчүнчү жумалыгы 18- май энелер күнүнө карата бардык кварталдык комитетиндеги 90 жаштан ашкан энелерди, көп балалуу Баатыр энелерди, ардактуу айымдарды шаардагы Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепке уюштурулган майрамга топтоп, аларга маданият үйүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан көргөзүлгөн концерттик программалар тартууланды.
Башкармалыкта Улгайган жарандардын тизмесин тактап, жардамга муктаждардын тизмесин аныктап, 26 жаранга Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан 1-октябрь “ Улгайган жарандардын эл аралык күнүнө ” карата 1000 (миң) сомдон жалпы 26000 сом акчалай сыйлык катары берилди. Ал эми райондук социалдык фонд тарабынан 12 карыяга 1000 сомдон, жалпысы болуп 12000 акча таркатылып берилди.
Жеке демөөрчүлөр тарабынан улгайган жарандарга жана жакыр 60 үй бүлөгө 250кг, 500кг, 600кг жана 1тонна өлчөмүндө жалпысы болуп 50 тонна көмүр таркактылды. Улгайган жарандар күнүнө карата жардамдардын жалпы суммасы акчалай жана көмүр болуп 106000 сомду түздү.
2015-жыл ичинде Өзгөн шаары боюнча 27 көп балалуу улгайган энелерибизге мамлекеттик сыйлык “Баатыр Эне” орденин алуу үчүн документтери такталып, топтолуп жардамдар көрсөтүлүп, тапшырылды.
Жыл ичинде 817 муктаж жарандарга көрсөтүлгөн жардамдардын баардыгы азык түлүк, дары -дармек, көмүр, кийим кечек, нак акчалай түрүндө болуп 611500 сомдук ( алты жүз он бир миң беш жүз сомдук) жардамдар берилди.
Шаар куруу жана архитектура башкармасы: Шаарда 2015-жыл ичинде башкармалык тарабынан аткарыла турган план 3300,0 миң сомду түзүп, аныгында 3400,0 миң сомго аткарылып, план 103 пайызга аткарылган.
Азыркы учурда жеке турак жай салуу үчүн кезекке турган атуулдардын өзү шаар боюнча 5500дү түзөт. Бул маселе албетте биздин көйгөй болуп эсептелет, себеби биз келечекте тургундарыбызды турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгып, бул маселени көп кабаттуу үйлөрдү куруу жолу менен чечүүнү максат кылуудабыз, бул багытта инвесторлорду караштыруудабыз.
Урматтуу депутаттар! Өзүңүздөр күбө болгондой отчеттук мезгил ичинде шаардын борбордук бөлүгүндөгү жалпы эле шаардын аймагындагы мыйзамсыз өз алдынча коюп алган жеңил конструкциядагы комокторду, дүкөнчөлөрдү алдыруу боюнча шаардын жетекчилиги архитектура, ГАСК менен бирдикте бир топ иштерди жүргүзүүлүүдө жана үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш план иштеп чыкканбыз аны турмушка ашыруу үчүн бардык күч аракеттерди жумшамакчыбыз.
Туризм тармагы боюнча:
Өзгөн архитектуралык-археологиялык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жасалган долбоордун алкагында бир топ иштерди аткарууга жетишилди. Алсак, долбоордун алкагында ААМКнин аймагындагы 1800 м2 жер тилкесине брусчатка жаткырылып, эскерүү кечелерин өткөрүүгө ылайыкташтырылган 2 боз үйдүн макети символикалуу олтургучтар менен толукталып, зыяратчыларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди. Айван, ажаткана, ААМКнин аймагы менен тааныштыруучу (гид, смотритель) жана музей комплексти кароочу адам үчүн атайын жай оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, комплекстин аймагы толук тосмолонуп, 2 жерге дарбаза орнотулду.
Өзгөн ААМКсынын аянтына шаар мэриясы тарабынан 50 можжевельник көчөтү отургузулду. Акипресс маалымат агенттигине тарыхый архитектуралык эстеликтерди сактоо проблемалары боюнча материалдар берилип турулууда.
Ошондой эле Түркия мамлекетинин «Дианет» коомдук фонду тарабынан улуу ойчул, аалым имам Сарахсийдин күмбөзү курулуп бүтүп, ага зыярат жасоо үчүн туристтер келе башташты. 2015-жылы имам Сарахсийдин мечити, медресе жана китепканасынын курулушу баштоо боюнча жер тилкесине байланышкан маселе чечилип, 5 атуулдун үйүнүн жери курулуш куруу үчүн чечилди. 2015-жыл ичинде аталган курулуш толугу менен бүткөрүлмөкчү.
2015-жыл ичинде Өзгөн шаарындагы архитектуралык-археологиялык музей комплексине жана Сарахсийдин күмбөзүнө зыярат кылганы Туркия мамлекетинен, Кытай Эл Республикасынан, Малазия, Германия, Италия жана РФнын облустарынан 300 дөн ашуун турист келип зыярат кылып кетишкен. Ал эми республикабыздын булуң бурчунан 3000 ден ашуун адамдар келип зыярат кылышкан.
Өзгөн шаарынын тарыхы, тарыхый эстеликтери жана «Имам Сарахсий» жөнүндө буклеттер иштеп чыгарылып, келген туристерге таркатылууда жана маалыматтар социалдык түйүндөргө жайгаштырылды.
2016-жыл республикабызда “Тарых жана маданиятты көтөрүү”,- жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагына музей уюштуруу, инфраструктуралык көрүнүштү жакшыртуу иштери улантылып, комплекстин жетекчилигине чарбалык эсеп жүргүзүү менен каражат табуу булактарын изилдөө, штаттык расписаниесинин негизинде квалификациялуу кадрларды алуу жана музей комплексти кайтаруу, өрт, үн белгилер тутумуна киргизүү жагы милдеттендирилди.
Шаардын калкын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча:
«Өзгөн Таза- Суу” муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда 2015-жыл ичинде 9706,3 миң сом акча тапкан, анын ичинен: суу төлөмдөрү үчүн элден 7419,6 миң сом, мекеме-ишканалардан 1013,5 миң сом, өндүрүштөн 110 миң сом, коммунальщиктерден 1016,5 миң сом түшкөн. “Өзгөн Таза- Суу” Муниципиалдык ишканасыны бүгүнкү күнгө ичүүчү суу үчүн шаардагы кожолуктун 90 пайызы, 149 коммерциялык, өндүрүштүк ишканалар менен, 25 бюджеттик мекемелер менен келишимдер түзүлгөн.
“Пайзабад”, “Жүзүмзар” кварталдык комитеттердин аймагындагы жаңы конуштардагы калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 1570,0 миң сомдук долбоор ПРООНго жазып өткөрүлүп, анын ичинен 10 миң доллар ПРООНдун эсебинен, ал эми элдин салымы 200,0 миң сомду, жергиликтүү бюджеттин салымы 230,0 миң сомду түзүп, “Тамеки” кооперативинен сатып алынган “Пайзабад” суу сактоочу кампасы (скважынаны) толук калыбына келтирилип, аны борбордук суу магистралына кошуп, суунун басымын көбөйтүү боюнча жумуштар аткарылып, жогорудагы кварталдардын калкы таза ичүүчү суу менен толук камсыз болду.
Учурда суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен суунун жоготуусун кыскартуу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан натыйжалуу жыйынтык көрүнбөй жатат.
“Өзгөн- Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
Шаардын тазалыгын камсыз кылууда 15 техника иш жүргүзүп келүүдө. Өзүңүздөрдүн кабарыңыздар болгондой, 14 көчө шыпыруучулар МММБ департаментинде болчу, быйыл жылдын башынан “Өзгон Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди. 2015-жыл ичинде шаардагы 3142 кожолуктагы 12618 адам менен 2114560 сомго келишим түзүлүп, андан 922864 сом чогултулду жана бүгүнкү күнгө карата элдин карызы 1188562 сомду түзөт.
2015- жылга муниципалдык заказ боюнча 3298082 сомдук иш аткарылды, башкача айтканда 5498м3, 1,490 сан очистка көчөдөгү жолду жууганга, кар тазалаганга, имараттын арендасын төлөөгө жумшалды. Атайын каражаттын эсебине 3523034 сом чогултулду.
Урматтуу депутаттар! Сөзүмдүн аягында Сиздер аркылуу апаларыбызды, эжелерибизди, карындаштарыбызды 8-март-Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, аларга узун өмүр, бекем ден-соолук жана энелик бакытты каалап кетүүгө уруксат этесиздер!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!